ЖАӉЫ КИТЕП “ЖАРМАНАС”

Тарых жана маданият жылына карата Кыргыз эл манасчысы, «Залкар манасчы» сыйлыгынын ээси, коомдук Манас академиясынын академиги, «Даӊк» медалынын ээси, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Сапарбек Касмамбетовдун «Жарманас» китеби жарык көрдү.

«Манас» эпосу – фольклордук мүнөздө оозеки уланып келе жаткан эпикалык мурасыбыз. Манас айтуу салты боюнча “Атаӊдын көрү дүнүйө”, “Мына ошондо береги” ж.б. кошумча сөздөрдү колдонушат. Ал эми Сапарбек Касмамбетовдун айтуусунда кошумча сөздөрсүз айтылат жана жазмасында да оозеки айтууга ыӊгайлаштырылган.

Сөздө даяр фразеологизмдер колдонгондой, окуяны өнүктүрүүдө ар кандай ойдон чыгарылган мифтик фразеологизмдер колдонулуп, андан ары өнүгүшүнө жол ачат. Же аян катары көрүнүп, сөз сүйлөп окуя уланат.

Эпостогу каармандар так бир уруунун өзүнөн чыгып, эпостун өзөгүн түзүп жүрүп отурат. Алсак, Угузхандын тушунда Карбалас хан, анын баласы өлтүрүлбөй калып аты Кыркүз коюлуп, аны менен өлүмдөн куткарылган кыз-эркектер жуп болуп үйлөнүшөт. Кыркүздөн Бөйөн, Бөйөндөн Чаян, Чаяндан Каракан, Каракандан Орозду төрөлүп, Эне-Сай жерин жердеген 90000 үйлүү эл болот. Орозду беш катын алып, он уулдуу болот.

Биринчи аялынан Жакып, Шыгай төрөлдү. Экинчи аялынан Катаган, Каткалаӊ, үчүнчү аялынан Акбалта менен Жамгырчы, төртүнчү аялынан Касиет, Калка, кичүү аялынан Кызылтай менен Текечи.

Калмактардын Каракан ханы баш ийген Ороздунун балдарын кул кылып алып, калганын ар кайсы жакка кууп айдаган. Жакып менен Акбалта Алтайга, калганы Инди, Иранга дегендей.

Касиет менен Калка калмактарга баш ийип, кул катары калышканына Касиет баласы Карадөӊ эр чыгып, атасы менен агасы Калканын кылгандарына намыстанып, аларды жактырбай каршы чыгып, өлтүрөт.

Аябай сабалган Карадөӊ эс-учун билбей, бир нече күн арыктын ичинде жатып калат. Кыргыздарга кордукту көргөзүп Эр Жолой колу менен Карадөӊдүн Касиет, Калканы өлтүргөнүн угуп кол салаарда, Жакып менен Акбалтага санаалаш бирге өсүп чоӊойгон Тууту чал: «Кут даарыган кыргыздын эл намысын ойлогон, кагылайын бөбөгүм, тилимди ал жөнөгүн», — деп Карадөӊдү качырат.

Карадөӊгө касиеттүү мал Каракачыр жолугуп, кишиче сүйлөп, мени мингин дейт. Тоо ташка, чөлгө минип жүрөргө ыӊгайлуу, алты айчалык алыс жол баса турган жөнү бар, керт этип чөп жебеген, кылт этип суу ичпеген Каракачыр менен жоо эчкидей аралап, Эне-Сай суусунун боюна түшүп келди сабалап.

Карадөӊдүн оюнда Жакып, Акбалта аталарымды тапсам, Улуу жүз казак элиндеги таякелериме барсам, Эне-Сай жеринде ээ болуп турган калмактар менен кармашсам деп эӊсейт. Өз жерине ээ боло албай чыккынчы болгон Касиет, Калка 30 миӊүйлүү эл менен калмакка кошулуп кеткенине намыстанат.

Карадөӊ кыйла азап менен Куйулма кумга жеткенде Күн нуру кызыл киши Бүркүт болуп учуп келип, Карадөӊгө жолугуп, Жакыптан Манас тууларын айтат.

Куйулма кумдун шумдук сырлары бар экенин айтат.

“Куйулма кумдан адамдар ары да өтпөйт, бери да өтпөйт, бир мүчөдөн айрылат. Үстүнөн жылаандар түшөт. Ачып көздү жумганча, кум астында каласыӊ. Алдыӊдан сойлоп чыккан кара чаар жыландын тилин сууруп салып, өзүӊ тирүү белиӊе курчанып алгын,- дейт. — Ошондо бул жуткучтан кутуласыӊ.”

Бул жерде окуя мындайча өтөт:

Каракачыр Карадөӊ

Камчы салып жөнөдү.

Аткан октой зуулдап,

Качырдын чыкты өнөрү.

Туягын кумга мылгытып,

Башын чайкап чулгутуп,

Жүрүштү эми салганы,

Үстүндөгү Карадөӊ

Учуп өлчүдөй болот.

Айткандай, Асмандан жаады ак жылан. Алар белинде кара чаар жылаанга даап бара албайт. Курчалган жылаан Карадөӊдүн белин кысып шайын кетирет.

Дагы үн чыгып, «жылаанды эми моюнун кысып өлтүр» — дейт. Ошентип жабылган жылаандардан кутулат.

Ак кудукту көргөн соӊ

Андан өтүп келген соӊ

Насили кыргыз тукуму,

Тайчы жоонун жээгинде

Алачык тигип отурган,

Акылдуу дыйкан карыя

Карадөӊдүн тегин жан эмес экендигин байкап, убактыӊды бекер кетирбей колуӊа кетмен кармагын, талаага эгин айдагын деп кеӊеш берет.

Карадөӊ муну аткарып, эбегейсиз дан өстүрүп, тегирмен кура баштайт.

Тайчы аймагында эл көбөйүп, Карадөӊдү «Карадөө» деп атап, башчы кылып алышат. Суркашка тулпар мингизишет.

Карадөө нары өткөн, бери өткөн кербенчи соодагерлерге дан берип, пул алып, эл жайланып токчулук, ал тургай Эне-Сайда Акбалта, Жакып аталарына жүктөп дан жөнөтсөм дейт.

Карадөӊ:

Кербенчи болот жумушум,

Атым болот Жанакун,

Уйгурдан болот улутум,

Кубантты сенин турушуӊ,

Билемин дайыныӊды,

Акбалта, Жакып угушум,

– деген Жанакун менен таанышып, аны менен убаданы бек куруп төөлөрдү камдатып, туура 100 күндөн кийин жолугушалы деп жөнөтөт.

Карадөө Суркашка тулпар менен андан ары, Угарчап жерин акмалап караса, калыӊ кол менен Инди, Апал шаарын басып алып, не бир түркүн олжо менен келе жаткан:

Сол бутуна чок баскан,

Оӊ бутуна чок баскан,

Сыйкырчыдай көрүнгөн

Мингени уйдун шүдүӊгүт.

Чыракун аттан түшө калбаган сен кимсин деп жаӊжал салат.

Карадөөнүн колдоочулары колдоп, Тоодой болгон Чыракунду сырнайза менен саят. Калгандары коркуп качышат. Колго түшкөн Апал шаарын, инди элин куткарып, эч нерсе олжо албай айкөлдүгүн билгизет.

Кийинки окуя: Карадөө Арчалуу беттин соӊунда, жалгыз аяк жолунда боздоп жүргөн Актайлакты көрүп жолугат. Актайлак сүйлөйүн десе тили жок, жанталашып Карадөөгө казылган аӊда жаткан боз инген менен айдай сулуу кыз жаткан жерди көргөзөт. Карадөө боз инген Актайлактын энесин жана кызды куткарат. Кыз атын Камбала деп тааныштырат. Карадөө Камбаланы каалап, үйлөнөт.

Баягы Жанакун Акбалта менен Жакыпка эгиндерди жеткирбей жеп салган, азыр чыккынчы болуп Чыракунга биригип алып:

Карадөө бирге чабалы,

Мал жанын тартып алалы,

Аны менен менин тааныштыгым бар, аны мага кой;

Жайлоочу ууну беремин,

Уу жытынан өрт болуп,

Карадөө баатыр өрттөнөт,

— деп Чыракунду ишендирет. Өчү бар Чыракун хан байлыкка кызыгып, макул болот. Өрттөнүп Карадөөөлгөндөн кийин боюнда бар Камбала Актайлак минип салгылашат. Уйгурлар бир аялга алыбыз келбейби деп Камбаланын колунун жылкыларына да уу берип өлтүрөт. Сезгич Карадөө жем жебей, бирок өлүп калат. Аларды көргөндөн кийин Камбала Актайлак менен качып жөнөйт.

Толгоосу келип, үӊкүр таап, жарга төрөп, өзү ал жерден жан берет. Бөрү эне киндикти тиштеп кесип, баланы жебей сүт эмизип багып жүргөндө кербендер өтүп баратып, Момунжан баланы көрүп таап алат. Баланын кебетеси беш жашар бала, бирок мүнөзү жаӊы туулган баланын өзү. Кээде айбанга окшошуп, бир аздан соӊ кол сунуп ал дегенсийт.

Баладай болуп ыйлабай,

Кээде коет ыркырап,

Баланы көрүп Момунжан

Жүрөгү турат зыркырап,

Чепкенин чечип, жаап ороп жатса, ай жарыгынан жазуу окулат.

Кыраакынын четинде,

Ай далынын оӊ жагында,

Орозду хандын тегинен,

Улуту кыргыз элинен,

Атасы болот Карадөө,

Энеси болот Камбала.

Дагы айга салып караса,

«Баланын аты Жарманас” деген жазуу даана көрүнөт.

Ушул жерде эпостук сүрөттөө мифтик эмес, кадимки турмуш кылып даана көрсөтүлөт.

Бул жерде аялдын сөйкөсүндө, ж.б. зер буюмдарында Камбала аты жазылып, сөөгүөрттөлүп, анын күлүн көлгө перинин кыздары чачып салып жибергени айтылат.

Таап алган Момунжан Тибетти бет алып:

Бөбөктү кандай багамын,

Келечек кыргыз элине

Жөлөктү кандай багамын,

– деп ойлонуп, мусулманчылыкты билген баласы жок Ак эшенге берүүнү чечет. Бул жер мындайча сүрөттөлөт:

Ак эшендин алдына

Кулдук уруп жүгүнүп,

Бетин ачып баланын

Билгизип турду кабарын,

Жардан таап алганын,

Төө сүтүнө киринтип

Адам кылып алганын,

Атын атап Жарбарс деп

Ырымдап коюп салганын,

Энеси төрөп баланы

Ошол жерде өлүптүр.

Энеси экен Камбала – деп

Таап алган шакегин,

Ак эшенге бериптир.

Ак эшен Жарбарс деген уулдуу болдум,

– деп, ат чаап шаардын аяк-башына той берип багып алат. Агасы Айкожо түптөгөн Тибет шаарда ачылган ажыдаардын окуусуна бергенде, Жарбарс такыр тынч жүрбөй качып кетет.

Бул жөнүндө сүрөттөөлөр «Жарбарстын качышы» деген темада кеӊири.

Ал эми Ак эшен издеп жүрүп Жарбарс төрөлгөн Камбала белин ашып, ал жерден кербендер каткан Жарбарс тапкан байлыкты бүт алып, «сенин окуу жайдагы чыгымдарыӊды төлөйм» деп бүт алат. Эми эс алалы деп ата-бала чарчап Жарбарс көмкөрөсүнөн уктап жатса, айдын жарыгынан Жарбарстын далысындагы жазууну окуп:

Капырай эмне жорук деп

Кабатыр болуп чочуду.

Анткени кыргыздан Манас төрөлүп чыгат деп, кытайга кыйын кыргын салат деген сөз Кытайдын кыйырына таралган. Ал тургай боюнда бар кыргыз кыз-келиндеринин курсактарын жаргыла деген купуя буйрук берилгенин уккан Ак эшен:

Дынса ыйык китепте

Түшкөн манас турбайбы.

Кытай эли чуулдап

Күткөн Манас турбайбы.

Деп чырмап алды Эшенди

Азап салган муӊ кайгы.

Анын акыл эсебин табайын,

Манас деп издеп жүргөн

Шаар башчыга барайын,

Өлтүрөбү же жокпу

Колуна берип салайын,

Падышасына билдирип,

Сүйүнчүсүн да алайын, –

деп шаар башчыга берип салат. Эсенкан Нескара баатырга табыштап, Жарманасты Кытайдан дегеле чыккыс ушул жерде жатып өлсүн деп шиш абагына салдырып коёт. Билерикти бошотуп алган Эр кошой Жарманас кабарын угуп, ордон сууруп алып куткарып алат. Эми аларга Манас жайын айтып, убада боюнча Эр Кошой Жарманас, Билерикти кошо алып Алтайдан Манас Таласка көчө турган убагы, алдынан тосуп алалы деп Билерик менен Жарманасты Манаска жолуктуруп чоро кылып бермекке Кошой баба кол алып жөнөшөт.

Ошол кезде Кытай калмак балбаны Манасты кармап алганы алдынан тосуп барганы. Көрсө Нескара Жолой кол менен уруш салганы экен. Кошой Жарманас, Билерик душмандарды кыйратып, Нескараны аттан алып өлтүрөрдө Нескара жалбарып, өткөн-кеткен иштерди кечиришип коелу деп, Жарманас жайын билгендиктен, “Жарманаска элимди, жеримди берейин башым тартуу, Кан Кошой” — деп өтүнөт.

Жарманас менен Билериктин көргөн кордуктарын, баатырлыктарын Манаска аларды куткарып келгендигин айтып, Кытай жакты бек кармап турмакка Нескара берген элди-жерди сен башкар деп Жарманасты дайындап: «Элиӊе күйүмдүү бол”, — деп жанына Азаркул уулу Мамытты кошуп жөнөтүшөт. Билерикти сен бул жерде кал деп жайланыштырышат.

Нескара баштаган манжулар Жарманастын Кашкардын кара кандары баатырды тосуп алышат.

Нескара:

Ар улуттан эл бердим

Барктап күтүп алсын деп,

Кашкар Кожент жер бердим

Жеӊилип берди дебегин,

Боор тартып өзүӊө

Белекке гана бергенмин,

– дейт.

Бир канча жыл өткөн соӊ арамданган Нескара кол салганга үлгүрдү. Кол баштаган Эр Үрбү Жарманаска билдирди. Аӊгыча болбой Бокмурун көкөтөйгө аш берерин билдирди.

 

Асангүл Абдыгулова,

Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими. Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*