Өткөөл курактагы өспүрүмдүн көмүскөдөгү көйгөйлөрү

Кечээ Нарын шаарындагы, 21-январда Араван районундагы, андан мурдараак 19-январда Кочкор районундагы бычакташкан мектеп окуучулары коомчулукту кайрадан бейпайга салды. “Ыйман, адеп жана маданият жылынын” алгачкы күндөрү өспүрүм балдардын адеп өксүктөрүн ашкерелеген окуялары менен коштолуп отурганы өкүттүү. Мындай ич ара мушташтар бүгүн эле капилет чыга калбаган, ал үй-бүлөдө, коомчулукта орун алган агрессиялык терс таасирлерден улам ырбап отуруп, акыры жарылган жара экендигинен кабар берет.

Балага үй-бүлөдөгү агрессиялык кырдаал күчтүү таасир этет

Мектептерде, үй-бүлөдө таалим-тарбия иштери тап-такыр эле жүрбөй жатат деп айтууга болбойт. Бирок ал тарбия иштери таасирдүү болбой жаткандыгын ушундай терс окуялар айкын далилдеп турат. Психолог адистер мектептерде окуу-тарбия иштеринде орун алып жаткан боштуктар, үй-бүлөдөгү социалдык мүчүлүштүктөр келип-келип отуруп ушундай натыйжа берип жатканын айтышат. “Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө борборунун жетекчиси, психолог Чынара Термечикованын айтымында, балага үй-бүлөдөгү кырдаал өзгөчө курч таасир берет.

  • Көпчүлүк ата-энелер үйүндөгү тиричилик менен эле алышып, балдарынын, айрыкча, өспүрүм курактагы уул-кыздарынын кулк-мүнөзүндөгү өзгөрүүлөргө баам салышпайт. Алар баласынын курсагы ток, кийими бүтүн болсо болду деген маанайды карманышат. Чындыгында андай эмес. Өсүп-жетилип келаткан өспүрүмдөр өтө татаал процесстен өтүшөт. Муну балдар өздөрү да көп аңдай беришпейт. Мындай кырдаал жетишпеген, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдө эле эмес, бакубат жашаган мамлекеттерде да, жетиштүү турмуш кечирген үй-бүлөлөрдө да кездешет. Ошого жараша алардын келип чыккан себептери да ар түрдүү. Көп жылдык иш тажрыйбамдан улам байкаганым, балага эң оболу үй-бүлөдөгү агрессия курч таасир этет. Өткөөл курактагы өспүрүмдөрдүн өзгөчөлүктөрүнө ата-энелер тургай, атайын билими бар мектептеги адис мугалимдер да убагында маани бербей өтүштүрүп жибериши ыктымал. Мектеп жетекчилери бизде рэкет сыяктуу терс көрүнүштөр жок деп жаап-жашырууга мажбур болушат, себеби, таяктын бир башы келип эле өзүбүзгө тиет деп чочулашат. Көмүскө каткандан көрө, тыкыр иликтеп, сурамжылоо жолдору менен окуучулар арасында изилдөө жүргүзүшсө, маектешсе, маалымат беришсе дурус болмок. Албетте, балдар ич ара талаш-тартыш маселелерин оңой менен айта коюшпайт, бирок, байма-бай айтылган маалыматтар бирде болбосо, бирде кулактарына сөзсүз илинет, – дейт.

Чынара Термечикова белгилегендей, ырасында эле мугалимдер, мектеп администрациясы мектеп ичинде орун алып жаткан талаш-тартыш маселелерин жаап-жашырууга аргасыз болушат. Анын себеби деле түшүнүктүү, жоопко тартылышат. Бирок “шибегени капка каткандай” эле минтип оркоюп чыгып калып жатпайбы. Андыктан ата-эне, мугалим жана коомчулук биргелешип, балдардын тарбиясындагы өксүктөрдү ачыкка чыгарып, чогуу чаран талкуулашса, бири-бирине көмөктөш болушса, балким балдар ичтерине каткан көмүскө көйгөйлөр ачыкталып, бири-бирин бычакташканга жеткен кырдаалдарды алдын-алууга болот беле деп ойлойсуң.

Тарбия иштериндеги талаш-тартыштар  

Балдарды тарбиялоодо орун алып жаткан өксүктөрдүн ордун толтурууга тоскоол болуп жаткан себептердин дагы бири, баланын ата-энесинин бирөөсү жок болуп, толук эмес үй-бүлөдө өсүп жаткандыгы же болсо да, баланын жанында эместиги. Кийинки учурда мигранттардын балдары деген термин кеңири жайыла баштады. Бакубат жашоо куруу үчүн балдарын курмандыкка чалып, алыскы жана жакынкы мамлекеттерде иштеп жүргөн эмгек мигранттары азыр ар бир үйдө бар, болгондо да эки-үчтөн бар. Аздыр-көптүр акча салып, балдарынын киймин бүтөп, кардын тоюндуруп жүрүшкөндөрүнө каниет эткен ата-энелер балдарын тарбиялоо ишинен сырт калып жаткандарына кабыргасы кайышпайт деп да айтууга болбойт. Алар көкүрөгүнүн тээ түпкүрүндө ишеним жүктөп таштап кеткен жакындарына, туугандарына, мектепке таянышар балким. Ал ортодо балдары жакындарынын толуп-толбогон мээриминде, таасири тийип-тийбеген тарбиясында өсүп жатышат.

Коомдук ишмер, педагогика илимдеринин доктору Ишенгүл Болжурованын пикиринче, ата-энелер балдарынын кардын тойгузуу менен чектелбей, башка жактан да тарбия берүү жагын колго алуулары зарыл. Ал тарбия түгүл, ата-энесин көрүүгө зар болгон балдардын өсүп жаткандыгына кейийт. “Статистикалык маалыматтар боюнча элдин 5-7 пайызын социалдык абалы туруктуу үй-бүлөлөр түзсө, калганы карапайым, колдоого муктаж жарандар. Дал ушул катмар илгертен келаткан салттуу тарбиядан артта калууда. Капчыгы жука ата-энелер балдарына кошумча билим тарбия бере алышпайт. Балага кошумча билим берүү, аларды спортко катыштыруу, музыка жана башка ийримдер аркылуу тарбиялоо шаар ичинде гана өнүкпөсө, айылдыктарда бул маселе жабык бойдон. Ошондуктан айыл мектептерин кечкисин да иштетип, компьютер, тил үйрөтүү, эркек балдар үчүн спорт секцияларын уюштуруп, кыздарга түймө түйгөндү, кийим-кече бычып-тиккенди үйрөтүүчү ийримдерди уюштурууга эмне үчүн болбосун? Болгону каалоо гана керек. Мисалы, азыр айылдагы клубдардын көбү бош жатат” деп ой бөлүштү ал.

Өлкөдөгү ички жана тышкы миграция агымынын натыйжасында жону катуу жокчулуктан жапа чеккендердин катарында ата-эне мээриминен өксүк өсүп келаткан балдардын бүтүндөй бир мууну пайда болгону да чындык.

Эмгек мигранттарынан эсеп-чотту катуу талап кылуу керек

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Венера Ибраева мектептеги билим-тарбия иштерине балдардын үй-бүлөсүндөгү кайдигерлик, жоопкерчиликсиз мамилелер да кедерги тийгизип жатканын жашырбайт. Венера Назарбековнанын айтымында, аягы өкүнүчтүү аяктаган окуялар көп учурда ата-энелери кашында болбогон учурларда орун алат. Анын эсеби боюнча учурда Кочкор районундагы мектептерде 244 сырткы мигранттардын балдары, 354 ички мигранттардын балдары катталган.

  • Тилекке каршы, көпчүлүк учурда көйгөй жараткан өспүрүмдөрдүн үй-бүлөсүндө абал тынч эмес болот. Окуудан, жүрүм-турумунан жетишпеген балдардын үй-бүлөлүк шарттарын изилдегенде, атасы же энеси жок, болсо да жанында эмес шартта экендигин көрөсүң. Бизди айрыкча ички жана тышкы мигранттардын балдары тынчсыздандырууда. Ошондон улам айтар сунушум, балким, иштөөгө сыртка кетип жаткан энелер балдарын кимге, кандай шартта таштап кетип жатышат, калтырган жооптуу адамдарда соттун чечими барбы деп талап койсок жакшы болмок беле деп ойлойм. Анткени кандай болгон күндө да жооптуу бирөө болушу керек. Биз азыр социалдык өнүгүү башкармалыгы менен ушул багытта тыгыз иш алып баруудабыз. Андан тышкары, райондук өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, айыл өкмөттөрү менен да биргелешип белгилеген бир катар иш-чаралар бар. Ушулардын баары балдарды туура тарбиялоо, адеп-ахлакка үйрөтүү максаттарын камтыйт. Арийне, мектептеги мугалимдер, мектеп жетекчилери балдарды окутуп-тарбиялоодо бардык милдеттерди аткара албайт эмеспи. Балдарга адегенде эле ата-эненин көзөмөлү, талабы, тарбиясы катуу болууга тийиш.

Биздин райондун мектептеринде таалим-тарбиянын заманбап ыкмалары кеңири жайылтылган иш-чаралар байма-бай жүргүзүлүп келүүдө. Жакында эле “Зомбулуксуз мектеп” программасынын алкагында иш-чараларды жүргүзгөнбүз. Андан мурда мектептерде жогорку класстардын окуучуларынын катышуусунда “Биз кылмыштуулукка каршыбыз!” деген аталыштагы флэш-моб өткөн. Ошондой эле өспүрүмдөргө кызыктуу, аларга пайдалуу түрдүү тематикаларды камтыган театр-форумдар уюштурулуп турат. Мындай иш-чараларга окуучулар активдүү катышууда. Анткени заманбап, алардын табитине туура келген тарбия ыкмалары аларга кызыктуу болуш керек деп ойлойм, – деп биз менен пикир бөлүштү.

Венера Ибраева ошондой эле азыркы жаштарга тийип жаткан диний таасирлерге өтө этият мамиле жасообуз керектигин белгилейт. Анын пикири боюнча, диний окуулар жеке эле ыйман, адеп-ахлакка тарбиялабай, тескери агымга буруп, балдарды же окуудан азгырып, коомдук активдүү турмуштан алыстатып жиберүүдө. Адистердин айтымында, мындай шартта ата-энелер, коомчулук өтө сак болушу абзел. Адистер ошондой эле ата-энелер мектебин түзүп, анын ишин жандандыруу зарылдыгын да белгилешүүдө. Ата-энелер комитети, жаштар комитети, өкмөттүк эмес уюмдар, аксакалдар коомчулугу биргелешип, бир багыттуу, бир максаттуу иш-чараларды өткөрүшсө, мындай көрүнүштөр утурумдук болбой, байма-бай өткөрүлүп турса, суроо-талап күчөтүлсө, жаш өспүрүмдөр коомчулуктун көзөмөлүндө болушмак. Бүгүнкү тестиер бала эртең эле эр жетип өзү үй-бүлө куруп, балалуу болот. Алар өздөрү балдарына бере турган тарбия угуту, алардын келечеги бүгүнкү ата-эне макамындагы адамдарда экендигин эстен чыгарбасак.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*