ЖАҢЫ СТАНДАРТТАР БАЛАНЫ ТЫҢ ЖАШООГО ДАЯРДАЙТ

Билим берүү жана илим министрлиги мектептик билим берүү тутутумуна жаңы муундагы предметтик стандарттарды киргизүү жана аларга ылайык окуу комплекттерин иштеп чыгуу боюнча пландуу иштерди жүргүзүүдө.

Кыргызстандын өкмөтү предметтик стандарттарды жана окуу китептерин жаңы мамлекеттик билим берүү стандартынын алкагында жаңылоону этап-этап менен жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алган. Өкмөт бекиткен иш-чаралардын планына ылайык, баштапкы мектептин жаңы стандарттарын иштеп чыгуу процесси аяктоо алдында турат. Ал эми 5-11-класстар үчүн жаңы стандарттарды киргизүү 2015-жылы башталып, 2022-жылга чейин созулат. Жаңы муундагы стандарттар үчүн окуу-методикалык комплекстерди (ОМК)  иштеп чыгуу жана басып чыгаруу 2014-жылы башталган, бул иш 2019-жылы аякташы керек.

Билим берүү жана илим министрлигинде мектеп программасынын мазмунун жаңылоо боюнча аткарылган иштер талкууланууда. Азыркы учурда башталгыч класстардын негизги предметтери боюнча стандарттарды жаңыртуу иштери аяктоо алдында турат. Ошондой эле 5-6-класстын предметтери боюнча окуу китептеринин кол жазмалары апробациядан өткөрүлүүдө. Эксперттер жактырган окуу китептердин алды басмаканадан басылып чыгып, 56 пилоттук мектептерге жеткирилмекчи. Жаңы стандарттар боюнча жазылган окуу китептерди пилоттук мектептерде апробациядан өткөрүү 2017-жылдын апрель айына чейин жүргүзүлөт. Андан кийин Координациялык кеңеште бекитилип, 2017-жылы окуу жылында сентябрь-октябрь айларында жаңы муундагы окуу китептер бардык мектептерге жеткирилүүгө тийиш.

“Быйылкы окуу жылында мектептер эски окуу китептери жана 2012-жылы кабыл алынган окуу планы менен окутуп жатат. Окуу планы минималдуу беш жылдык мөөнөт менен кабыл алынат эмеспи. Ошондуктан быйыл акыркы жыл. Келерки окуу жылынан баштап этап-этап менен жаңы окуу планы жана жаңы муундагы окуу китептери менен окутуу башталат”,-дейт АБРдын долбоорунун жаңы предметтик стандарттар боюнча кеңешчиси Рашид Шакиров.

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева өзгөртүүлөр этап-этап менен жүрөрүн, адегенде жаңы предметтик стандарттары даяр предметтер боюнча программалар жана жаңы муундагы окуу китептери пилоттук мектептердин өзүнчө класстарында апробациядан өтөрүн билдирген.

Мектептеги билим берүүдө предметтерди интеграциялоо тенденциялары менен окуучулардын окуу жүгүнүн кыскарышын эске алуу менен Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде беш күндүк окуу тартибине өтүү боюнча маселени тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашып бүтүп, Өкмөттүн чечимин гана күтүп жатат. Министрлик мындан ары дагы жаңы предметтик стандарттарды иштеп жатканда кээ бир предметтерди бириктирүүнү пландоо менен мектептеги окуу жүгүн кыскартуу боюнча сунуштарды киргизмекчи.

  • 2014-жылы Өкмөттүн токтому менен жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандарты кабыл алынган.

 

  • 2015-жылы 5-9-класстардын предметтик стандарттары иштелип чыгып, кабыл алынган.

 

  • Бекиген стандарттардын негизинде 5-6-класстар үчүн жаңы окуу китептери даярдалып, экспертизадан өткөрүлгөн.

 

  • 2017-жылы экспертизадан өткөн окуу китептери Координациялык кеңеште каралып, мектептерге жеткирилет.

 

  • 2016-жылы АБРдын колдоосу менен 10-11-класстар үчүн сегиз предмет боюнча предметтик стандарттарды иштөө башталды. Булар негизинен математика, табигый- социалдык билим берүү багытындагы предметтер, адабият.

 

  • 2017-2018-жылы беш предмет боюнча (математика, физика, химия, биология жана география) предметтик стандартарды иштөө башталат.

 

Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан башталгыч класстар үчүн төрт предмет боюнча стандарттар иштелип бүткөн, азыркы учурда алардын үстүнөн айрым тактоо, бышыктоо иштери жасалууда.Ошондой эле башталгыч класстын калган жети предмети боюнча предметтик стандарттарын даярдоо иштери башталды.

«Башталгыч класстардын биринчи муундагы стандарттары 2010-жылы эле иштелип чыгып, кабыл алынган. Алар ошол мезгилде предметтик куррикулум деп аталган. Алардын негизинде 1-4-класстар үчүн окуу китептери иштелип чыккан. 2015-жылы акыркы китептер чыгарылды. Бирок 2014-жылы Мамлекеттик стандартты бекитип жатканда башталгыч класстар үчүн 2010-жылы иштелип бүткөн стандарттар абдан сапатсыз деп таанылып, Билим берүү академиясы төрт предмет боюнча стандарттарды өздөрүнүн күчү менен иштеп чыгышты»,-дейт АБРдын долбоорунун билим берүү стандарттары боюнча консультанты Рашид Шакиров.

 

Жаңы стандарт – компетенттик негизде билим берүү

Мамлекеттик стандарт билим берүүнүн реформасын аныктаган негизги документтердин бири. Анткени буга чейин окутуунун мазмунун аныктаганда билимге (маалыматтардын топтомуна) басым жасап келген болсо, жаңы стандарт боюнча билимдин натыйжасына, компетенттүүлүккө басым жасалат, башкача айтканда окуу процессинде окуучулар алган билимдин турмушта колдонулушуна биринчи кезекте көңүл бурулат.

Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты компетенттик негизде билим берүү тутумун курууну камсыз кылган төмөнкү документтердин тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) предметтик стандарттар;

2) окуу пландары;

3) окуу-методикалык комплекстер.

Мамлекеттик стандарт предметтик стандарттарды, окуу планын жана негизги билим берүү программаларын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.

Окуу планы жети билим берүү тармагынан турат, алардын ар бири өзүнө белгилүү предметтерди, анын ичинде – интеграцияланган предметтерди камтыйт.

Мамлекеттик стандарт Кыргыз Республикасында мектепке чейинкиден жогорку кесиптик билим берүүгө чейинки билим берүү тутумун куруунун бирдиктүү методологиясын камсыз кылган компетенттүү-багытталган стандарттар тутумунун бир бөлүгү болуп саналат.

Мамлекеттик стандартты кайра кароо жана жаңылоо мектеп окуучуларын даярдоонун стратегиялык документтеринде бекемделген стратегиялык артыкчылыктарга, иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүнө, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин суроо-талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу максатында беш жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат.

Жаңы муундагы стандарттар боюнча квалификацияны жогорулатуу курстары

Жыл ичинде жаңы предметтик стандарттар боюнча улуттук тренерлер үчүн окуулар өткөрүлдү. Окуудан өткөн улуттук тренерлер өз кезегинде региондордун башталгыч класстын мугалимдери, башталгыч мектептердин окуу бөлүмдөрүнүн башчылары жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерине тренингдери өткөрүштү.

Окутуунун башкы максаты, башталгыч мектепте окуу стандартын ишке ашыруу үчүн мугалимдердин билимин өнүктүрүү менен сабак берүүнүн сапатын жогорулатуу.

План боюнча тренингге башталгыч класстардын 10 000 мугалимин, 1500 башталгыч мектептердин директорлорунун орун басарлары жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерин катыштыруу каралган. Мугалимдер, окуу бөлүм башчылары, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерин тарбиячылык колдоо жаатында машыктыруу үчүн эки тренингдик модуль иштелип чыккан.

Тренингдин жүрүшүндө, катышуучулар жаңы предметтик норма жана анын түзүлүшү, окутуу-методикалык комплексинин инструменттерин колдонуу ыкмасы, ачып көрсөтүү жана пайдалуу кайтарым байланышты түзүү, жаңы предметтик стандарттарды ишке ашырууда тарбиячылык колдоо көрсөтүү жана байкоодо формативдүү баалоочу техниканы колдонуу менен бирге сабак өтүүдөгү байкоо баракчасы тууралуу окуп, үйрөнүштү.

“Бүгүнкү күндө министрлик 2012-2020 жылдары билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясынын алдыга коюлган максатын аткаруу боюнча интенисивдүү иш жүргүзүүдө. Билим берүүнүн мазмуунунун өзгөрүшү менен жаңы предметтик стандарттарды ишке ашырууда, мугалимдерге жаңыланган сабак берүү технологиясын үйрөтүү зарылчылыгы турат”- дейт министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева.

Кыргыз билим берүү академиясынын сунуштары

Кыргыз билим берүү академиясы ушул жылдын башында башталгыч билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо жана жаңы предметтик стандарттар боюнча кеңешме өткөрүп, өзүнүн сунуштарын жарыя кылган.

Семинар-кеңешменин чечимдеринде башталгыч билим берүүнүн мазмунуна өзгөртүү киргендигине байланыштуу предметтик стандарттар, алардын негизинде типтүү окуу программалары даярдалып, коомчулукта кеңири талкууланышы башталгыч билим берүүнү компетенттүүлүк негизде ишке ашырууга, анын сапатын арттыруу үчүн маанилүү экени белгиленген.

Атап айтканда, окуу-усулдук комплекстерди акыркы талаптарды эске алуу менен жаңылоо, электрондук окуулуктарды кеңири колдонууга киргизүү, окуу-усулдук комплекстерди даярдоодо жана басып чыгарууда автордук топторду тандап алууга өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылган.

«Окуу-усулдук комплекстердин авторлорун тандоодо алардын окуу предметинин жана анын негизинде окуу-усулдук комплекстин концепциясын иштеп чыгуусу, аны коргоосу орчундуу маселе болуп, аларга минималдуу талаптар коюлушу, автордук топто илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнүн, усулчулардын, практик мугалимдердин болушу анын сапаттык деңгээлин арттырмакчы. Окуу китептери менен иштеген адистерге да катуу талаптар коюлуп, авторлор үчүн окууларды такай өткөрүп туруу окуу китептеринин сапатын жаңы деңгээлге көтөрмөкчү»,-деп айтылат кеңешме кабыл алган резолюцияда.

Аталган академиянын окумуштууларынын пикирлерине караганда, башталгыч билим берүүнүн мазмуну жаңырып өзгөрүп жатканын болочок мугалимдерди даярдоодо жана мугалимдерди кайра даярдоодо эске алуу керек. Ошондой эле адистерди даярдоо боюнча стандарттарга, программаларга, окуу материалдарына да тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Керек болсо кийинки кезде мугалимдерге өткөрүлүп жаткан тренингдерди жогорку окуу жайларындагы студенттерден баштоо иштин натыйжалуулугун бир топ арттырмакчы.

Кубат Чекиров

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*