КЕЙИНДИН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

ayyil-okmotu-menen

Кыргызстандын экономикасы оожалбай жатканына бүгүн жүздөгөн себепти келтирүүгө болот. Мунун арасынан эң кеңири таралган мисал, бул – Кыргызстанда табият тартуу кылган байлыктын аздыгы; коомдун бардык тармагына терең тамырын жайган коррупция; бийликте олтурган чала сабаттуулардын көптүгү… Санай берсек түгөнбөйт. Бирок, элибизде «кыбыраган кыр ашат» демекчи, кол куушуруп олтурууга акыбыз жок.

Эч кандай жаратылыш байлыгы жок, бирок өнүккөн экономикасы менен дүйнөгө таанылган Япония, Сингапур сыяктуу өлкөлөрдө «жаратылыш байлыгынын болбогону өзү чоң байлык» деген философиялык ой кеңири тараган. Мунун түпкү мааниси терең. Анткени алар өлкөнүн ченемсиз байлыгы – бул анын адамдары жана аларды эч кандай жаратылыш байлыгы алмаштыра албайт деп түшүнөт. Ал эми билимдүү жана өнөрлүү жарандарын мамлекеттин алтын фондусу деп эсептейт. Ошондуктан мамлекет  жарандарынын билим алуусуна бардык тараптан кызыктар.

Арийне, ааламдашуу доору азыр дүйнөдөгү өлкөлөрдү маданияты, саясаты, экономикасы жана башка тармактары боюнча бардык жактан жакындаштырууда. Мунун шарапаты менен Кыргызстандын билим берүү тармагы да көп өзгөрүүлөргө учурады. Алсак, мамлекетке караштуу жогорку окуу жайлары менен бирдей экономикалык шартта Борбор Азиядагы Америка университети, Кыргыз-Орус славян университети, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Кыргызстан эл аралык университети, Борбор Азиядагы эл аралык университет сыяктуу бир катар жогорку окуу жайлар менен жеке менчик коллеждер жана мектептер ишке кирди. Демек, Кыргызстандын экономикалык жактан өсүшүнө билим берүү тармагы да азбы-көппү, өз салымын кошууда. Алардын катарында Кейин эл аралык институту да бар.         

Атактуу окуу жайлардын тарыхы элеттен башталган

Жогоруда аталган окуу жайлар негизинен өлкөнүн борбору жана чоң шаарларынан орун алса, Кейин эл аралык институту алардан айырмаланып, Чүй облусундагы Ивановка станциясында жайгашкан. Студенттерге бизнес менежменти, туризм жана компьютердик технологияны үйрөтүп,  ушул үч адистик боюнча алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө коллеждин дипломун быйыл биринчи жолу тапшырат.

«Окуу жайды Ивановка станциясына жайгаштырууну биз бекеринен тандаган жокпуз, – дейт Кейин эл аралык институтунун ректору доктор Пол Синн. – Эң биринчиден, элет жеринде  студенттерибиз ашыкча нерсеге алаксыбай, мыкты билим алуусуна шарт түзүлөт. Экинчиден, окуу жайы улам өнүккөн сайын, айылдын жашоосу дагы жакшырат. Буга бир кезде элет жеринде ачылып, кийин аны шаарга айланткан атактуу Гарвард, Кембриж сыяктуу окуу жайлардын тарых-таржымалы күбө».

Төрт кабаттуу окуу жайдын имаратындагы бөлмөлөр кенен жана жарык. Аудиториялар заманбап техникалар, Интернет жана Wi-Fi менен жабдылып, окуу талабына толук шайкеш келген китепканасы бар. Окутуу негизинен англис тилинде жүргөндүктөн, китепканадагы окуу китептердин басымдуу бөлүгү да англисче жана электрондук толук варианттары бар. Студенттик жатакана, ашканасы жана тез даам татуучу кофейнаясы иштейт. Кейиндин ашканасы менен административдик чарбасында 20дан ашык Ивановка станциясынын тургундары эмгектенишет.

Институттун иш күнү

Учурда Кейин институтунда 60тан ашык студент окуп, аларга тарых илиминин доктору, белгилүү профессор Махмуд Күчүков жана башка дагы илимдердин кандидаттары, чет өлкөлүк профессорлор билим беришет. Окуу жайдын жетекчилиги келечекте экономика, тил илимдери жана IT технологиясы боюнча окутуунун жогорку баскычына лицензия алуу максатын көздөп, ошону менен бирге чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен кызматташууну жолго коюуда. Алсак, азыр Кейин эл аралык институту АКШнын Миссури университети менен тыгыз кызмтатташып, студенттерди алмашуу аркылуу билим алуусуна жол ачты. Быйылкы жылдын эсебинен мындай мүмкүнчүлүктү эки студент: Абдуллаев Галбай, Касымова Айпери пайдаланышат.

 Окутуучулар менен студенттердин көбү Бишкекте жашагандыктан, күн сайын аларды Аламүдүн базарынан эки автобус ташыйт. Эртең мененки саат 8 де алып кетип, кайра кечки 17 те Бишкекке жеткирет. Бул азырынча убактылуу көрүнүш. Кийинки окуу жылына карата Ивановка станциясында мугалимдер үчүн квартира жана студенттик жатакана толук бүткөрүлүп, төрт кабаттуу имарат ишке берилет. Окуу жайдын алдына чоң сейил бакчасын куруп, анда айыл тургундарынын да эс алуусуна шарттарды түзүү жетекчиликтин оюнда бар.

 Кейинде окутуучулар менен студенттердин ортосунда дайыма сый мамиле өкүм сүрүп, окуу жайдын администрациясы алардын эс алуусуна кам көрөт. Маселен, окуусунан жетише албаган студентке мугалим жеке сабак өтүү менен эле чектелбей, турмуштагы насааты менен да кеңеш берет. Ал эми чогуу окуган курбулары моралдык колдоо көрсөтүшүп, турмуштагы күтүлбөгөн жагдайда кол сунууга дилгир. Мындай жакындыкты Кейиндин администрациясы ого бетер ширетип, күрдөөлдүү күз жана кыш айларында табияты кооз жергебизге экскурсия уюштурат.            

Айыл өкмөтү менен алака

Өткөн жылдын аягында Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңеш жана айыл өкмөттөрүнө шайлоолор болуп өттү. Бул саясий иш чаранын натыйжасында Ивановка айыл өкмөтүнө башчы болуп Тилек Касыров шайланган. 3-мартта Кейин институтунун ректору доктор Пол Синн Ивановка айыл өкмөтүнүн кеңсесинде болуп, окуу жайы менен айыл өкмөтүнүн кызматташуусу боюнча меморандумга кол коюшту.

Өткөн жылдары Кейин институту Ивановка станциясынын жашоочуларына суу чыгарууга жардам  берген. «Мындан ары дагы мүмкүнчүлүгүбүздүн болушунча айылдын экономикасын көтөрүүгө жардам беребиз. Жергиликтүү тургундар менен билим берүү, маданият жаатында байланышты чыңдоого биз абдан кызыктарбыз», – дейт Кейин эл аралык институтунун ректору Пол Синн.   

 Азыркы заманда көп тил билүү – бул эң чоң өнөр. Айрыкча ааламдашуунун арааны жүрүп турган учурда дүйнөлүк тилдерди өздөштүргөн адамга бардык өлкөлөрдө эшик ачык. Муну жазбай түшүнгөн жаштардын арасында азыр англис тилин окуп-үйрөнүүнү каалагадар арбын. Кейин эл аралык институту февраль айында АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен жарыяланган англис тили жумалыгынын алкагында Ивановка жана Красноречкадагы мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына эшигин ачып, окуу жайдын шарты менен  кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк түздү. Андан соң ректордун ассистенти Бермет Биялы кызы окуучуларга атайын даярдалган сабакты англис тилинде өтүп, Америкага саякат жасатты. Ал эми Кейиндин студенттери болсо бир жума бою Ивановка станциясындагы мектепте англис тилинен окуучуларга кошумча сабактарды өтүштү.  

Абдыжапар Нурдинов

3 Trackbacks / Pingbacks

  1. (Kutbilim Article)The outlook for the last – Keiin International Institute
  2. The outlook for the last – Keiin International Institute
  3. КЕЙИНДИН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ — Международный Институт Кейин

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*