Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган сырттан өткөрүлүүчү «Канчалык оор болбосун, элге эстелик керек» Республикалык аймак таануу сынагын өткөрүү жөнүндө ЖОБО

8ibyudntvaknktn6mpsrhs

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин

№ 276/1«10»  марты  2017-ж. буйругу

 

Ыйман, адеп жана маданият  жылына, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин  72  жылдыгына  арналган  сырттан өткөрүлүүчү  « Канчалык  оор болбосун, элге эстелик керек»   Республикалык аймак таануу  сынагын өткөрүү   жөнүндө

 

Окуучулардын  элибиздин баатырдык тарыхы , анын күжүрмѳн   салттары жѳнүндѳгү  билимдерин тереңдетүү, ѳсүп келе жаткан муундарда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин  урматтоо сезимин калыптандыруу, патриоттуулукка, атуулдукка, өз өлкөсү менен сыймыктануу сезимине тарбиялоо  максатында, буйрук кыламын:  

  2017-жылдын 15-мартынан  15-апрелине чейин республикалык сырттан өткөрүлүүчү  « Канчалык  оор болбосун, элге эстелик керек»  аймак   таануу сынагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөрдүн  экология, жерин таануу   жана туризм борбору (Полянская. Г.Р.)   тарабынан өткөрүлсүн;

  Ыйман, адеп жана маданият жылына, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 72жылдыгына  арналган сырттан өткөрүлүүчү 

 Республикалык аймак таануу сынагынын Жобосу бекитилсин.      

 (Тиркеме №1);

  Райондук,  шаардык билим берүү башкармалыгынын  жетекчилери жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди өткөрүүдө  мугалимдердин жана окуучулардын активдүү катышуусун камсыз кылышсын;

  Жеңүүчүлөрдү сыйлоо Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана илим Министрлигинин Республикалык балдар жана өспүрүмдөрдүн экология жерин тануу жана туризм борборунун эсебинен жүргүзүлсүн;

  Берилген буйруктун аткарылышын  көзөмөлдөө Мектепке чейинки, мектепте, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгына (Үсөналиев М.Д.)   жүктѳлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин

№ 276/1«10»  марты  2017-ж. буйругуна

 № 1- тиркеме 

Ыйман, адеп жана маданият жылына  арналган сырттан өткөрүлүүчү  « Канчалык оор болбосун, элге эстелик керек » » Республикалык аймак таануу сынагын өткөрүү жөнүндө  ЖОБО

Ыйман, адеп жана маданият жылына, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 72 жылдыгына арналган арналган республикалык сырттан өткөрүлүүчү  « Канчалык оор болбосун, элге эстелик керек » аймак таануу сынагы  Республикалык балдар жана өспүрүмдөрдүн экология, жерин таануу жана туризм борборунун календардык планына ылайык  2017–жылдын

15-мартынан 15-апрелине чейин өткөрүлѳт. (мындан ары « Сынак»)

     Согуштун оор күндѳрүнѳн  убакыт бизди улам алыстатып баратат, ошентсе да баатырларыбыздын  аттарын эстеп жүрүшүбүз керек. Биз үчүн, биздин келечегибиз үчүн ѳз жандарын курман кылгандарын элестерин урматтоого милдеттүүбүз. Биз бул согуштун тарыхын билишибиз керек. Чоң аталарыбыздын эрдиктерин эстеп, келечек муундарга билдирүү  биздин колубуздан келет. Элдик эстелик ѳчпѳйт, ѳчпѳс эрдикти да, кулак уккус азапты да, адамдардын майтарылбас ишенимин да биз сактай алабыз. Жылдан жылга согушка катышкандардын, ушул согуштун күбѳлѳрүнүн катары азайгандан азайып баратат. Ушул адамдардын арабызда тирүү жүргѳндѳрүнѳ  терең таазим кылабыз…        

            

I  Максаттары жана милдеттери:

 ѳсүп келе жаткан муундарда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин  урматтоо сезимин калыптандыруу, патриоттуулукка, атуулдукка, өз өлкөсү менен сыймыктануу сезимине тарбиялоо;                 

Улуу Ата Мекендик согуш жѳнүндѳ тарыхый эстеликти сактоо;

окуучулардын  элибиздин баатырдык тарыхы , анын күжүрмѳн

        салттары жѳнүндѳгү  билимдерин тереңдетүү;

жаштарды мекенин сүйүүгө, өсүп келе жаткан муунду алардын ата-бабаларынын – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эрдиктеринин мисалында тарбиялоо.

            

II  Сынакты ѳткөрүүнүн мөөнөтү  жана тартиби:

Республикалык сырттан өткөрүлүүчү « Канчалык оор болбосун, элге эстелик керек  » аймак таануу сынагы Кыргыз  Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлигинин Республикалык балдар жана өспүрүмдөрдүн экология,  жерин таануу жана туризм борбору  тарабынан 2017 –жылдын

15-мартынан 15-апрелине чейин өткөрүлөт. Жумуштар Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар жана өспүрүмдөрдүн борборуна 2017-жылдын 5-майына чейин кечиктирилбей тѳмѳндѳгү дарекке жѳнѳтүлүшү керек:

720031  Кыргызстан, Бишкек ш.,  Медеров кѳчѳсү 42.

404, 405, 406- кабинеттер. Сынактын аталышы жазылат.

 

 III   Сынакка  катышуунун шарттары:

Сынакка  жалпы билим берүүчү, мектеп–интернаттардын жана Кыргызстандын мектептен тышкаркы мекемелеринин 5-11 класстарынын окуучулары катыша алышат.

 

 IV     Сынактын  номинациялары:

 

4.1. Тапшырмалардын темалары:

«  Согуш балдардын кѳзү менен»- Улуу Ата Мекендик согуш темасына арналган бардык материалдар:доклаттар, сүрѳттѳр, дубалгазета, отрытка жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине  жана тылдын эмгекчилерине арналган колго жасалган буюмдар (поделки)

« Баатырдан тарыхы»- белгилүү жана белгисиз баатырлар жѳнүндѳ дилбаян, ырлар,эссе, аңгемелер,  согуш убагындагы балдардын, душмандын тылындагы, алдыңкы чектеги  жашоо жѳнүндѳгү интервью, эскерүүлѳр жана согуш мезгилиндеги жеке адамдын салымын , жашоосун, эрдигин баяндаган башка материалдар.

«Үй-бүлѳлүк архивдер»- согуш жѳнүндѳгү силердин үй-бүлѳңѳрдүн фотосүрѳттѳрү, видео, презентациялары, экерүүлѳрү жана башка бардык материалдар.

« Согуш жѳнүндѳгү эскерүүлѳргѳ болгон  менин жеке салымым»-дубалгазеталар, сүрѳттѳр, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери же тылдын күжүрмѳндѳрүнѳ болгон шефтик аракеттердин тажрыйбасы, изилдѳѳ иш-аракеттеринин, волонтёрлук кыймылдын жыйынтыктары, эстеликтерге жана стелаларга кам кѳрүү, 9-май-жеңиш майрамына карата мектепти, классты, актовый залды жасалгалоо.

 

    4.2.    Класс жетекчилер үчүн Сынак номинациясы : Мыкты класстык сааттын, эскерүү кечесинин же Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгына даярданууга арналган сиздин жеке катышууңуз менен даярдалган материалдардын сценарийлеринин сынагы.

 

   4.3.   Согуш темасына арналган сүрѳттѳр  Сынагы номинациясы

Сынакка  жалпы билим берүүчү, мектеп–интернаттардын жана Кыргызстандын мектептен тышкаркы мекемелеринин 5-11 класстарынын окуучулары катыша алышат.

      Сынакка А-3 ( 297*420 мм) форматтагы сүрөттөр кабыл алынат.       

 Сүрөттөр   паспартусу менен кабыл алынат. Паспартунун ченеми : сырткы       

 рамка  ( 297*420 мм) жана ички рамка ( 289*412 мм), паспартунун түсү ак    

 болушу   керек.

 

V  Сынакты ѳткѳрүүнүн шарттары:

 

5.1.  Сынакка жѳнѳтүлүүчү жазуу жумуштарына болгон талаптар:

 

 РДЮЦЭКТга   Windows үчүн  Word  документ форматында  жумуштардын тексттери  жѳнѳтүлѳт. Жумуштун кѳлѳмү : 3 беттен кем эмес 7 беттен ашпаган.

 

Тексттик жумуштарды жасалгалоо боюнча талаптар:

  Шрифт Times New Roman, размер  14pt,  , интервал 1,5, кагаздын форматы А4.

– Поля: тексттин сол жагынан 20мм, оң жагынан 20мм, жогору, тѳмѳн жагынан 20мм.,

     Сүрѳттѳр,фотографиялар артыкчылыкка ээ болот.

   – Тилдер – кыргыз же орус.

  – Красная строка-1,5 см.

  – Сынактык материалдын барактары дыкаттык менен бекитилиши керек.

 

5.2. Төмөнкү критерийлер менен жумуштар бааланат жана  жеңүүчүлөр аныкталат :

 

Теманын толук ачылышы, сабаттуулук, темага болгон ѳзүнүн жекече мамилеси, тарыхый тактык.

Жумуштар катышуучу-автор тарабынан жазылышы керек.

Толугу менен интернеттен же башка булактардын кѳчүрүлүп жѳнѳтүлгѳн  жумуштар калыстар тарабынан каралбайт .

Сынактын тапшырмаларына жооп бербеген жумуштар сынакка катыша алышпайт.

Жөнөтүлгөн жумуштардын  титулдук барактарында толук маалымат болушу керек. Толук эмес толтурулган жумуштар каралбайт.

 

  Сынактык жумуштарга коюлуучу милдеттүү талаптар:

1 Номинациясы
2 Жумуштун аталышы
3 Теги, аты, атасынын аты
4 Жетекчинин теги, аты
5 Дубаны
6 Району
7 Окуу жайдын аталышы
8 Классы
9 Байланыш  телефону (e-mail)

    ( таблицаны распечатка жасап, кесип алып, ар бир жумушка өзүнчө жабыштырып койгула.)

РДЮЦЭКТга  жиберилген жумуштар рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт.

Баалоо критерийлерине жооп бербеген жумуштар каралбайт.

    каттоодон ѳткѳрүлбѳйт жана каралбайт.

   

 VI  Сынактын жыйынтыгын чыгаруу:

Сынактын жыйынтыктары менен жеңүүчүлѳр аныкталат.

Кыргыз  Республикасынын Билим берүү жана Илим Министрлигинин Республикалык балдар жана өспүрүмдөрдүн экология, жерин таануу жана туризм борборунун мактоо баракчалары жана байгелери менен сынакка катышкан эң мыкты жумуштардын авторлору сыйланат . Жеңүүчүлѳрдү сыйлоо жаш ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ карата тѳмѳндѳгү категориялар боюнча жүргүзүлѳт:

6-7- класстар;

8-9- класстар;

10-11-класстар;

 

Республикалык балдардын жана өспүрүмдөрдүн экология, жерин таануу жана туризм борборунан, сынактын өткөрүлүшү жана шарттары жөнүндө консультацияларды  алсаңыздар болот :

            720031  Кыргызстан, Бишкек ш.,  Медеров кѳчѳсү 42.

404, 405, 406- кабинеттер.

Тел: +(996-312) 54-08-19; +(996-312) 54-14-97, +(996-312) 54-73-32

 

Республикалык « Канчалык оор болбосун, элге эстелик керек  »  сынагына сиздерге жигердүү катышууну сунуштайбыз жана күтөбүз!

2 Комментарии

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*