ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАРБИЯ – ТАЗАЛЫКТЫН БАШАТЫ

Республикалык балдар жана өспүрүмдөрдүн экология, жер таануу жана туризм борбору  окуучуларга экологиялык тарбия берип, Ата мекенин, эл-жерин, жаратылышты сүйүүгө үйрөтөт. Борбордо дайыма республикалык масштабдагы ири иш-чаралар, сынактар өткөрүлүп турат.

doc2

 

Биринчи көңүл жаш экологдорго бурулат

Бул борбордо окутуу-тарбия иштери Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгы бекиткен окуу-тарбия иштеринин планына ылайык жүргүзүлөт. Быйылкы жылы өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын баардыгы “Тарых жана маданият жылына”  арналды.  “Дени сак улут – өнүккөн өлкө” девизи менен окуучулардын республикалык туристтик-спорттук жана аймак-таануу слнтун Кыргыз-Ала-Тоосунун тоо этектеринде жайкы каникул мезгилинде өткөрдү. Бул иш-чарага  республиканын бардык  дубандарынан окуучулардын командалары катышышты. Экология бөлүмү окуучулардын “Туулган жерим” туристтик- аймак-таануу программасынын алкагында Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги менен бирдикте иш-чараларды алып барат. Макулдашылган календардык пландын негизинде  республикалык “Бар бол,  Жер Эне” аттуу сырттан өткөрүлүүчү экологиялык акциясы, мектеп окуучуларынын “Ак илбирсти коргойбуз” республикалык экологиялык сынагы жарыяланды. Эл аралык “Парктар маршы” экологиялык акциясы да жылына өткөрүлөт.

Озон катмарын коргоонун эл аралык күнүнө арналган “Озон жана климат: бүт дүйнө менен калыбына келет” акциясы Ош шаарындагы ООЦДТ  базасында ийгиликтүү өткөрүлдү. Кыргызстандын озон борбору менен бирдикте жыл сайын Ысык-Көлдөгү балдар лагерлеринин балдары менен ультрафиолет нурлануусунун таасири, алардын коргоонун ыкмалары тууралуу лекциялар өткөрүлүп турат. Экология бөлүмү ошондой эле жаштар уюмдарынын жана кесиптик-техникалык билим берүү системасындагы окуу жайларынын арасында “Экологиялык окуу имараттары аркылуу “Жашыл экономикага” девизи менен экологиялык сынак жарыялады.

Борбордун “ Жаш геолог” ийриминин 22 катышуучусу ушул  жылдын 5-августунан 14-августка чейин Кыргыз Республикасынын Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жана борбордун биргелешкен иш-планынын негизинде Казакстанда өткөрүлгөн “Жаш геологдордун талаа олимпиадасына” да ийгиликтүү  катышып келишти.

 

 

Эл-жерин таанытуу иштери да колго алынган

Борбор балдарга жеке экологиялык билим, таалим-тарбия  бербестен, эл-жерин таануу багытында дагы бир топ иш-чараларды өткөрөт. Алардын биринчиси болуп  Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына жана Гвардиялык Панфилов дивизиясынын түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналып өткөрүлгөн “Биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат” аттуу республикалык сынагы саналат. Бул сынакка республика боюнча 300дөн ашуун окуучу катышып, жеңүүчүлөр сыйлуу белектер менен сыйланышты. Андан кийин Мектеп музейлеринин иштерин кароонун республикалык сынагы өткөрүлдү. Анда комиссиянын кароосунан кийин Ош дубаны боюнча 46 мектеп музейин кайрадан паспорттоштуруу жүргүзүлүп, тогуз мектеп музейине “Мыкты мектеп музейи” күбөлүгү берилди. Ушундай эле күбөлүктөр Ысык-Көл облусундагы 15 мектеп музейине ыйгарылды.

Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналып өткөрүлгөн  “Куттуу билим” поэмасы дүйнөлүк рухий казынанын эстелиги ” аттуу республикалык жерин таануу сынагында дагы жеңүүчүлөр аныкталып, өз сыйлыктарын алышкан. Борбордо Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы дагы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. 25 жылдыкка карата жарыяланган  “Менин эркин Кыргызстаным” аттуу республикалык жерин таануу сынагы өткөрүлдү. “Көчмөн элдердин маданий мурасы” аттуу республикалык сырттан өткөрүлүүчү жерин таануу сынагы дагы Тарых жана маданият жылына арналды. “Кыргыз элинин чыгаан инсандары” аттуу республикалык сырттан өткөрүлүүчү жерин таануу сынагында 250дөн ашык иш каралып, жыйынтыгы чыгарылды.

Жогоруда мисалдар көрсөтүп тургандай, борбордо кандай гана сынактар өткөрүлбөсүн, окуучулар дайыма активдүү катышып, өздөрүнүн күчүн сынап, колдорунан жасалган иштерин жөнөтүп турушат.

 

 

Балдар үчүн лагерлер да уюштурулат

doc10

Балдардын ден соолугун чындоо үчүн борбор жыл сайын жайкы лагерлерди уюштуруп келет. Быйыл жайкы каникулда 17-25- июлда “Маяк” балдардын лагеринде “Бактылуу планета – чеберлердин шаары – 2016” туристтик-геологиялык лагери уюштурулуп, анда  сегиз жаштан 16 жашка чейинки 100 ашуун бала эс алып, ден-соолугун чындады.

Лагерде балдардын толук кандуу эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлдү. Биринчи күнүндө “Лагер менен таанышуу” оюну өткөрүлүп, калган күндөрү да балдар бош калышкан жок. Алар   футбол, пионербол, бадминтон, литрбол сыяктуу спорттук оюндарды үйрөнүштү. Андан сырткары командалар ортосунда спорттун бир канча түрү боюнча олимпиадалык оюндар да өткөрүлүп, лагер бүткөнчө геология боюнча, сүрөт, тигүү, кагаздан буюмдарды жасоо, шууру-мончоктордон буюмдарды жасоо боюнча мастер-класстар, экология-мекен таануу боюнча конкурс-викториналар өткөрүлдү. Лагерде негизинен патриоттуулукка, эстетикалык жана экологиялык тарбияга көңүл бурулду. Андан сырткары окуучулар июль айында  Ак-Суу капчыгайына жана  Н.М.Пржевальскийдин Мемориалдык музейине барып келишти.

Июнь айында болсо Чуңкурчак капчыгайында жылда өткөрүлүүчү республикалык туристтердин слету болду. Ага республиканын бардык аймагынан ондон ашуун команда катышты. Алар тоо койнунда он күн бою чатырларда жашашты. Программанын алкагында аскердик-патриоттук конкурстар, мекен таануучулук жана экологиялык викториналар, мастер-класстар жана эң мыкты чатыр сынактары өткөрүлдү. Андан сырткары аркан менен аскаларды басып өтүү сынагы дагы өтүп, анда окуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары көзөмөлгө алды.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим” 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*