№5 УКГ: ТЕРЕҢДЕТИП ОКУТУУ – БИЛИМ САПАТЫН ЖОГОРУЛАТАТ

Бишкек шаарындагы профессор  Айдаркан Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиянын 2016-2017-окуу жылы үчүн окуу планы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген жалпы билим берүүчү  уюмдун Базистик окуу планынын негизинде түзүлүп жана гимназиянын компонентинен жана тереңдетип окутуу үчүн тандоо сабактары киргизилген. Гимназиялык компонент, тереңдетип окутуу, гимназиянын окуу-тарбия процесстери тууралуу “Кутбилим” гезитине гимназиянын окуу-тарбия директорунун орун басарлары Айнура Айыпова менен Венера Жаманова айтып беришти.

 

Тандоо предметтер – гимназиянын багытын аныктайт

№5 гимназиянын окуу-тарбия директорунун орун басары Айнура Айыпованын айтымына караганда, тандоо предметтери – гимназиялардын багытын аныктоочу   негизги окуу предметтери же элективдүү,  профилдик курстары болуп саналат. Тандоо курстары жана  предметтери негизги жалпы билим берүү программаларын тереңдетип окутуу  гимназия тарабынан өз алдынча белгиленет. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн  гимназиялар үчүн түзүлгөн окуу планын негиз кылып, окуучулардын предметтер боюнча кызыкчылыктарын жогорулатуу жана гуманитардык багыттагы класстарда тийиштүү предметтер  боюнча тереңдетилген билим берүү максатында мектеп компонентинен жана тереңдетип окутуу үчүн тандоо предметтеринен  сааттар кошулуп берилет.

– Биздин гимназияда   гуманитардык:  кыргыз тили,  англис  тили, немис  тили жана  математикалык, ошондой эле  табигый багытындагы класстар окутулат.  Маселен, гуманитардык багыттагы (кыргыз тили жана адабияты) класстар  үчүн “Манас таануу”, “Кеп маданияты” , “Дүйнө адабияты” тандоо предметтери кошулат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 2-августундагы буйругу менен бекитилген мектеп-гимназия жөнүндөгү Жобонун негизинде инсандын маданий жана илимий потенциалын калыптандыруу максатында 2015-окуу жылынан баштап   кытай тили киргизилди.

Чет тили (англис тили)  багытындагы класстар  үчүн  базистик пландан сырткары ар бир класстар үчүн тереңдетип окутуу үчүн тандоо сабактары жана мектеп  компоненти боюнча бир, эки, үч  сааттан кошулуп окутулат. Чет тили (немис  тили) багытындагы класс үчүн  багыты боюнча мектеп компонентинин, тереңдетип окутуу үчүн тандоо предметтеринин эсебинен да сааттар кошулуп берилет.

–          Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 2-августундагы буйругу менен бекитилген мектеп-гимназия жөнүндөгү Жобонун негизинде гимназия класстары гуманитардык болуп калгандыктан математика жана табигый багытындагы  2014-2015 окуу жылына чейинки ачылып калган класстар   улантып окутулуп жатат.   Математика  жана табигый багыттагы класстар үчүн  Базистик пландан сырткары ар бир класстар үчүн сааттар кошулуп окутулат. Багыттарына жараша кошулган предметтерде класстар эки топко бөлүнүп окушат (окуучунун саны   7-9-класстарда жыйырма бештен ашса, 10-11 класстардын окуучулары жыйырмадан ашса).     Жогоруда айткан Жобонун негизинде инсандын маданий жана илимий потенциалын калыптандыруу максатында математика жана табигый багытындагы 10-11-класстарга япон тили киргизилген. Окуу планында кошумча берилип жаткан компонентинин эсебинен  берилген сабактар окуучулардын тереңдетилген билим алуусуна көмөктөш болмокчу,  – дейт Айнура Айыпова.

Гимназия Кыргыз Республикасынын ЖОЖдору жана  КГУСТАнын  «Алтын түйүн» профессордук окутуучу курамы менен келишим түзүлүп, профилдик класстарда атайын жана элективдик курстары өтүлөт. Ошондой эле предметтик  ийримдер  математика, физика, химия, орус тили, англис тили, кытай тили, япон тили, ошондой эле  олимпиадалык ийримдер иштейт. Шаардык олимпиадада сегиз  окуучу 1-, 2-, 3-орун жеӊип алышса, республикалык олимпиадада эки окуучу 1-орунду, бир окуучу 2-орунду камсыздашкан. Республикалык предметтер аралык олимпиадада беш байгелүү (үч 1-орунду жана эки 3-орунду) ээлеп,  өлкө  мектептеринин арасында байгелүү биринчи орунга ээ болушкан.  “Немис тили мугалимдери Германиянын “Pasch”  проектиси менен бирдикте иштешип  жылына  немис тили багытындагы класстардын  эки окуучусу Германияга лагерге   тил үйрөнүү максатында барып турушат”  (конкурстун жеңүүчүлөрү).Бул жетишкендиктер ийримдердин жана атайы курстардын эмгектеринин жыйынтыгы деп кароого болот.

–          Биздин гимназияга өлкөнүн жети дубанынан билимди самаган балдардын агымы чындыгында көбөйүп жатат. Түзүлгөн шарттардын жана коюлган талаптын негизинде билим берүүнүн сапаты 46 пайыздан 62 пайызга көтөрүлдү. Ал эми жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгында жогорку 205, 206, 208, 217  баллга ээ болушуп, гимназиядагы билимдин жогору экендиктерин далилдеп жатышат. Бизде билим алууга толук шарттар түзүлгөн. Кабинеттер учурдун талабына ылайык заманбап техникалык каражаттар жана окуу куралдары менен камсыздалган. Мына ушундайча технологияларды колдонуу менен окуучулардын билим алуусуна мүмкүнчүлүктөрдү кеӊейтүү – биздин башкы максатыбыз. Ошондой эле окуучуларды нравалык маданиятка, патриоттуулукка кыргыз элинин каада-салттарын пайдаланып тарбия берүү жагы да оӊ жолго коюлган.  Гимназияда жогорку билимдүү 170 жакын мугалимдер эмгектенишет.  Алардын ичинен   74  – билим берүүнүн отличниги, 104 – жогорку категориядагы, 21 – I категориядагы, 10 – II категориядагы, 33жаш мугалимдер.Мугалимдердин кесиптик потенциалы жогорку деӊгээлде. Чыгармачыл  мугалимдер өз предметтери боюнча окуу-методикалык колдонмолорду чыгарып, экономика, тарых, физика, география, кыргыз тили, адабияты сабактары боюнча тесттик чыгарылыштын авторлорунун катарында да биздин мугалимдерибиз өз салымдарын кошкон. Акыркы эки жылда драма, сүрөт, бий, волейбол, шахмат, кол өнөрчүлүк, фольклордук-этнографиялык кружокторго  катарлаш Бонсай, цирк, дастан, фото, жаӊы кошумча кружоктор ачылып үзүрлүү иштөөдө, – дейт директордун орун басары.

 

  Тамыры терең, тарыхы бай, тарбиясы бекем билим уясы

–          “Мугалим – жакшылыктын энеси” демекчи, өсүп келе жаткан жаш муунга мектеп институту билим гана бербестен, татыктуу тарбия да берип келет. Билим менен тарбия куштун кош канатындай болот эмеспи. Мектептеги ушул эки багыт бирин-бири толуктап, окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү менен нравалык жактан балдарга татыктуу тарбия берип, моралдык принциби жогору болгон атуулду тарбиялоону, инсандык сапаттарды калыптандырууну максат кылып келебиз. Улуттук мектебибиздин тамыры терең, тарыхы да бай болгондуктан, калыптанып калган салттары да бар. Окуу-тарбия процессинде дал ушул салттуулук сырттан караган кишиге таамай көрүнүп турат, – дейт тарбия бюнча директордун орун басары Венера Жаманова.

Улуттук компьютердик гимназияда  окуучуларды тарбиялоонун концепциясы иштелип чыккан. Алсак, окуучуга жашоого керек боло турган коомдук-социалдык тажрыйбаларды ѳздүк тажрыйбага айландыруу; окуучулардын дүйнѳгѳ илимий кѳз карашы, туура ынанымын калыптандыруу; адабий, илимий булактар менен ѳз алдынча иштѳѳгѳ үйрѳтүү; окуучуларды коллективизимге тарбиялоо, жеке ишти коллективдик иш менен айкалыштырууга үйрѳтүү; мектепте тарбиялык иштерге бирдиктүү талап коюу, системалуулукту камсыз кылуу, ар бир окуучуга педагогикалык кѳмѳк кѳрсѳтүү, окуучулардын адептик -рухий сапаттарын калыптандыруу, алардын физикалык, психикалык, рухий соолугуна камкордук кѳрүү болуп саналат.

Укук бузуунун алдын алуу

Окуучулар арасындагы укук бузууну алдын алуу боюнча укук коргоо органдары (ЖӨИ) менен биргеликте жүргүзүлгөн иштери боюнча токтоло кетсек, Свердлов райондук ЖӨИ участкалык инспектору менен окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу тоноо жана зордук-зомбулук фактысына каршы профилактика жүргүзүү боюнча план иштелип чыккан. Маселен, “Бил, колдон жана эч качан бузба” деген аталыштагы иш-чаранын планы түзүлүп окуучулар менен “Токто, оку, ойлон!” Электрошокер ж.б. адамдын өмүрүнө коркунуч алып келе турган буюмдарды алып жүрүү жоопкерчилиги”, ”Тамеки чегүүнүн, наркоманиянын жана энергетикалык ичимдиктердин зыяны” темаларында укук бузуулардын алдын алуу жана ар кандай жайларда  өздөрүн алып жүрүүнүн нормалары жана “Мен толеранттуумунбу?”, “Камкордук”, “Көчө балдары”, ”Компьютердик оюндар” аттуу темаларда класстык сабактар өткөрүлүп турат. “Уруп тоноочулук”, “Массалык чатакташуу” жана “Зордук-зомбулук”, ”Кылмыш-жаза кодексинен”, ”Өспүрүм” темаларында 8-11-класстын окуучулары менен аңгемелешүүлөр уюштурулуп, видео-тасмалар көрсөтүлүүдө. Ошондой эле участкалык инспекторлор менен бирдикте мектеп аймактарына, класстар арасында адам баласынын денесине жаракат алып келүүчү учтуу буюмдарды окуучулар тарабынан колдонбоо максатында рейддер жүргүзүлүп турат.

Тарбияны бекемдеген иш-чаралар

–          Биздин окуучулар  гимназия ичиндеги сынак-конкурстарга гана эмес райондук, шаардык таймаштарда да активдүү катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келүүдө. Айта кетсек окуучуларды билим алууга, окуп-үйрөнүүгө кызыктыруу, билим жарышы өткөрүлгөн сабактар боюнча (математика, тарых-география, кыргыз тили жана адабияты, жалпы ой жүгүртүү) таланттуу окуучуларды тандоо жана аларга багыт берүү, колдоо көрсөтүү, билимге, окууга кызыккан окуучулардын башын бириктирип, аларды өз ара таанышууга жана пикир алышууга ылайыктуу чөйрө түзүү максатында “Ыйык Ата Журт” коомдук фонду тарабынан 2015-2016-окуу жылында  Бишкек шаарындагы мектептер арасында уюштурулган “Интеллектуал Мырза” жана “Акылман Айым” билим жарышында УКГнын 9-11-класстарынын окуучуларынан түзүлгөн команда 3-орунга ээ болушту.  ОБСЕ жана Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Билим берүү боюнча Америкалык кеңеши тарабынан уюштурулган “Модель Парламента” проекти боюнча гимназиянын 9-10 классынын окуучулары катышып, сертификаттарга ээ болушту. Ошондой эле ОБСЕ жана Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Билим берүү боюнча Америкалык кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Алдындагы Башкаруу Академиясы  менен биргеликте уюштурулган  “Первая  Школьная лига Бишкек Модель ООН” конференциясына гимназиянын 8-10-классынын окуучулары активдүү катышып,  мында дагы сертификаттарга ээ болгонун айтып коюу зарыл.  Ал эми Борбордук Азиядагы Америкалык Университети, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык өндүрүшү жана Кыргызтелерадио корпорациясы менен биргеликте Global Youth Service Day – Всемирный День Молодежной Службы күнүнө карата жаштар арасында уюштурулган иш-чарага УКГнын командасы активдүү катышып,  I-II-даражадагы сертификатка ээ болушту.  КРнын Билим берүү жана  министрлигинин жолдомосу менен Түрк Мамлекетинин Эгемендүүлүк жана Балдар күнүнө карата Стамбул шаарында уюштурулган фестивалга гимназиянын 8-11-жашка чейинки он окуучусу активдүү катышып келишти. Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган “Токтогул – акыйкаттын жарчысы” темасында адабий-музыкалуу кечеси, Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата “Улуу Манас урпактарда улансын” темасында манасчылар менен болгон жолугушуу, “Улуу Кыргыз дөөлөтү” түзүлүшүнүн 1170-жылдык мааракесине карата илимий конференция, Ата-Бейит” мемориалдык эстелигине саякат, “Бурана” мунарасына саякат, Бишкек шаарынын  мааракесине карата “Бишкек – менин мекенимдин жүрөгү” темасында долбоор жактоо иш-чарасы, “Бабалар салты – Сармерден” конкурстары ж.б.у.с.  сынак-конкурстары уюштурулуп өткөрүлдү.

Жалпы мектеп жамаатынын класстан тышкаркы чыгармачылык иштерин уюштуруу багытында максатталган бардык иш-чаралар конференция, жолугушуулар, буклеттер, дубал газеталар, сүрөт конкурстары, интеллектуалдык конкурстар, спорттук таймаштар уюштурулуп өткөрүлүп келүүдө, – дейт тарбия завучу.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*