16-ЯНВАРДЫН КАРГАШАЛУУ ТАҢЫ ДАГЫ БИР БАЛАНЫ ТОМОЛОЙ ЖЕТИМ КАЛТЫРДЫ

 

Кечинде эч нерседен бейкапар, ата-энесинин койнунда жаткан Жакшылык эртең менен урандылардын арасында ойгонду. Бирок ал ошол маалда ата-энесинен, эки карындашынан бирдей ажырап, жалгыз калганын билген жок.

 

Көзүн ачканда эле айланасындагы урандыларды көргөн Жакшылык, коркуп кетип апасы жакты да карабай үйдөн качып чыгып, кошунасыныкына чуркап барган. Баланы кошуналары кийиндирип, тез жардам келген маалда Сокулуктагы ооруканага жөнөтүшкөн. Дарыгерлер кырсыктан анын бети сыйрылып, мээси чайкалган, абалы канааттандырарлык деген жыйынтык чыгарышкан.

Жакшылыктын ата-энеси болгону 26 жашта, бир карындашы беште, кичүү бөбөгү экиде гана эле. Жакшылыктын атасы Уларбек атасынын үйдө эле кала бергиле дегенине карабай балам мектепке барат деп үй-бүлөсүн каргашалуу окуя болоор түнү үйүнө алып келген.

– Уулум Уларбек 1990-жылкы, келиним Акмарал 1991-жылкы эле. Жакшылык ич кийимчен калыптыр. Кошуналар кийинткен экен. Неберемди ооруканадан чыгарып келдим. Сүйлөшө албай койдук. Бир күн мурда эле балдарым меникинде болчу. Уулум жумуштан кайтып келе жатып балдарын мектепке барат деп алып кеткен. Уулум 195-маршрутканы айдачу. Келиним балдар менен үйдө эле, – дейт Шерали Сатыбалдиев.

Уул-келинин эки кызы менен кошо колдон учурган чоң ата  өзү батирде тургандыктан, балдарынын сөөгүн бир тууган агасынын үйүнөн чыгарды.

Бул үй-бүлөгө дагы Президенттин фондунан 100 миң, +кмөттөн 70 миң, Жогорку Кеңештен 80 миң сом акчалай жардам берилди. Андан сырткары учурда Жакшылыкка жана анын чоң ата, чоң энесине жардам берүүнү каалагандар абдан көп болууда. Шерали Сатыбалдиевдин үй-бүлөсү Жакшылыктын наамына банктан  атайын эсеп ачылгандыгын ММКларга кабарлады. Эми балага жардам берүүнү каалагандар болсо атайын ачылган эсепке которушса болот.

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*