УЛУТТУН КЕЛЕЧЕГИ ЭНЕЛЕРДИН КОЛУНДА

Аламүдүн районунун Виноградный айылындагы №2 орто мектептин мыкты жаш мугалими Бейшенкул кызы Чынара окуучусу Абдымалик кызы Нургиза менен. Сүрөт Ш.Өмүралиевдики.

Элибизде аялзаты ар дайым урматталып, үй-бүлөдө жана коомдо татыктуу орун ээлеп келет. Учурда аялдар дээрлик бардык тармакта иштеп, коомдун жүгүн көтөрүп келе жатат. Кыргызстанда калктын 53 пайызын аялдар түзөт. 8-март – Аялдардын эл аралык майрамын утурлай, “Аялдардын коомдогу орду жана ролу кандай?” деген суроо менен билим берүү тармагында эмгектенген айрым жетекчилерге, жаштарга кайрылып көрдүк.

Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору:

– Коомду аялдарсыз элестетүү мүмкүн эмес. Аялдар жаратман, куруучу, жүк көтөргөн, коомдун тарбиячысы катары келе жатат. Аялзат — стратег. Ал эртеңкини жана муктаждыкты көрө билет. Маселен, кышка канча варенье жасаш керек, аны канча үй-бүлөгө бөлүштүрүп берем, же болбосо балама эртеңки күнү кандай бут кийим алсам болот, аны бир жыл же эки жыл кийеби деп эртеңкисине чейин ой жүгүртө билет. Аялдар ар дайым жумуш жок деп өпкө кагып отурбайт. Керек болсо мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин дагы ага эки түбөлүктүү жумуш даяр турат. Ал жакшы эне жана жароокер жар деген миссияны аткарат. Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган социалдык, экономикалык программалардын аткаруучулары, ички дүң продукциясында иштеп жаткандар да аялдар. Фабрика, заводдордун жоктугу кризистик кырдаалда эркектердин жүктү көтөрө албастыгын, ишке даяр эместигин далилдеп койду. 25 жылдан бери аял, эне жүктү солк этпей көтөрүп келе жатат. Эмне үчүн агартуу системасындагы аялдарга ыраазы болушубуз керек? Бул кызматтын түйшүгү өтө көп. Анан калса ары та-таал, ары жоопкерчиликтүү. Бала бакчадан мектепке чейин аялзаты эмгектенет. Эң төмөнкү иштерде да аялдар иштешет. Өтө өкүнүчтүү нерсе, тарбиянын башатында жалаң гана аялдар турганында. Тарбия куштун эки канатындай, бир канаты эркек болсо, экинчиси – аялзат болушу зарыл. Бир канаты менен куш алыска уча албайт. Кыргызстандагы коом эненин кучагындай мемиреген бейпилдикти, жылуулукту, токчулукту, комфорттуу жагдайды көксөп турган мезгил.

Рахат СУЛАЙМАНОВА, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин деканы:

– Аялзаты коомдук, мамлекеттик иштерге жигердүү катышуу менен бирге үй-бүлөдө жароокер жар, мээримдүү эне болуп келишет. Аялдарга арнап акындар ыр саптарын шурудай тизмектесе, обончулар жүрөк кылдарын чертип обон салышкан. Аты карт тарыхта катылган кыргыздын кыраан кыздары Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Каныкей, Айчүрөк, Курманжан Датка сыяктуу аялзаты биз үчүн теңдешсиз үлгү. Кыргыз кыздарынын арасынан атагы алыска кетип, эмгеги менен даңкталган асылзат айымдарды бүгүн да коомдук турмуштун бардык жагынан табууга болот. Кыргыз кыздарынын ичинен көрүнүктүү окумуштуулар, акындар, жазуучулар, дарыгерлер, мугалимдер чыгышкан. Билим берүү тармагын ала турган болсок мектеп мугалимдеринин 90 пайызын аялдар түзөт. Алгачкы билим уясы болгон бала бакчадан жаш бөбөк турмуш жолуна кадам шилтейт эмеспи. Андагы ар бир наристеге мээримин төгүп, тарбия берген асыл адамдардын мээнети ат көтөргүс. Ал эми наристенин таза, баео кыялын аруулап, анын адамдык, атуулдук, инсандык сапаттарын үй-бүлө менен бир катарда калыптандырып келген бала бакчаларда да эжейлер, аялзаты гана эмгектенери да жөн эмес. Аялзаты үйдө өз балдарына эне болсо, мектепте топ балдарга жүрөгүнөн орун таап, алардын ар бирине мээрим төккөн өзгөчө жан тура. Ал дүйнөдөгү эң билимдүү, жогорку маданияттуу, адамзаттын жан дүйнөсүнө өзүнүн жүрөгүндө алоолоп жанган отту бүркүп, миңдеген жаштардын демине жалын чачкан өзгөчө феномен. Мугалим аялзаты ошонусу менен улуу.  Бул ойлор мугалимдик улуу кесипти аркалаган он миңдеген аялзатына түздөн-түз таандык. Аялзаты, сен сулуусуң, сен улуусуң, бийиксиң! Балдарга жан дүйнөсүн, тунук, таза сезимин арнаган эжекелер, күзгү сымал силерге баары каранып, силерден үлгү, таалим-тарбия алышат. Энелерге кандай гана жылуу сөз арнап, ак сүтүн актоого канча аракет кылсак да колубуздан келбегендей, мугалимдин түйшүктүү эмгегин актоо да оңойго турбас.

Ширин ЭГЕМБЕРДИЕВА, Кулчу негизги мектебинин директору, Чоң-Алай району:

– Аял – бул балдарын мээримге бөлөп өстүргөн эне, үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй сактап келген жар, жаны тынбай эмгектенген чарбакер, Мекенди коргоого, мамлекеттин өнүгүүсүнө, эркектер менен тең тайлаша салым кошкон патриот инсан. Азыркы учурда мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошууда, анын ичинен жаш муунга тарбия берүүдө да аялдардын орду чоң. Мектепте балдарга билим берип эле тим болбостон, баланын табитин таап, көңүлүн алып келечектин пайдубалын курууда да орду чоң деп эсептейм. Мектептерде аялдардын саны эркектерге караганды басымдуулук кылат, бирок айыл жеринде, жетекчилик кызматтарды көбүнчө эркектер ээлешет, буга себеп, аялдардын үй-бүлөдөгү, иштеген жумушундагы түгөнбөс, өтө бааланбаган терең маанилүү түйшүгү болсо керек.

Махабат ЖУМАГУЛОВА, “Эмгек” партиясынын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси:

– Кыргыз аялдары эзелтеден эле үйдүн куту, шам чырагына теңелип, татыктуу сый-урматка бөлөнүп келген. Бул да бекеринен эмес, апаларыбыз көчмөн элдин урпактары ка-тары, үй-бүлөсү менен ойдон тоого, жайлоодон ойго кайсы учур болбосун кам-кешиги жайланып, бешиги беленделип, журт менен бирге жүргөн. Элибиз не деген апааттарды башынан өткөрүп, акыры эгемендүүлүккө жетти. Айымдардын аткарган иш-аракеттери эгемендүүлүктүн алкагында өтө зор баскычтарга келип жетти. Себеби социалдык маселелерди тиешелүү органдарга жеткирүүнү колго алган уюмдардын жетекчилиги бүтүндөй айымдардан турат. Билим берүү системасына жаңыланууларды алып келүүгө, кошумча билимдин зарылчылыгын белгилеп, терең билим алууга ынтызарлангандар да айымдар. Коомдогу жат көрүнүштөрдү калк арасында тартынбай чындыкты талашкандар алар да айымдар. Ар бир аялзат үй-бүлөсүнүн бакубатчылыгынын камсыздалышын, балдарга татыктуу тарбия берүүнү ойлойт. Ал эми мектепте кесибин ардактап, ар бир баланын жүрөгүнө мекен идеологиясын тартуулаганга аракет кылган күжүрмөн адистер, мугалимдер, дагы эле айымдар. Сыртта эркектерден кем калбай кошо эмгектенип, бирок бир аз маяна алса да, эч кабатыр болбой, үйгө келип балдарынын мээримдүү энеси, жол-дошунун сүйүктүү жары болгон айымдарга не дейсиң? Айымдар коомдун эң орчундуу, ишенимдүү каарманы. Жашоо деген театрда айымдарсыз бир да аракет, бир да эпизод ишке ашырылбайт.

Мирлан ТОКТОБЕКОВ, Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу:

– Аялзатынын коомдогу ролу өтө зор. Кайсы гана тармакты албайлы, аялдар, эркектер менен тең тайлаша эмгек кылып, бүгүнкү күндө жогорку бийиктиктерди багынтып жатат. Кээ бир тармактарда, аялзаты артыкчылык кылып, эркектерден да озуп чыгышты. Алар бул аракеттери менен мамлекеттин социалдык-экономикалык абалына эбегейсиз салым кошууда.

Нарын АЙЫП, журналист, публицист:

– Аялдардын орду башкалар сыяктуу эле – эркектер, балдар, карылардыкындай – татыктуу болуш керек. Эркектерге караганда аялдардыкы өйдө, же тескерисинче, эркектердики өйдө болбош керек. Латвиянын Президенти Вайра Вике-Фрейберга журналисттер менен бир жолукканда: «Аял кишиге президент болуу канчалык кыйын?», – деген суроого: «Аялдар эмне, адам эмес бекен?», – деп жооп берген. Коомдо эч кандай кемсинтүү болбогон учурда – ар башка улуттар, эркектер менен аялдар, ден соолугу начарлар менен байлар же кедейлер – ошондо гана чыныгы өнүгүү менен ынтымак орнойт.

Ырыскан МЫРЗАЕВА, Бишкектеги №69 ОТКнын директорунун орун басары:

– Аялзаты иштебеген кесип же болбосо тармактар жок. Алар коомдо белгилүү жана маанилүү иштерди аткарышат. “Аял үйдүн куту” деп бекеринен айтылбаса керек. Кыргыздын каада-салттары, моралдык жүрүм-турум эрежелери да өз убагында аялдардын коомдогу ордун так белгилеп, ар дайым аны сактап келишет. Көчмөн кыргыз эли аялдардын коомдогу ордун кылымдардан бери ооздон-оозго өтүп сакталып, элибиздин адабий, маданий мурастары катары калыптанып калган дастандарда, эпостордо, элдик чыгармаларда колдонуп келе жатышат. Ал чыгармаларда аялзатынын даанышмандыгы, кара кылды как жарган калыстыгы, тапкычтыгы, айлакерлиги даңазаланган. Кыргызстан-дын билим берүү, маданият жана башка тармактарында салым кошкон белгилүү аялзаты көп. Маселен, Айтматова Нагима, Кондучалова Күлипа, Отунбаева Роза, Абылкасымова Майрамкан, Болжурова Ишенгүл, Мамбеталиева Какен жана башкалар. Бийлик башында же болбосо парламентте аялдардын көбөйүшү да коомдогу аялзатынын ролун жогорулатат жана жоопкерчилигин арттырып келет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*