Данияр Жумабеков, Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы: «АТА-ЭНЕЛЕР ОЙГОНУП, БАЛДАРДЫН БИЛИМ АЛУУСУНА КЫЗЫКДАР БОЛУП КАЛЫШТЫ»

— Бала бакчаларды эмненин эсебинен көбөйтүп жатасыздар? Же менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайрадан кайтарып келдиңиздерби?

— Жок, биз жаңы бала бакчаларды стимгранттын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен куруп жатабыз. Ошол эле кезде ыңгайлашкан имараттарга да ачып жатабыз. Кара-Буура районунда 26 мектеп бар, менин тилегим эми 26 бала бакчага жеткирсем деп турам. Бүгүнкү күндө 20 бала бакча иштеп жатат. Мисалы,  Дүйшенбиева Рыскүл апа атындагы бала бакчанын имараты эски болчу. Айыл өкмөтү менен биргелешип, стимгрантка жазып, аны утуп алып, андан сырткары демөөрчүлөрдү таап, капиталдык ремонттон өткөрүп, бала бакчага ылайык шарттарды түздүк.  Сүйүнбаев айылында 75 орундуу бала бакча курулуп жатат. Стимгранттан менен баштаганбыз, эми демөөрчүлөрдү таап, алар ишти аяктап жатышат. Заманбап бала бакча кылып ачалы деп чечтик. Компьютерлер менен камсыздап, видеокөзөмөл коебуз. Ата-эне баласынын таалим-тарбия алып жатканын видеокөзөмөл аркылуу көрсө болот.

— Кара-Буура районундагы билим берүү мекемелеринде кандай жаңычылдыктар бар? Эмнеси менен өзгөчөлөнүп турат?

— Ар бир билим берүү мекемесине алды алты гектардан, арты болбоду дегенде 20-30 сотых жер бөлүштүрүлгөн, ал жерге кара өрүктүн көчөтү тигилди. Ушул жакшы иштер билим берүү мекемелерине эртеби-кечпи пайда алып келишсе деп тилейм. Быйыл ушул долбоорду көтөрүп, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдары менен биргелешип, бардык мектептерде ушул ишти жүргүздүк. Мындан сырткары он бир мектеп бүгүнкү күнү БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк проектиси менен ысык тамакка өткөн. Сентябрь айынан баштап дагы үч мектеп кошулуп жатат. Ошону менен 14 мектепте ысык тамак берилет. Мындан сырткары быйылкы окуу жылында бардык мектептерди ата-энелердин күчү менен ысык тамакка өткөрөлү деп демилге көтөрүлүп жатат. Анткени  2017-жылы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк проектиси жыйынтыкталат, ошондо биз даяр болушубуз керек. Бардыгы түбөлүктүү эмес, өзүбүздүн келечек муундары үчүн эртелеп кам көрүү биздин милдет. Биз тажрыйба жүргүзүп көрдүк. Окуу жылы аяктаганына эки ай калганда Кызыл-Адыр айылындагы чоң мектептин 500дөн ашык окуучусуна шашке тамак бердик. Ириде ата-энелер комитетин түзүп, ата-энелер менен макулдашып, айына 90 сомдон чогултуп, ысык тамак берип көрдүк.  90 сом ысык тамакка жетиштүү болот экен. Ата-энелер билип калды, тамак ичкен баланын көңүлү ачык, окууга кызыгуусу артып, сабактан калбай калды деп.

— Республикалык мектеп окуучуларынын олимпиадасында командалык зачетто Талас облусу артта калып келет. Сиздин райондо ахывал кандай?

— Өткөн окуу жылында билим сапаты 41% болсо, быйыл 48% чыгара алдык. Жалпы тестирлөөдө орточо баллыбыз 104 балл болсо, быйыл 112,7 баллга көтөрө алдык. 400 бүтүрүүчүнүн ичинен эки жүзүнө жогорку окуу жайларга тапшырууга мүмкүнчүлүк жараттык. Олимпиада боюнча жылда бирден окуучу республикага чыгып келсе, быйыл үч окуучу катышып келди. Бул дагы жыйынтык. Билим сапатын көтөрүү боюнча иш-чаралар алдыда.

— Эмгек бар жерде, ийгилик жаралат. Бир топ жакшы жөрөлгөлөр болуп жатыптыр. Сыры эмнеде?

— Чоң ийгиликтердин жаралышы жергиликтүү бийлик менен тил табышып, биргелешип райондук билим берүү системасын көтөрүү. Мектептерде Камкордук кеңештери түзүлгөн. Ата-энелер ойгонуп, балдардын билим алуусуна абдан кызыкдар болуп калышты. Өздөрү идея көтөрүп жатышат. Бул жагында да алгылыктуу иштер арбын. Бала бакчалардын курулушу, мектеп алдында жемиш бактарынын тигилишинде да ата-энелер аралашып жүрөт. «Жакшы сөз жыланды ийнинен чыгарат» дегендей, ар бир адам менен тил табыша билүү дагы өнөр. Туура жасап жаткан ишибиз, мектеп жетекчилери колуна тийген каражатты  туура пайдаланып, туура нукта баратканы ата-энелерди ого бетер мектепке тартып жатат. Алар мектепте биз менен кошо жүрүп калышты.

Райондо 100 инновациялык долбооруна кирген  эки мектеп, бир лицейибиз бар. 26 мектептин ичинен 16-17 бүгүнкү күндө жакшы иш алып бараткан мектеп десем жаңылышпайм. Төрт мектеп авариялык абалда, бирок аларга жаңы мектеп курулуп жатат. Ал бүткөнгө чейин кыйынчылыктар болбой койгон жок. Окуучулар батпагандыктан кышында айрым маселелер жаралып жатат. Жашырганда эмне, «ооруну жашырсаң, өлүм ашкере» дейт. Төрт авариялык мектептин асты 85%, арты 65% бүтүп калды. Быйыл болбосо дагы эмдиги окуу жылында аяктап, жаңы мектеп окуучуларга эшигин ачат деген үмүт бар.

— Заманбап директор кандай болуш керек?

— Уюштургуч, элге жакын, билим берүү системасын түшүнгөн, жок эле дегенде үч жылдык орун басарлык стажы бар, элге алымдуу адамдардан болушу керек. Өзүн-өзү билимин жогорулатып турбаса заманбап директор болуу азыркы учурда оор. Сөзсүз түрдө ааламдан кабар берип турган компьютерди өздөштүрүүсү керек, жок дегенде эки тил билиши зарыл, сөзсүз түрдө бүгүнкү билим берүү саясатына ылайыктуу, ошол билим сапатын көтөрүүгө багыт берүүчү иш-чараларды иштеп чыгууга дилгир адамдардан болуш керек. Биз дагы райондогу мектеп директорлорун Талас шаарындагы мектептерди кыдыртып, тажрыйба топтоп, заманбап технологиялар иштөө жаңылыктарын киргизели деген ой бар.

— Лидер директорлор барбы?

— Мен өзүм ошол наамды алгамын кезегинде. Устат мугалимдерибиз бар. Ал жагынан кам санабасак болот.

 

Марат Дооронбеков, Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы: «МЕКТЕПКЕ ТҮШКӨН КАРЖЫ АЧЫК ЖАНА ТАЗА БОЛСО ИЙГИЛИК ЖАРАЛАТ»

— Бакай-Ата районундагы кандай жетишкендиктерди белгилей аласыз?

— Бакай-Ата районуна Жети-Өгүз районунун мектеп жетекчилери тажрыйба алмашууга келишти.  «Р.Отунбаева демилгесинин» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева делегацияны жетектеп келди. Максаты — «Тарых жана маданият жылына» карата региондор аралык бири биринин маданияты, тарыхы, искусствосу менен таанышуу, ошону менен бирге билим берүү тармагында башка региондо эмне жана кандай жаңычылдыктар бар, эмне жакшы натыйжалар болуп жатат, ошолорду көрүү менен бирге пикир алып, жакшы жактарын жайылтуу болуп эсептелет. Биз Бакай-Ата районундагы акыркы кездердеги жакшы жетишкендиктерибизди көрсөтүү менен пикир алыштык. Биринчилерден болуп Өзгөрүш айылындагы Ү.Акынбеков атындагы мектепти көрсөттүк. Бул жерде мектеп жетекчиси «Эффективдүү башкаруу» деген темада презентация өткөрдү. Биз иштегибиз келбесе көп нерсени шылтоолойбуз: айлыктын аздыгын, мектептин эскилигин ж.б.у.с. Бирок мектеп жетекчиси жамаат менен биргеликте чындап аракет кылса, «чындап ыйласа сокур көздөн жаш чыгат» дегендей, ошо сыяктуу чындап иштесе ийгиликтер жаралаары тууралуу көрсөттүк. Мындан сырткары Ак-Дөбө айылындагы «Гүлзар» бала бакчасына алып барып, акыркы 5-6 жыл ичинде райондогу жетишкендиктерди слайд аркылуу көрсөттүк. Мисалы, учкай кеп кылсак, 2011-жылы район боюнча болгону үч бала бакча болуп, 300 бала тарбияланса, бүгүнкү күндө 1300 бала тарбияланып жатат. Бала бакчалардын саны онго жетти. Кудай кааласа 2016-жылдын аягында райондук администрация, айыл өкмөттөрү менен биргеликте дагы эки бала бакчаны ачып, балдардын санын 1500 жеткиргени турабыз. 300 баладан 1500 балага жеткирүү чоң эмгекти, мээнетти талап кылат. Ошентип бир жылдык тарыхы бар «Гүлзар» бала бакчасы менен тааныштырдык. Кийинки сапарыбыз Бакай-Ата айылындагы В.И.Ленин атындагы орто мектепте «Социалдык өнөктөштүк»  деген темада тааныштыруу иш-чарасы өттү. Бул деген мектеп өз алдынча өнүгүп кетүү мүмкүн эмес дегенди билдирди. Сөзсүз түрдө мамлекеттик органдардын, мамлекеттик эмес уюмдардын жана ата-энелердин катышышы сөзсүз керек. Ошонун бир үзүмүн көрсөттүк. Мисалы, быйылкы окуу жылына карата В.И.Ленин атындагы орто мектепте 20 кабинетти ата-энелер өздөрү евроремонттон өткөрүштү.  Мындан сырткары мектепте күнөскана (теплица) курулуп жатат. Аны БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасы каржылады. Анын курулушу менен тааныштырдык. Андан сырткары балдарды даярдабай туруп эле тестирлөөгө киргизип жатпайбызбы, бул мектепте балдарды тестке даярдоо үчүн борбор ачылды. Андан соң Боотерек айылындагы Д.Дүйшөбаев атындагы орто мектепте «Мектеп  тамагын жакшыртуунун альтернативдүү жолу» деген темада иш-чара өттү.   Акыркы үч жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына биз пилоттук район болуп киргенбиз. Райондогу 21 мектептин баардыгында ысык тамак берилет. Бардыгында шарттар түзүлгөн, ысык, муздак суулар ата-энелердин, айыл өкмөттөрдүн жардамы менен киргизилген. Мамлекет берген жети сомду карап отура бербей дагы кандай жолдорун тапсак деген нерсени ошол жерден көрсөттүк. Мектептин 20-25 сотых жеринде жашылча-жемиштердин 20 түрү өсүп жатат. Учурда түшүмүн ала башташты. Помидор, бадыраң, капуста, картошка, сабиз ж.б.у.с. Анын түшүмүн эч ким үйүнө алып кетпейт, мектептин жер төлөсүнө сакталат жана балдардын тамагына колдонулат. Андан башка айыл өкмөтү берген 3 га. жердин 1 га. картошка, 1 га. фасоль, 1 га. кызылча өсүп жатат.  Мына ушулардын баарын семинардын катышуучулары өз көздөрү менен көрүштү. Жетиөгүздүктөргө бүт эле мамлекет салып берген заңгыраган мектептерди көрсөтө бербей ашар жолу менен бүткөрүлгөн Д.Дүйшөбаев атындагы мектепти да көрсөтөлү деп чечтик.

— Ата-энелерди мектепке кантип тартып жатасыздар?

— Азыркы ата-эне баласынын сапаттуу билим алуусуна кызыкдар. Эгерде ата-энени мектеп жетекчиси алдабай, мектептин өнүгүшүнө анын берген жардамын адрестүү пайдаланса, ата-эне тартылат. Андыктан мектеп жетекчиси туура иш жүргүзүүсү абзел. Жөнөкөй эле мисал, мектеп директору спорт залын оңдойбуз деп ата-энелерден 300 сомдон чогултуп алды. Жыйынтыгында 30 миң сомдук ремонттун ордуна он миң сомдук иш жасалды дейли. Аны көргөн ата-эне кийинки чакырылган жыйналышка келбейт, жардам дагы бербейт. Эффективдүү пайдаланса, ишти жакшы көрсөтсө, албетте, ата-энелердин саны көбөйөт. Директор жоопкерчиликтүү болуп, адилеттүү, ачык иш жасаса ийгиликтер жаралат.

— Директорлордун баары эле жоопкерчиликтүү эмес го. Аларды кантип үйрөтүү керек?

— Жоопкерчиликке үйрөтүүнүн эки жолу бар. Биринчиси, семинарларда жакшы нерселерди үйрөтүшүбүз керек, экинчиси, жаза. Эки нерсени бири бирине жолто болбой тургандай алып жүрүшүбүз керек. Жакшы жыйынтык берген иштерди көбүрөөк коомчулукка көрсөтүшүбүз зарыл. Биз ички саясатыбызда да райондук, облустук семинарларда өзүбүздүн кызматкерлерге да жаңычылдык менен бөлүшүп жайылтып турабыз. Сөзсүз эле сырттан келгендерге гана көрсөтпөй. Тажрыйба алмашуу жүрүп турат.

— Мектептердин бардыгында эле көмөкчү чарбалар барбы?

— Сиз туура маселени козгоп жатасыз. Анткени мектеп ысык тамагын камсыздап жаткан БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, байытылган ун берип жаткан Россия Федерациясы түбөлүктүү эмес. Алар да кетишет. Ошондо мектептер ысык тамаксыз калбай тургандай кылып, азыртадан даярдык көрө баштадык. Биздин максат — жакшы ишти улантып кетүү. Эртең кайра баягы бир булочкага өтпөй, ысык тамакты сактап калышыбыз керек. Ал үчүн биз директорлор менен айына кеминде эки жолу жолугабыз. Ар бир кеңешмеде сөзсүз түрдө ысык тамак маселеси каралып турат. Ар бир директорлордун алдына тапшырма коюлган, мектептин алдында көмөкчү чарба уюштуруу боюнча. Андан башка дагы күзүндө ар бир мугалим жерде калган алмалардан 5 кг. как даярдап, мектепке өткөрүп берүү милдеттендирилген. Мисалы, 50 мугалим болсо 5 кг. кактан 250 кг. чогултулат. Канча деген компот жасаса болот?  Мектептин айлана-чөйрөсүн жашылдандырууда түшүм бере турган бак-дарактарга көңүл буруп жатабыз. Мисалы, Султаналиев атындагы мектепте 800 түп кара өрүк отургузулду. Анын өнүп кетишин жакында барып текшерип келдик, баары өнө баштаптыр, болгону 2-3 түп гана куурап калган экен. Аларды эмдиги жылы кайрадан жаңыртканы жатышат.

— Аны ким карайт?

— Кароолчу, завхоз дегендей. Ошол эле кезде мектеп директору ар бир участокту класс класска милдеттендирип бөлүп коет. Бул бир жагынан баланы эмгекке үйрөтөт, экинчиден, класстар аралык атаандаштыкты жаратат. Атаандаштык болмоюнча өнүгүү болбойт. Ошентип окуучулар берилген жерди жакшылап жашылдандыруга бардык аракетти көрүшөт. Чейректин аягында жыйынтыктар чыкканда коомдук иштерге активдүү катышкандарга мектеп тарабынан алкыш жарыяланат. Атың аталып турса кандай сонун. Кайсы класс алдыда экени линейкада айтылат. Баарыбыз эле окуучу болбодукпу, кандай сонун бакытка бөлөйт атыңдын эле аталышы.

Мамлекет берген 7 сомго ысык тамак берүү кыйынчылык туудурат, ошон үчүн ата-энелер 2-3 сомдон кошуп берип жатышат. Туура активдүү катышкан айыл өкмөттөрү бар. Бул жакшы жөрөлгө.

— Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башкалардан өзгөчөлүгү эмнеде?

— Бакай-Ата району билим берүү тармагы боюнча алдыңкы катардабыз. Акыркы 2-3 жыл ичинде биздин район ысык тамак берүү боюнча пилоттук район болуп киргенбиз. 21 мектеп тең ысык тамак беришет. Эмне кылдык? Ал үчүн санитардык нормалардын талабы боюнча биринчи кезекте ысык жана муздак суу болушу шарт. Бул жагынан алганда бардык мектептерде бул маселе жок.  Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, айыл өкмөттөрүнүн  эмгектери зор. Биз уюштуруу жагына жардам берсек, айыл өкмөттөрүнүн жардамы менен мектептерге ысык жана муздак суу чыгарып алдык. Бул санитардык ахывалды жакшыртат, балдардын ден соолугуна жакшы, алар маданиятка, тазалыкка  үйрөнүшөт. Биздин позитивдүү көрүнүшүбүз ушул болду десек болот. Мектепке тартылуу, сабак калтырбоо деген жакшы иштер болуп жатат.

— Мектептерде тентек балдар болбой койбойт. Рэкет маселеси барбы? Таалим-тарбияга кандай көңүл бурулуп жатат?

— Спорттук жагыбызды айтсак болот. Биздин райондо дүйнөгө таанымал Канатбек Бегалиевге окшогондор бар. Акыркы 4-5 жылда заманбап спорт залдар абдан көбөйдү. Алар стимгранттын, демөөрчүлөрдүн, ишкерлердин, айыл өкмөттүн жардамы менен курулуп жатат. Ар бир айылда жок дегенде бирден спорт зал бар. Бул балдардын эшикте бош жүрбөй, спорт менен алектенгенге түрткү берет. Чоң жетишкендик. Оро айыл өкмөтүн айтсак болот. Асейин Төрөкулов деген чемпионубуз бар, ошол жигиттин жардамы менен заманбап, стандарттуу спорт зал курулду. Ага анын аты берилди. Боотерек айылында Исак Отунбаев атындагы күрөш залы ачылды. Миң-Булак айылында спорт зал курулуп жатат, быйыл берилет деп турабыз. Спорт балдардын денесинин өсүшүнө, моралдык-психологиялык өсүшүнө да таасир тийгизет. Бакай-Ата айылынын борборунда чоң күрөш залы ачылды.

— «Атына жараша заты» дегендей, Бакай ата ким экени, ал кандай адам болгону тууралуу окуучулар сырттан келгендерге кыйналбай айтып бералышабы? 

— Советбек Байгазиев, Бектур Исаков агайлардын катышуусунда «Бакай чыгыш элинин акылманы» деген чоң илимий конференция өткөрдүк. Жалпы райондун жетекчилери катышып, конференцияда «Бакай десе эле Манастын жанында жүргөн кеңешчиси» деп билебиз, бирок ал баатыр киши болгон, дипломат, көп тилди билген саясатчы ж.б.у.с. бардык сапаттарын ачып берген конференция болду. Албетте, ал жерден мурда билбеген маалыматтарды окуучулар дагы, мугалимдер дагы, жетекчилер дагы алды деп ойлойм. Бекеринен биз анын атын алып жүргөн жокпуз да.

— Бала бакчалардын көбөйүшүнө өзгөчө маани бурулуп жатыптыр. Ишти эмнеден баштадыңар?

— Мурда райондо болгону үч бала бакча бар болчу, азыр онго жетти. Жакында эки бала бакча ачылат,  баарысы 12 бала бакча иштейт. Мунун баары ыңгайлаштыруунун (оптимизациянын) эсебинен. Мисалы, «Гүлзар» бала бакчасынын имараты башталгыч класстын имараты болчу. Анын маңдайында Акчалы атындагы чоң мектеп бар. Акчалы мектебинин ар бир классын санап чыктык. Башталгыч классты көчүрүп барсак батабы же батпайбы деп. Көрсө, мектепте колдонулбай турган класстар бар экен. Ал жерден башталгыч класстарга орун дайындап туруп, көчүрүп бардык. Бир тарабында жылытуу системасы жок болчу, аны айыл өкмөтү мойнуна алып, жылытуу системасын киргизип берди. Ошентип бир имаратты бошотуп ага бала бакча ачып койдук. Дагы бир мисал, Бакай-Атада гуманитардык багыттагы лицей бар эле, анда жүздөн ашык окуучусу бар болчу. Лицей өзүнүн статусун актаган жок, таланттуу балдарды чыгара албады. Тестирлөөдө билим сапаты боюнча жөнөкөй мектептин деңгээлинде эле жыйынтык берип жатты. Мен жоопкерчиликти өз мойнума алып эле лицейди жаап, окуучуларды анын жанында эле 1,5 км. аймагында жайгашкан үч кабаттуу  мектепке жайгаштырып, кызматкерлердин бирин дагы калтырбай жумуш орду менен камсыздадык. Албетте, каршылыктар көп болду, жаманатты болдук. Анын ордуна беш тайпадан турган 150 бала барган бала бакча ачып койдук. Жаман болгон жок. Ошол эле Бакай-Атанын борборунда Жунусов атындагы мектеп бар. Мектеп үч кабаттан турат. 300дөн бир аз эле ашык окуучу окуйт. Ошол имаратты кармап туруш үчүн өкмөттүн канча деген каражаты кетет? Акылдашып туруп мектепти ортосунан бөлүп, жарымына бала бакча ачып койдук. 300 окуучу жарымына да кенен батып атат. Ойлогонбуз окуу-тарбия комплексин кылалы деп. Бирок ал юридикалык жактан туура эмес болуп калат экен. Анын жолун таба албай койдук.

 

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»,

Бишкек – Бакай-Ата – Кара-Буура — Бишкек

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*