Нурлан КУДАЙБЕРДИЕВ, «Себат» билим берүү мекемесинин башкы директору: «СЕБАТ» – МЕКЕНЧИЛ ИНСАНДАРДЫН МЕКТЕБИ

Түркияда саясий кризис курчуп турган учурда аталган өлкөнүн айрым расмий өкүлдөрү Эл аралык “Себат” билим берүү мекемеси туурасында дүйнөлүк коомчулукка ар кандай пикирлерди айтып, билдирүүлөрдү жасап жиберишкени эсибизден чыга элек болсо керек. Кантсе да “Себатта” Кыргызстандын атуулдары татыктуу билим алып, дүйнөлүк сынактарда эң алдыңкы аренага чыгып жатканын кантип тана алабыз. Ал тургай республикабызда аталган мекеме заманбап билим берүүнүн чыныгы очогуна айланып, элдин купулуна толуп турган кези. Биз ушундан улам жогоруда белгилеген жагдайга карата “Себат” билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиевди кепке тартып, окуу-тарбия процессинин жүрүшү, кийинки максаттары туурасында ой бөлүштүк.

Урматтуу Нурлан Шарабидинович, өгүнкү окуялардан кийин кандай шартта иштеп жатасыздар. Бул окуялар «Себаттын» окуу-тарбия ишине олуттуу тоскоолдуктарды жаратса керек?
– Бул окуялар “Себатка” эч кандай таасирин тийгизген жок. Бүгүнкү күндө “Себаттын” бардык мектептеринде окуу-тарбия процессине байланыштуу программаларыбызды улантып келебиз. Жакында лицейлерибизде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулуп, окуучулардын, мугалимдердин, чакырылган коноктордун катышуусу менен жакшы өттү. Бүтүрүүчү класстын окуучулары менен жогорку окуу жайга даярдоо курстары башталды, олимпиадалык топтор менен окутуулар уланып жатат. Башкача айтканда окуу-тарбия процесси толук кандуу иштеп жатат.

Ушул окуялардан соң коомчулукта ар кандай суроолор жаралып жатат. Гуманитардык идеология жагынан тактоо киргизе кетели: Сиздерде окутуу-тарбиялоо ишинде негизги өзөгүн эмне түзүп турат? Улуттук, универсалдык нарктардын орду кандай?
– Өзгөчө көңүл адеп-ахлактык өнүгүүнү, маданияттуулукту жана дүйнө таанымдарды калыптандыруучу предметтерди окутууга бөлүнөт. Бул акыркы жылдарда коомдо калыптанган социалдык тапшырык менен түшүндүрүлөт. Ошондуктан окуучуларды тарбиялоодо толеранттулука, коллективдүүлүкө, кыргыз улутунун салт-санааларын үйрөнүүгө, сый-урмат менен мамиле кылууга көнүл бурабыз. Тарбия сабактарында динге басым жасалбайт.
Бизге белгилүү болгондой, Түркиядагы толкунга чейин эле устав, жобоңуздарда ар кандай өзгөрүүлөрдү кийрип, камкорчулар кеңешин түзүп жаткандай болду элеңиздер. Азыр «Себат» кимге таандык болуп калды?
– Эки жыл мурун “Себаттын” Уставында өзгөртүүлөр болду. “Себатта” жалпы окуу-тарбия процессин башкаруу, көзөмөл жүргүзүү максатында “башкы дирекция” түзүлдү. Башкы дирекцияга башкы директор жана орун басарлары дайындалган. Бул өзгөртүүлөргө чейин “Себаттын” түзүүчүлөрү (учредители) чет элдик жарандар болгон. Жаңы Уставга ылайык “Себаттын” түзүүчүлөр курамын Кыргызстандын жарандары түзөт.
«Себатта» иштеген мугалимдер жана башка жумушчулар эки тараптан тең бирдей кабыл алынабы же Түркиядан келген адисттер басымдуубу?
– Окутуунун сапаты кесипкөй, чыгармачыл, жоопкерчиликтүү жана билимин өркүндөтүүгө багыт алган мугалимдердин колунда. Бүгүнкү күндө лицейлерде 761 Кыргызстандык, Түркия жана башка мамлекеттерден 159 мугалимдер эмгектенишет. Мугалимдерди жумушка кабыл алууда атайын түзүлгөн коммисия иш алып барат. Комиссиянын курамына кафедра жетекчиси, окуу иштери боюнча мүдїрдїн орун басарлары, башкы дирекциянын өкүлү катышат. Жогорудагы маалыматка ылайык Кыргызстандын жарандары басымдуулук кылат.
Сиздерде окуу программасын, планын бектитүүдө ким көзөмөлдөйт. Окуу процессинде Билим берүү жана илим министрлигинен кандайдыр бир текшерүүлөр болуп турабы?
– Окуу планы менен окуу программалары лицей компоненти кошулган базистик мамлекеттик стандартка туура келет. Ар бир окуу жылынын башында окуу планы Кыргыз Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет. Так илимдер боюнча (математика, физика, химия, биология жана информатика) англис тилинде окутулгандыктан окуу программалары мамлекеттик станддарттын негизинде иштелип чыгып, ар бир беш жылда толукталат, такталат. Кыргыз Билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен бекитилип, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен колдонууга уруксат берилет. Акыркы үчүнчү жолу иштелип бекитилген программалар 2015-жылдын 3-февралында №81/1 буйругунун негизинде бекитилген.
Мамлекеттик лицензиялоо жана аттестациялоо жөнүндөгү Жобонун негизинде мөөнөтүнө жараша лицейлер мамлекеттик аттестациялоодон, лицензиядан өтөт. Бүтүрүүчүлөргө толук эмес жана жалпы орто билим жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү күбөлүк аттестаттар бүтүрүүчүлөргө берилет.
Эл аралык SilkRoad жана SilkRoad Cambridge мектептери эл аралык ECIS, Cambridge аккредитацияларынан өтүшкөн.
Окутуу процеси кандай усулдук ыкмаларда жүрөт. «Диний сабактар бар. Ал жашыруун берилет. «Себаттын» ичин текшертиш керек. Балдардын улуттук сезимдери өзгөрүп калат экен» деген пикирлер да чыга калууда. Буга кандайча жооп берет элеңиз?
– Биздин билим берүү мекемелеринде диний сабактар окутулбайт. Буга күмөн санагандар келип биз менен жолугушуп, окуу жайлардагы окуу сабактарына катыша алышат. Лицейдин ишмердүүлүгү ачык айкын, эч кандай жашыруун иш-аракеттер жок.
Биз да Кыргызстандагы бардык окуу жайлар сыяктуу окуучуларыбызга мекенчил болууга, коомго жана мамлекетибизге пайдалуу инсадарды тарбиялоого аракеттенебиз. Жалпы 24 жылдык ишмердүүлүгүбүздө 12 468 бүтүрүүчү аяктады, жана алардын 60 пайызы Кыргызстандын ЖОЖдорун ийгиликтүү аяктады. Ал эми 235 бүтүрүүчүбүз мугалимдик кесипти аркалап, мектептерде мугалимдик кесипте эмгектенип келишет.
Кошумчалай кетчү нерсе, окуучуларыбыз Кыргызстандын атынан эл аралык олимпиадаларга да катышып, ийгиликтүү орундарды ээлеп келишет. Жалпысынан 13 алтын, 20 күмүш, 36 коло медалдарды алышкан. Мунун баары окуучуларыбыздын мекенчил болгонунун көрсөткүчү деп атасак болот.
Билим олимпиадасынан сырткары окуучулар долбоорлордун жарышы сынактарына активдүү катышып келишет. Жаш ойлоп табуучулардын олимпиадаларына катышып, байгелүү орундарды да алышты. Жалпысынан окуучуларыбыз 13 өлкөдө болушуп, 182 долбоор менен катышып, жыйынтыгында 12 алтын, 29 күмүш, 33 коло медалдарды жеңип келишти.
«Себаттын» жакынкы жана перспективалуу пландары туурасында азыноолак айта кетсеңиз? Жогорудагы окуялардан кийин «Себаттын» келечегин кандай көрөбүз? Дагы кандай тоскоолдуктарга туш болушу мүмкүн деп ойлойсуз?
– Алдыга койгон максаттарыбыз чоң. Билим берүү мекемеси болгондуктан, лицейлерде окутуунун жаңы методикаларын киргизүү, жаңы окуу каражаттарын колдонуу, лицей бүтүрүүчүлөрүн дүйнөнүн эң мыкты 100 орунга кирген жогорку окуу жайларына жиберүү,“Себат” лицейлеринде билим берүүнү жогорку деңгээлге алып чыгуу максаттарыбыздын бири болуп саналат.
Бүтүрүүчүлөр менен кесиптик тандоону туура уюштуруу максатында ар бир лицейлерде жогорку окуу жайына жайгаштырууга насаатчы мугалимдерди дайындадык. Ушул жайында “Себаттын” мугалими Америкадагы Гарвард университетинде атайын курстан өтүп, сертификатын алып келди. Быйыл чет өлкөлөрдөгү эң алдыңкы жогорку окуу жайларына даярдоо системалуу болмокчу.

«Себаттын» окуучулары дүйнөлүк олимпиадаларда алдыңкы орундарды алып келип жатканы жаўылык деле болбой калды. Бул ийгиликтин сыры эмнеде?
-Биздин иш багыттарыбыздын бири – таланттуу, интеллектуалдык жөндөмү жогору балдар менен иш алып баруу болуп саналат. “Себат” лицейлеринде олимпиадага даярдоо 8-класстан тартып башталат. Алгач окуучуларга атайын анкета жүргүзүлүп, предметтерге бөлүнөт. Олимпиадалык топтор менен мугалимдер даярдоо сабактарын жүргүзүп турушат. Окуучуларыбыз 9-класска келгенде предметтик олимпиадаларга катыша башташат. Республикалык олимпиада аяктагандан кийин дүйнөлүк олимпиадага тандалып калышат. 2015-2016 окуу жылынын жыйынтыгы менен Республикалык предметтик олимпиадада “Себаттын” окуучулары 13-биринчи, 14-экинчи, 17-үчүнчү орунду камсыз кылышты. Ушул жай айларында өткөн дүйнөлүк олимпиадаларда 5 коло медаль жеңип келишти. Алар физикадан Садиков Артур, химиядан Доорон Маметов, биологиядан Даян Мелисов, Ислам Бекташов жана информатикадан Азрет Кенжалиев болушту. Олимпиададан алган сертификаттары менен дүйнөнүн эң алдыңкы университеттерине окууга мүмкүнчүлүк алышат.

Окуу төлөмдөрү боюнча кандай жеңилдиктер каралган?
– Билим алууга болгон төлөмдөрдө дифференциацияланган ыкма колдонулат. Алсак, Бишкек шаарында окуу акысы бир жылга 3100 АКШ доллары болсо, Нарында жана Кадамжайда 1000-1700 долларды түзөт. Окуунун мыктыларына, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жеңилдиктер каралган. Жалпысынан “Себатта” билим алган окуучулардын 38 пайызы окуу төлөмүндө жеңилдиктерди алышкан. Ата-энелерден алынган окутуу акысы окуучулардын тамактанышына, мектеп формасына, тиричилик тейлөөлөргө, окуу китептери менен гана камсыздандырууга жетет. Окуу корпустарынын, жатакана жана башка чарба имараттарын кармоо, жаңы окуу имараттардын курулушу жана мекемелерди оңдоо-түздөө иштери демєєрчїлєрдїн финансылык көмөгүнүн аркасы менен ишке ашат.

Мугалимдик кесип-түйшүктүү кесип. Өз кесибин сүйгөн мыкты мугалимдерге мүнөздөмө бере кетсеӊиз? “Себаттагы” мугалимдер үчүн кандай шарттар түзүлгөн?
– Мен өзүм кесибим боюнча – англис тили мугалимимин. “Себат” лицейлеринде мугалимдик кесипти аркаладым. Менин оюмча эгерде мугалим өзүнүн билимин өркүндөтүүдө талбай изденсе, балдарга билим берүүнүн жаңы технологияларын эң жакшы деңгээлде өздөштүрө алган болсо, дүйнөгө болгон көз карашы жогорку интеллектуалдык деңгээлде болсо, анда анын колунан билим алган окуучу заман талабына шайкеш келген жаңы доордун анык ээси болуп чыгат. Бүгүнкү мугалим өз кесибине кошумча жаңы технологияны пайдалана билүүсү зарыл. Бул багытта мугалимдер ар дайым семинарлардан, методикалык окуулардан өтүп туруусу зарыл.
“Себаттагы” мугалимдер үчүн ишмердүүлүгүнө ылайык шарттар түзүлгөн. Окуу класстары, предметтик лабораториялар керектүү каражаттар менен жабдылган. Интернет байланышын, интерактивдүү такталарды, компьютерлерди ар дайым колдоно алышат. Жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдериндей эле “Себаттын” мугалимдерин Кыргыз Билим берүү академиянын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарынан, предметтик кафедралардын жетекчилиги алдында үзгүлтүксүз билимин жогорулатуу программалары боюнча семинарлардан өтүп турушат. Ошону менен бирге өз алдынча өнүгүү программаларынын үстүндө да иштешет.

– Кандай гана учурлар болбосун «Себатты» кыргызстандыктар ар дайым колдой тургандыктары белгилүү болуп калды. Элдин арасында кадыр-баркка, урмат-сыйга татыктуу экениңиздерди байкап турдук. Ушундай оор кырдаалдарда сиздерге кимдер өзгөчө таяныч боло алды?
-Биз Кыргыз элине абдан ыраазыбыз. Албетте, биринчи кезекте ар дайым ата-энелерибиздин колдоосуна ээ болуп келебиз. Мен учурдан пайдаланып Кыргыз элиме, бийликтин өкүлдөрүнө, ата-энелерибизге көрсөтүлгөн ишенимдери, жардамдары жана колдоосу үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.
Аңгемелешкен Майрамбек Токторов,
“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*