Жибек ӨЗҮБЕКОВА, Эл мугалими: «МУГАЛИМ ӨТӨ СЕЗИМТАЛ БОЛУШУ КЕРЕК»

«Роза Отунбаева демилгесинин» эл аралык коомдук фонду уюштурган «Агартуучулар аймактарда» тажрыйба алмашуу боюнча Каракол шаарынын Т.Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейине Чоң-Алай районунан келген мектеп директорлоруна Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Т.Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейинин мурдагы директору, КРнын ардактуу айымы, Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу, И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору Жибек Өзүбекова өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Эл мугалимин сөзгө тарттык.

– Жибек эже, менин билишимче, экологиялык билим берүү боюнча китеп жаздыңыз. Мисалы, математика сабагында экологиянын тиешеси кандай?

– «Жалпы билим берүүчү мектептерде экологиялык билим берүүнү стратегиялык пландаштыруу (2015-2017-жж.)»  темасында жазылган китепти быйыл «Роза Отунбаева демилгесинин» эл аралык коомдук фонду уюштурган Билим фестивалында 300 адамга 40 мүнөттүк  презентация жасадым. Ушул ишим акыркы жылдардагы эң чоң эмгектеримдин бири  болду.

Биринчи эле экология деген сөздүн маанисин түшүнүшүбүз керек. Ар бир сөз – түшүнүк, ой жүгүртүү. Мен логикадан да сабак берем.  Ар бир сөз, ар бир предмет өзүнчө бир логика. Экология үч түшүнүктү билдирет: экологиялык аң-сезим, экологиялык маданият жана экологиялык баалуулук. Негизи экология десе эле адамдар жаратылышты түшүнөт. Азыркы шартта планетанын өзүндө,  атмосферада,  жалпы ааламда өзгөрүү болуп жатат. Ошондуктан экологияны адамдын акыл-ой жүгүртүүнүн экологиясы, ден соолуктун экологиясы деп түшүнүшүбүз керек.

– Эмне үчүн ушундай айтууга мажбурбуз?

– Себеби адамдар ар түрдүү стресске, ар түрдүү жагдайга кабылат. Ошонун натыйжасында эмоциялар өзгөрүп турат. Бир убакта сүйүнүп жатса, бир убакта кайгырып турушу мүмкүн. Ошол учурда акыл ой жүгүртүүнүн экологиясы сактап калат. «Оо Кудай, мени карыган кезде дагы, өмүрүмдүн акыркы күндөрүндө да тунук акыл бер» дешет кыргыздар.  Ошол тунук акыл деген акылдын экологиясы. Ал борбордук нерв системасынын экологиясы. Окуучуларга логикадан мен ушуну айтам. «Балдар, эң биринчи  ар бир нерсеге туура ой жүгүртсө эле акылыңар тунук болот. Турмушта, билим алганда мектептен, университеттен  тунук ой  жүгүрткүлө. Жарыңарды тандаганда дагы тунук ой жүгүртүү менен тандагыла»,  –  деп айтам. Эмне үчүн адамдар турмушта адашып жатат? Туура эмес акыл ой жүгүртүп алгандан улам бир топ маселелер келип чыгат. Экинчиси – ден соолуктун экологиясы.   9-класста адам жана биология предметтери кирет. Окуучулар туура кан айлануу, туура дем алуу процесстери тууралуу түшүнүк алышат.  Иши кылып ар бир органдын, ар бир сөөктүн, ар бир мүчөнүн туура калыптануусуна, өнүгүүсүнө көңүл буруш керек. «Эгерде өзүңөрдүн ден соолугуңар үчүн кам көрбөсөңөр, туура тамактанбасаңар, сергек жашоо образын алып жүрбөсөңөр, жыйырмага чыга электе эле карып, бүкүрөйүп каласыңар. Сөөктөрүңөр туура эмес өсө баштайт», – деп айтам. Андан кийин айлана-чөйрө экологиясын таза сактоо. Ал үчүн көчөнү булгабоо, Ысык-Көлдү, Ала-Тоону, аккан сууну, кыскасы, планетабызды таза сактай билишибиз керек экенин айтам. Жалпы экологияны биринчи орунга чыгарышыбыз зарыл. Адамдын ден соолугу болбой, планетанын ден соолугу болбойт. Бирок ар кандай гипотезалар бар. Күн да түгөнөт, жер да өзгөрөт дегендей, баары мыйзам ченемдүү процесс. Бир материя бир түрдөн экинчи бир түргө айлана берет деп окуучуларга айтышыбыз керек. Ар бир сабакта жашоонун сапатын жакшыртууга багытталган, экологиялык маалымдуулукка жана жүрүм-турумга ээ болгон атуулдук сапаттарды калыптандыруу зарыл. Маселен, кыргыз тили жана адабиятын, орус тили жана адабиятын окутууда айлана-чөйрөнү сүрөттөө боюнча окуучулардын көндүмдүктөрүн калыптандыруу; айлана-чөйрө менен байланышкан жеке сезимдерин жана эмоцияларын билдирүү жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу; адам — коом — жаратылыш байланышын окуучулар менен аныктоо. Дагы бир мисал, математиканы алалы. Математика сабагын окутууда экологиялык мазмундагы маселелерди чыгарабыз, предмет аралык байланыш түзүлөт жана логикалык ой жүгүртүүнүн мааниси, анын экологиясы тууралуу аңгемелешүүлөр өткөрүлөт. Бардык предметтер боюнча экологиялык маданиятты окуучуларга калыптандырса болот.

– Лицейде экологиялык билим берүүнүн  жыйынтыгы кандай?

– Мектептин ичи, айлана-чөйрө таза. Окуучулар жатакананы да таза кармашат. Эң негизгиси туура акыл ой жүгүртүүнүн натыйжасында кандай маалымат болбосун так, туура кабыл алат жана туура сүйлөйт. Маалыматтык кылымда маалыматтарды иргеп алып, керектүүсүн гана алганга үйрөнүштү. Биринчи компетенция – бул маалымат, маалыматтарды кабыл алып, аны талдап, керектүүсүн алуу. Экинчи — коммуникативдик, бул баарлашуу. Азыр жалгыз бир адам эч нерсе кыла албайт. Ал деген ар дайым баарлашууга даяр болушу керек.  Үчүнчүсү — социалдаштыруу: көйгөйлөрдү тааный, аны аныктай жана чече билүү. Көйгөйдү көп жолдор менен чечсе болот.

– Экологиялык баалуулук деген эмне?

– Мен ушул концепциянын үстүндө жалгыз иштедим. Кийин топту чакырып, кошумчаларын коштук. Экологиялык баалуулук дегенде биринчи эле экологиялык аң-сезим пайда болот. Мисалы, колду жуушубуз керек, өсүп жаткан гүлдөрдү үзбөшүбүз керек, мектептин ичин булгабаш керек, туура укташ керек жана туура тамактаныш керек. Бул деген аң-сезим. Эң биринчи аң-сезимди калыптандырыш керек. Аң-сезим калыптанмайынча экологиялык маданият болбойт. Экологиялык маданиятта балдар көл кирдеп баратканын айтышат. Бул жөнүндө атайын концептуалдык карта түзгүлө деп окуучуларга тапшырма берем. Көп нерсе жазышат, аны сиңирүү керек. Таштандыларды иштетүүчү завод куруу, жок дегенде Ысык-Көлдө болсо деп айтышат.

Экология түшүнүгүн жаңы төрөлгөн ымыркай баладан башташ керек. Экологиялык тарбия эң биринчи ата-энелерге таандык. Аларга биз түшүндүрүшүбүз керек. 1990-жылдары ата-энелер такыр башкача болчу, анткени алар советтик идеология менен тарбиялангандар эле. Ал кезде балдарына өзгөчө мамиле жасашчу. Экономикалык абал да туруктуу болчу. Ошон үчүн эртеңки күндү ойлошчу эмес. Азыркы рынок шартында ата-энелер түп тамыры менен өзгөрдү. Биринчиден, ата-энелердин көпчүлүгү Россияда, Казакстанда, Түркияда иштешет. Бала чоң ата, чоң энеси менен калат.  Экинчи – ар түрдүү экономикалык кырдаалга жараша ажырашкандардын балдары көп. Анан кандай экологиялык тарбия болот?

– Эмне кылуу керек? Жолдору барбы?

– Ал үчүн коом өзгөрүш керек. Баары эле экономикага такалат: жумушчу орундарды түзүү, ишкерлерди колдоо, жок дегенде айыл чарба продукцияларды иштетүү керек.  Буларды өкмөт камсыз кылыш керек. Жада калса,  тил экологиясы да бар. Балдарга «сөгүнбөй, сылык, кыйкырбай сүйлөгүлө. Тилди туура билим алганга, кандайдыр бир көйгөйлөрдү чечкенге пайдалангыла» дейм.

– Жибек эже, лицейди республикага тааныткан соң, шакиртти таптап, кызмат ордуңузду өз ыктыярыңыз менен өткөрүп бердиңиз. Мектеп директорлору келип сиздин тажрыйбаңыз менен жакындан таанышып жатышат. Директордун эң негизги миссиясы эмнеде?

–  Ар бир окуучу, ар бир мугалим менен иштеш керек.  Мейли миң окуучу болсо миң окуучу менен тең. Ар бир бала менен жекече иштегенде гана  ийгиликке жетсе болот. Лицейдин азыркы директору Алтынбек Жапаровду өзүм директор болуп иштеп турганда 2005-жылы уюштуруу иштери боюнча директордун орун басарлыгына алып келип, жетекчилик  ишке резерв катары беш жыл даярдадым. Мен мүмкүн болушунча Жапаров Алтынбекти лицейди башкаруу, окуу-тарбия процессин уюштуруу, анын ишин стратегиялык пландаштыруу, коомчулук менен байланыш түзүүнүн жолдорун өздөштүрүүсүн камсыз кылууга бардык күч-аракетимди жумшадым. Лицейден тышкары эл аралык билим берүү программалары боюнча квалификациясын жогорулатууга да мүмкүнчүлүк түзүлдү. 2010-жылдын июль айынан баштап Т.Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейинин директору катары ал иштей баштады. Мен азыркыга чейин эле Алтынбекке кеңешимди берип турам. Ал мага өз баламдай.

– Лицейдин белгилүү болуп калышына кантип жетиштиңиздер?

– Окутуу, тарбиялоо процессиндеги азыркы учурдагы көз караштарды талкуулоо жана анын жаңы технологиясын пайдалануу менен деп жооп бере алабыз. Лицей жаңы типтеги мектеп. Мектептин структурасы, окуу планы, окуу-тарбия иштеринин мазмунунун өзгөчөлүгү билим берүү системасындагы инновациялык процесс. Ушул күнгө чейин педагогикалык инновацияга так аныктама бериле элек. Педагогикадагы, усулчулуктагы жаңылануу жараянасы аркылуу анын практикада колдонулушунда ар түрдүү карама-каршылык келип чыгууда. Инновациянын негизги бөлүктөрү болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

1. Билим берүү системасында педагогикадагы жаңылануулардын теориясын түзүү багыты (неология).

2. Окумуштуулар, практиктер жана коомчулуктун ошол жаңыланууларды кабыл алуусу жана баа берүүсү жөнүндөгү багыт (аксиология).

3. Педагогикадагы жаңыланууну практикада колдонуу жөнүндө багыт (праксиология).

Биздин педагогикалык жамааттын алдында жогорудагылардын баары негизги милдеттер болуп калды.

Тарбия берүү — окуучунун турмуштук иш-аракетин жана өнүгүүсүн нормалдаштыруу максатында анын дүйнөгө болгон көз карашында жана жүрүш-турушунда уюштуруучулук менен аракет этүү аталат. Биздин мектеп-лицейдин окуучулары тандалма болгондуктан, жөндөмдүү окуучулар менен иштөө программасын түзүүдөбүз. Анын натыйжасы ар бир жаш муунду өзүн-өзү өнүктүрүүгө алып келүү менен окуучуларды чыгармачыл илимий ишке багыттайт жана аны толугу менен камсыз кылат деген ойдобуз.

Жөндөмдүү окуучулар менен иштөөдө жогорку педагогикалык квалификацияга ээ болгон педагогдор керек. Инновация лабораториясы менен бирдикте жөндөмдүү окуучулар менен иштөөчү педагогду өзүн-өзү өнүктүрүүсү болбой туруп, окуучунун өзүн-өзү өнүктүрүүсүн камсыз кылуу мүмкүн эмес. Өзүн-өзү өнүктүрүү бар жерде сөзсүз психологиялык тейлөө болушу керек. Жөндөмдүү окуучуларды окутуунун усулдарына коюлуучу талаптар иштелип чыкты. Предметтер боюнча иштиктүү программа менен иштөөдө инновация лабораториясы сунуш кылган Дальтон планын пайдаландык. Ал жакшы жыйынтыкты берди. Натыйжада азыркы учурда предметтерди тереңдетип профилдик окутуу боюнча 24 программа иштелип чыкты.

Лицейдин, лицей педагогунун, лицейчинин прогноздук моделин түзүү биздин милдеттерибиздин бири.

Жөндөмдүү окуучулар менен иштөө биз үчүн окуу планды түзүүдө бир кыйла кыйынчылыктар болду. Мында дубандык элге билим берүү башкармалыгы аркылуу сунуш кылынган ар түрдүү лицей, гимназиялардын окуу пландарын пайдаландык, натыйжада өзүбүздүн региондун, улутубуздун өзгөчөлүгүн жана келечекти эске алуу аркылуу окуу планы түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген окуу пландын ядросу жалпы билим берүүчү предметтер, ал эми профилдик предметтер – тармактары болуп калды.

Окуучуну чыгармачылык ишке багыттоодо адегенде өз алдынчалыкка көнүктүрүү зарыл. Ошондуктан тарбия берүүдө жана окутууда окуучулардын өз алдынчалыгын өнүктүрүүдө көп иштер иштелип жатат. Окутуу жараянасындагы ар түрдүү формадагы өз алдынча иштер: өз ара көзөмөл болуу, билимдердин кароосун өз ара уюштуруп өткөрүү адатка айланууда. Окуучулар тарабынан ар түрдүү  формадагы сабактарга, тарбиялык иштерге өз алдынча даярданып, дублер күндөрүн, дублер сабактарды өткөрүүдө жоопкерчилиги жогорулап, өз алдынчалыгы өсөт.

Лицейдин негизги милдеттеринин бири — окуучуну илимий иштердин айрым ыкмаларына ээ болуусуна тартуу. Көптөгөн окуучулардын илимий-практикалык конференциясы өткөрүлүп келет. Окуучулардын илимий коому аркылуу өткөрүлгөн эки илимий-практикалык конференциябызда лицей окуучулардын илимий иштерин уюштурууга муктаж экендиги байкалды. Турмуш тастыктагандай, келечек лицейчилердин колунда.

– Бүгүнкү күнү кыргыз билим берүү системасы эмнеден аксап жатат?

– Айрым мектептерде мугалим жетишпегенинен орус тилди кыргыз тилчи мугалим, химияны физик мугалим берет. Анан англис тилди окутууда айрымдары кыргыз тилинде сүйлөй берет деп айтышканын угабыз. Бул эмне дегенди билдирет? Көпчүлүк учурда кээ бир мугалимдер сабак учурунда өз жумуштары менен чыгып кеткени жөнүндө да айтылууда. Билим берүүдө ушундай көрүнүштөр жок эмес. Директор болуп иштеп турганда  директордун моделин түзүп жүрдүм. Директордон көп нерсе көз каранды. Мектеп жетекчилери жакшы иштебейт азыркы учурда. Бул чындык. Көзөмөл кылбайт. Мектеп инсанды калыптандырып жатат. Жөн эле инсанды эмес, азыркы  коомго жараша жашап кете турган сапаттарды ага сиңирүү зарыл. Мисалы, лидерлик сапатты  сабак учурунда ар түрдүү методдор менен калыптандырышыбыз керек. Ар бир предметти окутуп жатып тарбияласа болот.

Экологиялык тарбия, эстетикалык сабак десе эле тарбиялык сабакта карайт. Концепцияда математика, музыка, дене тарбия, физика сабактарын окутканда бардык сабактарды интегралдаштырып туруп, адам дегенди калыптандырыш керек.  Мурунку бүтүрүүчүлөрдүн баалуулуктары көркөм адабият болчу. Алардын руханий байлыгы кенен эле.  Экинчиден, окуу китебинин жетишсиздиги, анын сапаты начар.  Америкада, мисал үчүн, көп варианттуу окуу китептери бар. Окуучу, мугалим жана ата-эне үчүн деп жазылат экен. Мен муну өз көзүм менен көрүп келдим. Ар бир үй-бүлөдө китепкана болушу керек.  Андан кийинки эле фактор – балдарды алагды кылган маалымат көп. Ошон үчүн керектүү маалыматтарды иргеп, тарта албай жатышат. Чексиз интернет, телефондордогу керексиз маалыматтар тоскоол болуп жатат. Интернеттеги маалыматка өкмөт да көзөмөл кылыш керек. Балдардын аң-сезимине терс таасир эткен каналдарды Америкада көрсөтпөйт. Бизде чексиз баарын көрсөтө берет, тарбия бербей турган да программаларды киргизет. Ата- энелердин баалуулуктары билим алууга карата төмөндөп кеткен, ошон үчүн балдардын да баалуулуктары жоголуп кетүүдө. Өкмөт дагы балдардын билим алууга карата баалуулуктарды карабайт деп ойлойм. Мисалы, Казакстанда билим берүүнү приоритеттүү деп кабыл алышкан. Бизде деген маалымат тактайларында билим жөнүндө жазылбайт. Жалаң эле бизнес тууралуу маалыматтар жазылат. Мугалимдердин статусун көтөрүү керек.

– Бүгүнкү заманбап мугалим кандай болушу керек?

– Мугалимдер ак пейил, сезимтал болуш керек. Азыркы учурда советтик доорго караганда мугалим өтө  сезимтал болушу керек. Эмне дегенде биз энесин сагынган балдарды, ата-энеси ажырашкандарды, тамакка ток келген балдар  менен ток келбеген балдарды окутабыз. Ар түрдүү сабактын ар түрдүү формаларын колдоно билиш керек. Сүйлөй ала турган, уга турган, консенсуска келе турган,  чыдамкай, атаандаштыкка муюй турган, мейли математика, физика, химия бардык предметти окутсун, бирок инсандык сапаттарды калыптандырып өтүп турушу керек. Академиялык билим берип окутуп жатып турмушка даярдаш керек. Азыр мектепке ушундай мугалимдер керек. Анан мектепке киргенде жеке проблемалар, көйгөйлөр унутулуп, сабакка мугалим катары гана кирип, баланы ойготуп турушу зарыл. Мисалы, кечээ беш бала жакшы түшүнсө, бүгүн жыйырма бала жакшы түшүндү деп аракет кылыш керек.

 – Эл мугалими наамын көтөрүп жүрүү оңойбу?

– Эл мугалим болуш оңой эмес. Биринчиден, чоң жоопкерчилик моюнда турат. Ар түрдүү жерде өз позицияңды сакташың керек. 46 жыл билим берүү системасында эмгектендим. Биринчи кезекте элге таанылып, элдин баасына  татуу керек. Ошол адам Эл мугалими боло алат. Менимче, пенсияга чыгып таптакыр отуруп калганда дагы статус менен жүрүш керек.

– Канча китебиңиз чыкты?

– Жети китебим чыкты. Сабактарымдын иштелмелери бар, өзүм жазган макалаларым көп. Буларды топтосо бир чоң китеп болот. Лицейдин актылык документтери да менин колумдан өткөн. Алар илимдин негизинде жазылган. Эл аралык долбоорлор, эл аралык уюмдар менен көп иштедим.

Биздин билим берүү күчтүү. Эмне үчүн күчтүү? Ошол күч советтик доордо даярдалган педагогдор аркылуу. Бизде аябай көп пенсионерлер иштейт. Профессор, окумуштуу Эсенбек Мамбетакуновдун педагогикада аябай сонун идеялары бар. Исак Бекбоев менен баарлашканда аябай сонун пикирлерин угасың. Алардын өздөрүнүн жеке идеялары бар, алар  да советтик дидактарга таянышат.

 

Окуучулардын жетишкендиктери тууралуу маалымат:

1. Окуучулар жатак-мектеп-лицейди бүтүргөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыкты жогорку окуу жайларында гана эмес, АКШ, Германия, Австрия, Малайзия, Египет, Франция, Түркия мамлекеттеринде билим алуусун улантышат.

2. 25 жыл ичинде облустук олимпиаданын жеңүүчүсү – 595, республикалык – 120, алтын, күмүш, артыкчылык  аттестат менен бүтүргөн окуучулар – 119

3. Эл аралык жана дүйнөлүк олимпиадага катышууга укук алган – 7 окуучу

4. Эл аралык конкурстарга катышкандар – 4 окуучу

5. Эл аралык спорт оюндарга катышкандар – 21 окуучу

6. Азыркы учурда илимий даражага  ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн саны жылдан жылга көбөйүүдө. Мисалы: Молдогазиев Т., Көбөнбаев М.,                          Абдыкадырова А., Садыкова Э.,Жээнбаева Г.,  ал эми Шерипов Н. – юридикалык илимдердин доктору. Тулпаров Б. –  Кыргызстандын деңгээлинде “Мыкты дизайнер” аталды.

7. Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясында иштеп жаткандар:    Иманалиев Кайрат, Касымалиев Алмаз, Шаршеева Кыял, Кожобеков Т., Касымалиева Айзада, Кабылова Наргиза, Токтогулов Мирхамид  ж.б.

 

Жетекчилерди шыктандырган жолугушуулар

(Башталышы өткөн сандарда)

Сырга Калилова, Чоң-Алай районундагы Ленин атындагы орто мектебинин директору:

– Иштегениме үч жыл болду. Биздин мектеп райондогу типтүү мектептердин катарына кирет. 652 окуучуга 74 мугалим билим берет. Мектеп ишке 1986-жылы берилип, 325 орунга ылайыкталган. Окуучунун саны көбөйгөнүнө байланыштуу өкмөттүн жардамы менен башталгыч класстар үчүн мектеп салынганы турат. Үч жылдын ичинде мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо бир топ иштерди жараттым. Натыйжада мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча  райондо биринчи орунду бербей келатабыз, баалуу сыйлыктарга татыдык. Директор болуп келгенден баштап усулдук кабинеттерди, мугалимдердин эс алуу кааналарын ачып бергенге жетиштим. Мектептеги документтер  75 жыл сакталышы керек, ал үчүн архив ачтым. Буйруктардын негизинде иш- чараларды өткөрүү үчүн айыл өкмөттүн жардамы менен чоң зал (актовый) уюштурдук. Бир сөз менен айтканда 90% шарт бар.

Предметтик олимпиадаларда мурда бир же эки окуучу орун алган болсо, бүгүнкү күндө сегиз окуучу сыйлыктуу орундарга ээ болуп келатышат. Ал эми жалпы республикалык тестирлөөдө алдыңкы баллдарды багындырып жатышат, маселен, былтыр бир балабыз 179 балл алган болсо, быйыл 197 балл алгандар болду. Жылдан жылга билим сапатын көтөрүүнүн үстүндө эмгектенип жатабыз.  Окуучуларыбызды Secom билим берүү мекемеси  менен байланыштырып, жыл сайын бир айлык курстардан өткөрүп турабыз.  Ата-энелер бир айга Манас, Семетей, Сейтек уюмдарына карата 12 сомдон 27 сомго чейин төлөшөт. Чогултулган каражаттын 30% балдардын чыгармачылык борборунун эсебине төгүлөт, калган каражаттар мектептеги болгон иш-чараларга колдонобуз.

– Ысык-Көл облусун кыдыруу сизге эмне берди?

– Тажрыйба алмашуудагы максатыбыз — башка мектептердин жакшы жактарын көрүп, аны өзүбүзгө алып, районго жайылтууну көздөп келатабыз. Керектүүлөрдү жазып да, тартып да алдык. Жаңы окуу жылынан баштап көп жаңы нерселерди киргизип, окуучуга, мугалимге деген тажрыйбаларды жайылтабыз.

Быйыл биз ПРООНго долбоор жазып, бардык шарттарды түзүп, башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүүгө даярдык көрүп жатабыз. Тажрыйба алмашууда Т.Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейинен көп нерсени алдык. Стратегиялык планды түзүү башкача таасир калтырды. Интерактивдүү доска менен иштеген 3-4 мугалим кыска болсо дагы сабак өтүп берди, ошол кыска убакытта чоң нерсени алдык. Директор баланын жаштыгына суктанып, кантип ушундай даражага жеткен деп ойлосок, көрсө, анын устаты Эл мугалими Жибек Өзүбекова экен. Эл мугалиминен көп нерселерди үйрөндүк. Ар бир мугалимдин иш тажрыйбасы боюнча чыгарган китептери, брошюралары бар экен. Ошол тажрыйбаны жайылтсам, анан жаңы окуу жылынан баштап эксперимент катары гимназиялык класстарды ачсам деген оюм бар.

Алмазбек Мойдунов, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин директору, Чоң-Алай району:

– Спорттун түрлөрү боюнча 315 окуучу машыгып жатышат: волейбол, футбол, дзюдо, күрөш, жеңил атлетика,  ордо, тогуз коргоол, шахмат боюнча. Спорт залы жок болгондугуна байланыштуу райондогу инновациялык мектептин базасында турабыз. Быйыл Ош облусунда өткөн окуучулар арасындагы спартакиадада кыздар арасындагы чуркоодо 1-орунду ээлешсе, эстафета боюнча кыздар 3-орунга ээ болуп, балдар эстафетада 2-орунду камсыздашты. Ал эми секирүүдө 1-орунга ээ болушту. Жалпы жыйынтыкта жеңил атлетика боюнча балдар 2-орунга, кыздар 3-орунду ээлешти. Дайыма календарлык планга ылайык мектеп аралык спартакиадаларды да уюштуруп турабыз.

Материалдык-техникалык базабыз орто, айыл өкмөтү жардам берип келатат. Арис программасына долбоор жазып, спорт инвентарлары менен камсыз болдук.

Быйыл курулуп жаткан спорт мектебинин имараты октябрь айында  ишке берилет деп жатабыз.

 

Эгемберди Туратбеков, З.Каримбеков атындагы орто мектебинин директору, Чоң-Алай району:

– Директор болуп иштегениме бир жылдын жүзү болду. Биздин эки кабаттуу мектеп 2015-жылы жаңы бүткөрүлүп пайдаланууга берилген.  Анын сыйымдуулугу 323 окуучуга ылайыкталган. Мектеп мамлекет тарабынан курулду. Жалпы баасы 55 миллион сомду түздү. Заманбап мектеп десем жаңылышпайм. Бардык класстар азыркы билим берүү мыйзамы талап кылгандай курулган. Типтүү мектепте 41 мугалим эмгектенет, 323 окуучу окуйт. Башка мектептерден бир гана артыкчылыгыбыз бар — бир нөөмөттө (смена) эртең менен түшкө чейин окуйбуз. Бул абдан ыңгайлуу экен, себеби дегенде түштөн кийин олимпиадалык топтор менен, ийримдер менен иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ушул жаатта көп иштерди аткардык. Бардыгына саат экиге расписание коюлган. Мугалимдер өздөрүнүн окуучулары менен жекеме жеке иштешет. Көрсө, канчалык шарт түзүлгөн сайын мугалимдер күчөп иштешет экен. Мурда бир нерсе болсо эле мектеп эски, шарт жок  деп шылтоолой берчүбүз. Мектепте мен 12 жыл завуч болуп иштедим, эки директор менен иштештим. Окуучунун саны боюнча райондогу 17 мектептин ичинде 9-орунда турабыз. Акыркы тогуз жылдын ичинде билим сапаты боюнча 2-3-орунду бербей келатабыз. Башка айылдардагы ата-энелер биздин мектепте билим сапаты жогору деп айтышат. Кээде билим сапаты боюнча 3-орунга жылып калабыз. 46 окуучу отличник, 83 ударник бар.  Жетишпеген балдар жок.

Белгилей кетчү жагдай, ата-энелери чет мамлекетке иштегени кеткен балдар биздин айылга келип окушат. Алар шаардан «4» жана «5» окуп келишсе, бизге келгенде «3» деген баага түшүп калышат. Демек, бизде деле билим сапаты жаман эмес деп  ишенебиз.

Маселен, 41 мугалимдин ичинен эки  мугалим билим берүүнүн мыктысы, пенсияга чыккан үч мугалим бар,  сегиз мугалим билим берүүнүн грамотасын алган,  ардак грамота менен сыйлангандар көп.

– Билим берүү реформасы эмнеден өксүп жатат?

– Жөнөкөй айылдык мугалим катары жөнөкөй нерселерди сунуштагым келет. Билим сапатын көтөрүү үчүн базаны чыңдоо зарыл. Мектеп ата-эне, коомчулук менен байланышын, биримдигин чыңдаш керек. Ата-энеге баланын билим алуусу материалдык байлыктан жогору тураарын сиңирүү  керек. Айыл жеринде жумуш көп. Балдардын көпчүлүгү үй жумушуна тартылат. Кээ бир ата-энелер таланттуу балдарын да окутпай койгон учурлар кездешет. Окутпай коет деген мектептен чыгарып  алышпайт, сабакты көп калтыртышат. «Менин байлыгым балама жетет» деген ойду билдиришет. Негизи түпкүлүгүндө баланын шыгына карап профилдүү окутууга өтүү керек. Бул билим сапатын көтөрүүгө өбөлгө түзөт. Билим берүү жана илим министрлиги сунуштап жаткандай, 9-классты бүткөндөн кийин кесиптик-техникалык окуу жайларга жайгаштыруу, алардын санын көбөйтүү керек. 9-класска чейин мектептер мыкты билим берип, баланын жөндөмүн аныктап туруп, кесиптик окуу жайларга жөнөткөнгө аракет кылуу керек. Азыркы заманда жогорку окуу жайын бүткөнчө кесиптик-техникалык окуу жайларын бүтүп алып, чоң каражат таап жаткандарды көрүп жүрөбүз. Ушул жагынан алып караганда, 9-класстан кийин балдарды окутуп кыйнабай, кесипке багыттоо керек. Мамлекеттин каражатын дагы жөн эле 10-11-класс үчүн коротуп кереги жок. Көп жерде коркушат мектеп жабылып калышы ыктымал деп. Жок, жабылбайт, кимге билим керек болсо, ал жерден чукуса да таап окуйт.

– Мектепти лицейге айлантуу ой келдиби?

– Жагымдуу, бирок күтүүсүз суроо болду. Көл калаасын кыдырып чыктык. Т.Сатылганов атындагы лицейдин жүргүзүп жаткан иштери канааттандырды. Ал жерде түпкүлүгүндө илимий жакка басым жасалып жатыптыр. Жогорку окуу жайдын окутуучулары келип сабак беришет экен.

Биздин мектепти лицейге айлантууга эмне үчүн болбосун? Эгерде коомчулук менен, фонддор менен иштешип, базаны күчөтүп, бардык шарттарды түзүп туруп,  лицей ачсак болот. Айылда 2000 жетпеген калк жашайт. Балдар бир сменде окушат. Ошон үчүн лицей же гимназия класстарын ачсак болот. Ал үчүн мугалимдерди да тандоодо атайын критерийлерди иштеп чыгуу зарыл.

– Ата-энелер менен байланыш кандай?

– Бизде Камкорчулар кеңеши, ата-энелер комитети бар. 2005-жылдан тарта мектепке каражат топтоо деген жоюлган. Ага Хан, Мерсико уюмдары менен иштешкенде ал жерде жеке салымдар (собственный вклад) деген бар. Мурда Мерсикодо жакшы болчу. 30% жеке салым болуп, 70% Мерсико берет эле. Азыр 50% болуп калды. Жазган проектиге 50% жеке салым, 50% Мерсико берет. Эгер көлөмдүү нерселерди сатып алуу керек болсо анда ата-энелерге кайрылабыз. Азыр 25 миң сом ата-энелерден түшкөн, аны Мерсико компания менен сүйлөшүп жатабыз 2-3 проектор алганга. Ата-энелер жыл ичинде мектепте өткөн бардык иш-чараларга жардам беришет.

– Билим берүү системасынын келечеги кандай болот деп ойлойсуз?

– Бардык мугалим, баланы сүйгөн мугалим бул маселенин үстүнөн сөзсүз ойлонот. Россияга, Өзбекстанга, Тажикстанга караганда биздин билим берүү системабыз жакшы. Керек болсо Казакстан кандай алдыда жүрбөсүн, алар бизге жетпейт. Маселен, эмне үчүн казактар балдарын Кыргызстандагы Медициналык академияга алып келип окутушат, эмне үчүн казактар Кыргызстанга келип дарыканалардан дарыланышат? Демек, бизде билим берүүнүн сапаты жогору. Алдыга жылуулар бар, бирок ал жай жүрүп жатат.

Педагогикалык кесипке даярдоо абдан төмөн. Тегирмен сыяктуу жож билим сапатынын төмөндүгүн мектепке оодарышат, биз, тескерисинче, жождорду күнөөлөйбүз.

Ошон үчүн ЖРТда педагогикалык кесипти тандагандардын баллын  130 жогорулатуу керек.  Мугалимдин айлыгын көтөргөн менен билим сапаты жогорулабайт. Мамлекет биринчи орунга мугалимдин айлыгын көтөрүү эмес, мектептин шартына көп көңүл бурушу керек. Ошондой эле ата-эненин, коомчулуктун милдетин, жоопкерчилигин көтөрүү зарыл.  Окуу жайды бүткөн жакшы баланы ата-эне меники дейт, бирок мектептин атын чыгарышпайт. Материалдык байлык биринчи орунга турат, билим-тарбия экинчи орунга жылып калганы өкүндүрөт.13439015_1755780881372869_6803029715206143072_n

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”,

Бишкек – Жети-Өгүз – Каракол – Бишкек

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*