КОШ, НАРГИЗА!

nargiza3

“Манас” аба майданынын четинде кыйраган АСТ авиакомпаниясынын учагы кыркка жакын мекендештерибиздин үй-бүлѳсүн кыйратып, каран түн түшүрүп кетти. Ал апаатта бейажал каза тапкандардын арасында биздин кесиптешибиз Наргиза Жумакунова да үй-бүлѳсү менен бар эле…

Пендечилик, деги эле адамдар бири-бирибиздин дарегибизге бир жакшылыкта, бир жамандыкта сѳз айтат турбайбызбы. Пендечилигибиз ушул, убагында анын ѳзүнѳ жылуу сѳз айтып, кѳңүлүн кѳтѳрүп коюу капарыбызга да келбей, кѳр-тирлик менен алектенип жүрѳ берет экенбиз, балким, али алдыда жетишебиз дейбизби… Чындыгында кесиптешибиз Наргиза тууралуу анын тойлорунда, алдыда ал кѳрѳ турган далай жакшылыктарында мактоо сѳз айтканга жетишербиз деп ойлоп жатканбыз, себеби ал жакында эки уулунан кийин кѳргѳн кызына жентек той беребиз деп даярданып жүргѳн эле. Бирок, тилекке каршы, андай болбоду… Наргиза ѳмүрлүк жолдошу Азамат, уулу Актан жана тѳрт айлык ымыркай кызы Раяна асмандан капилет кулаган учактын курмандыгы болушту. Ал болгону 33 жашта эле. Шум ажал жашоо-турмуштун оош-кыйышынан эми баш кѳтѳрүп, уул десе уул, кыз десе кыздуу болушуп, бѳксѳсү толгондой, бир үйдүн түтүнүн булатып, бейкапар ѳмүр кечирип келаткан жаш үй-бүлѳнүн очогун жалп ѳчүрдү.

Наргиза Жумакунова 1984-жылы 7-августта Балыкчы шаарында жарык дүйнѳгѳ келген. Тѳрт бир туугандын кичүүсү эле. 2006-жылы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтун аяктаган.

“Кутбилим” газетасына адегенде корректор болуп ишке кирип калды. Ѳзү тыкан, ишине тың, кѳптү билүүгѳ ынтызар кыз тез эле жамаат менен аралашып, кѳркѳм редакторлукка кѳтѳрүлдү. Ѳзүнүн кесиби боюнча компьютердик адис болгондуктан, ушул ишин ѳзгѳчѳ дилгирленип иштечү. Эмгек жамаатында эң кичүүбүз катары элпек, адамдын оюн анын кѳз карашынан баамдап, улуу-кичүүгѳ урмат-сый менен бирдей мамиле жасай билген жѳнѳкѳй кыз эле. Анын кѳптү билүүгѳ ынтызарланып, жумушка эрте келип тырышчаактык менен иштегенин жактырчубуз. Кесиптеши Мейискан Аманбаева гезитти кѳркѳмдѳп жасалгалоочу дизайн иши боюнча ага кеп-кеңештерин айтып, кѳркѳм редакторлук кесиптин сырларын үйрѳткѳн.

– Наргиза колунда диплому бар компьютердик адис болгондуктанбы, гезитти жасалгалоо иштерин тез эле үйрѳндү. Ѳзүнүн ишин берилип сүйүп аткарчу. Керектүү жерлерин интернеттен издеп, “бул жери мындай болот турбайбы”  деп жаңы нерселерди кѳрүп калса, мени менен да бѳлүшүп калчу. Эртели-кеч отуруп сырдашып калганда, үй-бүлѳсү тууралуу айтып берчү. Азамат кабинетке келип калганда, экѳѳнүн бири-бирине мамилесин кѳрүп суктанып койчумун. Бири-бирин терең урматтап, колдогон, бири-бирин кѳз караштан түшүнүшкѳн жубайлар эле, – деп эскерет Мейискан оор үшкүрүп.

Наргиза жолдошу Азамат экѳѳ Султан, Актан деген эки азаматты тарбиялашып, кичүүсүн бала бакчага, улуусун мектепке ушул биздин арабызда иштеп жүргѳндѳ орноштуруп, чекеси жарыла кудуңдап кубанганы али да кѳз алдыбызда. Азамат ага жумушка келе калганда экѳѳ кѳгүчкѳндѳй болуп бири-бирине башын тийгизе акырын шыбырашып же компьютерде бир нерселерди чукулап отурушкандарын кабинетке баш бакканда кѳрүп, “экѳѳ издешпей табышкандай бири-бирине аябай окшош, бактылуу жубайлар болуш керек” деп ичимден суктанып койчумун. Экѳѳ эгерим урушпаган, ынтымактуу жубайлар деп жоро-жолдоштору да терең баа беришерин эчен ирет укканыбыз бар.

Наргиза ѳзгѳчѳ кайын журтун кадырлаган келин эле. Кайын журту тууралуу сѳз кылганда аларды терең сыйларын сѳзүнѳн байкачубуз. Ѳзүнүн жапалдаш чакан келбетине жараштыра жаңы кѳйнѳк кийип келип калса “Сонун экен, жаңы алдыңбы?” десек, “Ооба, апам алып берди” деп жаш балача кудуңдап койчу. Анын ушу жаш баладай жадыраган бир мүнѳзү эсиме түшүп турат, ал жагымдуу кабар айтканды жакшы кѳрчү. Кабинетине кирип калсам, “Айна эже, уктуңузбу, бүгүн биз минтет экенбиз” деп жаңылык айтып, анын ошол жаңылыгы мени кубантканын кѳргѳндѳ кошо кубанып, бир чоң эрдик жасап ѳзүнѳ-ѳзү маашырланган кичинекей бѳбѳктѳрдѳй компойуп калар эле.

Наргиза “Кутбилим” гезитинде иштеп жүрүп ѳткѳн күз айларында декретке кеткен. Эки уулдан кийин кыз күтүп жатышты. Кудай тилегин берип кыздуу болуп, атын Раяна койдук деп сүйүнчүлѳгѳн үй-бүлѳнүн кубанычтары чексиз эле…

Аттиң, жараткан Наргизага ушунча аз жаш ѳлчѳп берген тура, не дейбиз, бирок ал ошол кыска ѳмүрүндѳ ажарлуу жубай, мээримдүү эне, ыймандуу келин, кичи пейил кесиптеш болууга үлгүрдү. Кесиптештери кечээ аны үй-бүлѳсү менен акыркы сапарга узатып келип, айтарга сѳз таппай айлабыз куруп турабыз. Жаткан жерлери жайлуу, жандары жаннатта болушсун деп, алардын үй-бүлѳлѳрүнѳ, туугандарына, жалпы эле жакын санаалаштарына кайрат айткандан башка аргабыз жок. Бир каниет кылганыбыз – артында туягы калды. Жараткан кичинекей Султаныбызга ѳмүр берип, ата-энесинин ордун жоктотпой, акылдуу, эстүү эр азамат болуп чоңоюшун тилейбиз!

P.S. Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева “Кутбилимдин” авиакырсыкта үй-бүлѳсү менен курман болгон кызматкери Наргизанын туугандарына барып азасын тең бѳлүшүп, кайрат айтып, 90 миң сом материалдык жардам тапшырды. Кѳз каранды эмес журналисттер союзунун мүчѳлѳрү дагы кичинекей Султанга камкордук кѳрүшүп,  400 АКШ долларын чогултуп беришти. Ош соода-экономикалык колледжи 10000 сом, Ош кесиптик билим берүү колледжи 5000 сом жардамын кѳрсѳттү.

Мындан сырткары, Билим берүү кызматкерлеринин ассоциациясы  жана башка билим берүү уюмдары, окуу жайлар дагы жапжаш уул-келини, эки небересинен бирдей ажырап, оор кайгы баскан үй-бүлѳгѳ каржылык жана башка түрдѳгү жардамдарын сунуш кылып жатат.

Кырсык басып, бүтүндѳй үй-бүлѳсүнѳн ажырагандардын кайгысына кайдыгер болбой, кѳптѳгѳн билим берүү уюмдары, окуу жайлары учак кырсыгынан жапа чеккендерге жардам кѳрсѳтүү эсебине бир күндүк эмгек акыларын которуп жатышат.

Ошол эле учурда биздин маркум кесиптешибиздин жетим калган уулуна акча каражат которуп, колдоо кѳрсѳтүп жаткандардын баарына терең ыраазылык билдиребиз.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*