ИШЕНГҮЛ БОЛЖУРОВА: «МЕКТЕПТИ ТАРБИЯНЫН ОЧОГУНА АЙЛАНДЫРАЛЫ»

 

 

Быйылкы 2017-жылды Президент Алмазбек Атамбаев «Ыйман, адеп жана маданият жылы» деп жарыялап, мамлекеттин жана кыргыз элинин алдына бир топ максат, милдеттерди койду. Мамлекет башчысы өз жарлыгында Кыргызстан ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жаштар адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланууга жана өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш экендигин баса белгилеп, учурда кыргыз элинин мезгил сыноосунан өткөн руханий жана адеп-ыймандык алыс-нарктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкаштырган ар тараптан жетик инсандарды калыптандыруунун мааниси өскөндүгүн белгилеген. Азыр чындыгында замандын алмашышы, коомдун өзгөрүшү менен жаңы доордун балдары тарбияланууда. Дал ушул жаңы доордун балдарына татыктуу тарбия берүүдө кандай жаңы тарбиялык ыкмалар керектигин белгилүү коомдук ишмер, педагогика илимдеринин доктору же кандидаты, билим берүү тармагын бир канча жыл жетектеген Ишенгүл Болжурова «Кутбилимге» берген маегинде айтып берди.

 

Жөнөкөй үй-бүлөлөрдүн балдары традициялык тарбиядан артта калууда

Азыркы убакта балдарга тарбия берүү өтө оор болууда. Эгерде бул маселеге обьективдүү карасак, коомубуз социалдык дифференциация болуп, эл бөлүнүп калды. Кээ бир колунда барлар балдарына, алардын тарбиясына көбүрөөк көңүл буруп, бир нуктуу тарбия беришүүдө. Бирок ошол эле учурда тарбияны кой, ата-энесин көрүүгө зар болгон балдардын катмары дагы пайда болду. Булар албетте, мигранттардын балдары.  Тилекке каршы, балдарын таштап жумуш издеп сыртка чыгып кеткен ата-энелер көпчүлүктү түзөт. Ошол ата-энелер сыртта жүрүп тапкан кичинекей акчасы баалуубу же баласынын келечеги баалуубу, ушул жагын кылдат ойлонушу керек. Азыр бизде статистика боюнча элдин 5-7% социалдык абалы жакшы, жардамга муктаж эместер болсо, калган 80% карапайым, жөнөкөй адамдар  болуп саналат. Ошондуктан көпчүлүктү жөнөкөй үй-бүлөлөрдүн балдары түзөт. Дал ушул катмар илгертен келе жаткан традициялык тарбиядан артта калып жатат. Капчыгы жука ата-энелер балдарына кошумча билим бере албай, балдарынын курсагын тойгузушту гана ойлоп калды. Бирок бала тарбиялоо анын курсагын тойгузуу менен гана чектелберин баардыгыбыз жакшы билебиз.  Балага билим берүү, аны спортко кызыктыруу, музыка аркылуу тарбиялоо, дагы башка кружокторго алып баруу шаар ичинде эле кичине өнүгүп жатат. Ал эми айылдыктарда болсо бул маселе жабык бойдон. Ошондуктан азыр мектептерди күнү-түнү болбосо дагы, кечкисин иштетип, ар кандай курстарды, кружокторду ачып, бирине компьютерди, бирине тилдерди, бирине тиккенди, бирине сокмону үйрөтүп, балдарды өзүбүзгө тартпасак, бул өтө оор маселе болуп калат. Мындайды айыл мектептеринде да жасаса болот. Болгону каалоо гана керек. Мисалы, азыр клубдар бош жатат. Бир кездерде мектептерди түн бою иштетебиз деп да ойлогонбуз. Бирок бул дагы ишке ашкан жок.

Кыскасы, биз азыр тарбиянын бардык түрүнөн: эстетикалык дагы, маданий дагы, патриоттук дагы, эмгекке тарбиялоодон, дене тарбиясынан өтө арттабыз. Ошондуктан бул жылы коюлуп жаткан максаттар албетте, туура. Бирок кечигип калдык. Мисалы, 90-жылдардын ортосунда мектептерде тарбия иштери боюнча директордун орун басарын жоюп салган. Ошону менен мектептер тарбия бербей эле билим эле беребиз деп калган. Ал эми билим менен тарбия бирдей болбосо, инсанды кантип тарбиялайбыз. Ошондуктан мектептерге кайрадан тарбия завучтарына сааттарды берип, ар бир сабактын окуу куралдарында тарбия компонентинин бар жогун карап чыгышыбыз керек. Негизинен мектептер тарбиянын борбору, очогу болушу керек. Мектептерде кружокторду ачып, ал жакка аксакал-көксакалдардан өйдө алып келип, жаштар түштөн кийинби же кечиндеби ошол жакка барып убактыларын пайдалуу өткөрүүгө шарт түзүп берүү зарыл. Азыр көп эле айылдык мектептерде, мисалы, Ысык-Көлдүн көп мектептеринде кечкисин спорт залдар иштейт. Эркек балдардын көбү ошол жакка барышат. А эмне үчүн ошол эле спорт залдын жанына бир эки кийим тигүүчү машина коюп, кыздарды тигүүчүлүккө үйрөтсө болбойт. Муну жасайм деген киши жасайт, жасагысы келбегендер кайдан болбосун шылтоо таба берет.

 

 

Азыркы балдардын идеалы өзгөрдү

Информатизация дагы балдардын тарбиясына чоң таасирин тийгизүүдө.  Азыр балдардын баардыгы телефон, интернет же болбосо телевизор менен алаксыйт. Ал эми телекөрсөтүүлөрдө болсо өзүңүздөр билгендей, балдарга, жаштарга арналган атайын берүүлөр өтө аз. Көбүнчө уруш-талаш, бирин-бири өлтүрүү, кыйноо жана башка негативдүү чет өлкөлүк фильмдер берилет. Ошондуктан алардын идеалдары такыр башка болуп калды.  Тилекке каршы, көпчүлүк балдар үчүн тарбиянын очогу үй-бүлө эмес, мектеп жана чөйрө болуп калды. Ал эми чөйрө эмнеге үйрөтүп жатат? Албетте, кылмыштуулукка. Азыр балдарга кылмыш чөйрөсүнүн башкача айтканда, «черныйлардын» лидерлеринин образдары жакшы сиңип жатат. Балдардын көбү ошолорго окшош болгусу, анан бат эле байыгысы келет. Еврейлер 40 жашына чейин балдарын жалаң билим алыш керек, андан кийин ошол алган билимиң сага кызмат кылат дешет. Бизде болсо тескерисинче окууну бүткөндөн кийин эле көп акча таап, акыркы үлгүдөгү авто унаа минип, чалкалап ресторанда отурганды идеал катары карап жатышат. Мунун себеби эмнеде? Албетте, биздеги идеологиянын жоктугунда.

 

 

Кандай идеология керек?

Кандай  мамлекет курабыз, кандай жаран керек, жаранды кандай тарбиялаш керек деген атайын бир багыттын жоктугу тарбияны өксүтүп жатат. Мурда советтик доордо тарбия маселеси анчейин көйгөй жараткан эмес. Себеби анда коммунизмдин он кодекси бар болчу. Уурдабагын, калп айтпагын, мамлекет үчүн иштегин деген сыяктуу ураандар балдарды туура жолго салып келген. Азыр болсо идеологияны кой билим-тарбия берген теоретикалык базабыз жок болуп жатат. Билим берүү жана илим министрлиги 2013-жылы Тарбия концепциясын иштеп чыккан. Бул жакшы. Бирок кандай концепция болбосун анын артында материалдык жана кадр камсыздыгы болушу керек. Мисалы, казактар, мингилер деген чоң идеологияны иштеп чыгып, анын негизинде казак эли кандай өнүгүшү керек деген концепция жазышты.  Бул концепцияны кагаз түрүндө калтырып койбостон, толук кандуу ишке ашыруу үчүн атайын көп суммадагы каражат бөлүндү. Ал үчүн чоң-чоң семинарлар, окуулар өтүп, кадр маселеси дагы чечилип, атайын китептерди чыгарып жатышат. Башка улуттарды дагы артта калтырбоо үчүн «казакский патриотизм» деген жаңы терминди чыгарышты. Анда Казакстан үчүн иштөө, Казакстанды 2050-жылда өнүккөн отуз өлкөнүн катарына кошуу деген максаттарды коюп, мугалимдер дагы, окуучулар дагы, интеллигенция дагы ушул максатка жетүүгө тырышып жатышат. Ал эми бизде болсо келечекте кандай коомду курабыз, ошол коомго кандай жарандар,  кандай адистиктер, адистер керек, өзүбүздүн коопсуздугубузду, эгемендүүлүгүбүздү кантип сактап калабыз деген максат, идеология жок болуп жатат.

 

 

Патриоттуулукка, эмгекке жана маданияттуулукка тарбиялоону колго алалы

25 жылдан бери жаштардын жаңы мууну пайда болду. Ал жаңы муундун талабы да, тарбиясы да такыр башка. 2011-жылы өзүбүз социологиялык изилдөө жүргүзгөнүбүздө 35 жашка чейинки жаштардын, болгондо дагы студенттердин 28% гана өз мамлекетимди сүйөм деп жооп берген. Ал эми 2012-жылы Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзгөн сурамжылоодо бул суроого жаштардын болгон 12% оң жооп берген. Бул өтө коркунучтуу. Азыр жаштарыбызды өз мекенин сүйүүгө үндөбөсөк, мамлекетибизге жалындап иштеп бербесек кылымдар бою сакталып келген кыргыз эли жок болуп кетиши мүмкүн.  25 жылдан кийин жаштардын канчасы өз мекенин коргоо үчүн аттанып, өз мекени үчүн жанын бергенге даяр боло алат деген суроого жооп издеп жатым өзүм корком. Себеби «Ушундай согуш болуп жатканда, уят эмеспи балаңдын үйдө жатканы» деп Жоомарт ата айткандай, азыркы жаштарда илгеркидей патриоттук дух жок. Азыр болсо үйдө жаткан уят эмес, баары мекенин коргогондон качышат. Бирок акыркы Дача-Сууда болгон трагедияга жаштардын кайдигер карабай, волонтер болуп, үйүндө өздөрү пайдаланып жаткан буюмдарын берип, нары-бери чапкылап жүргөндөрүн, эки күн бою өзүмдүн балдарымдын дагы балдарын кошуналарына калтырып коюп чуркап жүргөнүн көрүп, ишеним, үмүт пайда болду. Аларга ыраазы болуп, жаштарда баары бир адамдык сапат, бири-бирине жардам берүү, бирөөгө боор ооруу деген касиеттер сакталып калгандыгына кубанып турам. Бирок мындай касиеттин жаштардын баардыгында тең сакталып калгандыгына ишене албайм.

Азыр бизде кандай коом курушубуз керек деген орчундуу маселе турат. Албетте, биз маданияттуу коом түзүшүбүз керек. Бирок тилекке каршы, бизде бул жагы дагы абдан өксүп жатат. Мисалы, театрларды карап көрөлүкчү. Кыргыз, Орус драмалык театрларында, Опера жана балет театрында кимдер жүрөт? Жалаң шаардыктар анан чет өлкөлүктөр. Ушундан эле биздин кайсы деңгээлде экендигибизди билсек болот.

Анан дагы балдарды иштетпегиле, айыл чарба иштерине салбагыла дегенге мен каршымын. Себеби биз өмүр бою иштегенбиз, ал аркылуу эмгекке үйрөнгөнбүз, эмгек  менен тарбияланганбыз. Энгельс «Эмгек адамды киши кылган» дегендей, эмгектениш керек, эмгек – адамдын жакшы касиеттерин көтөрөт. Албетте, окуучулардын жаш курагына жараша жумуш кылдыруу абзел. Анткени бул биринчиден,  диссиплинага үйрөтсө, экинчиден, эмгекчилдикке, боорукерликке үйрөтөт.

 

Социалдык өнөктөштүктү колго алалы

Азыр бизге ата-энелердин мектептерин түзүү зарылдыгы дагы келип чыкты. Себеби баланы тарбиялоодо ата-энелер эч качан сыртта калбашы керек. Учурдагы педагогикада «социалдык өнөктөштүк» деген жаңы формула пайда болду. Бул жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги, мектеп, ата-эне, аялдар комитеттери, жаштар комитеттери, мамлекеттик эмес уюмдар, аксакалдар коомчулугу ж.б. баардыгы биргелешип балдарды тарбиялоо дегенди билдирет. Ушул социалдык өнөктөштүктү колго алуу зарыл болууда. Анткени өзгөчө диний берилүүнү алдын алуу, балдарга тарыхты, каада-салттарды, маданиятты үйрөтүүдө эне-аталардын, коомдун милдети чоң.

Акыркы кездерде балдардын өз өмүрүнө кол салуусу дагы тарбиянын жоктугунан болуп жатат. Анан дагы ишенбөөчүлүк, коомдун кара мүртөздүгү жакшынакай келечектүү жаштардын тагдырын талкалап жатат. Мурда эч качан массалык түрдө мындай өз өмүрүнө кол салуу болгон эмес.

 

Мектептен сырткаркы билим берүүнү жандандыралы

Мектептен сырткаркы билим берүү баланы тарбиялоодо чоң күч болот. Мисалы, «Сейтек» балдардын борбору бийдин, чыгыш спортунун түрлөрүн үйрөтүп, алар ар кандай сынактарда чемпион болуп, чет өлкөлөргө барып, кыргыздын маданиятын даңазалап жатышат. «Балажан» балдардын эстетикалык борбору дагы балдарды тарбиялоодо жакшы кызмат кылууда. Мен өзүм бул борборлордун ишмердүүлүгүн жакшылап изилдеп көрдүм. Көрсө көп пайдалуу нерселер бар экен. Жер-жерлерде дагы ушундай борборлорду ачып, аларга жогорудагыдай борборлордун методикаларын таркатуу зарыл.

 

 

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*