ОКУУЧУЛАРДЫ ЫЙМАНДУУ, АДЕПТҮҮ КЫЛЫП ТАРБИЯЛОО ЫРААТТУУ МАМИЛЕНИ ТАЛАП КЫЛАТ

Бишкек шаарынын Свердлов районунун  акими Самарбек Болотбеков Бишкек шаарындагы №46 орто мектебинин администрациясы менен жолугушуп, мектептин жетишкендиктери, алдыга койгон пландары  жана мектептин көйгөйлүү маселелери менен таанышты. Ошондой эле ал кыргыз тили жана адабият мугалими Элмира Каджибекованын “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деген темадагы класстык саатына катышып, окуучулар менен ой бөлүшүп, аларды ыймандуу, адептүү, маданияттуу болууга чакырды.

 Мугалим Э.Каджибекова Президент Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылды “Ыйман, адеп жана маданияттуулук жылы” деп жарыялоо тууралуу жарлыкка кол коюшу – мезгилдин талабы экенин баса белгиледи.

  • “Адамды адептүүлүккө  тарбиялабай туруп,  жөн гана билим берүү, коомго өтө коркунучтуу бирөөнү кошкон менен барабар”, – деп Теодор Рузвельт айткандай,  адептүү болууга үйрөнүшүбүз керек. Жарандарыбыз буга чейин адепсиз болчу деген түшүнүктөн алыспыз, бирок бүгүн тарбияга, айрыкча, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын маданиятына мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлгөн  чоң жетишкендик десек да болот. Себеби адам   жакшы менен жаманды коомдон  алып, өзүн өзү тарбиялайт. Ошондуктан  бул нерсеге көңүл мурунтан бурулуш керек болчу. Тилекке каршы, бардык маселелерди бир мезгилде чечүү мүмкүн эмес. Беш жылдан бери жыл сайын актуалдуу маселелер көтөрүлүп жана деталдаштырылып чечилип келе жатат. 25 жыл эгемендигибизде тарбия берүү жана маданияттуулук жаатында жоготуулар көп болду. Адам – бул социалдык жандуу нерсе, ал тарбияны генден эмес, айлана-чөйрөсүнөн алат. Биздин мамлекет башчыбыз муну түшүнүп, буга көңүл буруп жатат. Ыйман, адеп жана маданияттуулук – бул бири биринен ажырагыс факторлор. Мамлекеттин көмөгүсүз адамдарды, айрыкча, өсүп келе жаткан муунду ыймандуулукка, адептүүлүккө тарбиялоо мүмкүн эмес, – деди мугалим окуучуларга кайрылып.

Андан соң мугалим маданият, адеп, ыйман деген сөздөрдү чечмелеп айтып берди. Окуучуларды үч топко бөлүп алып,  атайын сүрөттөрдү таратып, суроолорду берди. Окуучулар болсо өз ойлорун сүрөттүн  негизинде чагылдырышты.  Мисалы, биринчи топко “Ыймандуу болуу үчүн билим экинчи орунда калыш керекпи?” – деген суроо берилсе, экинчи топко “Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста”, үчүнчү топко “Улуттук нарктуулугубузду көтөрүү үчүн ушундай “эрдик” кыла аласыңарбы?” – деген тапшырмага окуучулар өз ойлорун ортого салышты. Андан соң адепке, ыйманга, маданиятка тиешелүү макалдарды толуктоо тапшырмалары берилди. Класстык саат абдан кызыктуу өтүп, мугалим үйгө тапшырмасын берген соң окуучулар сабак учурундагы жоопторго өздөрү бири бирине баал беришти. Андан соң,  Свердлов районунун акими окуучулардын ой жүгүртүүсүнө ыраазы болгонун айтып, келечек жаш муундарда экенин, ал үчүн билим жана таалим-тарбия алуу биринчи орунда тураарын билдирди.

 Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*