КЕСИПТИК ДЕҢГЭЭЛДИН КҮЗГҮСҮ

2009-жылдан тарта мугалимдерге квалификациялык категория ыйгарылбай, алардын кесиптик деңгээлин аныктаган аттестация өткөрүлбөй калган. Былтыртан баштап Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин кесипкөйлүгүн, алардын интеллектуалдык потенциалын, билим деңгээлин аныктаган аттестацияны кайрадан өткөрүүнү демилгелеп чыккан болчу. Бир жыл ичинде КР жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жаңы Жобо иштелип чыкты.  Жаңы Жобонун талабына жооп берген мугалимдерге квалификациялык категория менен кошо кошумча акы каралат. 1-категория алгандарга 2000 сом, 2-категорияларга – 1500 сом жана 3-категория алган мугалимдерге 1000 сом кошумча акы төлөнөт. Ошентип көп жылдан бери өткөрүлбөй калган аттестация иш-чарасы 20-октябрдан 20-апрелге чейин жүргүзүлмөк болду. Аттестациянын максаты — мугалимдерге квалификациялык категория ыйгаруу, алардын педагогикалык чеберчилигинин деңгээлин максаттуу жогорулатууга, кесиптик жана жеке өсүшүнө дем берүү болуп саналат.

 

Меискан Асанова, Бишкек шаарындагы А. Молдокулов атындагы УКГнын усулдук иштер боюнча директордун орун басары:

—  Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлерин аттестациялоонун жакшы жактары дагы бар, ошол эле кезде кемчиликтери жок эмес. Жакшы жактарын айта кетсек: аттестация ар бир мугалим үчүн керек; мугалимдерде жоопкерчилик сезилет; изденишет; отчеттуулук, жыйынтыктуулук болот; иш-кагаздары калыпка келип, системалаштырылат; жаш адистерди, пенсия курагындагы, кош бойлуу мугалимдерди аттестациялоо боюнча  талаптар канаттандырарлык. Ал эми кемчиликтерин атасак: коллективдин 25% мугалими аттестациядан өтүү зарыл деген талап: анын ичинен 3%-жогорку, 10%-биринчи, 12%-экинчи категория берилет деп чектөөлөрдүн коюлганы; аттестациянын талаптарына жооп берип, бирок мугалимдердин санынын көптүгүнөн категориясыз калганы; аттестациянын талаптары жогору, бирок кошумча төлөмдөрү аз:2000сом-жогорку категория,  1500 сом-биринчи категория,  1000 сом  –экинчи категория;  бул убакка чейин жүргүзүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен ээ болгон категориялардын жокко чыгарылганы; көп жылдык стажы бар мугалимдер, башкача айтканда 20-30 жыл иштеген мугалим менен жаңы кадрлардын бирдей деңгээлде бааланганы; кагаз жумуштары көп, башкача айтканда талаптар жогору жана  окуу процессине тоскоолдук кылат. Биздин сунушубуз боюнча, категориясы жок мугалимдер гана аттестацияланса, мурдагы категориясы бар мугалимдерди калтырып, тактап айтканда тастыктоодон өткөрүп, кийинки 5 жыл иштеген мугалимдерди жана категориясы жок мугалимдерди аттестацияласак. Мисалы,  Казакстанда жогорку категориядагы мугалимге 10000 сом кошумча акы төлөнөт. Жогорку категорияга өтүү да өтө кыйын, андыктан ушундай кошумча төлөмдөр болсо.Быйылкы окуу жылында 33 мугалим мөөнөтү боюнча аттестациядан өтүшөт. Алардын 16-жогорку, 7-биринчи, 2-экинчи, 8-категориясы жок мугалимдер. Эгер 3% жогорку категория берилсе, анда 16 мугалимдин ичинен бир  эле мугалим жогорку категорияга ээ болот. Ал эми калгандары талапка, башкача айтканда жогорку категорияга жооп берсе деле аларга эмне кылуу керек экенин билбейбиз.

Бишкек шаарындагы №21 орто мектебинин эмгек жамааты:

—          Аттестациядан өтүү учурунда демөөрчү кеңешинин катышуусунун зарылчылыгы жок деп эсептейбиз. Убагында  жогорку, биринчи, экинчи категория алган мугалимдерди аттестациядан өткөрүүнүн кажети  жок.  Ошондой эле мугалимдерге кошумча берилүүчү стимулдун калганы дурус болмок. Анткени мугалимдердин аракеттенип, чыгармачылык менен иштөөсүнө  чоң өбөлгө түзүлмөк. Ал эми баарлашуудагы суроолор   компьютердик тестке кошо киргизилсе дурус болмок.

Карачач Жанболотова,  Ысык-Кол областынын Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы жалпы орто билим беруу мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары:
— Чыгармачыл мугалимдин сабагын калемгер жазып,сүрөтчү тартып бүтпөйт,бирок мугалимдин чыгармачыл мугалим экендигин окуткан окуучунун билим сапаты айтып жатпайбы. Быйылкы окуу жылында өтүлүп жаткан мугалимдерди аттестациялоо дагы ошол максатта,ошону менен бирге мугалимдин чыгармачыл ишмердүүлүгүн арттыруу үчүн мугалимге квалификациялуу категория ыйгаруу,алардын педагогикалык чеберчилик деңгээлин жогорулатуу,эмгек маянасын көтөрүү максатында өтүлүп жатат.
Мугалимдин ишине квалификациялык категориянын коюлушу мындан мурунку жылдарда да мугалимдерди мектеп ичинде өткөрүп биринчи,экинчи,жогорку категорияларды ыйгарып,эмгек маяналарына аз да болсо акча кошулуп келген. Акыркы жылдарда мамлекеттин өзгөрүштөрүнө,билим берүүдөгү ар кандай шарттарга байланыштуу мугалимдерди аттестациялоо мектеп ичинде өткөрүлүп, эмгек маяналарына акча кошулбай калган.Ошол эле мезгилдерде башка тармактын  адистерин аттестациядан өткөрүп,эмгек маяналарына акча каражатын кошуп, кесипкөй адис экендигин аныктап келишти,ал эми мугалимдер болсо унутта калган эле.
Быйылкы окуу жылында мугалимдерди аттестациядан өткөрүү боюнча жобо бекитилип,аларды кайрадан аттестациялоо жүргүзүп квалификациялык категорияны ыйгаруу жана аларга кошумча акча каражаты каралып жатканын уккандан бери мугалимдердин арасында ар кандай  ой-пикирлер пайда боло түштү.Бирок мугалимдер ар иштин баштоочусу,илим-билимге жол ачуучу адамдар эмеспи. Октябрь айынан апрель айына чейин өтүүчү аттестациялоого кызуу даярданып жатышат.
Биздин Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 72 мугалим аттестациядан өтүү үчүн даярдык көрүшүүдө. Аттестациялык жобонун негизинде аттестациядан өтпөй тургандары 23 мугалим, ал эми жалпы мугалимдердин 25%ы аттестациялоонун 1-этабында өткөнү турушат.Мектепте 11 кишиден турган аттестациялык комиссия түзүлүп,аттестациялык негизги функцияларын аткарып жатышат.
Мугалимдер аттестациядан өтүүүчүн квалификациялык тестирлөөгө,арыз, өзүн-өзү баалоо баракчасы, мугалимдик портфолио сыяктуу иш кагаздарын даярдоодо. Ушул эле учурда  кээ бир иш кагаздарынын кайталанып жазылышынан мугалимдердин иш кагаздардын үстүндө иштөөсү көбөйүп, буларга көп убактысы сарпталып мугалимдердин арасында нааразычылыктарды жаратууда.Алардын пикири боюнча, иш кагаздарын толтуруунун жеңилирээк жолдорун карашса жакшы болмок деген ойлорду айтышууда.Эгерде Билим берүү жана илим  министрлиги мугалимдердин иш кагаздарын кайрадан карап чыгып,аларды жазуунун көлөмүн азайтса, мугалимдердин убактысынын көбү кагаз жазууга эмес, балдарга  билим берүүгө сарпталат эле.
Ушул жерден айта кете турган нерсе, биздин мугалимдер квалификациялык тесттен өтүүгө таптакыр каршы эмес.Тескерисинче,кесиптик деңгээлин аныктоо ар бир мугалим үчүн керек экендигин түшүнүшүүдө.Көйгөйлүү маселе категорияларга каралып жаткан акча каражатынын аздыгы болууда.Албетте, мамлекетибиздин бюджетинде тартыштык бар экендигин билебиз.Ошондой болсо да мындан көбүрөөк акча каражаты каралса мугалимдердин иштешине бир топ эле стимул болот эле. Анткени финансылык жактан жетиштүү  мугалимдин жеке жашоосундагы көйгөйлөр азайып болгон дараметин билим берүүгө жумшамак.Билими кенен мугалим билим-тарбиясы  терең окуучуну тарбиялайт. Билимдүү келечек муун — өлкөбүздүн бекем пайдубалын түзөт.

Ширин Егембердиева, Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Кулчу негизги мектебинин директору:

—        Менин оюмча мугалимдер үчүн аттестациянын өткөрүлүүсү эң негизги, маанилүү маселе, бирок аттестациядан каалоочулар эле эмес жалпы мугалимдер өтсө жакшы болмок. Себеби айрым билими төмөнүрөөк мугалимдер өтүшпөй, мурун билими кандай болсо ошол бойдон жүрө беришет. Жалпы мугалимдер өтсүн деген Жобо болгондо жок дегенде изденип даярданышмак.  Дагы бир маселе стажы үч жылдан кем болгон жаш мугалимдерге да аттестация болсо туура болмок.  Кээ бир жаш мугалимдердин билими төмөн жана сабак өтүүдө өтө кыйналышат, ошол себептүү окуучулардын билим сапаты төмөн болууда. Жумушка биринчи жолу орношууда да сөзсүз түрдө аттестациядан өткөрүлсө.

Карамат Кыязова, Кулчу негизги мектебинин башталгыч классынын мугалими:

—        Мугалимдин портфолиосун да алып салса, кагаз топтоп көпчүлүк убактыбыз кетет. Айрым мезгилдерде даяр нерсени сатып же бирөөнүн иштерин көчүрүп деле папкага салган мугалимдер кездешет.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

 

 

 

 

 

                                

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*