САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖОЛУ – ИННОВАЦИЯ

Борбор калаабыздагы №68 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси «Жылдын мыкты мугалими-2016” республикалык сынагында “Мыкты инновациялык мектеп” номинациясын  жеңип алган. Ал баш калаабыздагы №5 улуттук гимназиядан кийинки шаардык балдарды кыргыз тилинде окуткан экинчи кыргыз мектеби катары белгилүү. Кыргыз тилинде окуткан бул мектептин ачылышына заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун  салымы зор болгон.

 

 Ийгиликтин ачкычы – изденүү менен иштөөдө

 

Гимназиянын  кыска таржымалында ири-ири ийгиликтерге жетишкен негизги ийгилик сыры –  анын директору Канымжан Омурова жетектеген педагогикалык жамааттын иштермандык, демилгелүүлүк, изденүүчүлүк, жаӊычылдыгы десек болот. Гимназияда окуучулардын  таанып-билүү жөндөмүнүн компетенттүүлүгүн эӊ жогорку деӊгээлде калыптандыруу максатында көп тармактуу билим алууга негиз түзүлгөн.

№68 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси окуу процессин уюштурууда  «Окуучуларга билим тарбия берүүдө өнүгүүнүн мазмундуу деңгээлин камсыздоо, педагогикалык технологияларды өркүндөтүү» деген методикалык теманын алдында иш жүргүзөт.

Канымжан Омурованын айтымында, мында эмгектенген педжамааттын 80 пайызы бүгүнкү күндө сабактарында инновациялык технологияларды пайдаланышат.

–          Биз окутуп, тарбиялап жаткан балдар бүгүнкү заман талабына шайкеш, көп кырдуу келечек ээлери болуп чыгышы керек. Окуучуларды ушул талапка ылайык окутуп-тарбиялоо үчүн бизде бардык толук шарт бар. Мугалимдерибиз мультимедия окутуу технологиясы, оюн технологиясы, долбоордук окутуу технологиясы, ден соолукту сактоо технологиясы, борборлоштурулган окутуу технологиясы, кызматташып окутуу жана баалоо технологиясы, коммуникативдик окутуу технологиясы, Блумдун таксономиясы, эвристикалык метод, “Алты шляпа” методу ж.б.  методдор боюнча иш жүргүзүшөт. Методикалык  темаларга жараша мугалимдердин чыгармачылык менен изденүүлөрүнө көмөк көрсөтүү максатында илимий-методикалык кеңешме түзүлгөн. Ал башкаруучулук жана илимий методикалык иштерге багытталган иш кагаздарын, нормативдик-укуктук базасын түзүү,  адаптацияланган, модификацияланган, эксперименталдык, автордук программаларын иштеп чыгуу, педагогикалык жамааттын кесиптик квалификациясын жогорулатуу, өздүк өнүгүүсүнүн үстүндө иштөө, диагностикалык жана аттестациялык процедураларды өткөрүү, чыгармачыл мугалимдердин иш тажрыйбаларын жайылтуу, окутуунун технологияларын, инновациялык методдорду колдонуу, интеллектуалдык марафондорду өткөрүү, жыйынтыгын анализдөө, мониторинг ж.б. иштерди жүргүзүүнү камсыз кылат,-дейт директор.

Билим берүү мейкиндигинин модели

 

Гимназия окуу тарбия комплексинде окуучуларга чет тилдерди, физика-математикалык жана компьютердик билимди жогорку деңгээлде өздөштүргөн ички дүйнөсү бай, атаандаштыкка туруктуу жаш муундарга сапаттуу билим-тарбия берүү системасын түзүү жана аны тажрыйбада натыйжалуу пайдалануу максатында билим берүү мейкиндигинин модели түзүлгөн.

 

Мугалимдердин кесиптик жактан өнүгүүсү биринчиден, мугалимдин өзүнүн иш-аракетине байланыштуу болсо, экинчиден, билим берүү мекемесинин жетекчилерине, башкаруу ишиндеги максаттарды жана милдеттерди туура аныктоо менен ишмердикти уюштура билүүсүнө байланыштуу. Бул максатта билим берүү процессинин катышуучуларынын сапаттуу билим алуусун уюштурууда №68 МГОТКсинде башкаруу структурасынын ишмердиги өтө зор.

Мектепте мугалимдин кесиптик өнүгүшүндө маалыматтык жана методикалык жактан камсыздалышы, жекече потенциалын жогорулатуу шарттары болушу маанилүү.

Методика – бул окутуу процесси, метод – бул процессти ишке ашыруучу ыкма. Демек, мугалимди мугалим деген атка татыктуу кылган бул – анын өздүк билимин өнүктүрүүсү, ийгиликти жаратуу үчүн максатка умтулуусу, эмне үчүн окутуу керек, эмнени окутуу керек,окутууда кандай методдорду колдонуу керекдеген суроолордун үстүндө терең ойлонуусу.

Мындай каалоосу күчтүү мугалимдердин методикалык ишмердүүлүктөрүн өнүктүрүүдө демилгечи топтор, мастер-класс мугалимдер, насаатчылар, жаш адистер топтору иштейт. Демилгечи топтор өздөрүнүн практикасында үзгүлтүксүз колдонгон окутуунун технологияларын, инновациялык окутуунун ыкмаларын тажрыйба алмашуу максатында жамаат менен бөлүшүп, андан тышкары, жаш адистерге насаатчылык иштерин жүргүзүшөт. Мастер-класс өтүүчү мугалимдер өздөрүнүн иш тажрыйбаларын колдонуу менен мастер-класс сабактарды, семинар-тренингдерди жалпы жамаатка жана жаш адистерге өтүшөт. Насаатчылар жаш адистердин кесиптик чеберчиликтерин өнүктүрүүгө көмөктөшсө, ал эми жаш адистер мектепте өткөрүлгөн семинар-тренингдерге активдүү катышуу менен бирге алган методикалык жардамдарын сабактарында колдонушат.  Мугалимдин билим куржунун өз алдынча байытуу багытында изденишкен жаш мугалимдер тажрыйбалуу насаатчы мугалимдердин сабактарына байма-бай катышышып, өз тажрыйбаларын байытуу камы көрүшөт.

 

Биримдиктүү бир команда бекем тылды камсыздайт

 

Бардык жаңы башталыштарды алга демилгелеген, аны ийгиликтүү ишке ашырган албетте, эмгек жамааты болот эмеспи. Ал ишенимдүү тылдын милдетин камсыз кылуу менен бардык жетишкендиктерди тең бөлүшкөн бир команданы түзөөрү анык. Мектепте көп жыл үзүрлүү иштеп, ушундай ийгиликтерди жаратып келаткан тажрыйбалуу мугалимдер арбын. Алар: К.Омурова, З.Осмонова, Т.Турсуналиева, Г.Дайырбекова, И.Акматов, Ы.Турганбаева, Б.Сыдыкова, Ж.Садыкова, И.Калканова, Ж.Чолпонбаева, Д.Байжигитова ж.б.

№68 МГОТКда математика, информатика жана физика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, чет тилдер, тарых жана география, химия жана биология, башталгыч класстар, маданият кафедралары болуп баардыгы 8 предметтик кафедра бар.

Предметтик кафедраларда ай сайын 10 күндүк декада өткөрүлүп турат.

Декада өткөрүүнүн негизги максаты: мугалимдердин кесиптик  чеберчиликтерин жогорулатуу, ачык сабактарды жана класстан тышкаркы иш-чараларды уюштуруп, чыгармачылык менен изденүүлөрүн өнүктүрүү. Мугалимдердин педагогикалык технологияларды, окутуунун интерактивдүү усулдарын максаттуу пайдалануулары, кесиптештери менен өз ара тажрыйба алмашуулары, окуучулардын окуу процессине карата активдүүлүктөрү жана предметке болгон  кызыгууларынын жалпы абалын көзөмөлдөөгө багытталган.

 

Акыркы беш жылдыкта жетишкен ийгиликтер

 

Канымжан Жусупбековнанын эмгек жамааты жылдан жылга бийик жетишкендиктерди багынтуу жолунда үзүрлүү эмгектенип келатат. Үстүбүздөгү жылы “Мыкты инновациялык мектеп” номинациясындагы жеңишине чейин да бир топ тепкичтерди басып өттү. Алсак, 2011-2012-жылдары “Статустук мектептин мыкты окуу кабинети” сынактарында эки жыл катары менен байгелүү орундарды ээлеп, 40 миң сом акча жана компьютер утуп алышкан. 2013-жылы Умай-Нур кайрымдуулук фонду “Мыкты инновациялык мектеп” деп тапкан. Андан тышкары, мектеп окуучулары “Манас таануу” радио оюнунда, “Акылман”, “Жаңы муун”, “Билерман” интеллектуалдык таймаштарында биринчи жана экинчи байгелүү орундарга ээ болушкан. Спорттук жетишкендиктери боюнча да райондук, шаардык шахмат, тогуз коргоол оюндарында жана Жол кыймылынын жаш инспектору (ЮИДД) кароо-сынактарында алдыңкы орундарды багындырышып, кубок, Ардак грамоталар менен сыйланышкан.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*