Ак эмгектин атак-сыймыгы

КМШ өлкөлөрүнүн мугалимдеринин IV съездинин делегаты Кеңешбек Шоруков "КМШ билим берүүсүнүн отличниги" төш белгиси менен сыйланды.

Элеттик мугалим Кеңешбек Шоруков мындан 25 жыл мурун колуна мугалимдин дипломун алып, келинчеги менен карган апасына каралашканы өзү туулуп-өскөн айылына жөнөгөндө, өзгөчө эрдик жасап жатам деп деле ойлогон эмес. Атүгүл өзүнүн айылындагы мектепте мугалимдик орун тийбей, ортосу он чакырымдык коңшу айылдагы мектепке киргенде да башкалардан өзгөчөлөнүү оюнда жок болчу. Бирок анын эки айылдын ортосунда жөө каттап иштей баштаганы башкаларга таң калычтуу эле. Анын үстүнө ал каттаган жол эки айылды эле эмес, эки районду бириктирип турчу. Азыр деле ошондой. Адегенде бир жарым жыл жөө жүрдү. Андан кийин ат минип калды. Таң үрүл-барал атканда Долон айылынын асманындагы жылдыздарды таратып жүрүп отуруп Жылдыз айылына кирип барат. Жумушун аяктап коюп, кайра жолго чыккан агайды баягы таң эрте жымыңдап узатып калган айылынын жылдыздары жандана тосуп алышат.  Күндө ушу. Буга Кеңешбек агай өзү да, үй-бүлөсү да көнүп калышкан.

—          Атабыз патриот, өзүнүн кесибин жанындай сүйөт. Үйдө мээримдүү ата, өмүрлүк жар катары да камкор. Айылдаштарынын арасында кадыр-барктуу. Адамга андан башка эмне керек? Эки уулубуз, эки кызыбыз бар. Улуу кызыбыз Мээрим ата кесибин улап, Бишкек шаарындагы №77 мектепте балдарга орус тили жана адабияты сабагын окутат. Андан кийинки кызыбыз Айгерим менин кесибимди жолдоп медицина кызматкери болду. Уулдардын улуусу Баястан болочок юрист, юридикалык академиянын үчүнчү курсунун студенти. Ал эми көкүрөк күчүгүбүз Актан мектеп окуучусу. Атабызга эртең менен ысык чайын берип жумушуна узатам, кечинде жолун карап тосуп алам. Жол деген жол да, элибизде “Жол азабы –көр азабы” деп бекеринен айтышпаса керек, бир аз кармалып калса кабатырлана түшөм. Ал эми өзүнө билинбей деле калгандай, ысык-суукка да карабайт. Кичине сыркоолоп калганда “барбай эле койсоңчу” десем, “кой барайын, балдар жол карап калат да” деп болбой жөнөп кетет. Суукту деле бара-бара тоотпой калды окшойт. Айылдаштар адегенде таң калышчу, аларга тим гана күлүп койчу, — дейт Кеңешбек Шоруковдун өмүрлүк жары Ажар.

Ажар айым менен баарлашуубуз кыска болду. Анткени ал Москва шаарында өтүүчү КМШ мугалимдеринин IV съездине аттанып жаткан жолдошу Кеңешбекти узатуунун кызуу камында эле. Коңшу-колоң, абысын-ажындары менен боорсок жасап жатканын айткан Ажардын доошунда ары кубаныч, ары кабатырлануу сезилип турду. Ананчы, алыска чыгып жаткан өмүрлүк жарынын аман-эсен барып келишин тилеп айыл апаны чакырып бата албаса болобу. Анын үстүнө аты айтып тургандай эле жердин түбүнөн атайын чакырып жатышса. Атак-даңкка, сыйлыктарга адатта борбор калаада чоң-чоң папка колтуктап, олуттуу басып, олуттуу сүйлөгөн адамдар илинчү эле, айылдын карапайым мугалими “Эмгек сиңирген мугалим” наамына көрсөтүлгөнү аз келгенсип, минтип кадимки Москва шаарына делегат болуп отурганы да айылдаштарына эле өздөрүнө да күтүүсүз жаңылык, күтүүсүз кубаныч болду.

Көрсө, агай 25 жыл узун жолду бирге кыскарткан аты менен кылдырап барып-келип жүрүп атак-даңктын айылына келип калган тура. Атак-даңк деген, ак эмгегинен баар табат деген ушул турбайбы.

Эки айылды эле эмес, эки районду басып өтүп өзүнүн сүйүктүү мектебинин босогосун аттаганына, окуткан балдарынын кубанычтуу жүзүн көргөнүнө каниет кылып жүрүп ортодон шуу-шуу этип өтүп жаткан жылдарды деле элес албаптыр агай. Айрыкча, жолдун алыс-жакындыгына карабай мугалимдик кесиптин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп иштеп жүргөнүң үчүн деп мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп жатканы, эл аралык телебаяндын баш каарманы болгону, баягы эл ичинде айтылып жүргөндөй, эртең менен эле “жылдыз болуп” ойгонду…

х х х

Эртең менен атынын бир калыпта чыккан доошун тыңдап, жол ката ар кайсы ойго батат агай. Биринчи эле ойлогону өзү окуткан балдары. Күндө эртең менен мектепке баратып кечээ кандай жумуш аткарганын, эмнени көз жаздымда калтырганын, бүгүн сабагын кандай өтөөрүн көз алдына сыдырып өтөт.

—          Ар бир кесиптин оор жагы да, оңой жагы да болот эмеспи. Мугалимдик кесип өзү эле түйшүктүү. Анын жоопкерчилиги да өтө жогору. Ал эми эмгек акысы чеке деле жылытпайт. Оор жагын көрүп эле таштап кетсек, анда өзүбүз окуткан балдарга кандай үлгү болобуз? Балдарга үйрөткөн билим тарбиябыз өзүбүздүн үлгүлүү жүрүм-турумубуз менен жуурулушуп турушу керек. Ушунча жыл мектепте иштеп жүрүп байкаганым, мугалимдин эмгеги көзгө көрүнбөгөн майда иш экен. Ал качан гана өзүң билим тарбия берип окуткан балдарың эл керегине жараганын көргөнүңдө байкалат экен. Ошондо гана көкүрөгүңдү сөз менен жеткире алгыс сыймык ээлеп, күндө беш-алты сааттан сайрап айтып берген сабагың текке кетпегенине ынанасың. Дал ошондой көз ирмемдердин кудурети мени мектептен кетирбей кармап келсе керек, — дейт Кеңешбек Шооруков.

х х х

Убагында өзү менен мектепке келген кесиптештеринин көбү баягы кайра куруунун катаал жылдарында соодага өтүп кетишти. Ал деле өтүп кетсе болмок, ага мүмкүнчүлүгү жетмек, бирок материалдык топтогон байлыгы руханий байлыгын арттырарына күмөнү бар эле. Мурда күмөндөр болсо, азыр буга көзү нак жетип отурат.

Мына, кезектеги жаңы окуу жылы башталганы ушунча жыл өзүн коштоп келаткан жан шеригиндей жакын жарыктык аты экөөнүн баягы жолу кайра уланды. Эки маал басып өтүшөт ушул жолду. Алдынан чыккан айылдаштары атчан караанды көргөндө жазбай таанышып, улуу-кичүүсү дебей “Саламатсызбы, агай!” деп саламдашып, сабагына ашыгып бараткан агайын сыймык менен узата карашат.

Сабактары аяктап, сапары карып кайтып келаткан экөөнү кечинде уясына ашыгып  бараткан күн коштоп келет да,  короосуна чейин киргизип коет. Короосуна баш баккан кожоюнун үйүндөгү жары үйрүлүп түшүп тосуп алат. Айрыкча, бир жарым жаштан жаңы ашкан кичинекей небереси Айдин да башкалар менен жарыша там-туң басып тосуп чыкканын көргөндө чарчап-чаалыккан бир заматта кол менен алып таштагандай унутта калат. Мына, үйгө жетелеген күч – үй-бүлөңдүн жылуу очогу…

х х х

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Долон айылынын тургуну, КР Билим берүүсүнүн отличниги, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, райондук, облустук Ардак грамоталардын ээси, катардагы карапайым математика мугалими Кеңешбек Шоруков өзү тандаган, өзү ардактаган кесибинин артынан коңшу жайгашкан Ак-Суу районунун Жылдыз айылындагы мектепке ат менен каттап иштеп жүргөнүнө сарып эсеп салса, билинбей чейрек кылым толуп калган экен.

—          Ал кезде жаш экенбиз, күч-кубат бар дегендей, эки айылдын ортосундагы бөксө тоону ашып бат эле кирип барчумун. Көнүп калгандыктанбы, мектеп которуу оюма да келбептир. Уйкудан жаңы ойгонуп жаткан айылды аралап, табигаттын аруу дүйнөсүнө суктанып түркүн-түркүн ойлор келет. Ата-бабаларыбыз “ким эрте туруп таң тоссо, таңкы насипке ээ болот” деп калышчу эле. Бул сөз тегин жерден чыкпаптыр. “Кесибиң – ырыс-кешигиң” демекчи, ушул мугалимдик кесиптен баар таап, ырыскым артып отурганына каниеттенем. Адам өзүнүн ордун билсе, колунан келген ишти сүйүп аткарса, андан канаттануу алса, бакыт деген ошол да, — дейт Кеңешбек Сагынбаевич.

Акыйкат сөз. Өзүнө эле эмес, айланасындагыларга да канагаттуу тартуулап турган адам бакыт даамын таткан чыныгы адам эмей ким анан. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду түйшөлткөн суроого жоопту өз эмгегинен бакыт издеген дал ушул Кеңешбек агайдай айылдык агартуучулар табышса керек. Айтматовдун аты дүйнө аралаган Дүйшөндөй каармандарынын өмүрү ошон үчүн үзүлбөй уланып келаткандыр балким. Адам атакты эмес, атак адамды издейт деген ушул. Эки айылдын ортосундагы баскан чыйыр жолуңуз ааламга уланып, окуткан окуучуларыңызга үйрөткөн билимиңиз минтип алыска угулуп отурат. Алган сыйлыгыңыз кут болсун. Бар болуңуз, арыбаңыз!

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*