ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ — ТАЛЫКПАГАН ЭМГЕКТЕ

Бишкек шаарындагы алдыңкы №113 бала бакчасын 1997-жылдан бери билим берүүнүн мыктысы Гүлмира Адылова жетектейт.

Гүлмира Пржевальск шаарындагы Педагогикалык институтун ийгиликтүү аяктагандан кийин алыска кетпей эле Ысык-Көл облусунун Долинка айылындагы мектепке орус тили жана адабияты мугалими болуп алгачкы эмгек жолун баштайт. 1982-жылы ал кездеги Фрунзе шаарына көчүп келип, №81 бала бакчага тарбиячы болуп орношот. Шаардык билим берүү башкармалыгы өткөргөн бардык сынактарга активдүү катышып, алдыңкы орундарды ээлейт. Иштин көзүн билген тарбиячыга 1996-жылы №113 бала бакчаны жетектөө үчүн шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан ишеним көрсөтүлөт.

Андан бери 20 жыл өттү. «Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей, Г.Адылова бала бакчанын айлана-чөйрөсүн оңдоп-түздөгөнгө жетишти. Мезгилден артта калбай жаңы муундагы технологияларды өздөштүрүүнү, жаңы усулдарды, ыкмаларды тарбиячылар сабакка пайдаланышын талап кылып турат.

– Кандай гана семинар, тегерек стол же майрамдарды уюштуруу керек болсо, сөзсүз Г.Адыловага кайрылабыз. Анын эшиги дайыма жакшы саамалыктарды көрсөтүү үчүн ачык. Анын жетекчилиги алдында мекеменин жамааты «Жүрөгүм менин балдарда» ат- туу шаардык сынактарга активдүү катышып келишет. Маселен, 2011-жылы «Мыкты мектепке чейинки мекеме» номинациясында 3-орунду, 2013-жылы «Мыкты оюн аянт-часы» номинациясында 2-орунду жана 2014-жылы «Мыкты кыргыз тили кабинети» номинациясында 2-орунду камсыз кылышкан, – дейт шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Г.Безродняя. Ата-энелер менен тыгыз иштегендиктен алардын жардамы менен бала бакчанын материалдык-техникалык базасын чыңдап койду. Маселен, бардык тайпалар эмеректер менен жабдылып, методикалык жана адабий китептер, компьютер жана мультимедиалык аппаратуралар, идиш-аяк менен камсыз болгон. Ошондой эле бала бакчанын айлана-чөйрөсүн жашылдандырып, керектүү ин- вентарлар менен камсыздаганга жетишти. Гүлмиранын эмгеги жерде калган жок. Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын, Свердлов райондук администрация менен Свердлов райондук билим берүү борборунун Ардак грамоталары менен сыйланган. Ал “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине татыктуу болду.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*