АСАН-КАЙГЫ АКЫНДЫН АК ЭМГЕГИ ЖАНА НАРК-ДӨӨЛӨТҮ

Ойчул акын жана чыгаан журналист, “Кутбилим” газетасынын баш редакторунун орун басары Майрамбек Токторовдун элүү жаш мааракесине арноо сөз.

 

Майрамбек мектепти Таластын төр жагындагы абасы салкын Каракол айылынан бүттү. Ал мектепте окуп жүргөндө эле анын макалалары “Кыргызстан пионери”, “Жаш ленинчи” журналына, райондук “Талас турмушу” газетасына жайнап чыкчу. Мектеп турмушундагы жаңылыктар, элеттин эмгекти сүйгөн алдыңкы адамдары анын макалаларынын башкы темасы болчу. Макала менен катар ырлары да газета-журналдарга да жарыяланып калчу.  Ошол мектепте окуп жүргөндө Майрамбек келечекте журналист болорун, акындык өнөрдү кошо ала жүрөрүн билчү, анын башка кыял-тилеги деле болгон эмес.

Майрамбек экөөбүз Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырып жаткан учурда, университеттин жатаканасынан тааныштык. Кирүү экзаменине даярданып жатканбыз. А Майрамбек бейкапар, колунан ыр китеп түшпөйт. Карандай чайды кайра-кайра ичип, анда-санда күрсүлдөп жөтөлгөн бул жигит  менен ошондон бери достук жана кесиптештик  тыгыз мамиледе болуп келатабыз.

Экөөбүз эртели-кеч ошол учурдагы мыкты акындар, алардын көркөмдүгү жогору ырлары жөнүндө сүйлөшкөндү жакшы көрчүбүз. Майрамбек мага өзүнүн ырларын окуп берчү, мен ага өзүмдүн ырларымды окучумун. Менден ортосаар дагы акын чыккан жок, а Майрамбек табиятынан акын болуп жаралганы ошондо эле сезилип турчу. Ал тынбай изденип, кээде арсар чыгып калган ыр саптарына ичинен бушайман болуп калчу.

“Аксак ырлар айланчыктайт жанымда,

Алар ара төрөлгөн бир балдардай,

Жаралууңа мен күнөөлүү баарыңдын,

Жаратыпмын мен силерди ар кандай”.

Майрамбек бул саптарын мага бир эле окуп берген, ошондо эле кулагыма сиңип калыптыр, эч унутпадым.

Андан бери нечен жылдар өттү, армияга барып келдик, университетти бүттүк, бирок Майрамбек экөөбүздүн кийинки эмгек жолубуз да бирге болду.  90-жылдардын башында Майрамбек “Асаба” гезитинде бир аз убакыт иштеп тургандан кийин “Кутбилимге” которулуп келди. Ошол убактан бери чейрек кылым бою ушул газетадан мээнет кылып, ырыскы таап иштеп келатат. Анын терең ойлор чөгөрүлгөн, эрудициялык жогорку деңгээлден жазылган макалаларын “Кутбилимдин” окурмандары жакшы билишет. Мен бул макаламда анын редакциядагы аткарган административдик ишинин маанисине өзүнчо токтолгум келип жатат.

Баш редактордун орун басары, жооптуу катчысы катары Майрамбек редакциядагы өндүрүштүк жана чыгармачылык процесстин талаптагыдай уюштурулушуна жооп берет. Ошондуктан редакциядагы ар бир чоң жана майда иштер ал киришмейинче бүтпөйт.  Газетанын ар бир санын пландаган жыйындан тартып, басмакандан газета чыгып келгенге чейинки процесстин башынан аягына чейин катышат, карайт жана жооп берет. Чейрек кылымдын ичинде ушул ишти ал эки жылга убактылуу гана башка адамга өткөргөнүн эске албаганда, чынында туруктуу түрдө кынтыксыз аткарып келатат. Ошондуктан Майрамбекти такшалган жетекчи, уюштуруучу жана тажрыйбалуу адис катары биз кесиптештери эле эмес, Билим берүү жана илим министрлигиндеги кызматкерлер да бүт баары кадырлап сыйлашат.

Майрамбек жалаң эле редакциянын түйшүгүндө басылып калбай, коомдук иштерге да колу тийип катышып жатканы кубандырат. Албетте, биринчи кезекте Жазуучулар жана Журналисттер бирлигинин жыйындарынан четте калбай, кесиптик маселелер талкууланган жыйындарга жандуу катышып, өзүнүн ой-пикирин активдүү айтып келатат. “Алиби” газетасына берген маектеринин биринде анын азыркы учурда журналист болуунун чоң жоопкерчилиги жөнүндө омоктуу сөзүнө  кошулбай кое албайсың.

«Техникалык журналист болуу оңой, аналитик болуу ар кимдин, ал тургай академигиңдин колунан да араң келе турган иш. ЖОЖдордо журналистиканы бүткөндөр иш таппай жүрөт. Демек, бизде азыр күргүштөтүп даярдап жаткан журналисттердин рынокто орду барбы, ушуну ойлонушубуз абзел. Бизге азыр үч, төрт тил билген аналитик журналисттер керек»,-дейт Майрамбек Токторов.

Майрамбектин көп жылдык үзүрлүү ишмердиги Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият  жана маалымат министрлиги тарабынан бааланбай калган жок. “Билим берүүнүн отличниги”, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси, көп сандаган грамоталар менен сыйланды. Бирок биз “Кутбилимдин” көрүнүктүү өкүлүнүн эмгеги мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу деп эсептейбиз жана эртеби-кечпи Ак үйдөгүлөрдүн көңүлү бурулат деп ишенебиз.

Майрамбектин акындык өнөрү өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Жогорку көркөмдүктө жазылган ырлары үчүн Табылды Муканов атындагы сыйлыктын биринчи лауреаттарынан болгон. Анын “Жаз чакырган жан дүйнө” аттуу ыр жыйнагы 2011-жылы жарык көрдү. Анда жарыяланган ырлардын тематикасы, көркөмдүк деңгээли жөнүндө кесиптешибиз, адабиятчы Жолдош Турдубаев  биринчи болуп пикир жазган эле, ошону ушул жерден кыстара кетүүнүн эби келип турат.

«Жашоо менен жаштык уңгулаш, жаз менен да маанилеш. Көр-тирликтин чидерине байлана элек кезибизде эркин учкан куштай болчубуз деп жаштыгыбызды эстейбиз. Өлбөгөн жанга жаз келет деп жакшылыктан үмүт үзбөйбүз, бүгүнкү кыштай каарыган турмуш эртең жаздай жадырайт деп ишенебиз, балдарыбыздын бактылуу болушун тилейбиз. Майрамбек Токторовдун ырларын окуп отуруп ушундай маанайды сездим. Кыргыздын байыркысы менен бүгүнкүсүн, топуктуу кең пейилин, эркиндик үчүн өлүмдөн кайра тартпаган көк жал мүнөзүн күрөө тамыр кагышындай ыргакка салыптыр. 2010-жыл, 7-апрелде элдин таламын коргоп, ажалдан жалтанбай бек турган жигиттерибизге арнаган ырын кайталап окудум. “Жер шарынан жарака кетсе, акындын жүрөгүн аралап өтөт” деп улуу Гете айткандай, элдин кубанычы менен кайгысын, сыймыгы менен өкүнүчүн, учурдагы опуртал кырдаалдан чыгып кете алабыз деп келечекке арткан үмүтүн ырдаган Майрамбектин китебин толкундануу менен окуп чыктым. Армансыз, армандуу сүйүү ырлары өзгөчө сөз кылууга арзыйт.

Нукура көркөм чыгарма сөзсүз түрдө жан сергиткен, ойлонткон, кайра окуп чыгууга же эстеп жүрүүгө кызыктырган таасирге ээ болушу керек. Майрамбектин ырларынын көбү ушундай. Чеберчиликтин чеги жок дегендей, айрымдарын дагы да ийине жеткире иштесе болор эле. Бирок ошолордун деле бирден-экиден жарк эткен ажайып саптары бүтүндөй ырдын ажарын ачып, мүчүлүштүктөрүн жууп кетет»,-дейт Жолдош Турдубаев.

Белгилүү журналист, акын Болотбек Таштаналиев  Майрамбек досун «ашык-кеми жок бүгүнкүнүн Асан Кайгысы, качан болсо кейий берет» деп сүрөттөптүр. Ырас, Майрамбек көңүл иренжиткен көрүнүшкө күбө болсо кайдыгер карабайт, ичине катпайт, ачыгын айтат, ага чын дилинен кейийт. Бул анын жарандык, инсандык позициясы. Бирок анын ырларында, менимче, асан-кайгычылдык пессимизмге караганда жакшылыкка, эл-журттун нарк-күчүнө ишенүү маанайы басымдуулук кылат.

Ак пейил кесиптешибиз Майрамбек Токторовду “Кутбилимдеги” калемдештери эр ортону элүү жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Анын чыгармачылык ишинде ийгиликтер мол болуп, эл алдында зоболосу көтөрүлө берсин деген ак тилегибизди жолдойбуз.

 

Кубатбек Чекиров, баш редактор

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*