ЭЛ ДОСТУГУН БЕКЕМДЕГЕН “ЖЕТИГЕН”

Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейи Казакстан  тарабынан каржыланып бүткөрүлдү. 500 орундуу мекемени  курууга казак президенти Нурсултан Назарбаев жалпы 100  миллион сомдой каражат бөлүп берген. Тендер аркылуу  имарат 88 млн. сомго бүткөрүлгөн. Аймактагы башка  мектептерден айырмаланып, аталган мектеп көп тилдүү билим берүүгө басым жасоо менен математика, информатика, химия жана биология предметтерин тереңдетип окутат. “Жетиген” мектеп-лицейинде 500 окуучу, 44 мугалим сынактын негизинде кабыл алынган. “Жетиген” мектеп-лицейинин директору, педагогика илимдеринин кандидаты Кыялбек АКМАТОВ.

–  Кыялбек  мырза,  өлкөдөгү 2220 мектептин ичинен бир тобу өзгөчөлөнүп гимназия, лицей статустарын алышкан. “Жетиген” мектеп-лицейи башкалардан эмнеси менен айырмаланып турат?

– “Жетиген” мектеп-лицейи Казак жана  Кыргыз  Өкмөттөрүнүн  келишиминин негизинде салынды. Имарат  2015-жылы июнда  башталган,  2016-жылдын июнунда пайдаланууга берилди. 1-сентябрдан баштап Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Жетиген» мектеп-лицейи деп түзүлдү. Негизги максат — табигый предметтерди  тереңдетип  окутуу.  Мындан сырткары көп тилди окутуу долбоору дагы ишке ашырылат. Дагы бир өзгөчөлүгү балдар эртең мененки саат  8.00 — 16.30 чейин  мектепте болушат. Түшкө чейин мамлекеттик стандарттагы  сабактар  берилет, түштөн кийин башталгыч класстар үчүн узартылган күн мектеби, жогорку класстарга  предметтер  боюнча ийримдер,  кошумча  сабактар, т.а. риторика, логика сабактары окутулат.

 – Көп тилдүү билим берүү кандайча ишке ашырылат?

– Көп тилдүү билим берүү Кыргызстанда беш-алты  жылдан бери практикаланып келатат. Анын бир топ моделдери бар, биз ошонун өзүбүзгө ыңгайлуу моделин тандап алганбыз. Англис тили сабагы эле эмес, башка окуу предметтери да, маселен, химия, биология да англис тилинде өтүлөт. Математика же дагы башка сабактар орус тилинде берилет. Кыргыз адабияты сабагын жана калган сабактарды кыргызча окушат.

–  “Жетиген” мектеп-лицейи түрк лицейлерине конкурент боло алабы? Ата-энелер каражат төлөгөнгө даяр бекен?

– Ош шаарында элүүдөн ашык мектеп болсо, анын ичинен түрк лицейлери жана айрым менчик мектептер гана көп тилдүү билим берүүгө басым жасашат. Бирок адатта алардын билим берүү наркы кымбатка турат. Ошол себептүү соңку мезгилдери аймакта кадимки мектептин базасында чет тилдерин окутууга болгон талап күч болуп келген. Эми ал талаптарды биздин лицей  канааттандыра алат деп турабыз. Башталгыч класстын ата-энелери  айына    700  сомдон төлөшөт. Бул  баланын түштөн кийин калып сабакка даярданганы үчүн, түшкү тамак-ашына төлөнөт. 5-8-класстардын окуучулары кошумча билим берүү кызматына төлөшөт.  Мисалы, жеке мектептерге ата-энелер 2000 долларга чейин төлөп окутуп келишет.

Мамлекеттин мектебинде дагы менчик  мектептердин  ыкмаларын   колдонсок болот дегенди көрсөткүбүз келип жатат. Эмнегедир мамлекеттин мектебине келгенде эле бекер окутуу керек деген түшүнүктөн арыла албай жатабыз. Ооба, мыйзам боюнча бекер окутуу керек, бирок башталгыч мектептин мугалиминин айлыгы болгону 8000 сом. Ал айлыкка мугалим кантип кечке чейин окуучуну карайт? Лицейге кабыл алынган окуучу менен мугалим эртеден кечке чейин болот. Түштөн кийин үй тапшырмасын даярдатат, ийримдерге алып барат, ойнотот, тамактандырат ж.б.у.с. иштерди аткарат. Ал эми тамакка болсо ата-эне өзүнчө каражат төлөйт. Бир күндүк тамагына 60 сом төлөнөт. Ал эми башталгыч класстын окуучулары үчүн шашке чайына бөлүнгөн каражатка экинчи сабактан кийин бир стакан сүт жана булочка берилет. Ал эми кечке мектепте жүргөн баланын кур-сагы ток болушу керек. Түшкү тамакты ошондуктан ата-эне өзү төлөйт, аны мамлекет каржылай албайт.

– Кайсы критерийлерге таянып окуучуларды, мугалимдерди кабыл алдыңыздар?

– 1-4-класстын окуучулары  баарлашуунун негизинде кабыл алынды. Лицей математика предметин тереңдетип окутат, андыктан окуучулардын  математика боюнча билимдери,  ошондой  эле тил  билүү деңгээлдери текшерилди. Ал  эми 5-8-класстын окуучулары сынактын негизинде кабыл алынды. Алар математикадан тест беришти, кыргыз тили жана орус тилинен эссе жазышты. Эссени жаздырганыбыздын  себеби баланын сабаттуулугун билели дедик. Лицейдин бүтүрүүчүлөрү  үч тилди жакшы  деңгээлде  билип  чыгышы керек. Мисалы, 5-класска эки класс алуу керек болсо, ага 120дан ашык бала катышты, биз 60 баланы гана тандап алдык.Сынактан өткөн гана мугалимдер ишке кабыл алынды. 90 мугалим сынакка катышууга арыз беришкен, анын ичинен 42 мугалим кабыл алынды. Ириде  иш  тажрыйбасын  карадык, резюмесин анализдеп чыктык, тил билүү деңгээлдери аныкталды (программа көп тилдүүлүк болгондуктан үч тилди билүү каралган). Ар бир муга-лим өзүнүн берген предмети боюнча тесттик тапшырмаларды аткарышты. Атайын комиссия иштеди, алардын элегинен өткөндөр лицейде иштеп жатышат. Окуу беш күндүк, бирок алтынчы күнү  мугалимдер  өздөрү окушат, аларга иш күн. Семинарлар уюштурулат, бир жумалык иштерди анализдейбиз. Методикалар талкууланат.

– Мугалимдин, окуучунун моделин түздүңүздөрбү?

–  Кыргыз  лицейинин  моделин түзөлү деген ой болуп жатат. Мисалы, түрктөрдүн, Ага хан фондунун лицейлери бар. Бирок алардын системасы башкача. Мамлекеттин мектебинде биз дагы бир моделди иштеп чыгып, көрсөткүбүз келип жатат. Көп тилдүүлүктүн долбооруна өттүк, лицейге өзүнчө программа иштелди. Азырынча өкмөттүн токтомун күтүп жатабыз, токтом чыкканда эле ошол программа менен иштей баштайбыз. Кыргыз, орус жана англис тилдеринде сабактар  окутулат. Биздин моделибиз боюнча лицейдин бүтүрүүчүсү биринчи өзүнүн эне тилинде, анан орус жана англис тилдеринде академиялык деңгээлде эркин сүйлөп чыгышы керек.

– Заманбап лицейдин жетекчиси кандай болушу керек?

– Мен төрт жыл “Билим” лицейин башкардым, ал деле тарых  мен үчүн. Бул жерден көп нерсени башыман өткөрүп жатам. Ата-энелер  менен иштөө абдан оор экен. Назарбаевдин мектеби деп каалоочулар абдан көп болду. Кирбей калгандар ар кандай туура эмес сөздөрдү айтып жатышат. Дегеле мектеп жетекчиси менеджер болбосо дагы болбойт экен. Лицейде мыкты мугалимдерди алып калыш үчүн ага стимул керек. Ал үчүн каражат таап келүү жетекчинин мойнунда. Эгерде мамлекеттин мектебинде мугалим 20000 сом акча алса, ал  күн-түн дебей иштейт, албетте, билимдин сапаты жогору болот. Маселен, 10 миң сомду мамлекет, 10 миң сомду директор таап келиши керек болот. Сөзсүз менеджерликти да өздөштүрүү керек экен. Жогоруда айтып кетпедимби, узартылган күндүн жана кошумча кызматтардын эсебинен мугалимдерге кошумча каражат төлөнүп берилет деп. Ошондо биздин мугалимдер 16-18 миң сомго чейин алышат. Мындай айлык алган мугалим, албетте, чыгармачылык менен изденип иштейт.

– Тандалып алынгандан кийин таланттуу окуучулар келди да?

– Ооба,  окуучулар тың. Ар бир сабактан кийин талкуулап турабыз. Мисалы, физика сабагынан берген мугалим биринчи эле күнү сабакка киргенде  иштегенден баш тартты. Анткени тың балдардын суроосуна туруштук бере албай калды окшойт. Биздин мугалимдер сабакка киргенде эле өздөрүнүн деңгээлдерин аныктап алышты.

– Лицей заманбап технологиялар менен камсыздалдыбы?

– 3 млн. 800 миң сомдук каражат бөлүнгөнү турат.  Ар бир кабинетте бирден интерактивдүү доска, мугалимге персоналдык компьютер, ксерокопия туруш керек. Тендер өттү, эми  каражат маселеси чечилгени турат. Турак-жай курулуш департаментине кайрылганбыз, алар чечип жатышат. 22 класс кабинетибиз болсо, баардыгы заманбап техникалар менен жабдылат.

– Колунда бар ата-эненин балдары китеп көтөрбөй жалаң планшетке өтүп кетишти. Жаңы модель менен иштеп жаткан лицейде абал кандай?

–  Менин  жекече  пикиримде, планшетке өткөрүүнүн кажети жок. Анткени планшет заманбап  болгону менен анын ден соолукка зыян жактары  бар.  Китеп  деген  китеп. Бала өзү нукура колу менен китепти кармабаса билими деле жогору болуп кетпейт. Анткени түстүү китепти ачканда түс баланын психологиясын ачат. Электрондук китептер китепка-нада болот, үйгө барганда баланын мүмкүнчүлүгү болсо пайдалана берет. Бирок мектепте ар бир баланын колуна планшет, уюлдук телефонду   карматпайбыз. Баары зыян, радиация. Бизге ар бир окуучубуздун ден соолугу маанилүү.

– Лицей  шаардан  алыс  жайгашса, окуучулардын коопсуздугу кандай болот? Айтайын дегеним, мектептен чыккандан кийин окуучу ата-энеси менен байланышы керек да?

– Балдардын  коопсузудугу каралган. 16.30да лицейдин жанына 14  маршрутка  келет.  Окуучулар үйлөрүнө жеткирилет. Бул системаны дагы ата-энелер менен бирдикте иштеп чыкканбыз, каражатын ата-энелер өз мойнуна алышкан. Эртең менен алып келишет, сабактан кийин алып кетишет. Сервисти уюштуруп бергенбиз,  калганын  ата-эне  өзү төлөйт, бир тарапка айына 500 сом төлөшсө, бир тарапка андан аз же көп. Мектепте болсо интернет, VI-FI бар. Ошондуктан баланын колунда телефон болсо бала сабактан алаксып калат. Ал эми интернетти окуучу мугалимдин көзөмөлүндө сабакка гана пайдаланат.

– Көмөкчү чарбаны уюштуруу планыңызда барбы?

– Азырынча аларды уюштурууга чамабыз жетпей жатат. Бирок келечекте күнөскана куруу планымда бар. Мектептин чарбасына ылайыкталган орун бар, буюрса ошол жерге кура-быз. Мектептин жалпы аянты 2,5 гектар. Ошол жердин 8-10 сотых жерине күнөскана куруп, помидор, бадыраң айдасак болот. Аларды базарга алып чыгып, түшкөн каражатты мектептин өнүгүшүнө пайдалансак болот, ошол эле кезде балдардын тамак ашына да  пайдаланабыз. Дагы жатакана курулат. Айлана-чөйрөсү жашылдандырылат, бирок мөмө-жемиш бактарын отургуза албайбыз, суу тартыш.

–  Билим  системасында жүрөгүңүздү өйүгөн кайсы маселе бар?

– Билим берүү  стандарты, окуу программасы, окуу китептери тынчсыздандырат. Мисалы, бизге окуу программасын беришти, бирок ага ылайык окуу китеби жок. Бечара мугалимдер окуу китебинин жоктугунан жалаң интернетти казып, сабак өтүп жатышат, балдардын колуна дагы бир барак маалыматты даярдап берип жатышат. Методикасын да иштеп чыгышты. Буюрса, биздин мугалимдер такшалган мугалимдер болушат. Жаңы программа, жаңы стандарт менен иштеп, ар бир мугалим өздөрүнүн баштарынан өткөрүп, өздөрү аракет жасап, айрымдарынын китеби, методикалык колдонмосу даяр болот. Учурда мен “Мугалимдин өмүрү” деген китеп даярдап жатам. Башыман  өткөргөн  окуяларды  жазып, кыскача, мугалимге ойлонууга жем таштап жатам десем дагы болот.

Маектешкен  Гүлнара АЛЫБАЕВА,

“Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*