ӨСПҮРҮМДӨР ЖАҢЖАЛЫ: ӨЗӨГҮ КАЙДА?

Билим берүү жана илим министрлиги республикадагы бардык билим берүү мекемелерине методикалык үлгү нускама кат жолдоп, анда окуучулардын  коопсуздугун камсыздоо багытындагы иш-аракеттерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Билим  берүү  процесси  мыйзамдуулук,  демократия,  баланын  кызыкчылыктарын  камсыздоо  принциптеринин негизинде курулуу менен,  кайсы бир ажырым белгиси  боюнча  кодулоого  жол  бербөө (дискриминация),  коомдун  тең  укуктуу  өкүлү  катары баланын  укуктарын  жана  эркиндигин  сыйлоо  жана  камсыздоо,  зомбулуктун  бардык формаларынан  баланы  коргоо,  баланын  укуктары,  эркиндиги  жана  мыйзамдуу  кызыкчылыктарын  бузбоо керек деп жазылат нускама катта.

 

Мындай кескин чара колдонууга акыркы бир ай ичинде бир нече жолу катталган окуучулар арасындагы өлүм менен аяктаган мушташтар, интернет тармактарындагы оюндарга өтө берилип кеткен өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуулары түрткү болууда.

КР Ички иштер министрлигинен алынган расмий маалыматтар боюнча жыл башынан бери эле 15 өспүрүмдүн өлүмү катталган. Алардын бири 19-январда Кочкор районунун Кочкор айылында катталган. Кечки саат тогуз жарым чамаларында К.Кыдыралиев атындагы орто мектебинин  10-классынын окуучуларынын арасында жаңжал болуп, натыйжада 2000-жылы туулган Туратбек уулу Актилек бычактан оор жаракат алып, 2000-жылы туулган Замирбек уулу Жылдызбек бычактан каза болгон.

ИИМдин басма сөз кызматы билдирген маалыматтарга таянсак, Кочкор айылындагы Ж.Кыдыралиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучулары Алтынбек уулу Жакшылык, Дүйшөнбек уулу Ийгилик жана 2000-жылкы Айтбек уулу Арген 19-январь күнү кечинде Дүйшөнбек уулу Ийгиликтин үйүнөн сурап минип чыккан авто унаа менен Кара-Тоо айылындагы дүкөндөн бир бөтөлкө арак алышып, айылдын четинде ичишкен. Ошол жерден Актилек өздөрү менен чогуу окуган Асадалиев Калыс менен телефон аркылуу сүйлөшүп, сөгүшө кетишет да, анын үйүнө барып сүйлөшөбүз деп, баары чогуу Асадалиев Калыстын үйүнө келишет. Ал жерден  уруш уланып, берки балдар жабылып Калысты сабап калышат. Балдардын курчоосунан качып чыккан ал артынан кубалагандарга бычак шилтеп, үйүнө кирип кетет. Бутунан жаракат алган Жылдызбекке “Тез жардам” чакырышкан. Тез жардам машинасы келген учурда Жылдызбек кансырап ошол эле жерде каза болгондугу жана Туратбек уулу Актилек ичине бычак сайылып жараат алгандыгы белгилүү болгон.

Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө Кочкор райондук ИИБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматтык ишмердүүлүгүндө жетишпестиктер жана кемчиликтер аныкталып, алды кызмат ордунан бошотулуп, арты катуу сөгүш, эскертүү алышкан.

Ушундай эле эскертүү, сөгүш, кызматтан алуу сыяктуу жазалардан билим берүү мекеме кызматкерлери да чет калышкан жок. Бирок ушул жерде балдардын коопсуздугу, таалим-тарбиясы үчүн педагогдор же болбосо милиция кызматкерлери эле жооп бериши керекпи деген мыйзам ченемдүү суроо жаралбай койбойт.

Кайгылуу окуя балдардын сабак убактысынан тышкары, кечинде болуп отурат. Ага кошумча, жашы жете элек куракта арак ичишкендиги үчүн (жашы жете элек өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салган мыйзам болгонуна карабай), айдоо укугу жок өспүрүмдүн автоунаа айдап чыккандыгы үчүн ким жооп берет?

Ата-энелер өздөрү өрнөк болушу абзел

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун Жайлоо өнүгүү борборлору долбоорунун координатору Асылбек Жоодонбековдун пикири боюнча адегенде ата-энелер өздөрү өздөрүн тарбиялашы керек.

 

  • Акыркы мезгилде өлкөбүздө 15-16 жаштагы балдар бычакташып, бири-бирин өлтүргөн, жарадар кылган окуялар тилекке каршы катардагы көрүнүшкө айланды. Кырчындай балдарыбыздын өз өмүрүн өзү кыйган фактылары да аз эмес. Жаштардын мындай агрессивдүүлүгү, жолсуздугу биздин күндөлүк жашообуз, өздүгүбүз, коомдогу мамилелер менен тыгыз байланышкан. Маселе жаштарда эмес. Маселе – ата-энеде, коомдо, чөйрөдө. Сиз менен бизде. Азыркы тапта үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгүндө өз ара түшүнүүчүлүк, мээрим эмес, күч, авторитет, коркутуп тарбиялоо үстөмдүк кылат. Коомубузда билимге, акылга, сабырдуулукка, жөнөкөйлүккө караганда кара күчтүн, байлыктын, бийликтин үстөмдүгү алда канча жогору турат.

Мектеп директору, айыл округунун башчысынан тартып мамлекет башчысына чейин кызматташуу, көмөктөшүү, жол көрсөтүүнүн ордуна авторитетине манчыркоо, коркутуу жолу көбүрөөк колдонулат. Коомчулукта жөнөкөйлүк, ачык-айкындык, адилеттүүлүккө караганда акчалууларга, жасакерлерге, бийликке чиренгендерге карап түздөнөбүз. Балдарыбыз бий болсо, башчы болсо дейбиз.

Өлкөбүздө жардам берүүчүлөр, жол көрсөтүүчүлөр, өрнөк болуучуларга караганда текшерүүчүлөр, көзөмөлдөөчүлөр көбүрөөк. Өзүн сурамжылап, өнүгүү жолуна түшкөндөргө караганда башкалардын “өпкөсүн үзгөндөр” мол.

Келиңиздер, балдарыбыз үчүн өзүбүз өзгөрөлү, өнүгөлү. Балдарыбыз биз айткандарга караганда жасаган, жашаган нерселерибизден өрнөк алат. Балдарды тарбиялоодон мурун өзүбүздү тарбиялайлы,-деген пикири менен бөлүштү Асылбек.

Адистин пикири:

Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиев: “Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат”

 

Жаш ѳспүрүмдѳр арасында кылмыштуулуктун жылдан жылга ѳсүп баратканы бул орчундуу, ѳзгѳчѳ кѳңүл бура турган, жалпы коомчулукту тартуу менен кечиктирүүсүз чара кѳрѳ турган маселе. Коомубузда болуп жаткан терс кѳрүнүштѳрдүн таасири жаш ѳспүрүмдѳрүбүзгѳ түздѳн-түз тийүүдѳ. Анын натыйжасы — окуучулар арасындагы кылмыштулуктун ѳсүшү. Балдарды тарбиялоодо улуттук баалуулуктар жѳнүндѳ кѳбүрѳѳк маалымат берип,  улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо керектигин айтуу абзел. Азыркы балдардын билимге умтулбай, бийликке умтулганы кейиштүү. Билим албай, эмгектенбей эле баарына жетүүнү самашат. Бул нерсенин баары телеберүү, батыштан келген мультфильм, кѳркѳм фильмдердин, интернеттин таасири. Жаш бала үчүн анын кандай коомдо жашап жатканы, анын калыптанышына чон роль ойнойт. Кѳр-тириликтин айынан чет жактарда иштеп жүргѳн жарандарыбыз кѳп. Тилекке каршы, кѳптѳгѳн балдарыбыз толук кандуу үй-бүлѳдѳ эмес, атасы же энеси жок үй-бүлѳдѳ, жакын туугандарыныкында тарбияланып жатканы ачуу чындык. Ата-эне мээримин кѳрбѳгѳн балдар психологиялык жактан жабыркап чоноюшууда. Бала кезинен кагуу жеп, жылуу сѳз укпаган балдардан биз келечекте эмнени күтѳбүз!? Уядан кѳргѳн нерсесин учуп чыкканда жасап жатпайбы анан…

Кочкор, Араван райондорундагы мектеп окуучуларынын ортосундагы мушташтын келип чыккан себептерин кылдат текшерип анализ жүргүзүү керек. Аталган үрѳйдү учурган окуялардан кийин Ысык-Ата райондук билим берүү  бѳлүмү тарабынан кылмыштуулуктун алдын-алуу, тарбия иштерин күчѳтүү боюнча атайын буйрук чыгып, мектеп директорлорунун катышуусунда талкууланды. Ар бир мектепте окуучулар менен атайын сабактар жана ата-энелери менен жыйындарды өткөрүү тапшырылды.

Жашы жете элек балдар арасында кылмыштуулуктун алдын-алуу, аны болтурбоо, ага каршы күрѳшүү бул бир гана мектеп, билим берүү бѳлүмүнүн, же укук коргоо органдарынын гана милдети эмес. Бул баарыбыздын милдетибиз. Жаш ѳспүрүмдѳрдүн тарбиясына ѳзгѳчѳ маани берип, анын келечекте кылмыш жолуна түшпѳй, бекем ден соолукта ѳсүп, сапаттуу билим алуусуна шарт түзүп берүүбүз зарыл. Балдар биздин келечегибиз, алардын тарбиясына, келечегине баарыбыз жооптуубуз.

Балдарды интернет оюндардан баш тарттырууга болобу?

Бишкектин мектептеринин биринде окуган 15 жашар бала бешинчи кабаттан боюн таштап каза болгондугуна коомчулук, ата-энелер интернеттеги “Тихий дом” ж.б. аталыштардагы оюндардын тиешеси бар деп болжошууда.

Бул иштер укук коргоо кызматкерлери тарабынан иликтенип жаткандыктан, азырынча кандайдыр би жыйынтык чыгарууга али эрте. Бирок балдардын жеке турмушуна интернеттин таасири тийип жаткандыгы тууралуу адистер коңгуроо кагышууда. Андыктан биринчи кезекте ата-энелер балдарынын бош убактысын кандай өткөрүп жаткандыгына көзөмөлдү күчөтүшү керек. Баласынын терс адаттарга азгырылбай, кооптуу кырдаалга кабылуусун алдын-алуу үчүн ата-энелер, жакындары анын бош убактысын гана эмес, үйдөгү, көчөдөгү, мектептеги жүрүм-турумун көз кырынан чыгарбашы керек деп эскертишет психологдор.

Канткен күндө да өспүрүмдүн жашоосун толук көзөмөлдөй алууга мүмкүн эмес. Муну бардык эле ата-эне мойнуна алат болуш керек. Эгер балага басым жасап, интернетте отурууга тыюу салсаңыз, ал түнт болуп,  буга чейин жасап келген иштерин сизге көрсөтпөй уланта берет. Андыктан бардык шартта балдарга убакыт бөлгөнгө аракет жасоо сунушталат.

Психологдун кеңеши:

Балдарыңыздын пикирин качан болсо уга турганыңызды көрсөтүшүңүз керек. Сизге дос катары мамиле жасашына шарт түзүңүз.

Өлүмгө болгон кызыгуу өткөөл куракта күч аларын унутпаңыз. Бул абдан кооптуу мезгилдердин бири.

Өспүрүм менен ачык, ынак мамиле түзүп алгандан кийин гана өзүңүздүн пикириңизди айтып баштасаңыз болот. Эгер жемелей турган болсоңуз, ар бир айткан сөзүңүз текке кетет.

Эгер балаңыз сизге социалдык тармактагы баракчасын көрсөтпөй жатса, ага акырын кайрылып, эмнеге минтип жатканын сураңыз.

Өспүрүм социалдык тармактагы баракчасына басмырланган, денесин кескилеген сүрөттөрдү кое баштаса, демек, чочулоого негиз бар.

Эгер балаңыздын интернет баракчасында мышыктын, көпөлөктүн, мүйүздүү жылкынын, киттин же медузанын сүрөттөрү пайда боло баштаса — бул жаман белги.

Айрым маалыматтарга караганда, белгисиз адамдар эгер балдар суицид жасабаса IP-дареги аркылуу таап алып, жакындарынын баарын өлтүрө турганын айтып коркутат. Эсиңизде болсун: IP адамдын өздүгү тууралуу эч кандай маалымат бере албайт!

Өспүрүм тууралуу көбүрөөк маалыматты анын жеке баракчаларын барактап отуруп таап алса болот. Ал жакта баланын кайда окуп, жашай турганы, ата-энеси кайда иштери тууралуу нерселер жазылган. Бул мааламыттарды жаман ойлуу адам өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланышы толук мүмкүн, андыктар алардын баарын өчүрүп салуу керек.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*