ОКУУЧУ АЙТУРГАН БУУ УЮШТУРГАН ЧОҢ САЛТАНАТКА БАРАТ

Ысык-Ата районунун Өтөгөн айылындагы Ж.Алыбаев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Айтурган Жолдошбекова 14-ноябрда Нью-Йоркто өтө турган Аялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоо боюнча БУУнун атайын фондунун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналган салтанатка катышат.

БУУнун генералдык катчысынын катышуусу күтүлүп жаткан ал салтанатка кичинекей укук коргоочу кызыбыз Айтурган апасы Айгүл Алыбаева экөө барышмакчы.

–          Мен окуган мектептин окуучулары былтыр “Улуттук кыздар федерациясы” долбоорунун демилгеси менен “Кыздар укугун колдойбуз, зомбулуктан коргойбуз” деген темада дилбаян жазганбыз. Жыйынтыгында сегиз окуучу жеңүүчү деп табылып, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек эс алуу жайындагы жайкы эс алуу лагеринде жайында өткөн республикалык тренингге катышып келгенбиз. Мен өзүм келечекте прокурор болгум келет. Андыктан мага укук маселелерине байланыштуу бардык суроолор кызыктуу. Былтыр Нью-Йорктон келген волонтер Весна апам экөөбүздөн интервью алган эле. Анда мен феминистка болгум келерин, кыздар укуктарын коргоо, айрыкча, кыздарды ала качуу боюнча өзүм көрүп-угуп жүргөн көйгөйлөр тууралуу айтып бергем. Менин ала качуу тууралуу айткандарым алар үчүн аябай таң калычтуу болду. Анткени аларда кыздардын эркинен тышкары ала качып кетүү деген түшүнүк жок экен. Мен биздин айылдагы жашы жете элек бир кызды ала качып кеткен окуянын мисалында айтып бердим жана кыздар өздөрүнүн укуктарын кантип коргошу керектиги тууралуу да өзүмдүн ой-пикиримди билдирдим. Бул темага биздин мектептин жетекчилиги да аябай көңүл бурат. Мен окуган мектепте кыздардын укуктары боюнча көптөгөн дебаттар уюштурулуп турат. Мен тренер катары Ысык-Ата районунун мектептеринде гана эмес, коңшу Чүй районунун мектептерине да тренинг өтүп жатам, – дейт Айтурган.

Айтурган Нью-Йоркто өтө турган чоң салтанатка жөн гана катышпастан, өзүнүн мекенинде кыздардын укуктарын коргоо боюнча кандай иш-чараларга катышып жаткандыгы тууралуу да баяндап берет. Ушундай жооптуу милдет менен бараткан кызы үчүн сыймыктанып жатканын айткан Айгүл, буга чейин кыздардын укуктары боюнча көйгөйлөргө анчейин көңүл бурчу эмес.

–          Кыздардын укуктарына арналган түрдүү диспут-дебаттарга өспүрүм кыздардын апаларын кошо чакырып, катыштырганы биз үчүн да аябай пайдалуу болду. Мисалы үчүн мен буга дейре бул темага анчалык көңүл бурчу эмесмин. Мектепте өткөн дебаттарга катышып көзүм ачылды десем да болот. Айрыкча, Айтургандын бизде кыздарды ала качып кетишерин, алардын көбү кийин ажырашып, турмуштары бузулуп, укуктары тебеленип жаткандыгы тууралуу айтып бергендери өзгөчө кызыгууну жаратты, себеби аларда кыз ала качуу деген түшүнүк такыр жок экен,-дейт апасы Айгүл.

Балдар укугунун Конвенциясын, КР «Балдар Кодексин» колдоого алып, өлкөбүздө  кыздар укугун, гендердик теңчиликти жана демократияны өнүктүрүүгө айыл кыздарынын кеңири  катышуусуна  шарт түзгөн Кыргызстан улуттук кыздар федерациясынын (NFFCK) өнүгүү тарыхы 2001-жылдан башталган. Аксы районунда түзүлгөн “Үлгү” коомдук бирикмеси 1998-жылы Кыргызстанда эң алгачкылардан болуп мектеп окуучуларынын арасында ВИЧ/СПИД илдетинин алдын-алуу иш-аракеттерин жүргүзө баштаган. Алгач айылдык мектеп окуучуларына сабак өтүү үчүн улуу муундардын өкүлдөрүнөн тренерлерди даярдашкан. Бирок чоң адамдар менен балдар арасында ВИЧ/СПИД темасын талкуулоодо улуттук менталитетке байланышкан бир топ тоскоолдуктар жаралып, кеңири талкуу жүрбөй, күтүлгөн натыйжа болгон эмес. “Үлгү” бирикмесинин адистери балдар арасындагы иштерди жүргүзүүгө окуучуларды тартууга бел байлашып, Кербен айыл өкмөтүнө караштуу беш мектептин окуучуларынан алгачкы 33 тренер-волонтер даярдашкан.

“Үлгү” коомдук бирикмесинин директору Мырзабай Доорановдун айтымында, ал тренерлерди даярдоодо журналист А.Калбаевдин, диний ишмер С.Аматовдун, врачтар Я.Баизов, А.Наркулованын, адвокат А.Кожомбердиевдин, музыка мугалими Д.Биймырзаевдин ж.б. салымдары зор.

–          Жүргүзүлгөн иштер өз жемишин берип, окуучу-тренерлер интерактивдүү ыкмалар менен  жүргүзгөн окутуп-үйрөтүү иштери өздөрү теңдүү окуучулардын кызыгуусун арттырып, чоң натыйжаларды жарата баштады. Бирок бул семинар/тренингдерге ВИЧ/СПИД илдетин жуктуруп алуу коркунучу бар  журум-турумдуу, окууга көп кызыкпаган топтогу окуучу эркек жана кыз балдарды тартуу кыйынчылыкты жаратты. Мындай топтогу балдар арасында кандай жолдор менен иш жүргүзүү керектигин талкуулоо учурунда, окуучу тренерлерден ошол кездеги 7-класстын окуучусу Алтынгүл Кожогелдиева окуучулар арасында окутуу иштерин искусство чеберчилигин колдонуп, концерттерди жана түрдүү сынактарды өткөрүү аркылуу жүргүзүү сунушун киргизген. Ошентип 2001-жылы «Үлгү» бирикмесинин алдында таланттуу тренер-волонтерлордон турган «Үлгү таңшыйт» кыздар тобу түзүлгөн. Секелек кезинен коомдук иштерге активдүү катышып келаткан Алтынгүл Кожогелдиева азыр Кыргызстан кыздар федерациясынын президенти, – деди Мырзабай Дооранов.

Айтургандай зирек кыздарыбыз аркылуу БУУнун генералдык катчысы катышкан иш-чарада Кыргызстандын гана эмес, дүйнө жүзүндөгү кыздардын үнүн эл аралык коомчулукка жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатканыбыз, албетте, биз үчүн чоң сыймык. Бул ийгилик биздин Улуттук Кыздар федерациясынын көп жылдык кажыбас иш-аракетинин натыйжасында жаралганы талашсыз. Айтурган Жолдошбекова бир эле убакытта сабактарын жалаң “беш” деген баага окуп, айылдагы үй-бүлөсүнө түйшүктүү иштерди аткарууга жардам берип келет. Андан тышкары, федерациянын белдүү тренери катары башка мектептерде да кыздар укугун коргоо, зомбулукка каршы күрөшүү сыяктуу коомдук иштерге чоң салым кошууда. Ала-Тоодон алыскы Нью-Йоркко сапар тартып бараткан кичинекей укук коргоочу кызыбызга биз да ийгилик каалап, жаңы-жаңы идеялар, жаңы демилгелер менен келишине тилектештигибизди билдиребиз.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим” 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*