КАЙРАДАН ӨЗ ОРДУН ТАПКАН ТАРЫХЫЙ ТАКТА

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжинин имаратында мындан 75 жыл мурун жайгашкан аскер учкучтар мектеби болгонун далилдеген мемориалдык тактанын ачылыш аземи болуп өттү. 5-февраль 1942-жылы азыркы Курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжинин имаратынын базасында даярдалган аскер учкучтарынын биринчи бүтүрүүчүлөрү Фрунзе шаарынан согушка аттанышкан. Бул аскер мектеби Одесса шаарындагы Полина Осипенко атындагы 24-мектептин базасында түзүлгөн. Немец баскынчылары Одессага жакындап кирип келгенде, аскер учкучтарынын мектеби ошол кездеги Фрунзе шаарына көчүрүлүп, жогоруда аталган окуу жайдын имаратына жайгаштырылган. Ошондой эле аталган окуу жай темир-жол вокзалына жакын жайгашкандыктан согушта жарадар болгон жоокерлерди дарылап кайра фронтко жөнөтүү максатында колледжде аскер госпиталы дагы уюштурулган. 1941-жылдын 1-ноябрынан баштап Эл Комиссариатынын 1941-жылдын 30-сентябрдагы №65  буйругу менен Коммуналдык курулуш техникуму окутууну убактылуу токтоткон.

Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжинин директору Максат Дүйшөбаевдин айтуусуна караганда, окуу жайдын базасында 1941-жылдын декабрь айында Одесса шаарындагы П.Осипенко  атындагы 24-аскер учкучтар мектеби азыркы колледждин базасына көчүрүлүп келген экен.

– Аскер учкучтар мектебинин биринчи бүтүрүүчүлөрү мындан 75 жыл мурун согушка аттанышкан. Баш аягы согуш бүткөнчөктү биздин колледждин короосунан 1500 учкучтар даярдалып, Советтер Союзунун Баатыры жогорку наамга 13 кыргызстандыктар татыктуу болушкан. Советтер Союзунун Баатыры наамын алышкан алты учкуч аталган колледждин базасында жайгашкан 24-аскер учкучтар мектебинин бүтүрүүчүлөрү. Алардын ичинде ошол кездеги Коммуналдык курулуш техникумунун бүтүрүүчүсү Мирошниченко Николай Прокофьевич бар. 1981-жылы Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин чечими менен биздин окуу жайдын имараты тарыхый эстелик катары мамлекеттик коргоого алынган. Ошон үчүн 1981-жылы мемориалдык такта илинген. Тилекке каршы, кийин ал алынып калып, такта кайда калганы белгисиз болуп калган.

Учурда Билим берүү жана илим министрлигинин жардамы менен биздин окуу жайдын имараты ремонттолуп жатат. Ушул учурда жогоруда айтылган мемориалдык такта акыр-чикирдин арасында калган экен, аны биз таап алып, реставрацияга берип, Кыргызстандагы Россия Федерациясынын элчилиги менен бирдикте тарыхый мемориалдык тактаны өз ордуна илдик. Бул иш-чара келечек муун үчүн абдан маанилүү. Биздин келечегибиз үчүн канын, жанын аябаган баатырларды эскерип туруу – биздин милдет. Мындай иш-чаралар менен биз жаштарды туура жолго үндөп, алардын аң-сезимин эрктүүлүккө, бири-бирин сыйлоого, патриоттуулукка, тарыхыбызды кенен билгенге тарбиялап келебиз, – дейт М.Дүйшөбаев.

Жогорудагы маалыматтарды «Вечерний Бишкек» гезитинин кабарчысы Светлана Лаптева изилдеп чыккан. Ал «Наша победа — Биздин жеңиш» изилдөө кыймылынын координатору. Окуу жайга тиешелүү бир топ маалыматтарды С.Лаптевадан алып, азыр жетекчиликтин демилгеси менен колледжде атайын музей ачуу демилгеси көтөрүлүп жатат.

– Кыргызстанда атайын орто кесиптик окуу жайлар көп. Алардын ичинде биздин окуу жайдын өзүнчө орду бар, флагман деп койсок болот. Эки жылдан кийин окуу жайдын түзүлгөнүнүн 90 жылдыгын белгилейбиз. Бүгүнкү иш-чара музей ачканга түрткү берди. Биз дагы «Биздин жеңиш» издөө тобуна кошулуп, чогуу кызматташканы калдык, – дейт директор.

Иш-чарага келген Бишкек шаардык согуш ардагерлеринин төрагасы А.Тойгонбаев жаштарга өткөн тарыхты айтып туруу керек экенин баса белгиледи.

– Ушул колледждин имаратында билим алган учкучтар тууралуу маалыматты ар бир студент билүүгө милдеттүү. Маселен, И.Таранчиев, Ормокеев ж.б. биздин жердештер Улуу Атамекендик согушта канын, жанын аябай мекенди, жашаган жерин коргоп кеткендерин ар бириңер билишиңер керек. Алардын жасаган эрдиги, иштери силер үчүн үлгү болуш керек, – деди ал.

Ал эми Билим берүү жана илим министринин орун басары К.Кожобеков учкучтар мектебинин тарыхына токтолуп, иш-чараны уюштуруп жатышкан Кыргызстандагы Россия Федерациясынын элчилигине министрликтин атынан ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң Кыргызстандагы Россия Федерациясынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси А.Крутько бул күн ал үчүн өзгөчө майрам экенин баса белгиледи. Анткени Одессадагы учкучтар мектебинде анын атасы окуп, кийин көчүрүлгөндө ал Фрунзеге эмес, Ленинабадга түшкөн экен.

– Бирок Фрунзе шаарындагы аскер учкучтар мектебинде менин атам менен окуган курсташтары окуп, кийин баары согушка аттанышкан. Бул үй-бүлөлүк эскерүүнүн бир үзүмү десем болот. Өткөндөрдү эстеп туруу ар бирибиздин парзыбыз. «Наша победа — Биздин жеңиш» издөө тобу көп иштерди жасап жатышат. Ошондуктан жапа тырмак баарыбыз киришип, патриоттуулук сезимди күчөткөн бул ишти токтотпошубуз керек. Ансыз деле согуш ардагерлеринин саны жыл сайын азайып баратат. Биз өзүбүздүн баатырларыбызды эч убакта унутпашыбыз керек. Же болбосо бизди тарых кечирбейт, – деди элчи.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К.Музуралиев мемориалдык тактаны орнотуп жатып бир эле ушул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө эмес, жалпы согуштун катышуучуларына жана орукта эмгектенгендерге урмат-сый менен мамиле кылуу ар бир жарандын милдети экенине токтолду.

– 75 жыл мурда аскер учкучтар мектебинин биринчи бүтүрүүчүлөрү ушул жерден согушка аттанышкан экен. Сталинград үчүн салгылашкан белгилүү 660, 664 жана 665-авиациялык полк так ушул мектептин базасында түзүлгөн. Биринчи бүтүрүүчүлөр кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наамды алышкан. Алар: Владимир Ермолаев, Владимир Жигунов, Николай Стройков, Анатолий Кобзев, Николай Мирошниченко жана Николай Васин. Кийин дагы алардын катарын бир топ баатырлар толукташкан. Бул адамдардын башын Мекенге болгон чексиз сүйүүсү, эрдиги жана ишке берилгендиги бириктирген, – деди төрага.

Ал эми Кыргызстандагы “Россотрудничество” өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Крусткалн өткөрүлүп жаткан иш-чаранын өсүп келе жаткан келечек муун, жаштар үчүн өзгөчө маанилүү экендигин белгилөө менен, Улуу Атамекендик согуш элестерин сактоо иштерине жана жаштарды патриоттулукка тарбиялоого кошкон салымы үчүн өкүлчүлүктүн Ардак грамотасы менен окуу жайдын жетекчиси Максат Дүйшөбаевди сыйлады жана окуу жай менен мындан ары дагы кызматташтыкка даяр экендигин билдирди.

Аталган иш-чарага жогоруда сөз алып сүйлөгөндөрдүн арасында Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин аскер атташеси, Кант шаарындагы ОДКБнын аскер базасынын өкүлдөрү, 1-Май райондук администрация башчысынын орун басары, Фрунзе-1 аскер аба базасынын жетекчилиги, КР десанттар союзунун жетекчиси, аскер авиациясынын ардагерлери ж.б. катышышты.

Азыркы муун бүгүнкү жана кечээки тарыхты эстеп жана сыйлап туруу, мекенди коргогон баатырларды эскерип туруу жана согуш тууралуу чындыкты чыгарып жана коргоп туруу милдет экени айтылды. Ошентип, жоголуп кеткен такта кайра өз ордун тапты. Эки өлкөнүн желектери желбиреп, гимндери аткарылды. Өткөндөрдү эскерүүдө бир минуталык аза күтүү вазийпасы да аткарылды. Улуттук гвардиянын аскерлери мылтыктарынан асманга карата ок чыгарышты. Студенттер аскер кийимдерин кийип, ар бири согушка аттанып, кайра кайтып келбей калган баатырлардын сүрөттөрүн кармап турушту. Колледждин студенттери аталган иш-чарага атайын көргөзмө уюштурушуп, окуу жайдын жыйын залында студенттер үчүн ОДКБнын Канттагы аскер базасы тарабынан даярдалган авиацияга арналган кызыктуу фильм көрсөтүлдү.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*