ТАРЫХ ЖЫЛЫНДАГЫ ТАКТООЛОР ЖАНА ТАБЫЛГАЛАР

saparaliev-d

Кыргыз Республикасынын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери, илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Эл аралык Чыңгыз Айтматов академиясынын академиги, профессор Дөөлөтбек Сапаралиев узап бараткан жылы тарыхый окуяларды жана инсандарды изилдөөдөгү өзүнүн аткарган иштери жана алардын маанисине токтолот.

 

Кыргызстан үчүн 2016-жыл маанилүү жылдардын бири болду. КР Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан «2016-жыл-Тарыхты жана маданиятты өнүктүрүү жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу өлкөбүздө ушуга байланыштуу бир далай максаттуу иш чаралар өткөрүлдү. Мен тарыхчы адис катары, бул жараянга өз салымымды кошууга аракет кылдым. Улуттук илимдер академиясынын тарых институту тарабынан басмага даярдалып жаткан үч томдук «Кыргызстандын тарыхы» китебине 18-19-кылымдагы кыргыз элинин тарыхына байланыштуу жаңы нуктагы макалаларды жазып бердим. Көптөн бери көңүлүмдүн чордонунда жүргөн, XIX кылымдын ортосунда кыргыздардын борборлоштурулган мамлекети жөнүндө жаңы архивдик булактардын негизинде жана жалпы Борбордук Азия регионундагы элдердин саясый тарыхынын алкагындагы процесстер менен салыштырып, өзүбүздүн мамлекетибиздин борборлошуусу жана анын «Кара кыргыз хандыгы» аталышы мыйзам ченемдүү жараян болгондугун ынамдуу ачып бердим го деген ишеничке келдим. Бул жөнүндө эки эл аралык илимий конференцияда билдирүү жазып, алар анын жыйынтык китептерине басылды. Кеңири коомчулукка дайын кылыш үчүн мамлекеттик гезитибиз болгон «Кыргыз Туусу» (2016-ж. 26-август) газетасына жарыяладым.

Ушул эле кыргыз мамлекети проблемасына байланыштуу даңазалуу кыргыз инсаны Тайлак баатыр Рыскул уулунун (1796-1838-жж.) 220-жылдык маарекесинин мамлекеттик деңгээлде белгилениши да мен үчүн  үзүрлүү болду. Тайлак баатырга байланыштуу илимий конференцияга катышуу үчүн, бул багытта атайлап изилдөөлөрүмдү тереңдетип жүргүзүп, кызыктуу жыйынтыктарга жетиштим десем жаңылбайм. Тайлак баатыр жөнүндө мурда эле орус, кытай, уйгур, өзбек тилиндеги булактардан көп, бирок үзүк-үзүк маалыматтарга ээ болсок да, ынамдуу, ыраттуу, толук сүрөттөлгөн тарыхын ача албай жүргөнбүз. Бул өксүктүктү жаңы жарыяланган кытай, орус даректүү маалыматтар менен кошо, ишеничтүү кыргыз уламыштарын дыкат талдоолордун негизинде жана жалпы ошол мезгилдин саясый жараянынын алкагында  ой жүгүртүүбүз бизди жагымдуу бүтүмдөргө алып келди. Маселен, даңазалуу баатыр жөнүндөгү эл эсинде сакталган “Тайлак баатыр” поэмасында Соң-Көл (Арпа) жайлоосунда 1836-37-жылдары (“үч тараптан келишкен”)  бүткүл кыргыздардын курултайы он беш күн созулган экен. Анда Кокон хандыгы жана башка коңшулар тарабынан коргонуш максатында Тайлак баатырга (документтерде ал эл аксакалы деп айтылат) “эки тизгин, бир чылбыр” тапшырылыптыр, тагыраак айтканда кыргыздардын ханы болуп шайланыптыр. “Кайда барсаң жол ачык! Ак калпактуу кыргызды, Кайда алпарсаң, анда алпар. Атадан калган туу мына. Ак боз ат союп кандап бар” делет поэмада (Караңыз: Тайлак Баатыр. Б.,2002. 110-б). Тилекке каршы жаңы хандыкка шайланган Тайлак баатыр жана анын санаалаштары Медет Байтүгөл уулу (саяк уруусунан), Канай Түлөберди уулу (солто), Сарыбай бий (багыш), Кудаяр  Ажибек бийдин уулу (саруу) жана башкалар Кокон ханынын кутумчулугу менен ууландырылып жок кылынган экен (Караңыз: Слово Кыргызстана. 2016. 11 октября. С. 6-7; 10-11). Демек, кыргыз мамлектин борбордоштуруу жараяны алардын арасында мурдатан эле келе жаткан асыл көйгөй (тенденция) экендиги кийин 1841-жылы Ормон Ныязбек уулунун Ысык-Көлдөгү Кутмалдыдагы курултайда жалпы кыргызга хан кылып шайланышы менен ырасталууда.

Кыргыз элинин чыгаан уулу Жусуп Абдрахмановдун (1901-1938-жж.) быйыл төрөлгөндүгүнө 115 жыл толгондугуна байланыштуу жана Кыргыз Автономду Республикасынын 80 жылдык мааракесине карата бул багыттарда илимий изилдөөлөрүмдү дагы да улантып, жаңы маалыматтарды Казакстандын Мамлекеттик Борбордук архивинен (кыскартылганда КМБА) табууга жетиштим.  Маселен, Жусуптун атасы Абдрахман Балпанов 1912-жылы 47-жашында Күнгөй Ак-Суу волостунун башчылыгына шайланыптыр, анын чоң атасы Балпан (Балбанак) Өтөгөнов болсо 1892-жылы Торайгыр волостунун № 7-айылына бий болуп шайланган экен. Ошондой эле Жусуптун 1925-жылдын 31-май 1-август аралыгында Түркстан Республикасынын элчиси катары Персияга (Иран) Хоросан (Мешхед)  шаарына баргандыгы жөнүндө жаңы ынанымдуу жана кызыктуу маалыматтар коомчулукка жарыяланды («Эркин-Тоо». 2016-ж. 12-август, 15-бет.).

1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн болгондугунун 100 жылдыгы да өлкөбүздө мамлекеттик денгээлде белгиленди. Бул багытта мен Казакстан борбордук мамлекеттик архивинен Верний аймактык соттун прокурору аталыштагы корунда аталган көтөрүлүштүн жетекчисинин бири Канат Ыбыке уулу (архив документтеринде – Абукин) жөнүндө эки архив документтеринин топтомун (иш делолорун) таап, андагы материалдардын бир бөлүктөрүн көчүрүп келгенге жетиштим. Бирок, аларды дыкат окуп, талдоого убактым жетпеди. Ал эми аларды шашылыш жарыялоодон азырынча кармандым. Анткени ал маалыматтар биринчиден, кыргыз элинин Россия падышачылыгынын эзүүсүнө каршы жарыяланган, өздөрүнүн эгемендик мамлекетин калыбына келтириш үчүн ачык согуш экенинен кабар берүүдө. Экинчиден, Ыбыке уулу Канат хандын инсандык бейнесине өтө кызыктуу маалыматтар кездешет экен. Маселен, Канат хандын кыргыздардын эгемендүүлүк үчүн согушунун жеңилүү менен аякталышын мойнуна алып Россия аскер жетекчилигине өз ыктыяры менен колго түшүп бергендиги жөнүндө жаңы ынанымдуу маалыматтар кездешет. Ошол оор абал Канаттын башына түшкөндө анын жанында жакын тууганы болгон тарыхчы Осмонаалы Кыдык (Сыдык) уулу болуп ага тирек болгондугу биздин кызыгуубузду жаратат. Россия падышачылыгынын аскер башчысы полковник Лаврентий Слинкого 1916-жылдын 10 ноябрында жазган кайрылуусунда кыргыздардын баскынчыларга каршы күрөшүнүн себептери менен башталыш жараяны өтө кызыктуу өңүттө берилген экен. Ал документтин этегинде “Канат Ыбыке уулунун сабатсыздыгына байланыштуу, анын өтүнүчү менен Осмоналы Кыдык уулу кол койду” делип, араб графикасында кол тамгасын салган экен.

Ушуга байланышкан дагы бир жагдайга токтолгум келет. Жакында белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов Канат Ыбыке уулу 1917-жылдын 16-февралында өлүптүр деп (Жети-Суу областынын башкармалыгына жолдогон билдирүүгө таянып) макала жарыялады. Бул документтин дагы бир вариантында – Верный аймактык сотуна Верныйдын түрмөсүнүн башчысынын 17- февралдагы жолдомосун мен да кездештирдим.  Ал эми биздин башка архивдик маалыматтарда Канат хан аталган мезгилден кийин да аман-эсен болгондугу баяндалат. Анда 1917-жылдын 27-майында Верный шаарынын аймактык сотунун чечими боюнча “Верный шаарынын түрмөсүндө абакта отурган Канат Абукин жөнүндөгү прокурордун сунушу бекитилип, ага карата колдонулган камоо чарасы алынсын” делген. Мындан тышкары, Пржевальск уездинин 5-аймактык соту Фурсов Россиянын Убактылуу өкмөтүнүнүн 3- жана 17-марттагы жарлыктарына ылайык көтөрүлүшчүлөргө карата амнистия жарыялангандыгына байланыштуу Канат Ыбыке уулун абактан бошотуу жөнүндө 1917-жылдын 27-мартында чечим кабыл алынып, аны Верный аймактык сотуна жибергендиги тууралуу дагы бир архив документинде белгиленет экен (КР МБА Ф.И.-75. Оп1.Д.15.Л.44об-45). Белгилүү тарыхчы Белек Солтоноев да өзүнүн “Кызыл кыргыз тарыхы” деген эмгегинде Канат Ыбыке уулунун сөөгү 1917-жылдагы Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Кыргызстанга алынып келгени эскерилет (Караңыз: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 2- к. Б.,1993.111-б.).

Жалпысынан 2016-жыл мен үчүн көп эле түйшүктүү болду. Жылдын башталышы менен эле даңазалуу жердешибиз Михаил Фрунзенин атасы — дарыгер Василий жөнүндө жаңы архивдик маалыматтар табылып, анда ал кыргыздарга чечекке каршы эмдөөлөрдү үйрөткөндүгү жана башка үлгүлүү иштери үчүн күмүш медалга татыганы такталып коммчулукка билдирилди (караңыз: Слово Кыргызстана. 2016. 22-январь. С. 20-21). Кыргыздардын орто кылымдагы каганы Барсбек жөнүндө да чакан иликтөө жүргүзүп жыйынтыктарын «Кыргыз Туусу» газетасынын эки сандарына (2016. 15- март. 12-бет; 22 март. 14-бет.) жарыяладым. 2016-жылдын 27- апрелинде Бишкек шаарында кыргыз элинин чыгаан инсандарынын бири Садыр аке Жолболду уулуна арналган “Садыр акенин кыргыз тарыхындагы орду” аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференциясын уюштуруп, өткөрүүгө катыштым (караңыз: Слово Кыргызстана. 2016.1.06. С. 13-14).

Жыл ортосунда Шабдан баатыр жөнүндөгү жаңы изилдөөмдү жана түркиялык кесиптешим профессор Ильхан Шахиндин Япониядан англис тилинде жазылган «Кыргыздардын көчмөн цивилизациясы» деген китебине «Кут билим» газетасына таанытым пикир жарыяладым (2016. 17-июнь, 16-бет; 24 июнь,12-13-беттер; 29-июль, 7-бет.). Кыргызстанда 2-көчмөндөр оюндарынын ачылышына карата XVII кылымдын ортосу – XX кылымдын башталыш мезгилиндеги кыргыз коомундагы найза сайыш аскерий чеберчилиги жана оюн-зооктук маанисин ачып берүүгө аракеттендим. (Кыргыз Туусу. 2016. 13-сентябрь. 13-бет).

Быйыл баардыгы онго жакын эл аралык жана республикалык деңгээлдеги илимий конференциялар менен жыйындарга катышып Кыргызстандын ар кайсы проблемаларына арналган билдирүүлөрдү жасадым. Ушул жылдын соңунда бир докторантым (PhD) форматындагы тарых илими боюнча диссертациясын ийгиликтүү коргоду.  Кыргыз коомдук телевидениясынын “Тарых жана маданият” долбоорунун алкагында “Тарыхчылар так сүйлөйт” деген берүүлөргө беш жолу катышып, кыргыз элинин ар жактуу тарыхый проблемаларын коомчулукка ачыктап берүүгө аракеттендим.

Ошентип, мамлекет башчыбыз жарыялаган “Тарых жана маданиятты өркүндөтүү жылынын” максаттарына жараша Кыргызстандын тарыхына тиешелүү көптөгөн маалыматтар топтолгону да талашсыз. Эми аларды шашылбастан, бирок ыкчам талдап элибиздин тарыхын байытып, ынандуулукта көпчүлүккө жеткирүү милдети турат. Ал үчүн терең адистик кайрат жана кесипкөйлүк талаптанаары шексиз. Ошондуктан тарыхчы кесиптештериме чыдамкайлык менен жигердүүлүктө изилдөөлөрүн жемиштүү жүргүзөрлөрүнө  ишенем. Албетте, тарыхыбызды изилдөөдөгү быйылкы жылда жаралган жакшы демилге өчүрүлбөй, уланып кетишин каалар элем.

2017-жылы көптөн бери даярдап келе жаткан Кыргызстандын тарыхына арналган 2-3 китептеримдин аягына чыгып, коомчулугубузга тартууласам деген ойдомун. Ал үчүн чет мамлекеттеги архивдерде  дагы изилдөөлөрдү жүргүзөм деген тилектерим бар.

Жалпы кыргызстандыктарды келе жаткан 2017-жылы менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, биримдигибиз бекемдей берсин. Ар бирибиздин бакыбат жашашыбыз өзүбүздөн экендигин унутпай, дайыма ак дилден адилеттүүлүктө өлкөбүз үчүн эмгектенишибизге тилектешмин!

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*