Бакыт Асанов: “СТУДЕНТТИН БИР КҮНҮ АНЫН ӨМҮРҮНӨ ТААСИР БЕРЕТ”

Кыргызстанда жаштар уюмдары тарабынан “Жакшылык жумалыгы” өткөрүлүп жатат. Бул саамалыкта  жаштар карыларга, балдар үйлөрүнө жардам берүү, тренингдерди, мастеркласстарды өткөрүү сыяктуу иш-чараларды уюштуруп жатышат.  Жумалыктын максаты – өлкө жарандарын жакшылык кылууга чакыруу деп белгиленүүдө. Бул жаатында Бишкек шаарындагы Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясынын жаштары кандай иштер менен алектенип жатышат, дегеле жаштарга кандай таалим-тарбия берилүүдө, бүгүнкү жаштар боорукерби, алар эмнеге муктаж ж.б.у.с. суроолор менен окуу жайдын тарбия иштери боюнча проректордун жардамчысы Бакыт Асановду кепке тарттык. 

 

– Бакыт мырза, сиздердин студенттер жакшылык кылуудагы жарышка катышып жатышабы?

– Бул жумалык бир гана Кыргызстанда эмес, башка өлкөлөрдө да жыл сайын өткөрүлгөн “Бүткүл дүйнөлүк жаштардын кызмат кылуу күнү” аттуу долбоордун ал-кагында жүрүп жатканын жакшы билебиз. Өткөн жылы бардык мамлекеттердин арасынан Кыргызстан жакшылык кылуу боюнча үчүнчү орунга чыкканы белгилүү. Жакшылык кылуу ар бир адамдын эң негизги баалуулугу болуп эсептелет. Муктаж адамдарга жакшылык кылуу кыргызстандыктар үчүн жат эмес. Мисалы, илгери тимурчулар командасы болгон. Алар кары-картаңдардын үйлөрүнө барып жардам беришчү. Биздин дагы студенттер жана ректорубуз Касийра Мукашевна ѳз демилгеси менен Карылар күнүнө карата жыл сайын академиянын ашканасына чакырып сый тамак жана ар бирине 1000сомдон акчалай жардам берип, андан тышкары карыларга барып өздөрү чогулткан кийим-кечени тартуулап, чакан оюн-зоок, концерттерди берип келишет. Андан сырткары социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө да жардамдарын аяшкан жок. Мен деле азыркы муундун өкүлүмүн. Жакшылык кылуу ар бир кыргыз жаштарынын канында бар. Айтайын дегеним, айылда өскөндүктөнбү же Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин белдүү агай-эжейлерден билим алгандыктанбы, айтор, оозеки чыгар-мачылыктын, этнопедагогиканын нугунда жакшы таалим-тарбия алганыма сыймыктанам. Жакшы багытта алган таалим-тарбияны эми өзүмдүн студенттериме бергенге бардык аракеттерди көрүп келатам. Адамдын тагдыры анын тарбиясына көз каранды. Анысыңарындай биздин кыргыз жаштарынын канында, жанында элдик үлгү бар. Биз келечек ээлерине мыкты шарттарды түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Аларга мыкты билим берүү, жумуш менен камсыз кылуу маселелери турат. Бул багытта биздин окуу жай конкреттүү иш-пландарды түзүп чыккан.

 – Сиздердин окуу жайга негизинен 60-70% айылдык балдар тапшырышат. “Жакшы көргөн балаңа шаар көрсөтпө” деген кеп бар эмеспи. Айылдын кыртышында чоңойгон жаштарга борборго келгенде кандай багыттарды, кеп-кеңештерди бересиздер?

– Шаарыбыздын жүзү студенттер. Илгери студенттер бир кылка кийинишкен. Мейли көчөдө болсун, мейли окуу жайдын ичинде болсун студенттер менен окутуучунун ортосунда таасир, сүр бар эле. Азыркы учурда окутуучу менен студенттер тең ата болуп сүйлөшүп калган учурлар жок эмес. Анткени тар чөйрөдөн чоң чөйрөгө келген жаштар эркиндикти сезишип, өзүм билемдик кылгандар четтен чыгат. Ошол учурда биз студенттерге айтабыз, “силер мектепте эмессиңер, силер жогорку окуу жайдасыңар, студенттин бир күнү өмүрүңөргө бүтүндөй таасирин берет. Силер терс адаттардан арылып, жакшы жолго түшүшүңөр керек”, – деп коомдук иштерге, ийримдерге тартабыз. Жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлчү көптөгөн иш-чараларга активдүү катышууга чакырабыз. Телевидение, радио аркылуу ар кандай дебаттарга алып барып, ички туюмун ойготконго аракет жасайбыз. Бирок ошол эле учурда ата-энеден бөлүнүп чыккан студенттердин көбү тамеки чегип, арак ичип кеткендер булар өзүн өтө эле эркин сезип, бош убактысын туура эмес пайдалангандар деп ойлойм. Окутуучу-профессор курамы жаштарга үлгү болушубуз керек. Андыктан кийинген кийим, сүйлөө речибиз, жүрүм-турумубуздан өйдө жаштарга өрнөк болуу – биздин милдет. Студенттерге окуу жайга спорттук кийимдерди кийип келүүгө тыюу салынат. Уккан, дээринде барлар татынакай кийинип, чачтарын жасалгалап келишсе төбөбүз көккө жетип калат. А.П.Чехов айткандай: “Адамда бардыгы татына, сулуу болушу керек: жүзү, кийими, жан дүйнөсү жана ою”. Мына ушундай накыл-кептер, учкул сөздөр менен дагы жаштарды тарбиялап келатабыз.

– Бир гана накыл кептер менен тарбиялоо кыйын го. Жаштарга нравалык, патриоттук, эстетикалык тарбия берүүдө эмне иш-аракеттер бар?

– “Ыйык ата журт” коомдук фонду менен тыгыз кызматташып келатабыз. Студенттер бул фонд уюштурган бардык иш-чараларга активдүү катышышат. Мектептер аралык сынактарга биздин колледждин окуучулары барып катышып келишти. Маселен, интеллектуалдык суроолорго жооп берип, ар кандай темаларга эссе жазып, фонд чыгарган китепчелерге чыгып жүрүшөт. Ушулардын деми менен быйылкы жылдын 4-ноябрында «Кыргызтандын экономикасын ѳнүктүрүү» деген темада КЭУда ѳткѳн илимий конференцияда 2-орунду женип алган 2-курстун студентти Мусаев Алибек жана Кыргызстан боюнча ѳткѳрүлгѳн бильярддын снукер оюну боюнча Каримберди уулу Мухаммед 2-курстун студенти катышып 1-орунду алгандыгын ж.б. бычакка сап студенттерибизди белгилеп кетүү парз. Спортко өзгөчө маани бурулууда. Былтыртан баштап планыбызга киргиздик, спортсмен-студенттердин формасынан баштап жол киресине чейин төлөп берүүнү. “Сборный МАУПФиБ” деген командабыз тамашоунун былтыркы сезонунда катышып, 3-орунга чыгышкан. Мындан тышкары ЖОЖдор арасында ѳтүүчү «Студенттик фестивалга», ар кандай дебаттарга жана «Ак Шумкар кут ордо жаштар биримдиги» тарабынан жумасына эки жолудан уюштурулган дебаттарга активдүү катышып келишет.

 – Сценарийди ким жазат?

– Тамашоучулардын жетекчиси Жыргал Арленовна. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” дегендей, уй мүйүз тарта отуруп, кеңешип түзөбүз. Бирок кээде бизди укпай да коюшат. Андыктан быйыл жеңил-желпи тамашага жол бербей, олуттуу маселелерге коомчулуктун жүзүн буруу азил-тамашаларды кошсокпу деген ойлор бар. Азыр көп эле команда бирөөлөрдү туурап, кемсинткен, эптеп эле күлдүрүү максатын көздөшөт. Менимче, бул оюнга абдан жогорку деңгээлде даярдоо керек. Тарбия иштери боюнча проректор Рыскул Сабыркулович экөөбүз уяттуу нерселерди чыгарбайбыз деп жатабыз. КВН форматында акындардын сатираларынан, тамсилдерден мисалдарды алып, макалдардын чечмеленишин, төрт сап ырларды алып сценкаларды көрсөткүлө деген сунуштарды киргизип жатабыз. Кээ бир сонун тамашалар бар, бирок чектен чыгып кетип жатышат. Бул дагы жаштарга эстетикалык, нравалык жактан тарбия берүүнүн бир жолу. Мындан сырткары “Таланттарды издөө” деген конкурс жарыялайбыз. Мыктыларды тандап алып 17-ноябрь – студенттердин күнүнө карата гала-концерт уюштурабыз. Былтыркы менен быйылкы студенттерибиз аябай жоопкерчиликтүү. Студенттер менен кеңешип Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата “Кутадгу билим” дастанынан заманга ылайык бардык көрүнүштөрдү алдык. Маселен, көчөдө жүргөн адамдан баштап жетекчиге чейин, “улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо” дегендей улууларга кандай мамиле кылуу керек, оң жана терс сапаттар, кесипке тиешелүү жагын алдык. Азыр студенттер кызуу даярданып жатышат. “Үркүн – 100” иш-чарасына студенттер арасында дубал газеталарга сынак жарыяладык, жумалык өткөрөлү деп турабыз.

– Азыркы жаштар сөзгө чоркок. Эки сөздүн башын бириктирип сүйлөй да алышпайт. Албетте, силердин окуу жай финансисттерди, юристтерди, менеджерлерди даярдайт. Айтайын дегеним кайсы кесиптин ээси болбосун мыкты оратор болушу керек. Бул жагынан кыргыз тилчи окутуучулар келечек ээлерине кандай таалим-тарбия берип келесиздер?

– Академиянын ректору Назарматова Касийра Мукашевна жалпы окутуучу-профессорлорду бир айда эки жолу чогултуп, билим берүү системасы тууралуу көп-кеңешин айтып турат. “Студенттер – биздин келечегибиздин жүзү. Мугалим таасир берет, студент өздөштүрөт жана аны турмушунда пайдаланат. Ошол учурда жаман адаттардан алыс болгула, илим жолуна түшкүлө, жакшы жол, багыт көрсөткүлө”, – деп орус тилинде дагы, кыргыз тилинде дагы айтат. Окуу жайдын кыргыз тили жана адабияты окутуучулары Камчыбек Ажыбаев, Зинагүл Шайымбекова, Дамира Аскербековна агай-эжейлер кесип ээлерин чечен кылып чыгарышпаса дагы кыргыз тилин так жана туура сүйлөгөнгө, кыргыз тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын окутуп, үйрөтүп келишет. Камчыбек Ажыбаев болсо ар бир студентти манасты жаттаттырып, айттырганга аракет кылат. Мыкты манас айткандарга модулдан жакшы баа коюп берет. Бул дагы “Манас” эпосу аркылуу студенттерди патриоттуулукка тарбиялоо, табият менен таттуу жашоого үндөө ж.б.у.с. осуяттарга басым жасайт. Ал эми тарбия иштери боюнча Рыскул Сабыркуловичтин тажрыйбасы зор. Ал агай студенттердин ар бир сабагына кирип, жакшы багыт берет. Кыргыздын тарыхы, каада-салты, үрп-адаты дайыма биздин каныбызда экенин жаштар сезип келатышат.

Жакшы менен жүргөн кезиң ал майрам,

 Жамандарга кор болбосун кайран жан,

Эссиз менен эриш-аркак болгончо,

Эстүү жандын жанында бас чай кайнам, – деп Б.Сарногоев жазгандай, чай кайнам болсо дагы жакшы адам менен окуп, жакшы адамдан жаштар билим алышса жакшы жолго түшөт. Кыргызда “аккан арыктан суу агат” деген сөз бар эмеспи, кыргыз жаштарынын ар биринде канында кайнап турган бир нерсе бар. Ошону ойготуш үчүн окутуучу сөзсүз жакшы таасир калтыруусу керек. Ал экономистпи, юристпи, ырчыбы, айтор, ошол адамга багыт берүү биздин милдетибиз

 

– Жаштарды борбор калаадагы маданий, тарыхый жайлар менен тааныштырып турасыздарбы?

– Жыл сайын Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театры, Б.Кыдыкеева атындагы  жаштар театры менен биргеликте иш алып барып жүрөбүз. 100 сомдук билетти 50 сомдук кылып беришет. Ошондо көптөгөн студенттер спектаклдерге келишет. Чындыгында дегеле театр эмне экенин билбеген балдар бар. Мындан сырткары музейлер менен тааныштыруу, эстеликтерге алып барып гүл койдуруу ж.б.у.с. иштерибиз арбын. Бирок баары тең эле кендирди кескен каражатка байланыштуу. КТРга алып барып ар кандай дебаттарга катыштырып турабыз. Мисалы, биз студент кезибизде агай-эжейлер телевидениеде өткөн ток-шоуларга катыштырып, тема боюнча кийин талкуулачубуз. Ошол дагы чоң тарбия экенин жон терим менен сездим.

– Студенттерди кайсы маселе көбүрөөк тынчсыздандырат?

– Студенттердин көбүнчөсү ар кандай сынактарга, олимпиадаларга, спартакиадаларга катышкысы келишет. Ошондуктан каржы маселесин чечип берсеңер деп кайрылышат. Экинчиден, академияны бүткөндөн кийин жумуш ордун кантип табам деген суроо менен кайрылышат. Андыктан студенттерге сапаттуу билим берип, кийин ал жумуш орду менен камсыз болушу үчүн бардык шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жатабыз. Ырас, бизде азырынча интерактивдүү тактабыз жок, бирок акыркы муундагы компьютерлер менен жабдылган. Маселен, юристтер үчүн атайын аудитория жабдылган. Кадимки сот процессинде кандай зал болсо, студенттер ошол нукта билим алышат. Подиумга чыгып сүйлөшөт ж.б.у.с. Ал эми менеджмент кафедрасы болсо ар кандай ишканалар менен келишим түзүп турат. “Мен финансист болсом кантип жумуш табам?”, “Канткенде мыкты финансист болуп чыгам?” деген темаларды активдүү студенттерге окутуучулар беришет, алар өз кезегинде ошол тема боюнча презентация кылышат. Быйыл ар кайсы ишканалардан өкүлдөрдү чакырып, кесиптери боюнча презентацияларды көрсөтүштү. Мыкты деген студенттерди ишканалар практикага чакырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

– Мугалимдик кесипти тандап алганга өкүнбөйсүзбү?

– Мен өкүнбөйм. Мугалим бардык кесиптердин төрөсү. Улуттук университетте окуп жүргөндө Болот Акматов, Кеңешбек Асаналиев, Назаркул Ишекеев сыяктуу агайлардан билим алып калдык. “Ушул университеттин босогосунан кирип- чыкканыңар – бул өзүнчө чоң билим”, – дешчү. Окуу жайга кандай кийинип келиш керек, кантип басып туруш керек, кандай сүйлөш керек ж.б.у.с. мугалимге керектүү бардык жагдайларды үйрөтүп, айтып, эң башкысы өздөрү бизге үлгү болуп турушчу. Н.Ишекеев: “Силер турмуш сахнасындасыңар. Бүгүн мен турган сахнага силер келесиңер, силер сахнага чыкканда татыктуу чыккыла, кийин ордуңарды да татыктуу өткөрүшүңөр керек”, – дечү эле. Университеттин босогосунан кирип-чыгуу чоң маданият эле.

– Бир муунду жоготуп алдык окшойт. Баары тең эле же интернет оюндардан чыгышпайт, же сакал-мурут коюп алып, секталарга кирип кетишкен…

– Эң орчундуу, көйгөйлүү маселе. Мисалы, биздин окуу жайда студенттерге сабак учурунда телефон алып пайдаланганга тыюу салынган. Анткени ар бир студенттин колунда телефон бар, алар интернет клуб издешпейт. Сабакта отуруп алып эле ойношу ыктымал. Ошондуктан бардык окуу жайлар, мектептер телефон көтөрүүгө тыюу салса, жанагы жоголуп бараткан, зомби болуп калган муунду кайра кайтарып алат элек. Негизи баланы башынан дегендей, бала түйүлгөндө эле эне туура тарбия бериши керек экен. Медицинада айтып жатышпайбы, эне кош бойлуу болгон кезде эле телефонду колуна кармап алып, ар кандай оюндарды ойноп жатканда балага таасир берип, эненин ичинде эле кумар оюндарына берилип калгандай болууда. Телефонду кантип жана кайсы учурда пайдалануу керек, интернет булактарынан кандай туура маалымат алыш керек экенин балдарга туура багыт берүү зарыл. Мисалы, менин окуучу кыздарыма телефон алып берген жокмун. Анткени мектеп үйдүн жанында, телефондун зарылчылыгы жок. Балдарды тарбиялоодо илгерки менин ата-энемдей аларга жомок окуп берем. Макал-лакаптарды жаттаттып, алардын маанисин түшүндүрүп берем. Маселен, “Жакшы бала элпек, жаман бала тентек”, “Жакшы бала мактатат, жаман бала какшатат” ж.б.у.с. Ушулар тарбия берүүдө чоң ролду ойнойт.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

Маалымат үчүн:

Маалымат үчүн: Бакыт Качкынбекович Асанов — Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Терек-Суу айылында төрөлгөн. Советтер Союзунун Баатыры А.Чортеков атындагы мектепти ийгиликтүү аяктап, 2002-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин филология факультетине бюджеттик орунга өтүп, аны 2007-жылы аяктаган. Окууну аяктагандан кийин Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы кыргыз тилге котормо иштери боюнча иштеген, кийин өзү тандаган кесиби боюнча Эл аралык башкаруу, укук жана бизнес академиясына келип, кыргыз тили жана адабияты боюнча ага окутуучу болуп эмгектенет.

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*