ААЛАМДАШУУ ДООРУНУН МЕКТЕБИ КАНДАЙ БОЛУУГА ТИЙИШ?

dsc_3986-minАзыркы кыргыз мектебин дүйнөлүк ааламдашуу жараянынан бөлүп кароого болбойт. Учурдагы окуучу жаштар өздүк компьютери же кол телефону аркылуу Интернетке кирип, каалаган маалыматты заматта таап, мурдагыдай маалыматтын баарын билген мугалимге болуп көрбөгөн атаандаштыкты жаратууда. Ушундай шартта эмгектенген мугалимдер кандай инсандык жана кесипкөйлүк сапаттарга ээ болушу керектиги өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда 12-августта Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн билим берүү системасынын жетекчилеринин чоң август педагогикалык жыйынында ар тараптан талкууга алынды.

Мугалим – муундар байланышынын сактоочусу

Маалыматтык доордун мугалими – ириде өткөндө калыптанган тарбия системасынын жетишкендиктерин сактай билген, жаңысын жаратып, аны өз ишинде чыгармачылык менен колдоно алган кесипкөй инсан. Бул ойлор Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун докладынын өзөгүн түздү. Чындыгында эле, өкмөт башчысы туура баамдагандай, ааламдашуу доорунда мугалимдин коомдогу орду болуп көрбөгөндөй жогорулап отурат. Бүгүнкү мугалим муундар байланышынын сактоочусу болууга тийиш. Ал өзүнүн жаратман эмгеги менен башкаларга үлгү болуп, ата-бабалардын акыл-кебин, нускоосун жаштарга астейдил жеткирип турушу абзел. Анткен менен өкмөт башчысынын сөзүнө караганда, билимдин өзү өтө тездик менен өзгөрүп турган коомдо, аны орундуу колдонуу маселеси келип чыгып, окуучуларга маалыматты эле шыкай бербей, ой-жүгүртүүгө зарыл болгон туура чечимдерди кабыл алууга үйрөтүү көп эсе маанилүү болуп калды. «Бирок жоопкерчиликти жалгыз мектепке, мугалимге жүктөп коюп карап турган доор өттү. Билим алууга ар бир адам өзү аракет кылууга тийиш», — дейт Сооронбай Жээнбеков. Андан аркы сөзүндө докладчы 2012-2017 өлкөнүн улуттук өнүгүү стратегиясында билим берүү ишине абдан чоң көңүл бурулганына токтолду. «Улуттук стратегияны ийгиликтүү ишке ашыруу менен Кыргызстан дүйнөдөгү билим берүү тармагына өтө чоң каражаттарды бөлгөн алдыңкы 11 мамлекеттин катарына кирди. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин билим берүүгө бөлүнүүчү акчаны 8 миллиардга жеткирүүнү ойлонуудабыз. 2017-2018-окуу жылында мектептерди Интернетке туташтыруу улантылат. Айлыкты көтөрүү маселеси өкмөттүн көңүл борборунда болот. Быйыл, өзүңөр билгендей, бир мезгилде 2200 мугалим эс алуучу «Асыл» пансионатын Билим берүү министрлигинин карамагына өткөрүп бердик. Дегеле, мугалимдин коомдогу кадыр-баркын көтөрүү биздин эң көрүнүктүү милдеттерден деп эсептеймин. Анткени мен бир жыл болсо да мугалим болуп иштегем. Балдар менен иштеген кандай оор экенин билем», — деди өкмөт башчысы өз сөзүн жыйынтыктап жатып. Жыйында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго облустук борборлордо жаңы мектептердин курулушу, аларды жаңы технологиялар менен жабдуу, жаш адистерди турак-жай менен камсыздоо, мугалимдерге берилүүчү ипотеканын кредиттик пайызын азайтуу, ЖРТга төлөнүүчү акчаны билим берүү системасына жумшоо, мугалимдердин пенсиясын кайра кароо, техникалык ийримдерге кызыккан окуучулар үчүн жер-жерлерде тийиштүү шарттарды түзүү маселелери түз микрофон аркылуу берилип, өкмөт башчысынын өз оозунан ынанымдуу жооптор алынды.

Азыркы мектеп кесипкөй мугалимге муктаж

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында жакынкы келечекте Кыргызстан «көп тилдүү жана ак пейил ички чөйрөсү бар, мыйзамдарды сактаган, ашкере билимдүү, күчтүү жана көз карандысыз мамлекетке өсүп жетүүнү көздөгөндүктөн, анын билим берүү системасы «өлкөнүн экономикалык жактан гүлдөшүн жана башкалар менен тең тайлашуусун камсыз кылып, ошондой эле адамдык капиталдын баасы менен сапатын жогорулатууга көмөктөшүүсү зарыл экени айтылат. Бул стратегияга ылайык Кыргызстан мектептеринде, алар кайсыл жерде жайгашканына карабастан, бардык балдардын билим алуусу үчүн бирдей шарттарды түзүү зор мааниге ээ. Мектептер да бирдей комплектацияланып, заманбап технологиялар менен жабдылышы зарыл. Мыкты даярдыктагы мугалимдер, сапаттуу окуу китептери,башкаларга көз каранды болбогон баалоо системасы, билим берүү системасын натыйжалуу башкаруу үчүн билим берүү системасынын сапатын мониторингден өткөрүүнүн бирдиктүү системасы бүгүнкү мектепке аба менен суудай керек. Билим берүү иши баарынан мурун жыйынтыкка багытталгандыктан учурда жаңы муундагы стандарттар, окуу программалары, стандарттарды өздөштүрүүнүн сапатын баалоо, окуу программаларын адаптациялоо жана жаңыларын иштеп чыгуу, окуучуларды маалымат менен иштегенге үйрөтүү иштери зарыл болуп турат. Бул бир жагынан өлкөдө кийирилип жаткан «Таза коом» долбоорунун талаптарына төп келмекчи. Ал долбоордо «билим берүү системасы биздин балдар менен жаштар жаңы санариптик чөйрөгө жеңил жуурулушуп кеткен кесипкөйлөрдөн болушуна көмөктөшкүдөй болуп кайра түзүлүшү керек» деп белгиленет.dsc01626-min

«Таза коом» долбоору өлкөдө, анын ичинде, билим берүү системасында коррупция менен бюрократизмди түп тамырынан бери жок кылат деген үмүт бар. Мындай оптимисттик көз караштары менен чоң август кеңешмесинде билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билим берүү системасынын жетекчилери менен тикелей ой бөлүштү. Баамдоочулардын пикиринде, министрдин сөзүнүн эң басымдуу бөлүгү мектептеги башкы фигура – мугалимге арналды. «Азыркы мектеп эң биринчиден кесипкөй мугалимге муктаж. Ошондуктан биз окутуу ишине балдар менен иштөөгө жүйөөсү бар кесипкөй адамдарды тартып, алардын кесиптик даярдыгын камсыз кылуу менен бул адамдарды натыйжалуу педагогдорго айлантышыбыз керек. Ошол эле учурда биз ар бир балага бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган билим берүү системасын түзүшүбүз зарыл», – деди Гүлмира Каримовна катышуучуларга кайрылып. Докладчынын пикиринде мугалим коомдо өзгөчө социалдык функцияны аткарат: адамдардын жаңы муунун калыптандырат, коомдун идеологиясын өнүктүрөт, улуулардын көөнөрбөс салттарын жаштарга жеткирүү менен муундарды бириктирет. Ошондон улам коомдо жаңы ойду жаратуучу жаңычыл-педагогдорду колдоо жана аларга ишеним көрсөтүү ар тараптуу болушу абзел.

Мугалимдерди даярдоо ишине компетенттүү мамиле зарыл

Өлкөбүздө мугалимдик кесипти тандаган жаштардын саны жылдан-жылга арбып баратат. Мунун арты менен Кыргызстанда педагогикалык билим берүүнүн мааниси көз көрүнө жогорулады. Мисалы, 2007-жылы 3800 мугалим жетишсиз болсо, 2017-жылга карата бул көрсөткүч 478ди түздү. Учурда өлкөбүздөгү 10 жогорку окуу жайда педагогикалык багытта студенттер даярдалып жатат. Бул бир жагы өлкөбүздө жүргүзүлгөн туура социалдык саясаттын жемиши десек болот. Эгерде 2007-жылы мугалимдердин орточо айлык акысы 3500 сом болсо, быйылкы жылы бул сумма 13800 сомго өсүп жетти. Мезгил, убакыт педагогикалык багыттагы студенттерди даярдоо ишине да жаңы талаптарды коюуда. Мисалы, болочок мугалимдерди даярдоодогу компетенттүүлүк мамиле тууралуу август жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев омоктуу ойлорун ортого салды. Анын пикиринде, компетенттүүлүк мамиле болочок кесип ээсинен төрт компетенттүүлүктү – жалпы илимий компетенттүүлүктү (билимди колдонуу жөндөмү жана даярдыгы, методдордун системасын колдоно алуусу, проблеманы илимий талдоого даярдыгы), инструменталдык компетенттүүлүктү (билимди өздөштүрүүгө жана билгичтикти калыптандырууга даярдыгы, социалдык-инсандык жана жалпы маданий компетенттүүлүктү (адамдын дүйнө таанымын жана бири-бири менен, топ менен, коом менен аракеттенүүсүн калыптандыруу), кесиптик компе­тенттүүлүктү (коюлган талаптарга ылайык кесиптик ишмердикти жүргүзүү жөндөмү) кынтыксыз калыптандырууну талап кылат. Билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык эртеңки күнү балдар менен окуу-тарбия ишин жүргүзүүчү адис маалыматтык компетенттүүлүккө (өз ишин пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу, негиздүү тыянактарды чыгаруу үчүн маалыматтарды пайдаланууга даярдык), социалдык-коммуникативдүү компетенттүүлүккө (өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун таламдары менен айкалыштырууга даярдык), өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгүнө (окуу жана турмуштук жагдайларда карама-каршылыктарды табууга жана аларды өз алдынча же башка адамдар менен өз ара аракеттенүү аркылуу чечүүгө даярдык) ээ болушу керек. Ою боюнча компетенттүүлүктүн репродуктивдүү, продуктивдүү жана креативдүү деп аталган үч калыптануу деңгээли бар. Булардын ичинен креативдүү деңгээлде аракеттенген мектептердин мугалимдери гана билим берүү жана тарбиялоо ишинде компетенттүү мамилени көрсөтүшүп, жогорку натыйжаны камсыз кылышат. Жаңы муундагы мугалимдерди даярдоо процесси докладчынын терең ишениминде компетенттүүлүк мамиленин талабына ылайык окуу куралдарын түзүүнү, чыгармачылыкты камтыган кырдаалдуу тапшырмаларды түзүүнү жана колдонууну, окутуу процессинде долбоордук жана чыгармачыл иштерди максималдуу пайдаланууну, рефлексивдүүлүктү, өз алдынчалуулукту, көзөмөлгө алууну, ЖОЖдордо мектептик түйүндүү компетенттүүлүктү калыптандырууга атайын курстарды иштеп чыгууну шарттайт.

Сапаттуу башкаруу сапаттуу натыйжага жол ачат

«Таза коом» улуттук программасынын алкагында Кыргызстанда Билим берүүнү башкаруунун информациялык системасы ишке ашмакчы. «Биздин бул аракет сапаттуу ачык-айкын башкаруу аркылуу сапаттуу натыйжага жетүүнү максат кылат», — деди билим берүү жана илим министринин орун басары К, Кожобеков министрлик баштап жаткан саамалык тууралуу. Андан кийин ал колго аларлык демилгеден түшүүчү пайдаларга токтолду. Мисалы, мамлекеттин атынан аракеттенген билим берүүнү башкаруу органдары өздөрүнө караштуу окуу жайлардын ишмердүүлүгү, окуу процесси, алардын материалдык-техникалык базасы, билим берүүнү өнүктүрүүнүн мониторинги тууралуу ыкчам жана толук маалымат топтоп, билим берүү менеджментинин сапатын жогорулатууга, билим берүү системасын натыйжалуу көзөмөлдөөгө, бардык деңгээлдердеги бюджеттин чыгымдалышын натыйжалуу пландоого, өнүктүрүү стратегиясын корректировкалоого, мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Ата-энелер, мыйзамдуу өкүлдөр жана окуучулар да балдар бакчасына, мектепке катталууда, справкаларды алууда, билими тууралуу документтерди тастыктоодо мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүдөн кеңири пайдаланышат. Ошон үчүн билим берүү мекемелери маалыматтык системада өздөрүнүн материалдык-техникалык базасы, рейтинги, окутуучулар курамы, окуучулардын катышуусу жана жетишүүсү, окуу процесси жана окутуу программалары тууралуу так маалыматтарды жайгаштырууга тийиш. Киргизилип жаткан башкаруу системасы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн бир топ артыкчылыктарды берет. Эми алар мурдагыдай керексиз кагаз иштерине байланбай, электрондук отчеттуулуктун эң эле жөнөкөй формаларын издеп табышат. Бул болсо отчеттордун кайталануусун жокко чыгарып, уюмдардын бири-бири менен натыйжалуу байланышуусуна, менеджмент менен бизнес процесстердин сапатын жогорулатууга, эффективдүү пландаштырууга, мектеп менен ата-эненин, коомчулуктун байланышын бекемдөөгө мүмкүндүк бермекчи.

Мектептик билим берүүнү жаңылоо – мезгил талабы

Ааламдашуу процесси коомдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген мектепте да зор өзгөрүүлөрдүн жүрүшүн тездетти. Учурда педагогдор үчүн окуучу жаштарга эмнени окутабыз деген суроо өзгөчө маанилүү экени талашсыз. Билим берүүнүн мазмуну тууралуу сөз кылганда албетте, мектептик жалпы билим берүүнүн стандарты, базистик окуу планы, предметтик стандарттар, типтүү окуу программалары, окуу-усулдук комплекс көңүл борборунда турат. Кыргызстандын тарыхында предметтик стандарттар төрт жолу иштелип чыгып, алардын акыркысы 2015-2017-жылдарды камтыды. Бул жолкусунда билим берүүнүн методологиясы жаңыланып, сапаттуу, социалдык жактан маанилүү жана өлчөнө турган акыркы натыйжага багытталган окутууну уюштуруу каралды жана баалоонун жаңы системасын киргизүү сунушталууда. Предметтик стандарттардын жаңы мууну жөнүндө мазмундуу доклад менен агартуучулар жыйынында Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытов чыгып сүйлөдү. Жетекчинин берген маалыматына караганда башталгыч мектеп (1–4-класстар) менен орто мектепке (5–9-класстар) байланышкан бардык окуу предметтери боюнча предметтик стандарттар Билим берүү академиясынын окумуштуу-методисттери тарабынан иштелип чыккан. Жогорку мектептин (10-11-класстар)16 окуу предмети боюнча предметтик стандарттар иштелип чыгып, калган 5 предметине караштуу предметтик стандарттар түзүлүп жатат. Андан аркы сөзүндө докладчы предметтик стандарттардын түзүмүнө, өзгөчөлүктөрүнө, билим берүү чөйрөлөрүнө, окуу жүктөмдөрүнө жана предметтик стандарттардын жаңы муунун практикага киргизүү маселесине токтолду. Мисалы, 5-6-класстар үчүн бардык предметтер боюнча окуу-усулдук комплекстер иштелип чыгып, 56 пилоттук мектепте, 7–9-класстар үчүн 5 предметтен жаңы муундагы окуу-усулдук комплекстер 30 мектепте апробациядан өтөөрү маалымдалды. Ошондой эле быйылкы окуу жылынын базалык окуу планында математикага – 4 саат, орус адабиятына – 2 саат, англис тилине 5-класста – 5 саат, информатика предметине пилоттук мектептерде 5-класста – 1 саат каралганы дайын болду.

Кесиптик чеберчиликти жогорулатууда да жаңылыктар арбын

Орустун улуу педагогу Константин Дмитриевич Ушинскийдин «Мугалим окуп турса гана мугалим», — деген накыл сөзү бүгүнкү күн сайын, саат сайын өзгөргөн маалымат доорунда өтө актуалдуу болуп турат. Мугалим азыр мурда болуп келгендей формалдуу кесиптик жогорулатууга эмес, чыныгы жаңы билимге, жаңы тажрыйбага муктаж. Кыргыз өкмөтүнүн өткөн жылкы атайын чечими менен кайрадан түзүлгөн Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун башкы максаты да мугалимдердин кесиптик билимин арттыруу болуп саналат. Албетте, коомдогу албуут өзгөрүүлөр бул жаатта да жаңылануулардын болушун шарттап жаткансыйт. Мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатууга, аларды кайра даярдоого карата жаңы көз караштын зарылдыгы тууралуу жыйында жогоруда аты аталган мекеменин директору Назира Дюшеева кеп салды. Докладдан улам айкын болгондой, мындан ары мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатууда эки нерсеге: компетенттүүлүк жана модулдук мамилеге айрыкча маани берилет. Компетенттүүлүк мамилесине ылайык кесиптик жогорулатуу курсуна келген мугалимдер алдын ала предметтик тестирлөөдөн өтүп, теориялык билим деңгээлине жараша айрым-айрым топтордо окуп билим алышат жана базалык, профилдик блок боюнча экзамендин, буга кошумча мектептик стажировка учурунда берилген кейстик тапшырмалардан турган долбоордук ишти жактоонун жыйынтыгынын негизинде түстөрү боюнча айыр-маланган сертификаттарга ээ болушат. Ал эми жыйынтыктоочу сынактардан өтпөй калгандар же кесиптик билимди жогорулатуу ишине кош көңүл мамиле жасагандар курста болгондугу тууралуу гана справка алышат. Дагы бир жаңылык: модулдук мамилеге ылайык курска келген мугалимдер 72 сааттык программаны мурдагыдай бир мезгилде эмес, анын базалык, профилдик жана стажировка бөлүгүн өздөрүнө ыңгайлуу учурда өтө алышат.

Жыйынтык сөз

Мугалимдердин август кеңешмесин жыйынтыктап жатып, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билим берүү системасында буга чейинки жетишилген ийгиликтер менен катар, бир канча көйгөйлөр бардыгын моюнга алды. Райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттеринин айлык маянасын жогорулатуу, алардын кесиптик билимин арттыруу, мектептерди заманбап окуу технологиялары менен жабдуу, Интернетке кошуу, мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу ишине ваучерди киргизүү сыяктуу маселелер четинен чечилүүгө тийиш. Бирок, жалгыз эле жогору жакты карап, кол куушуруп отурган мезгил эмес азыр. Бүгүнкү жыйындын ардактуу катышуучусу Раина Асакеева туура баамдагандай көп нерсе ар бирибиздин аракетибизге, демилгебизге, чыгармачылык изденүүбүзгө жараша болорун эстен чыгар-басак.

 А.Алибеков, «Кут билим», Бишкек–Чолпон-Ата–Бишкек

1 Comment

  1. Сегодня 22 августа до сегодняшнего дня мы не ознакомились с новым базисным учебным планом. Очень нужен базисный план пожалуйста если можно загрузите на сайт завтра. Отдаленным регионам очень сложно. Пока до нас довезут газету по мы одумаемся время пройдет.Оглянешься уже новый учебный год наступит.

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*