КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

Уюштуруу-методикалык бөлүм

Уюштуруу комитетинин дареги: Кыргыз Республикасы, 720040,

Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 25, 15-каб. 66-05-36,

электрондук почта: КАО_12@mail.ru

 

Маалымат кат

КР билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте «2017-жылды  Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Републикасынын Президентинин 2017-жылдын 5-январындагы № 1 жарлыгын ишке ашыруу максатында жана чыгармачыл мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтууну көздөп,  2017-жылдын 2-3-ноябрында «Класстык сааттардын жана гуманитардык предметтердин алкагында өсүп келе жаткан муунду ыймандуулук маданиятына тарбиялоо көйгөйлөрү» аттуу темада  ХХVI Республикалык педагогикалык окууларды өткөрөт. Педагогикалык окуулардын ишине  орто мектептердин мугалимдери, жетекчилери, бала бакчалардын тарбиячылары, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, жогорку, кесиптик билим берүү окуу жайларынын окутуучулары,  методист окумуштуулар,  ата-энелер жана педагогикалык иш тажрыйбасы бар бардык каалоочулар катыша алышат.

ХХVI  Педагогикалык окуулардын болжолдуу тематикалары тиркелет.

ХХVI  Педагогикалык окууларга катышуучулардын тизмесин, дарегин, кызматын жана докладдарды 2017-жылдын 1- июлуна чейин жиберүү зарыл (Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 25, 16-каб. 66-05-36, электрондук почта: КАО_12@mail.ru).

ХХVI Педагогикалык окуулар кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлөт.

ХХVI  Педагогикалык окуулардын материалдарын даярдоого коюлуучу талаптар: Докладдар басылган жана электрондук түрдө берилет, 5-7 бет,  1 нуска, формат Word 2003, 2007, шрифт 14 Times New Roman,  интервалы 1,5.

Мыкты деп табылган докладдар «КББАнын кабарлары»  илимий журналына жарыяланат жана уюштуруу комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланат.

Уюштуруу комитети

 

МИНИСТЕРСТВО ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Организационно-методический отдел

Адрес оргкомитета: Кыргызская Республика, 720040,

г.Бишкек, бульвар Эркиндик, 25, 16 каб. 66-05-36,

электронная почта: КАО_12@mail.ru

 Информационное письмо

          Во исполнение указа Президента Кыргызской Республики от 5 января 2017 года  № 1  «Об объявлении  2017 года  Годом нравственности, воспитания и культуры» и в целях распространения передового педагогического опыта Министерство образования и науки КР совместно с Кыргызской академией образования 2-3 ноября 2017 года проводит XXVI Республиканские педагогические чтения по теме: «Проблемы воспитания подрастающего поколения культуре нраственности в рамках классных часов и гуманитарных предметов».

В XXVI Республиканских педагогических чтениях могут принять участие учителя, директора средних школ, воспитатели детских садов, работники образования, преподаватели высших и средних профессиональных учебных заведений, ученые-методисты,  родители и все желающие опытные педагоги.

Приблизительная тематика XXVI Республиканских педагогических чтений прилагается.

Список участников  с указанием  адреса, должности  и доклады для XXVI Республиканских педагогических чтений необходимо представить до 1 июля 2017 года. (Кыргызская Республика, 720040, г.Бишкек, бульвар Эркиндик, 25, 15 каб. 66-05-36, электронная почта: КАО_12@mail. ru).

XXVI Республиканские педагогические чтения проводятся на кыргызском и русском языках.

Технические требования к оформлению материалов XXVI Республиканских педагогических чтений: доклады должны быть  представлены   в электронном и письменном варианте в одном  экземпляре, объем работы 5-7 стр., формат Word 2003, 2007, шрифт 14 Times New Roman, интервал 1,5.

Лучшие доклады будут опубликованы в научном журнале “Известия КАО” и отмечены Почетной грамотой оргкомитета.

Оргкомитет

 

«Класстык сааттардын жана гуманитардык предметтердин алкагында өсүп  келе жаткан муунду тарбиялоонун көйгөйлөрү» аттуу темада ХХVI  Республикалык педагогикалык окуулардын болжолдуу  тематикалары

  1. 1. Балдар бакчасында балдарды ыйман, адеп жана маданияттуулукка тарбиялоо;
  2. Улуттук оюндар аркылуу балдарды ыймандуулукка, адептүүлүккө жана ынтымактуулукка тарбиялоо;
  3. Сүрөт, ийлеп чаптоо жана кесип чаптоо сабактарында балдарды улуттук  көркөм кол өнөрчүлүгү менен тааныштыруу;
  4. Балдарды ыймандуулукка, адептүүлүккө тарбиялоодо үй-бүлө жана балдар бакчасынын ортосундагы биргелешкен иш тажрыйба;
  5. Балдарды ыймандуулукка, адептүүлүккө тарбиялоодо  улуттук каада-салттар менен тааныштыруунун  максаты;
  6. Балдар бакчасында өнүктүрүү чөйрөсүн уюштуруудагы  жана  аны педагогикалык максатта колдонуудагы тарбиячынын ролу;
  7. Жаратылышка, жан-жаныбарларга аяр мамиле жасайлы!;
  8. Окуу-тарбия иш тажрыйбасында учурда орун алган салттуу жана жаңычыл методдор;
  9. Балдар бакчасынын орус тайпаларында кыргыз тилин экинчи тил катары                   үйрөтүү сабактарында  балдарды ыймандуулукка, адептүүлүккө  жана толеранттуулукка тарбиялоо;
  10. Макал-лакаптарды окуу-тарбия ишмердүүлүктөрүндө колдонуу аркылуу балдарды жүрүм-турум маданиятына тарбиялоо;

11.Кенже окуучуларды ыймандуулукка, адептүүлүккө жана маданияттуулукка тарбиялоодогу этнопедагогиканын  ролу;

  1. Ыймандуулук жана адептүүлүк – учурдун талабы;
  2. Ыймандуу, адептүү жана маданияттуу окуучу – өлкөнүн келечеги;
  3. Улуулардын сөзү – улуу мурас!;
  4. Баланы адеп, ыйман жана маданиятка тарбиялоодогу ата-эненин ролу;
  5. Адептик-ыймандык улуу дөөлөттөр –Ата-бабаларыбыз калтырган улуу мурас;
  6. Башталгыч класста кыргыз тил сабагы – маданиятты бекемдөөнүн руханий булагы;
  7. Кыргыз элинин каада-салттарын окуу-тарбия процессинде колдонуунун максаты;
  8. Макал-лакаптардын балдарды тарбиялоодогу ролу;
  9. Ата-эне жана балдар ортосундагы мамилени калыптандыруудагы элдик тарбиянын маданияттан алган орду;
  10. Балдарды тарбиялоодо элдик оозеки чыгармачылыктын тарбиялык мааниси;
  11. Баланы тарбиялоодогу бешик ырынын таасири;
  12. Кыргыз элинин улуттук каада-салт жана маданиятынын балдарды тарбиялоодогу ролу;
  13. Элдик педагогикадагы – ыйман, адеп жана маданият проблемалары;
  14. Тарбиянын уюткусу – улутубуздун улуу тарыхы;
  15. Элдик акындардын чыгармаларындагы этнопедагогиканын идеялары аркылуу окуучуларды тарбиялоо;
  16. Сергек жашоо мүнөзү – ден соолукта, дил (психикалык) соолукта жашоонун зарыл шарты. Сергек жашоо мүнөзүнүн негиздери, аны калыптандыруунун багыттары;
  17. Жаш муундардын ыймандык маданиятын, рухий саламаттыгын калыптандыруунун маанилүү маселелери;
  18. Гуманитардык предметтерди окутууда гумандуулукка, акылдуулукка жана адеп-ахлактуулукка тарбиялоо;
  19. Адептик-рухий кризистин себептеринин мурдагы педагогикалык реалдуулук менен байланышы, кризистен чыгуунун жолдору;
  20. Ааламдашуу шартында окуучуларды тарбиялоо проблемалары;
  21. Билим берүүчү мектептерде компетенттүүлүк парадигмасынын негизинде окутуунун жана тарбиялоонун маселелери;
  22. Окуучуларды тарбиялоодогу азыркы мезгилдеги өзгөчөлүктөр, индиго, эмо-киды балдар, гиперактивдүү, көнүл бөлүнбөй калган балдар менен иштөө;
  23. Балдарды тарбиялоо боюнча педагогика илиминдеги жаңылыктар;
  24. Балдарды тарбиялоодогу этномаданий баалуулуктарды пайдалануу;
  25. Баланы тарбиялоодо үй-бүлөнүн орду, мектеп менен үй-бүлөнүн кызматташтыгы;
  26. Гуманитардык билим берүүдө кеп маданиятын, ой жүгүртүү жана ыймандык маданиятын калыптандыруу маселелери;
  27. Кыргыз тили сабактарында окуучулардын кеп маданиятын калыптандыруу жолдору;
  28. Кыргыз тилин окутууда элдик педагогикалык идеялар аркылуу окуучуларды ыймандуулук маданиятына үйрөтүү;
  29. Кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүдө улуттук салттарды колдонуу менен окуучуларды көп маданияттуулукка тарбиялоо;
  30. Кыргыз тилинен класстык-тарбиялык сааттарда окуучуларды ыйман маданиятына үйрөтүү боюнча тажрыйбалар;
  31. Орус тилин окутууда окуучуларды көп тилдүүлүккө үйрөтүүнүн заманбап ыкмалары;
  32. Орус тилинен тарбиялык сааттарда кыргыз-орус адабиятынын мисалында окуучулар менен интерактивдүү баарлашуулар аркылуу көп маданияттуу тарбия  берүү;
  33. Орус тили сабактарында окуучуларды сүйлөшүү этикетине үйрөтүү;
  34. Чет тили сабактарында окуучуларды көп тилдүүлүккө үйрөтүүдө интерактивдүү баарлашууларды чыгармачылык менен колдонуу;
  35. Чет тили сабактары – мектеп окуучуларын көп маданияттуулукка тарбиялоонун натыйжалуу шарттарынын бири;
  36. Адабият сабактарында үлгү каармандардын мисалында окуучуларды адептик-ыймандык мыкты сапаттарга тарбиялоонун натыйжалуу ыкмалары жана методдору;
  37. «Манас» эпосунун патриоттук жана адеп-ахлактык идеяларын сабакта үйрөтүүнүн натыйжалуу формалары менен методдору;
  38. Эл акындарынын чыгармаларындагы адеп маданиятына үйрөтүү идеялары жана аларды класстык сааттарда колдонуу жолдору;
  39. Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы рухий-адептик салттар, аларды интерактивдүү жол менен үйрөтүү формалары жана методдору;
  40. Маданият аралык диалог жана толеранттуулук аркылуу өсүп келе жаткан муунду ыймандуулук маданиятына тарбиялоо;
  41. Этнопедагогиканын негизинде окуучуларды ыймандуулукка тарбиялоо;
  42. Ааламдашуу доорунда салттуу педагогиканын баалуулуктарына таянып, ыйман-ахлак негиздерине тарбиялоо;
  43. Ата-энелердин педагогикалык маданиятын өстүрүү боюнча иш-чаралар;
  44. Үй-бүлөлүк тарбиянын баалуулуктары;
  45. Өсүп келе жаткан муунду ыймандуулук маданиятына тарбиялоодо инновациялык методдорду колдонуу;
  46. Окуучуларда ыймандуулук маданиятынын калыптангандыгын баалоонун жаңы мамилелери жана формалары;
  47. Социалдык-гуманитардык билим берүүнүн алкагында ыймандуу жана маданияттуу инсанды тарбиялоонун маселелери;
  48. Этномаданий компетенттүүлүктү калыптандыруу аркылуу адептүүлүккө жана ыймандуулукка тарбиялоо ыкмалары;
  49. Окуучулардагы жарандуулук компетенттүүлүгү менен ыймандуулук маданиятынын өз ара байланыштары;
  50. Ачык, демократиялык коомдо адептүү, ыймандуу жана маданияттуу жаранды тарбиялоонун жаңы методдору;
  51. Көп маданияттуулук жана толеранттуулук сапаттарын калыптандырууда жаңы технологияларды колдонуунун ыкмалары;
  52. Адептүү, ыймандуу жана маданияттуу жаранды калыптандыруу – билим берүү системасынын артыкчылыктуу багыты;
  53. Салттуу баалуулуктар ыймандуулук маданиятына тарбиялоонун башкы өбөлгөсү;

65.Табигый – математикалык  (математика, физика, химия, биология, табият таануу) предметтерди окутуунун  мазмунуна  маданий баалуулуктарды киргизүү менен өсүп келе жаткан жаш муундарды адептүүлүккө, ыймандуулук  маданиятына тарбиялоо;

66.Табигый-математикалык предметтерди (математика, физика, химия, биология, табият таануу) окутууда  мультимедиялык  технологияларды пайдалануу   аркылуу окуучуларды адептүүлүккө, ыймандуулук маданиятына тарбиялоо;

  1. “Информатиканы окутууга заманбап мамиле: жаңы талаптар жана     жаңы мүмкүнчүлүктөр”;
  2. “Информатиканын предметтик стандартын ишке ашырууга негиз болуучу заманбап сабак”;
  3. “Стандарттын талаптарын эске алуу менен жаңы технологиялык каражаттарды колдонуу”;
  4. “Сабактан тышкаркы убакта окуучунун долбоордук иштерин уюштуруу”;
  5. “Окуучулардын изилдөө ишмердүүлүгүн уюштуруудагы ИКТ компетенттүүлүктөрү”;
  6. “Информатика мугалимдеринин кесиптик компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүү”;
  7. “Насаатчылык – информатика мугалиминин кесиптик жактан өнүгүүсүнүн негизи”;
  8. “Билим берүүнүн жаңы технологиясындагы тесттик формадагы тапшырмалар”;
  9. “Мектепте бардык предметтерди окутууга интерактивдүү досканы колдонуу”;
  10. “Информатика сабагында окутуунун активдүү методдорун колдонуу”.
  11. Окуучуларды Ата-Журтту сүйүүгө, улуттук биримдикке, ыйманга тарбиялоодо Музыка предметинин орду;
  12. Музыка сабагындагы музыкалык теориялык сабаттуулук: окуучулардын музыкалык маданиятын көтөрүү көйгөйлөрү;
  13. Музыка предметин башка предметтер менен интеграциялап окутуунун жаңы технологиясы, заманбап компьютердик музыканын мектеп программасындагы орду;
  14. Музыка мугалимдеринин кесиптик билимин жогорулатуунун азыркы учуру, келечеги, проблемалары;
  15. Улуттук оюндар аркылуу мектеп окуучуларында адеп жана маданиятты калыптандыруу (“Адеп, тарбия жана маданият” жылына карата);
  16. Дене тарбия сабагын өтүүдө улуттук оюндардын каражаттары аркылуу окуучулардын дене жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү;
  17. Квалификацияны жогорулатуу системасында дене тарбия боюнча мугалимдердин кесипчилигин өркүндөтүү;
  18. Сабакты өтүүдө дене тарбия мугалимдеринин азыркы жаңы методдорду, технологияларды жана каражаттарды колдонуу маселелери;
  19. Дене тарбия предмети боюнча окуу материалдарды түзүү иш тажрыйбалары менен алмашуу, мектептерде спорттук аянтчаларды  жана спорттук залдарды спорттук каражаттар менен камсыздоо;
  20. Көркөм өнөр, Технология предметтерин заманбап окутуп, тарбия берүүнүн сапатын жакшыртуунун жолдору;
  21. Технология предметин заманбап окутуу учурдун талабы;
  22. Маданий мурастар аркылуу Көркөм өнөр предметин окутууда маданий компетентүүлүктү калыптандыруу.

 

 

 

10 Комментарии

  1. Президенту Кыргызской Республики:

    Копия: Генеральному прокурору;
    Министру образовании КР;
    Губернатору Чуйской области;
    Главе Райгос администрации Аламудунского района;
    Службе ” Акипресс”;
    КТР; СТВ;
    “Элдик репортер”:-

    В мае 2018 года в школе с. Кой – Таш директор Чылпакбаева В при детей избила малолетного ученика 6 класса Токтонова Абайя Канатовича . Избивала других детей тоже – Умара , Адылхана . В отношении их, директор – Чылпакбаева Венера применяла пытки в учительском кабинете при учителей . Стала известно, что в рабочее время не исполняет свои служебные обязанности, не находится на работе и устраивает разборки в домах у учеников. Директор Чылпакбаева Венера пришла в дом Токонова Абайя устроила скандал заявляя что,она выгонит Абай из школы и тд, из -за скандала бабушка ученика Абая семидестилетняя Бейшекеева Гулнар попала в больницу. Директор – Чылпакбаева собирает от школьников денежные средства якобы на видео и питания. Представите себе, она об этом даже откровенно,громогласно не отрецает и признает эти действия . Во избежании и для ограждения детей от самодурство Чылпакбаевой В ,которая устраивает криминальные разборки а школе
    Просим :
    – провести проверку деятельности руководства школы;
    – привлечь к уголовной ответственностьи за побои малолетних;
    – обратить внимание в отношении собирании денег от школьников на видео и питание;
    – провести полную проверку деятельности школы села Кой -Таш…

    С уважением и надеждой Клара Токтобаева
    29 .05.2918 год

  2. Мынай денгээли ото томон тушкон адамдар кантип агартуу тармагына иштесе болот? Кылган жоругу “кылыш” экендигин да тушунбойт!

  3. Чылпакбаева Венера деген кантип мугалим болуп иштеп журот, ал тез арада баланы сабаганы учун жооп бериши керек! Мыйзам алдында. Ага мындай укукту ким берди!

  4. Койташ айлындагы мекептин директору,окуучуларды чапканга кандай акысы бар?Директорго чейинки мугалимдер каякты карайт?Балдардын укугун ким коргойт?Мыйзам чегинде жооп берсин!мектептин директору!

  5. Наша правительство собирает деньги с учиников на питание и на видео … А наш призидент знает об этом или они заняты с ТЭЦом

  6. Вот где коррупция! Избиением, пытками и самоуправством хотитет воспитывать детей? Лично я считаю что директор находится не на своем месте. В зоне надзирателем ей нужно работать, а не в школе. Потом люди удивляются статистике смертности молодого поколения. Это не единственный случай, когда педагоги доводят детей до суицида… Министры образования,уделите внимание на общеобразовательные школы в населенных пунктах,айылах. Я уверенна что и не такое всплывет.

  7. Это не учитель и не воспитатель!надо её привлечь к уголовной ответственности и почему коллеги молчали?надо отстранить её от должности учителя!

  8. Согласна со всеми выше указанными комментариями.
    Я считаю, что, таких учителей и директоров в первую очередь нужно снимать и не допускать на такие должности.
    Применение методов физического и психологического насилия по отношению к обучающимся воспитанникам не должно допускатся.
    В данном случае директор должен понести уголовную ответственность, а также гражданско-правовую ответственность (возмещение расходов на лечение т.к. бабушка ученика находится в больнице и возмещение за причиненный моральный вред)

Добавить комментарий для Талгат Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*