МУГАЛИМДИН БЕДЕЛИН КӨТӨРҮҮ ЖАЛПЫ ИШ

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын айылдагы мугалимдердин кийингени тууралуу бийик трибунадан айткан сөзү коомчулукта ар кандай карама-каршы пикирлерди жаратты. Ансыз деле күндөн күнгө бедели көтөрүлмөк турсун, түшүп бараткан мугалимдерге депутаттын парламенттеги билдирүүсү  абдан оор тийди. Мугалимдердин кесиптик жана социалдык көйгөйлөрү айтпаса деле баарыбызга белгилүү. Ал маселелерди чечүү жагы барып эле түбү жок каражатка байланып келатпайбы.  Дегеле бүгүнкү мугалим ким, анын беделин көтөрүү үчүн айлык акысын көтөрүү керекпи же депутат айткандай, жакшы кийим-кече чечеби, билим берүү системасындагы реформа эмнеден аксап жатат? – деген суроолор менен айрым белгилүү инсандарга кайрылып көрдүк.

Улугбек ОРМОНОВ, ЖК депутаты:

–  Баарыбыз мугалимдин  колунан  билим алдык. Мугалимге каяша, сын айтуу, алардын аброюна шек келтирүүгө акыбыз жок. Менин коллегам Жылдыз Мусабекова туура маселени көтөрүп чыкты. Бирок анын айткан оюн коомчулук туура эмес түшүнүп алып, карама-каршы пикирлер жаралды. Кыргыз эли эзелтен УСТАТЫН сыйлап, таазим этип келген. Мугалимдердин маселеси өтө курч экени белгилүү. Менимче, мугалимдердин бе-делин көтөрүү бир эле кийимге же алардын айлыгын көтөрүүгө көз каранды эмес, бул маселени терең карашыбыз зарыл. Кыйынчылык  кезде дагы  чыныгы мугалимдер өз ордун таштабай, балдарга билим берип келатышат. “Мугалимдин статусу” мыйзамын кабыл алганыбыз менен, ал жакшы иштебей жатат, муну моюнга алышыбыз керек. Дегеле билим берүү системасы түп-тамыры менен реформага муктаж. “Бөдөнөнү сойсо дагы касапчы сойсун” деген кеп бекеринен кыргызда айтылган эмес. Мугалимден өткөн билимдүү, маданияттуу адам жок. Мугалимдер жупуну болсо дагы жарашыктуу, таза кийимдерди кийип, билимге сугарып  келаткан өз  кесибинин баба-дыйкандары. Мен билгенден, Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейи, Бишкек шаарындагы №21 жана №94 мектептерде  мугалимдер  бирдиктүү  кийимге өтүшкөн. Мүмкүн ушул жакшы жөрөлгөнү жайылтуу керек, эгерде айрымдарга  кийим маселеси  абдан маанилүү  болуп жатса. Бирок мугалим үчүн биринчи планда окуу планы, стандарт, сапаттуу  билим берүү, окуу китеби ж.б.у.с. маселелер турат.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА, жазуучу:

– Мугалимдин беделин көтөрүүнүн  бир топ жолдору бар: анын билими, тажрыйбасы, окуучуларга таасири. Мен мындан 16 жыл мурда “Кайдасыңар,  кадырлуу агайлар?” – деген чоң макала жазган элем. Анткени өткөөл мезгил мугалимдерди аябай өйдө-ылдый калчап, жүдөтүп койгон. Мугалимдер  аз айлыгын убагында алалбай калган учурлар болгон. Көбү ошондо өз  кесибине кол шилтеп  коюп басып кетишкен. Мугалимдин  кадыр-баркынын төмөндөөсү коомдогу кризистик жагдайлар менен түздөн-түз байланыштуу. Биз  мугалимдин  кадырын  кантип көтөрөбүз дегенден  мурда,  биз ошол ка-дырды кантип түшүрүп алганыбыздын себептерин иликтешибиз керек. Биз мектепте “Ким болосуң келечекте?” – дегенде, класстагы окуучулардын 90 пайызы “Мугалим болом”, – дейт элек. Себеби мугалим чоң авторитет эле. Биз азыр билим бааланбай калган коомдо жашап калдык. Баалуулуктар өзгөрдү. Биздин айылда көп деле жакшы кийинбеген, бирок билими терең мугалимдер көп эле. Биз аларды сыйлап, кадырлап, уялып  мамиле  кылат  элек. Анткени  биз алардагы кийимди эмес, билимди көрчүбүз. Окуучулар, биз, өтө жасанып кийинбейт элек. Бирдей формада, окшош жүргөнбүз. Дегинкиси кийим мааниге ээ болгон эмес, мугалимдерде да, окуучуларда да. Бүгүн болсо кийимине, байлыгына, бий-лигине карап адамды баалаган коомдо жашап калдык. Азыр окуучулар сыланкороз болуп кетишти. Анан мугалимдерди кийимине карап мамиле кылып сабагын окуп жатышпайбы. Мугалимдер үчүн биринчи кезекте кесиптик  даярдык бийик болушу керек, кийим ал экинчи пландагы нерсе. Мыкты, чыкыйып  кийинип алып, өз предметин түзүктөп өтө албаса, ал мугалимдин кимге кереги бар?Ар бир кесиптин кесипкөйлүгүн аныктаган критерийлери  бар. Эгер модельер кесибинде иштесе, ал кийими менен барктуу, же сахнага чыгып, элге ырахат тартуулаган ырчы, бийчилер болсо аларга кийимине катуу талап коюлат, жарашыктуу кийим алардын критерийи болуп саналат. Мугалим үчүн ириде өз предметин мыкты билген, сабакты өтүү методикасын мыкты өздөштүргөнү, окуучуларга жасаган мамиле – негизги критерийлер болуп эсептелет.

Гайде УМАРОВА, №21 мектептин директору, Бишкек шаары:

– Мугалим ким жана ал кандай өзүн алып  жүрүш керек деген  суроонун тегерегинде көп талкуу  жүрүп жатат. Бул эң көйгөйлүү маселелердин бири. Ошонун негизинде мектеп окуучуларынын бирдиктүү формалары  иштелип чыккан. Эмне үчүн окуучулар бирдей  окшош кийим кийиши керек деген да талкуулар болду. Мектепте колунда барлардын балдары жакшы кийинишет, а тургай мугалимден да артык кийинишет. Мугалим болсо өзүнүн окуучусунун алдында сапаты төмөн, арзан кийим кийип турса окуучу өзүн өйдө сезип, мугалимди тоготпогон учурлар болгону ачуу чындык. Андыктан кийим таймашы эмес, билим таймашын арттыруу максатында бирдиктүү мектеп формасына өтүү келип чыкты. Мисалы, биздин мектепте жаңы келген жаш адистер денени чыптап турган шым-дарды,  кофталарды  кийип келишет. Биз андай кийинүүгө тыюу салабыз. Мугалим кантип кийинүү керек экенин жаштарга үйрөтөбүз. Мугалимдин юбкасы тизеден 5 см. ылдый болушу керек, жакшынакай кофта менен, ал дагы денени көрсөтпөгөн, бир түстүү, жакасы өтө эле ачык эмес ж.б.у.с. нерселерди айтып турабыз. Мындай кийим балдарды сабактан  алаксытпайт.  Бийик така бут кийимдерди кийүүгө да болбойт, анткени сабак учурунда залда тыкылдап жүргөндө башка сабак өтүп жаткандарды алагды кылат, тынчын алат. Буга  да биз тыюу  салганбыз. Мисалы,  биз мектептин мугалимдери менен кеңешип,  бирдиктүү формага өткөнбүз. «Тарых жана маданият» жылына карата кара юбка, ак кофта, кыр-гыз оюулары түшүрүлгөн чыптамага заказ берип, тиктиргенбиз. Ошол форманы кийип жүрөбүз.  Дегеле  шаардык мектептерде, өзгөчө, окутуу кыргыз тилиндеги мектептер бирдиктүү формага өтүшкөнүн билем. Кыргыздын жүрөгүндө кыргыздын руху бар. Ар бир эле атуул мугалимди кордобой, коргошу зарыл. Илгери эле заңгыраган мектептер курулбаса дагы эне мектеби, ата мектеби деген болгон. Элдик педагогикада «Улууга урмат, кичүүгө ызат» деген принципти кармашкан. Кыргыз эли аз болгону менен өзүбүздүн нарк-насилибиз  менен, улуу  дөөлөттөрүбүз менен,  баалуу  салт-санаабыз менен ушул күнгө чейин келдик. Депутаттын көтөрүп жаткан маселеси туура, бирок ашкере эле мугалимдин аброюна шек келтирүүнүн кажети бар беле? Көчөдө келатканда бул мугалим экен деп кийинип турган кийиминен эле эл билет. Мугалимдер, албетте, депутаттар кийген кымбат баалуу кийимдерди кийе алышпайт, бирок өзүнө жарашыктуу, таптаза  кийим менен сабакка келишет. Мугалимди ар  кайсы кесип ээлерине салыштырып жатса, анда биз окутуп жаткан жүздөгөн, миңдеген окуучуларыбыз бизди ошол көз  карашта карап, бизди тоготпой   калышат. Биздин берген билимибиз дагы жукпайт. Ар бир ата-энелердин чогулушунда айтам, «сиздер  үйдө мугалимдер жөнүндө туура эмес сөздөрдү айтпагыла. Балдардын келечеги, кызыкчылыгы үчүн» деп түшүндүрөм. Анткени мугалимди  айрым ата-эне үйүндө туура эмес сөз менен сындашат, ал эми окуучу мектепке келгенде ал мугалимди кабыл албай калат. Анткени  баланын мээсинде баягы ата-энеси кулагын  бышырган фактылар турат. Мугалимдерди сындабай, аларды колдоо, коргоо керек. Андан көрө депутаттыкындай кийингенге жеткендей айлыкты көтөрүү боюнча  мыйзамдарды  чыгарышсын. Мугалимдин айлыгы чоң эмес,  ишкердин түшкү тамагына гана жарайт. Мектепте бир мугалимибиз жоолук  салынып жүрчү, ал азыр декретте,  «жоолугуңду чеч» десем, «жоолук салын, салынба деген мыйзамда жок» дейт ал.  Бирок биз мугалимдей кийинип келүүсүн талап кылабыз. Анткени ал балдарга үлгү болушу керек. Бул боюнча аябай түшүндүрүү иштерин жүргүздүк эле бир топ окуучуларыбыз дагы жоолуктарын чечишти.

“Азаттык”: – Жылдыз айым, сиздин ушул жумада мугалимдердин ички жана тышкы келбети тууралуу билдирүүңүз коомдо катуу талаш жаратты. Демек бул Кыргызстанда билим жана тарбия булагы болгон мугалимдин беделин жакшыртуу мамлекеттик чоң маселеге айлангандыгын тастыктады десек болобу? Анан парламентте мындай пикирди айтууга эмне негиз берди?

Жылдыз МУСАБЕКОВА:  – Бул маселе парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча  комитетинин  жыйынында  бардык  депутаттар тарабынан айтылып,  билим берүүнүн сапатына көңүл бурулган  эле.  Ошондуктан  мугалимдин укугун коргоп, милдетин күчөтүшүңөр керек, мектепти 15-20 жылдап туугандары менен менчиктеп алган директорлор, райондук билим берүү бөлүм башчыларын тескеш керек, алар өзүнүн айланасына начар мугалимдерди чогултуп, билими жок мугалимдер сабак берип жатышат деген ойлор айтылган. Ушундан улам мен мугалим коомдун күзгүсү болуш керек, мугалим ар тараптан маданияттуу болуш керек деген сөздү кыргыздын нукура сөзү менен айтып, коомдогу жаранын гана бетин ачтым.

Улукбек ОМОКЕЕВ, Ош шаары

Мугалим ким?

Мугалим ким, ал биз өңдүү адамбы?

Кантип алар өзгөртүшөт заманды?

Ал улуу жан, адамдардын адамы,

Жакшылыкка арышталат кадамы.

Ата-Журтка күнү-түнү кам жейби,

Айтчы, аның тамак ичип, нан жейби?

Отурганда кошо сүйлөп сабакты,

Окуучуну ойлоп ичет тамакты.

Кеч киргиче мектебинен чыкпайбы?

Айтчы, аның үйгө барса уктайбы?

Сабак калса капчыгына күч келет,

Уктаса да окуучуну түш көрөт.

Мугалим ким, каткырабы, күлөбү?

Элге окшоп аш-тойлордо жүрөбү?

Күлгөнүнөн ой басканы көбүрөөк,

Аш-тойлордо анда-санда көрүнөт.

Чарчабайбы ызы-чуудан, баладан?

Үйгө барып иш кылабы ал адам?

Мектепти да, үйдү дагы ардактайт,

Мекен жүгү аны эч качан

чарчатпайт.

Эл өңдөнүп эс алганды болжойбу?

Компьютердин оюндарын ойнойбу?

Андай кылса сабак калат, иш калат,

Андан көрө план жазат тытмалап.

Аның эмне, башкалардан кем беле?

Пара алып байып кетпейт эмнеге?

Коррупцияны, жемкорлукту

жек көрөт,

Таза иштеп, таза жашоо өткөрөт.

Капчыгында айтчы канча теңге бар?

Чөнтөгү көп сумкесинде эмне бар?

Анда болбойт акча сүймөй адаттар,

Сумкесинде бор, калемсап,

барак бар.

Мугалим ким, кандай жерди

жайлаган?

Барбы анын машинеси айдаган?

Шашкалактап жүрөт дайым жүгүрүп,

Маршруткада келет күндө тыгылып.

Көңүлү анын качан толуп жай

болот?

Айтчы, качан ал мугалим бай болот?

Бактылуулук ар бир жашоо ирмеми,

Ал бай болот айлык алган күндөрү.

Сөздү алар неге жакшы көрүшөт?

Бош болсо эле ушакташа беришет.

Бир-биринен тажрыйба көп сурап,

Сүйлөсө эле окуучуну кеп кылат.

Неге алардан мээрим нуру төгүлөт,

Улгайса да жапжаш бойдон көрүнөт?

Окуучудан таап алат бак сырын,

Ошон үчүн сактап калат жаштыгын.

Айлык аз деп алаксыбай китепке,

Талап коюп чыкпайт эмне пикетке?

Байлык эмес, билим издейт

жан үрөп,

Бар дүйнөгө кылат алар каниет.

30-40 жыл иштей берет бир жерде,

Анын орду керектир кээ бирлерге?

Көп жыл иштейт бир орунда

булар чын,

Аз айлыкка кимдин көзү кызарсын.

Агайлар жок мектеп азап чекпейби?

“Агай” деген сөз жоголуп кетпейби?

Азырынча бар “агайдын” кабары,

Сактап турат физкультура сабагы.

Эмгек менен өтөт экен ай-жылы,

Айтчы, канча ал адамдын айлыгы?

Мен жооп берсем жалган

айткан болом го,

Өкмөт акем жооп берсин

бул соболго.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*