КОТОРУШТУРУУ КОРРУПЦИЯГА БӨГӨТ БОЛОБУ?

Тажрыйбалуу жетекчилердин алдыңкы иш ыкмаларын жайылтуу, билим сапатын жогорулатуу максатында Нарын шаардык билим берүү мекемелеринде башталган мектеп директорлорун ротациялоо процесси учурда коомчулуктун көңүл чордонунда болууда. Бир жааты ушул сунушту колдошуп, мектеп директорлорун 10-15 жыл бир орунда отургуза бербей, “кан алмаштыруу” туура дешсе, экинчи жааты бир жерден бир жерге улам которо бергенден эч майнап чыкпайт деп эсептешет. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин 2011-жылдагы типтүү жобосуна ылайык, директор алгач беш жылга, жакшы иштесе экинчи мөөнөткө калтырылат. Жободо мыкты директорлорду башка мектептерге которуп, тажрыйбасын пайдалануу жагы да каралган.

Жаңыланууга жол ачылат

Мектеп директорлорунун орун алмаштыруу, б.а. ротациялоо иштери ушул окуу жылында Нарын шаарындагы мектептерде башталган. Анын демилгечиси Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Өмүрбай кызы Чолпондун пикиринче, мындай кадамга барууга шаардагы билим берүү мекемелеринин көрсөткүчтөрү жылдан-жылга төмөндөп баратканы тууралуу шаардык, облустук коллегияларда жергиликтүү бийлик органдары катуу сынга алып жаткандыгы негизги себеп болгон:

  • Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө учурда сегиз орто мектеп, жети бала бакча, эки спорт мектеби карайт. Мекеме жетекчилеринин асты 20 жылдан, арты үч жылдан бери директорлук кызматты аркалап келишүүдө. Облустагы республикалык, облустук  предметтик олимпиадалардын көрсөткүчтөрү боюнча  Нарын шаары төртүнчү орунда турат. Мындан сырткары, 2015-2016-окуу жылынын жыйынтыгында Нарын шаарында 381 окуучу аяктап, арасынан бирөө да Алтын сертификатка, Алтын тамгага татыктуу боло алган эмес. Буга салыштырмалуу Ат-Башы районунан – 6, Кочкор районунан – 1, Нарын районунан – 1, М.Субакожоев атындагы балдар лицейинен – 1, жалпы – 9 Алтын тамга ээлери чыккан. 

Жылдан-жылга шаардагы мектептердин билим берүүдөгү көрсөткүчтөрү төмөндөгөндөн төмөндөп жатканын шаардык, облустук коллегияларда жергиликтүү бийлик органдары  катуу сындап келет. Мен мындай сын пикирлер туура айтылып жатат деп эсептейм. Себеби, мамлекет башчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү билим берүү тармагына көбүрөөк көңүл буруп, миллиондогон акча каражаттарды жумшап, мугалимдердин айлыктарын көтөрүп, жүздөгөн мектептерди  салдырып жатат. Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан да мектептерге, бала бакчаларга бардык шарттар түзүлүп берилүүдө. Атап айтканда, электр энергиясы, жылуулук, интернет байланыштары үзгүлтүксүз камсыз кылынат. Андан тышкары, окуучулардын тамактануусуна, ремонт иштерине да акча каражаттары  бөлүнүп турат дегендей. Мамлекет кайсы тармакка  көп аракет жумшаса, ошол тармактын мекеме жетекчилери ишине жоопкерчиликти күчөтүү менен мамиле жасап, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүшү керек деп эсептейм.

Бул маселе Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн коллегиялык кеңешинде каралып,  коллегия мүчөлөрү жалпы колдошкон соң, шаардык билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин ордуларын алмаштыруу чечими  кабыл алынган. Анын максаты жогоруда белгиленгендей, тажрыйбалуу директорлордун потенциалын колдонуу жана алардын мыкты иш ыкмасын жайылтуу жолу менен шаардык мектептердин кадыр-баркын көтөрүү, билим сапатынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу болуп саналат.

Быйыл сентябрь айында шаардагы 15 директор жетекчиликтин мындай сунушун колдошорун билгизип макул болушкан соң, анын негизинде Нарын шаардык билим берүү бөлүмү тиешелүү буйруктарды чыгарган эле. Азыркы учурда үч директор орун алмашып, жаңы жамаат менен иштеп жатат. Алардын бири Нарын шаарындагы № 5  Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинин директору Аскат Дыйканбаев директорлорду бир мектептен башка мектепке которууну мезгил талабы деп эсептейт:

  • Мектеп директорлорунун орун алмаштыруу мезгил талабы деп ойлойм. Биздин максат – сапаттуу билим берүү. Эми мектеп директорлору бири-бири менен тажрыйба алмашышат. Директор бир мектепте жетишкен ийгиликтерин башка мектепке жайылтса, мунун эмнеси жаман? Анын үстүнө жаш директорлорго дайыма изденип чыгармачылык менен иштегенге жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Ушул себептерден директорлордун ордун алмаштыруу демилгесин колдоого алып, макулдугумду бергем.

Ушундай эле пикирин Нарын шаарындагы С.Бекманбетов атындагы эркин күрөш боюнча олимпиадалык резервиндеги балдар-спорт мектебинин директору Байыш Турганбаев айтат:

–           Мен 2011-жылдан 2016-жылга чейин Нарын шаардык балдар-уландар спорт мектебинде директор болуп эмгектендим. 2016-жылы 29-августта өз макулдугум менен С.Бекманбетов атындагы эркин күрөш боюнча олимпиадалык резервиндеги балдар-спорт мектебине которулдум. Эмгек жамааты дагы туура кабыл алышты. Нарын шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан жүргүзүлүп жаткан орун жылыштыруу туура деп эсептейм. Менчик мекеме болбогондон кийин жетекчи ар кандай шартта жана чөйрөдө иштегенге көнүп, жергиликтүү бийликтин саясатын колдошу керек. Мен бул спорт мектебине жетекчи болуп келгенден бери мурдагыдан да жогору жоопкерчиликти сездим. Жаңы иш план, жаңы идеялар менен иштеп баштадык. Алдыда республикалык, эл аралык мелдештерде мыкты-мыкты ийгиликтерди жаратабыз деген үмүтүбүз бар.

Кайсы мектептин жетекчисин которуштуруу керек?

Ырас, бул иште баары эле сыдыргыга салгандай жүрө койгон жок. Мисалы, кийинки этаптагы директорлорду жылыштырганда, эки мектептин  эмгек жамааты нааразы болгон. Алар бирок ротацияга эмес, сунушталган директорлорго каршы экендигин билгизишкен. Натыйжада ал директорлор бир жыл эски ордуларында калтыра турууну, андан соң өз милдеттеринен бошонуу жөнүндө арыз жазышарын айтышкан. Ушул себептен азыркы күндө башка мектеп жетекчилерин алмаштыруу убактылуу токтоп турат. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чолпон Өмүрбай кызы эки директор ордун бошоткондон кийин гана калгандары схема боюнча алмашарын кошумчалады:

  • Бул ишке мугалимдер, ата-энелер кийлигишип жатышат. Жаңы орунга барган жетекчилер мурункулардын кемчиликтерин ашкерелеп жаткандыгы чырды ырбатууда. Негизинен которуштуруунун натыйжасында директорлордун ортосунда тажрыйба алмашуу, эмгек мотивациясын көтөрүү, жоопкерчиликти жогорулатуу сыяктуу ийгиликтерге жетишсе болот. Жаңы орунга барган жетекчилер мурдагы жана кийинки мектептин жагдайын салыштыруу жолу менен өзүнүн ишмердигин жаңы ыкмалар менен байытышып, мекемеде жалпысынан жаңылануу процессин киргизсе болот. Тилекке каршы, кээ бир жетекчилерге мугалимдер, окуучулардын ата-энелери каршы пикирлерин билдиришти. Шаардын мэри атайын жыйналыш өткөрүп, алардын кийлигишүүсү жөнсүз экендигин айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошол эле учурда мектеп алмаштыруу сунушун четке каккан директорлор да жок эмес. Алсак, Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы мектептин директору Айчүрөк Самаковага ушундай сунуш менен кайрылганыбызда, ал макулдугун берген жок. Биздин оюбузча, шаардагы бирден-бир алдыңкы мектеп болуп эсептелген бул мектептин ийгиликтерин башка мектептерге да жайылтып, аларды да алдыга сууруп чыксак жакшы эле болмок.

Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы орто мектептин директору Айчүрөк Самакованын оюн билүү максатында ага кайрылганыбызда, ал мындай деди:

  • Ротация билим берүү мекемелери үчүн өтө дыкаттык менен чечилүүчү маселе. Жакшы иш башкаруу үчүн ошол жагдайды жакшы түшүнүп көзү каныккан, ишти башкара алган профессионал керек. Жакшы билим берүү мекемесине жеткирүү үчүн көп жылдык тажрыйба, дайыма алга жылуу, өзгөчө билим керек. Ошон үчүн ротацияны билим берүү системасында, өзгөчө мектептерде өтө дыкаттык менен чечишсе деп ойлойм. Эгерде бир жерден бир жерге улам которо берсе профессионал өзүнүн иштей турган мүмкүнчүлүгү убакыт менен чектелет. Мектептин иши жакшы болсо, анда жетекчисин алмаштыруунун кандай кажети бар?

Мектеп директорлорун ротациялоо процессине башка аймактардагы жетекчилер да кызыгып жатышкандыгын билдиришүүдө. Алсак, Чүй облусунун Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Зина Алиева жакынкы арада райондогу кээ бир мектеп директорлорун которуштуруу боюнча ойлонуп жаткандыгын айтты:

  • Мектеп директорлорун узак убакыт бою бир орунга отургузуп койбой, аларды алмаштырып, ич ара тажрыйба бөлүштүрүү демилгеси колдоого аларлык. Чындыгында бул ыкма жаңылык деле эмес. Мурдагы системада колго алынып, анын мыкты натыйжаларына баарыбыз эле күбө болуп келгенбиз. Мында, биринчиден, коррупцияга каршы күрөшүүдө мыкты курал болуп береринде шек жок. Экинчиден, 20 жылдап бир орунда, бир жамаатта отура берген жетекчиде жаңы демилге жоголуп, көнүмүш адатка айланып калат. Заман талабына шайкеш жаңыланып туруу зарыл. Жаңы жамаатка барганда жаңы көз караштар жаралып, изденип, ийгиликтерге жетишүүгө далалаттанып иштесе, сөзсүз алдыга жылыш болот деп эсептейм.

Там-ташы менен жылдырабызбы?

Арийне, айрым пикирлерге караганда директорлордун орун которуштуруу бардык аймактарда бирдей натыйжа берери арсар. Мындай ыкма калааларда, район борборлорунда колго алынарлык демилге болгону менен, айылдарда кошумча түйшүк менен коштолот деген пикирлер бар. Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Белековдун айтымында, айылдарда иштеген мектеп директорун башка жакка которуу үчүн ага барган жеринде шарт түзүп берүү керек:

  • Үй-жайы, мал-жаны менен бир айылда отурукташып иштеп жаткан директорду башка айылга которуп жиберүү алдында жакшылап карап көрүүгө туура келет. Себеби, ал башка айылга кантип барып-келип турат? Анын үй-бүлөсүнө ыңгайсыздыктар жаралып жатпайбы. Которгон күндө да аны үй-жай менен камсыз кылуу керек. Бул кошумча түйшүктү жаратат. Менин жеке пикиримде, эгерде кеп начар иштеген жетекчинин ишин оңдоо жөнүндө болсо, аны жөн гана кызматтан алуу же дагы башка жолдорун карап көрүү зарыл.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*