ЭЛЕКТРОНДУК МУГАЛИМ – ЗАМАН ТАЛАБЫ

 «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун колдоосу менен  Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейинин ишмердүүлүгү боюнча өткөн эки күндүк тажрыйба алмашуу семинарында Ош облусунун Чоӊ-Алай районунун мектеп директорлору «Электрондук мугалим» долбоору менен таанышып, заманбап технология менен иштөө ыкмаларын үйрөнүштү.

(Башталышы өткөн санда)

 Иш-чара башталаар алдында Т.Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейинин директору   Алтынбек Жапаров Чоӊ-Алайдан келген кесиптештерин билим уясы менен жакындан тааныштырды. Ириде лицейдин алдында түзүлгөн музейди, мектептин ресурстук борборун, Эл мугалими Жибек Өзүбекованын иш кабинетин көрсөтүп, чакан маалымат берди. Эл мугалиминин кабинетинде мектеп жетекчисине керектүү бардык документтер, том-том болгон портфолиолор, дубал жасалгалары, дегеле кабинеттин позитивдүү аурасы кирген адамды өзүнө тартып, чыгармачылыкка үндөп, жетекчилерге туура жол көрсөтүп тургансыды. Мектеп директорлору кабинеттен чыккылары келбей, болгон тажрыйба ушул жерде жатканын көрүп, телефонго тартканы тартып, жазганы шыпылдатып жазганга үлгүрүштү. Албетте, он минуталык саякатта 20 жылдык тажрыйбаны жаза да, тарта да албаары бышык. Ошондуктан көсөм, даанышман Эл мугалими мектеп жетекчилерине керектүү китептерди, усулдук колдонмолорду ж.б.у.с. директорго керектүү документтерди семинарды жыйынтыктаганда камсыз кылышаарын айтты.

Семинарды «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева ачты.

– Биздин максат — чет өлкөлөргө тамшанбай, өзүбүздүн Кыргызстандагы  мектептерди кыдырып, тажрыйба алмашуу. Бул жолу биздин фонд Чоӊ-Алай району менен Ысык-Көл облусуна билим данакери болдук десек жаӊылышпайм. Сиздер келген Т.Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейи жаӊы типтеги кыргыз мектебинин модели. Бул лицейди түптөгөндөрдүн бири КРнын Эл мугалими Жибек Өзүбекова эжейибиз. Семинарда сиздер лицейдин окуу-тарбия процессинин ишин пландаштырууда, уюштурууда жана башкарууда дүйнөгө белгилүү дидактикалык концепцияларга таянгандары, инновациялык мектептердеги ийгиликтердин бири — жогорку деӊгээлдеги илимий-усулдук иштер боло тургандыгы, жөндөмдүү, таланттуу адам коомдун өзгөчө байлыгы экендиги, таланттуу балдардын жөндөмүн андан ары өнүктүрүү проблемасын чечүү жолдору тууралуу кенен маалымат аласыздар. Бүгүн Эл мугалими Жибек Өзүбекова «Мектептин ишин стратегиялык пландаштыруу» темасында семинар-тренинг өтөт, – деди Д.Кендирбаева.

Андан соӊ сөздү Чоӊ-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Имарбай Бакиров алып, ал башчы болуп келгенден бери Чоӊ-Алай районунда бала бакчанын саны он төрткө жеткенин, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган Индия сапарында көргөн заманбап технологиялар тууралуу ойлорун ортого салып, Дели шаарында көргөн «Электрондук мугалим» проектиси Т.Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейинде ишке ашырылып жатканына таӊ берди.

– Чет өлкөлүк тажрыйба алмашууга не жетсин, бирок өзүбүздүн республикада дагы сөзгө алаарлык тажрыйбалар көп. Буга чейин биз Лейлектеги Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектебин» көрдүк, Секом, Себат кыргыз-түрк лицейлеринин ишмердүүлүгү менен тааныштык ж.б.у.с. Ар бир барган жерибизден көптөгөн жаӊы идеяларды алып, райондо аны өнүктүрүп ишке ашырып жатабыз. Менин сунушум, сентябрь айында бир мектептин беш мугалимин, беш мыкты окуучусун алып келип бул жерден окутсак, жатак-мектеп-лицейинин дагы беш мугалими окуучулары менен Чоӊ-Алай районундагы мектептердин жетишкендиктери менен таанышса дейм. Ушундай алмашуулар дагы билим берүүнүн сапатын көтөрөт. Жатак-мектеп-лицейи — чыгармачылыктын устаканасы, күзгүсү экенин көрдүк. Ишмердүү, таланттуу директордун саяпкери, көрсө, Эл мугалими Жибек эжей турбайбы, – деди И.Бакиров.

Андан кийин Т.Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейинин негиздөөчүсү, Эл мугалими Жибек Өзүбекова «Мектептин ишин стратегиялык пландаштыруу» тренингинде мектеп директорлорун төрт топко бөлүп алып, пландаштырууну үйрөттү. Ал ириде: «Ишти пландаштырууда эмнеден баштоо керек?» деген суроону ортого салды. Мектеп жетекчилери ар түрдүү жоопторду узатышты. Тренингдин жыйынтыгында ириде талдоо, анализ жүргүзүү, экинчиси, көйгөйдү аныктап чыгуу, үчүнчүсү, максат, милдеттерди аныктоо (максат — стратегия, милдет — тактика), төртүнчүсү — план түзүү (милдеттерди туура пландаштыруу), бешинчиси — мониторинг жүргүзүү жана акыркысы – планды коррекциялоо керек экенине ынанышты. Тренингден кийин Ж.Өзүбекова Т.Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейинин 2014-2015-окуу жылы үчүн түзүлгөн окутууну жана тарбиялоону жакшыртуу планы менен тааныштырды.

– Т.Сатылганов атындагы жалпы билим берүүчү мектеп-лицей-интернаты 1991-жылы ачылган. Биздин мектепте  Ысык-Көл облусуна караштуу бардык райондорунан келип, сынактын  негизинде кабыл алынган  окуучулар билим алышат. Окуучулардын чыгармачылык  жөндөмүн  өнүктүрүүгө  багытталган  система иштелип  чыккан. Педагогдор жана окуучулар  системалык түрдөөзүн-өзүөнүктүрүүнүн  үстүндө иштешет.  Кыргыз Республикасынын Билим берүү  жана илим министрлигинде  “Айылдык билим берүү” долбоорунун негизинде   иштелип чыккан “Окутууну  жана тарбиялоону жакшыртуу планынын” окуу-тарбия ишин пландаштырууда, уюштурууда,  координациялоодо жетекчиликке  алуудабыз.  Мектепти өнүктүрүүдө жана окуучуларга сапаттуу билим, тарбия берүүдө коомчулук  менен социалдык  өнөктөштүктү чыӊдоо жолундабыз.

Ар бир окуу жылынын аягында мектептин ишине ар тараптуу талдоо жүргүзүүнүн натыйжасында келип чыккан көйгөйлөрдүн тизмеги түзүлүп, алардын ичинен башкы   көйгөйдү аныктап алуу менен, аны четтетүү  үчүн максат коюлат. Ал эми максатка жетүүүчүн милдеттер иштелип чыгат. Жогорудагыларды практикалык түрдө көрсөтүү максатында 2014-2015-окуу жылында ОТЖПны түзүүдө кабыл алынган максат-милдеттерге токтололу, алар: Максат –  билим  берүүнүн борборунда  окуучу турган окутуунун жана тарбиялоонун мазмунун жакшыртуу.   Ал эми милдеттер: мектеп-лицейге  окуучуларды тартуу жана тандоо иштеринин мазмунун жакшыртуу; даярдоо класстарынын  окуучулары  менен иштелүүчү иштердин мазмунун жакшыртуу;   педагогикалык  кадрлар менен иштөө. Жөндөмдүү окуучуларды окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүүгө багытталган илимий-усулдук иштеринин мазмунун жакшыртуу;  мамлекеттик тилди окутуунун мазмунун жакшыртуу; орус жана чет тилдерин окутуунун мазмунун жакшыртуу; физика, химия, биология, география  предметтерин  окутууда окуучулардын табигый-илимий  сабаттуулугун     жогорулатууга  багытталган иштерди уюштурууну улантуу менен, окуучуларды маалымдуулук компетенттүүлүккө ээ кылуу иштерин улантуу; математиканы окутуунун мазмунун жакшыртуу;  окуучулардын интеллектуалдык деӊгээлин жогорулатуу, чыгармачылыкка багыттоо, руханий байлыгын кеӊейтүү,  саламаттыгын сактоого багытталган иштерин уюштурууну жакшыртуу. Окуучулардын турмуштук жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча иштелүүчү тарбиялык иштерди уюштуруу;   окуучулардын жетишкендиктеринин мониторинги жана баа берүү иштерин уюштурууну жакшыртуу; ата-энелерди мектеп турмушуна  тартуу иштерин улантуу жана  коомчулук менен байланышты ар түрдүү жолдор менен чыӊдоо болуп эсептелет.   Күтүлүүчү натыйжа: социалдык-экономикалык кырдаалга ыӊгайлашып кете алуучу, сапаттуу билимге  ээ болгон, өмүр бою өзүн-өзүөнүктүрүүгө муктаж  жана  өз  мекенинин татыктуу атуулу  болууга умтулган  бүтүрүүчүлөрдү  даярдоо.                                                           Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернаты   ачылгандан бери педагогикалык жамаат,  ата-энелер, окуучулар бүтүрүүчүнүн моделин кабыл алып, мезгилдин учуруна жооп берген инсандык жана  социалдык сапаттарды калыптандыруунун  үстүндө иштеп жатабыз. Алар мезгилдин талабына жараша коррекцияланып турат.

Максат жана милдеттерге жетүүүчүн ар кандай кадамдар талап кылынат. Милдеттерге жетүүүчүн зарыл кадамдарды  кеӊири жазуу керек. Ар бир кадам  мөөнөт,  жооптуулар,  ресурстар,  күтүлүүчү натыйжа,  жетишкендиктердин көрсөткүчтөрү аркылуу ишке ашат. Ар бир иш-чаранын максатына жеткендигин изилдөөүчүн атайын иштелип чыккан индикаторлор аркылуу мониторинг жүргүзүлөт, – деди Жибек Өзүбекова.

Ошентип, лицейдин тарыхы, түзүлүшү менен таанышкан соӊ, лицейдин мугалимдери А.Сырдыбаева, К.Эмилбаевалар «Кагазсыз мектеп» долбоорун презентациялашты, ошондой эле мектептин сайтын түзүүнү практика жүзүндө көрсөтүп, ар бир директорго электрондук почтаны ачканды, аны менен иштегенди, сайт түзгөндү аз убакыттын ичинде үйрөтүп коюшту.

Семинардын биринчи күнүн жыйынтыктаган соӊ, лицейдин жетекчиси конокторду Каракол шаары менен тааныштырып, маданий эс алуу жайларына алып барды.

Эртеси күнкү иш-чарада лицейдин директорунун орун басары Жаркын Убайдылдаева «Окуу жана түшүнүү», «Окуучулардын сөздүк-логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүчү тесттик тапшырмалардын жыйнагы»  окуу-усулдук колдонмолору менен тааныштырды. Ал эми Т.Жанышева, Г.Асанбаева, Ж.Өзүбекова, Д.Тезекбаевалар видеосабактарды көрсөтүп, анын ролун айтып беришти. Өзгөчө лицейдин химия-биология кафедрасынын мугалими Гүлмира Асанбаеванын «Генетика» боюнча видеосабагы семинардын катышуучуларынын купулуна толуп, кызыктуу сабак болгонун баса белгилешти.

– Негизи электрондук мугалимге өтсөк, анда мугалим жетишпейт деген көйгөйлөр бир заматта чечилет. Анткени бир эле мугалимдин сабагын бүт Кыргызстанда көрсөтсө болот. Мисалы, биздин сайтты ачып, керектүү класстын, керектүү предмет боюнча каалаган темаларды ачып, окуучу үйүндө даярданганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн, – деди лицейдин директору А.Жапаров.

Эл аралык билим берүү долбоорлору менен иштөө, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү боюнча А.Жапаров, А.Апазова, Д.Казакпаевалар тааныштырышты.

Семинардын жыйынтыгында Ж.Өзүбекова баш болгон тажрыйбалуу мугалимдер өз колдонмолорун, керектүү материалдарды конокторго таратып беришти. Ал эми Эл мугалими Ж.Өзүбекова семинарга активдүү катышып, интеллектуалдык потенциалын көрсөтө алган мектеп директорлору Эгемберди Туратбековго,     Ширин Эгембердиевага, «Кутбилим» гезитинин мектептер бөлүмүнүн редактору Гүлнара Алыбаевага «Лицей — билим уясы» (кечээ, бүгүн) аттуу автордук китебин тартуулады.

 Чоӊалайлык мектеп директорлору төрт күн бою Ысык-Көлдүн түндүгүнөн баштап түштүгүндөгү мектептерге чейин кыдырып, тажрыйба топтоп, билим каптарын кабелтеӊ толтуруп, ысыккөлдүк кесиптештерине ыраазычылыктарын билдирип, белектерин тапшырышты. Өзгөчө «Р.Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун негиздөөчүсү, экс-президент Роза Отунбаевага жана фонддун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаевага кош колдогон ыраазычылыктарын байма-бай билдиришти. Коштошоордо ысыккөлдүк кесиптештери менен катар «Кутбилимдин» редакторун дагы Чоӊ-Алайга күркүрөгөн күзгө чакырышты.

 

(Тажрыйба алмашуудагы материалдардын уландысы кийинки сандарда)

Сөз директорлордо

Ширин Эгембердиева,  Кулчу негизги мектебинин директору, Чоӊ-Алай району:

 – Биз ушул Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлгө атайын педагогикалык тажрыйба алмашканы келдик. Биз келгенден бери төрт мектепте болдук. Б.Укеев атындагы орто мектеп эстетикалык жактан алып караганда аябай кооз, таза мектеп экен. Бул мектептин тарыхый музей абдан жакты. Музейдеги эмгектерди табуу, изилдөө, алып келүү чоӊ эмгекти талап кылынганы көрүнүп турат. Мисалы, согуштан келген кара кагаздарды өмүрүмдө колума кармап, окуп көргөн эмес элем. Ушул жерден алып окудум. Мектептин алкагында ачылган жамааттык бала бакча дагы абдан жакты. Мындай зор эмгек райондук билим берүү башкармалыгына да тиешелүү деп ойлоймун. Балдардын келечеги үчүн түзүлгөн шарттар абдан жакшы экен.

Мен жетектеген мектеп кичинекей, 1990-жылы курулган, беш эле классыбыз бар. Келечекте жаӊы мектеп салынат деген үмүтүбүз чоӊ. Ошондо тарыхый музей уюштурайын деп пландап койдум. Кичинекей айыл болгону менен чыгаан инсандарыбыз арбын, баатыр энелерибиз бар, согуштун ардагерлери да бар болчу, бирок көздөрүөтүп кетти. Ошолорду дагы бир тирилтүү максатында музей ачкым келип турат.

Сапарали Ботобаев, Ташбек уулу Гапар атындагы орто мектептин директору, Чоӊ-Алай району:

 – Биз көргөн мектептер жаӊы инновациялык ыкмалар менен иштеп жаткан экен.   Көргөн төрт мектеп абдан жакшы проект менен салыныптыр. Бир топ идеяларды өзүмө жазып алдым, буюрса, мен дагы мектепке барып, жаӊыча көз караш менен иштей баштайбыз.

Шамшидин Кыпчакбаев, Жайылма орто мектебинин директору, Чоӊ-Алай району:

 – Мектеп он бир жылдык.   134 окуучуга 24 мугалим  билим берет. «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Шаршеевна менен биздин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Имарбай Бакировдун демилгеси менен келдик. Аябай таасирлендик. Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак жана Чоӊ-Жаргылчак айылдарындагы, Ак-Терек айыл өкмөтүндөгү мектептерди көрдүк. Мектептер абдан сонун экен. Жакшы тажрыйбалар менен тааныштык, купулума толду. Окуучулардын билим деӊгээлин көтөрүүдө бардык көрсөтмө куралдар дубалга илинген. Жакшынакай иш-чаралар уюштурулуп турат экен.  «Тарых жана маданият жылына» карата илинген такталар, тарыхый инсандарга арналган дубал газеталар, көргөзмө куралдар кайдигер калтырган жок.  Менин купулума толгону Б.Укеев атындагы мектепте уюштурулган музей болду. Жаӊы окуу жылында изденип, усул алмашуу менен катар, буюрса, музей уюштурганга аракет кылам.

Акылбек Бурканов,  Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин директору, Чоӊ-Алай району:

 – Биз көргөн мектептер чыгармачылык менен иштешет экен. Мектептердин материалдык-техникалык базасы күчтүү, кире бериштен баштап ар бир кабинеттин жасалгаланышы, т.а. окуганга да, иштегенге да бардык шарттар түзүлгөн. Мага жакканы башталгыч класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылгандары. Мектеп эски болгондуктан бизде ысык тамак берилбейт, шарт жок. Биз болгону кургак тамак беребиз. Ушуларды ишке ашырса болот экен деп ойлоп койдум. Ал үчүн жакшы шарт түзүшүбүз керек экен. Биздин айылда таза суу жок. Директор болгонума төрт ай болду. Мектепте 370 окуучу, 50 мугалим бар.

Негизи эле билим сапатын көтөрүү боюнча стратегиялык иш план иштеп чыктым. Материалдык-техникалык базабыз жакшы. Компьютер менен камсыз болгонбуз. Мектептин миссиясы – айылдагы балдарга татыктуу таалим-тарбия берүү. Улуттук каада-салттын негизинде тарбиялоо деген планды киргизгенбиз. Бул адеп сабагында тереӊдетилип берилет.

Акматали Төрөев,  Кара-Кабак орто мектебинин директору, Чоӊ-Алай району:

 – Мектеп үчүн жакшы иштерди жасадым деп ойлоймун, анткени 12 жыл завуч болуп иштедим. Мектеп ачылгандан баштап математикадан райондук олимпиадада бир дагы жолу окуучулар орун албаптыр. Мен келип иштегенден баштап, математикадан өзүм окуучуларды даярдап, райондон 1-, 2-, 3-орундарды багындыра баштадык.  Мугалимдерге окуучуларды даярдоо ыкмаларын көрсөттүм, ушинтип даярдасак болот экен деп талап койдум. 1-орунду алган жылы облуска келип, ал жактан окуучум 3-орунду алган.  Мен директормун деп отуруп албайм, мугалимдерге өрнөк болуу үчүн ачык сабактарды өтөм. Мугалимдерибиз акырындык менен жоопкерчилигин сезип, изденип жатат.

Т.Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейинин жетишкендиктери мага абдан таасир калтырды. «Ааламга кеткен жол айылдан башталат» дейт го, биз дагы айылдын балдарынын деӊгээлин аталган лицейдин деӊгээлине жеткирсек болот. Себеби аба таза, суу тунук. Таза тоодо балдардын мээси иштебеген бойдон турат. Ошону бузуп, иштетишибиз керек. Күздөн баштап иштин көзүн өзгөртсөк деп ойлоп калдым.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»,

 Бишкек — Жети-Өгүз — Каракол – Бишкек

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*