БИРИНЧИ САБАК

komondirovka-batkenskuyu-oblast-10-05-07-po-13-05-07-090Кыргызстандын мектептеринде 1 миллиондон ашуун окуучу окуйт. Улам өзгөрүлүп жаткан заманда жашоо үчүн биздин балдар маданияттын бийик баалуулуктарын өздөштүрүп, терең билим алууга, башка ой-пикирлерге, көз караштарга карата толеранттуу жана сабырдуу мамиле жасаганга, өз элинин маданиятын, тарыхын билүүгө тийиш.

2017-2018-окуу жылында    Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Туруктуу өнүгүү стратегиясынын» милдеттерин ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин  2017-жылды «Ыйман, адеп жана маданият» жылы деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында, кыргыз атуулдугун жалпы адамзат балуулуктары контекстинде калыптандыруу, республикабызда жашаган улуттардын маданияты, баалуулуктарын барктап-баалоо үчүн 2017-жылдын 1-сентябрындагы жалпы билим берүүчү мектептерде өтүлүүчү биринчи сабактарды төмөнкү темалар боюнча өткөрүүнү сунуштайт:

1-4-класстар: «Мен Кыргызстанда жашайм»,

5-8-класстар: «Мен ыймандуу, адептүү жана маданияттуу адам болуу дегенди мен кандай түшүнөм?»,

9-11-класстар: «Мен өз Республикамдын өнүгүүсүнө кандай салым кошо алам?»

Биринчи сабактын максаты – тарыхый окуяларга, салттарга, маданий мурастарга, Кыргызстандын адабиятына кайрылып, окуучулардын баарлашуусу аркылуу мектеп окуучуларынын атуулдук жана мекенчилдик сезимдерин калыптандыруу үчүн  педагогикалык шарттарды түзүү. Сабакта ар бир баланын шык-жөндөмүн ачып, колдоо, өз ара сый-урмат жана жардамдашуу, атуулдук тилектештик, мыкты жүрүм-турум жана укук маданиятынын үлгүлөрүн жайылтуу милдеттери көңүлдө тутулушу кажет.

Ар бир мугалим бул сунуштардын негизинде регионалдык жана жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү, мектептин ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен өз сабагын иштеп чыгат.

1-4-класстар үчүн даярдалган «Мен Кыргызстанда жашайм» аталыштагы биринчи сабак компетенттүүлүк-ишмердүүлүк мамилесинин талаптарын эске алуу менен өткөрүлөт. 1-класста сабак абдан ыңгайлаштырылып, анда оюн технологиялары көбүрөөк колдонулуп, балдардын ийкемдүү кыймылдарын өнүктүрүүгө багытталган тапшырмалар камтылышы керек.

Мамлекеттик стандартка ылайык, административдик-аймактык бирдик катары облус түшүнүгү 3-4-класстарда берилет. Ошондуктан биринчи сабакта республиканын облустары тууралуу маалымат берүү максаты коюлбайт, Кыргызстан чоң өлкө экендиги, анда жашаган бардык адамдар кыргызстандыктар деп саналары  гана түшүндүрүлөт.

Сабактын аягында окуучулар мамлекеттик символдорду таанып, маанисин билиши алышы керек. Мугалимдин жардамы менен 1- жана 2-класстарда тапшырмалар аткарылат. 3- жана 4-класстарда окуучулар өз  алдынча тапшырмаларды аткарышы керек.

Быйыл майрам күндөрүнө туура келгендиктен, биринчи сабак ачык көңүл менен жакшы маанайда өткөрүлүшү зарыл.

 

  1. НК – Негизги компетенттүүлүктөр (НК1 – маалыматтык компетенттүүлүк, НК2 – социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк, НК3 – өз ишин уюштуруу жана өз маселелерин чече билүү компетенттүүлүгү).

 

 

МЕН КЫРГЫЗСТАНДА ЖАШАЙМ

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-класстарында 1-сентябрада өткөрүлүүчү сабактын үлгүсү)

 

Сабактын максаты Натыйжа
Билим берүүчүлүк §  окуучулар «ата мекен», «өлкө», «област», «мамлекеттин символдору» түшүнүктөрүнө ээ болушат;

§  областтардын өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү маалыматтарды эсине сактайт жана кабыл алуу көндүмдөрү калыптанат.

Окуучулар:

·  ата мекени, өлкөсү – Кыргызстан экенин, анын 7 областы бар экенин айтып беришет;

·  мамлекеттик символдорду аныкташат,  салыш-тырышат, областтардын өзгөчөлүктөрүн аташат;

Өнүктүрүүчүлүк максаты §  Областтардын өзгөчөлүктөрү боюнча айырмалоодо сүйлөө кеби, талдоосу өнүгөт,

§  Пазлдардан Кыргызстандын картасын курай алат, окуучунун логикалык ой жүгүртүүсү, эске тутуусу өөрчүйт.

·     Областтардын өзгөчөлүктөрүн талдап, айтып берет;

·     Областтын өзгөчөлүктөрү боюнча суроолорго жооп берет, тапшырмаларды ой жүгүртүү менен аткарат;

·     Саякаттын  жүрүшү боюнча маршрутту комментарийлөө менен картадан көрсөтүп берет.

Тарбия берүүчүлүк §  «Ата мекен», «биримдик», «эмгек», «туулуп өскөн жер» түшүнүктөрүн эмоционалдык-баалуулук катары  кабыл алат;

§  Кыргыз элинин жана башка улуттардын маданияттарын сыйлоого, толеранттуулукка сый мамиле кылууга тарбияланат.

·     Кыргызстанда жашаган  элдердин өзгөчөлүктөрү боюнча өзүнүн ой-пикирин айта алат;

·     Өз ара аракеттенишүү менен берилген тапшырмаларды аткарат;

 

Ресурстар: Кыргызстандын картасы, атактуу инсандардын сүрөттөрү, Кыргызстандын областтарынын өзгөчөлүктөрүнө карата сүрөттөр, КРсынын гимни, герби, туусу, А4 барактары,түстүү маркелер, түстүү стикерлер, кайчылар, клей, түстүү барактар

 

Убакыт Сабактын этаптары Мугалимдин иш аракети Окуучунун иш аракети
2 мин. Уюштуруу  Мугалим окуу жылынын башталышы менен окуучуларды куттуктайт, сабакка даярдыгын текшерет, окуучуларды сабакка шыктандыруу үчүн жагымдуу маанай тартуулайт. Окуучулар сабакка даяр экендигин суроолорго жооп берүү менен билдиришет. Класста окуучулар жагымдуу маанайда болуу менен көӊүлү окууга бурулат.
2.

 

1 мин. Актуалдаштыруу Балдар, силер саякатка чыкканды жактырасыӊарбы?

Келгиле, биз Кыргызстанга саякатка чыгалы. Саякатты өз үйүбүздөн, өз көчөбүздөн, өз айылыбыздан баштайлы.

Балдар, өз үйлөрү, өз көчөлөрү, айылы, шаары жөнүндө кызыктуу маалыматтарды, атактуу инсандар жөнүндө айтып беришет.
3. 3-4 мин. 1- станция. Саякаттын башталышы Силер менен биз өлкөбүздүн борборуна саякатка барабыз. Борбор шаарыбыз кандай аталат?

Өлкө деген эмне?

Мугалим: Доскадагы  көп сүрөттөрдөн Бишкек шаары тартылган сүрөттөрдү көрсөтүп, атап бергиле?  –  деп тапшырма берет.

Мугалим Бишкек жөнүндө маалымат берет:

— өлкөбүздүн ири шаары – бул борбор шаарыбыз.  Анын эски аталышы  — Пишпек, Фрунзе болгон.

Бишкекте 1 миллиондон ашык  адам жашайт.  Ал Кыргызстандын түндүгүндө, Чүй өрөөнүндө жайгашкан.

Борбор шаарыбызда көптөгөн  окуу жайлары, кинотеатрлар, маданий борлорлор, музейлер, китепканалар, соода борборлору, саламаттыкты сактоо  мекемелери, балдар бакчалары бар. Мугалим борбор шаарыбыздагы окуу жайлары, ж.б. жөнүндө чечмелеп бир аз айтып берет

Окуучулар мугалим айткан маалыматтарды угуп, эсине сактайт. Суроолорго жооп берүү менен Бишкек шаарына тиешелүү сүрөттөрдү атап, анын ичинен бирөөнү Бишкек шаарынын символу катары тандап алышат.
4. 3-4 мин. 2- станция. Саякат уланууда. Биз Чүй областына саякатка автобуска түшүп барабыз.  Автобуска түшүү үчүн сүрөттө эмне тартылганын айтып беришибиз керек?

Мугалим мурда даярдап койгон Бурананын, Шабдан баатырдын, Панфиловдун,  З.Кайназарованын, Ысык-Ата курортунун, Суусамыр өрөөнүнүн сүрөттөрүн көрсөтөт. Мугалим Чүй өрөөнүнүн сүрөтүн же Кыргызстандын картасынан Чүй областын бөлүп көрсөтөт да канатташ жаткан Ысык-Көл областына жетип калгандыгыбыз тууралуу айтат.  Ысык-Көл областына баруу үчүн табышмакты жандыруубуз керек:

Отуруп алып ичин ачам,
Баатырларга аралашам,
Аябаган кызыкка батам,
Аягына жеткенче шашам.

(Китеп)

Окуучулар Чүй областына тиешелүү сүрөттөрдү чечмелеп айтып беришет. Алар Чүй областынын символу катары эсептейт .

Эгер убакыт болсо, Чүй областы боюнча пазл картаны чогултушат.

 

Окуучулар табышмакты табышат (мугалим китеп, билим, мектеп жөнүндөгү башка табышмактарды айтып, жандырса деле болот)

5. 4-5 мин 3-станция. Биз Ысык-Көл областына келдик.

Мугалим суроо берет:

Ысык-Көлдүн символу катары кайсы сүрөттү  алсак болот?

Көл эмнеге Ысык-Көл деп аталып калган? Адамдар  Ысык-Көлгө эмнеге келишет?

Ч.Айтматовдун  кайсы чыгармасында Ысык-Көл бар?

Ысык-Көл областынын символу болгон Ысык-Көлдүн, Ак кеменин илинген сүрөтүнө карата суроолорго жооп берет.

 

Ак кемеге түшүү үчүн суроолорго жооп беребиз.

Ар бир катарда 4төн сүрөт жайгашкан. Алардын ичинен ашык бирөөнү алып сал.

Окуучулар

1.     Ысык-Көлдө эмне өспөйт?

2.     Ысык-Көлдө кайсы жаныбарлар жашабайт? Окуучулар суроолорго жооп беришет.

Төмөнкү тапшырманы аткарышат:

·        Лимон, алмалар, алмуруттар, өрүктөр,

·        Сига, дельфин, форель, чебак,

·        Жылкы, уй, зебра, кой,

Пияз, картошка, банан, сабиз.

6. 4-5 мин 4-станция. Суроолорго жооп бергенден кийин Ак кеме менен көлдү сүзүп өтүп, канатташ жайгашкан Нарын областына келип жеттик.  Нарын областы  жөнүндө эмнелерди билесиӊер?

Мугалим Нарын областы: Таш-Рабат, Саймалуу- Таш, Соӊ-Көл, Чатыр-Көл, Чоӊ-Туз санаторийи, жайлоолору, окуу жайлары, атактуу инсандары  ж.б. жөнүндө айтат. Бул областын негизги калкы –  кыргыздар.

Балдар, бул сүрөттөрдүн ичинен Нарын областына символ болчу сүрөттү тандайлы.

Мугалим Чүй областына уланган Ысык-Көл областына Нарын областын улайт. Эми балдар, Нарын областынан Жалал-Абад областына жетип калдык. Ал област жөнүндө эмнелерди билесиӊер?

Окуучулар алдын ала даярдалып коюлган сүрөттөрдөн Нарын областына тиешелүүсүн бөлүп алып, областка тиешелүү экенин айтып беришет. Нарын областынын символун аныкташат.

 

 

 

 

 

 

Окуучулар Жалал-Абад областы жөнүндө билген маалыматтарын айтышат.

7. 4-5 мин. 5-станция. Мугалим Жалал-Абад областы жайгашкан картанын бөлүгү, Сары-Челек, Арсланбап, Токтогул, Барпы, Ө. Атабекова, окуу жайлары, 100 сомдуктагы Токтогулдун сүрөтү  ж.б. жөнүндө айтып берет.

Балдар: Жалал-Абад  областынын символун тандайлы?

Мугалим Токтогулдун ырларынан окуп берет (1-класстан сырткары):

Дениң соодо, эринбей,
Бекерликке берилбей,
Эркиң менен жумуш кыл
«Эринчээк, жалкоо» дедирбей.

Токтогул

 

Окуучулар  Жалал-Абад областынын символун аныкташат.

 

 

 

 

 

8. 4-5 мин. 6-станция. Балдар, эми биз кайсы областка келип калдык деп ойлойсуздар?

Туура айтасыӊар, Ош областына.

Ош областы жөнүндө эмнелерди айтып бересиӊер?

Мугалим мурда даярдалган Ош областынын сүрөттөрүн пайдаланып, маалыматты толуктайт.

Сүрөттөрдөн Ош областына символ катары кайсы сүрөттү тандап алсак болот?

Жупта Ош областы тууралуу суроолорго жооп берүү менен кластер түзөлү.

Окуучулар  Ош областынын символун аныкташат .

Окуучулар жупта суроолорго жооп берүү менен кластерди толтурушат.

9. 2 мин. Физминутка

Биз Оштон Баткенге  атты таскактатып минип  барабыз, балдар биз аттарыбызды бийик таштардан секиртебиз, агыны катуу суулардан кечип өтөбүз,  чоӊ энелерге гүлдөрдөн белекке беребиз (балдар аттын таскактаганын, суу кечкенин, секирип өткөнүн, гүл бергенин иммитациялашат),

( “Кара-жорго” бийинин музыкасын коюп, бийлесе да болот).

10.

 

 

4-5 мин. 7-станция. Мына эми Баткен областына жетип келдик. Баткен областын ачып бере турган сүрөттөр илинет. Мугалим суроо берет:

Баткен эмнеси менен даӊктуу?

Баткен областынын символу катары эмнени алсак болот?

Мугалим классты 4 топко бөлөт, кроссворддун суроолорун берет. (мугалим башка кроссворддорду пайдаланса дагы болот)

 

Окуучулар суроолорго жооп берет.

Окуучулар топто суроолорго жооп берүү менен кроссвордду толтурушат.

 

 

 

а р Б у з
г р А н а т
а И с Т
а б Р и К о с
з Е м л я
д ы Н я

 

д а р Б ы з
А н а р
м э э н е Т
К о о н
ж Е р
а Н ж и р
11.

 

4-5 мин. 8-станция. Мугалим Баткен областынан канатташ жайгашкан Талас областына барабыз деп айтуу менен Баткен областына Талас областын улап коёт.

Балдар жуптарда жооп бергиле: Талас областы жөнүндө эмне билесиӊер?

“Манас” эпосу ыр түрүндө жазылганын, андагы уйкаштыктар жөнүндө билесиӊерби? Келгиле сөздөргө уйкаш сөздөрдү табалы.

(Мугалим өз сөз уйкаштыктарын пайдалана алат).

Балдар жупта Талас областы боюнча билген маалыматтарын айтып беришет.

Талас областынын символун аныкташат.

Сөздөргө уйкаш сөздөрдү табышат.

 

Талас жылдыз
Чынгыз Манас
Билим салык
Балык илим
12. 6 мин. Эми балдар, биз колдонгон сүрөттөрдү карайлы. Кайдан баштап кайда келдик? Окуучулар сүрөттөрдү пайдаланып  областтарды жана областтардын символдорун аныктагандарын, саякаттын башынан аягына чейин эстеп айтып беришет.
Биздин өлкөбүздүн дагы символдору бар.

КРсынын Туусу эмнеге кызыл түстө, эмнеге түндүк тартылган?

Гербди карап көргүлөчү?  Эмнелер тартылыптыр? Эмнеге ак шумкар тартылган?

КРнын Гимни эмне жөнүндө экенин билесиӊерби, айтып бергилечи?

Суроолорго жооп беришет.

Окуучулар  Жалал-Абад областынын символун аныкташат. Балдар КРсынын Туусу, Герби, Гимни жөнүндө өз ойлорун  айтышат.  Гербди, Тууну кайдан, качан көрүшкөндүгү жөнүндө айтып беришет, тажрыйба бөлүшөт. Гимнди укканда атуулдар өздөрүн кандай алып жүрүүсү керектигин айтып беришет.

Силер менен Кыргызстан боюнча саякаттап келүү менен бирге  Кыргызстандын картасын түздүк.

Силерге ушул сабакта эмнелер жакты?

Эмнелерди эстеп калдык?

Саякат учурунда өзүӊөрдү кандай сездиӊер?

Окуучулар  жест-мимика, быйтыкча аркылуу өз  абалын билдиришет.

Суроолорго жооп беришет.

 

 

Сабактын үлгүсү Кыргыз билим берүү академиясынын Мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим берүү лабораториясынын улук илимий кызматкерлери Ч.С.Аттокурова, Н.К.Баимбетова тарабынан иштелип чыкты.

Кыргыз билим берүү академиясынын Социалдык-гуманитардык билим берүү тармагынын маселелери лабораториясынын  улук илимий кызматкери У.Э. Калеев орус тилине которгон.

ПЕРВЫЕ УРОКИ

В школах Кыргызстана сегодня учится более 1 миллиона детей. Чтобы жить в быстро меняющемся мире, наши дети должны иметь высокую внутреннюю культуру, быть хорошо образованными, воспитанными в духе толерантности и терпимости к иным мнениям и взглядам, знать историю и культуру родного народа.

В 2017-2018 учебном году Министерство образования и науки Кыргызской Республики в целях реализации задач Стратегии устойчивого развития, выполнения Указа Президента Кыргызской Республики об объявлении 2017 года Годом нравственности, воспитания и культуры, для приобщения учащихся к национальным культурным ценностям народов Кыргызской Республики, общечеловеческим ценностям в контексте формирования у них кыргызской гражданской идентичности рекомендует 1 сентября 2017 года провести в общеобразовательных организациях первые уроки на темы:

– 1-4 классы: – «Я живу в Кыргызстане»,

– 5-8 классы – «Что для меня значит быть нравственным, воспитанным и культурным человеком?»

-9-11 классы – «Какой вклад я могу внести в развитие своей Республики?»

Целью первых уроков является создание педагогических условий для формирования гражданских и патриотических чувств школьников через обращение к культурному наследию, историческим событиям, традициям, литературе Кыргызстане. На уроках могут решаться задачи выявления и поддержки способностей у каждого ребенка, популяризации позитивных примеров поведенческой и правовой культуры, взаимоуважения, взаимопомощи и гражданской солидарности.

Каждый учитель на основе предложенных разрабатываетсвой урок с учетом возможностей и ресурсов школы, класса, а также региональных и местных особенностей.

Первый урок в 1-4 классах на тему «Я живу в Кыргызстане» проводится с учетом требований компетентностно-деятельностного подхода. В первых классах урок должен серьезно адаптироваться, включать больше игровых технологий, заданий на развитие мелкой моторики..

В соответствии с государственным стандартом понятие областей как административно-территориальных делений дается в курсе предмета «Родиноведение» в 3-4 классе. Поэтому образовательной целью урока не может быть знание об областях республики, а только понимание того, что Кыргызстан – большая страна, и все люди, живущие в Республике – кыргызстанцы.

К концу занятия у учеников должно быть понимание символов государства. С помощью и поддержкой учителя задания выполняются в 1-2 классах. Для учеников 3-4-х классов необходимо предусмотреть задания на самостоятельное выполнение,

Первые уроки проводятся в 2017 году в праздничные дни, поэтому они должны быть позитивными, создавать атмосферу комфортности, доверия друг другу.

  1. ОК – Основные компетентности (ОК1 – информационная компетентность, ОК2 – социально-коммуникационная компетентность, ОК3 – компетентность организации своей работы и решения своих проблем).

Я живу в Кыргызстане

(Примерный образец урока, проводимого 1-сентября в 1-4 классах

в общеобразовательных школах Кыргызской Республики)

 

Цели урока   Результаты
Образовательная Обеспечить:

-знание учащимися понятий страна, Родина, области, символы государства

-формирование навыков воспринимать и запоминать информацию об особенностях областей,-

Ученики:

-называют области, определяют символы, находят соответствия,

Воспитательная Обеспечить позитивное эмоционально-ценностное отношение к понятиям Родина, родная земля, труд, единство,

-содействовать толерантному поведению в отношении к культуре своего и других народов

Ученики

– положительно отзываются об особенностях различных регионов, народов,

– решают учебные задачи вместе,

Развивающая Создать условия для развития:

– навыков устной и письменной речи;
– памяти; воображения,

Ученики:

отвечают на вопросы, готовят выступления,

– выполняют творческие задания,

– выстраивают маршрут движения

 

Ресурсы и средства: картины, фото, портреты известных людей, карта Кыргызстана (можно использовать карту-пазл или разрезать пазлом, Флаг, Герб и Гимн Кыргызстана), листы А4, цветные маркеры, цветные стикеры, ножницы, клей, цветная бумага.

 

Время Этапы уроков Деятельность учителя Деятельность учащихся
1. 2 мин. Организационный момент  Учитель проверяет готовность к уроку, поздравляет учащихся с началом нового учебного года, проводит короткое упражнение с целью настроить на урок. Учащиеся отвечают на вопросы учителя
2.

 

1 мин. Актуализация собственных знаний Ребята, а вы любите путешествовать? Давайте сейчас мы отправимся в путешествие по Кыргызстану. И начнем мы его со своего дома, своей улицы, своего села. Ребята рассказывают о своем селе, своем городе, своем районе, рассказывают интересные факты о людях.
3. 3-4 мин. 1 станция А сейчас мы с Вами поедем в столицу нашей страны. Как называется главный город страны?

Что такое столица?

Учитель размещает множество фотографий и просит указать те, на которых изображен Бишкек.

Учитель дает информацию о Бишкеке:

— столица, крупнейший город страны.

Старые названия — Пишпек, Фрунзе

В Бишкеке живет более 1 миллиона человек.

Бишкек расположен на севере Киргизии, в Чуйской долине.

В городе много институтов, университетов, в которых учатся ваши братья и сестры.

Учащиеся отвечают на вопросы, находят среди множества картин те, которые относятся к Бишкеку, и одну из картин как символ города вывешивают на доске
4. 3-4 мин. 2 станция Мы поедем по Чуйской области на автобусе. Но чтобы сесть на автобус, мы должны узнать, что изображено на картине?

Учитель размещает узнаваемые на картинах изображения: Бурана, памятник Шабдан – батыру, Сусамырскую долину.

Ученики называют, что изображено на картинах и определяют, какое изображение как символ Чуйской области разместить на доске.

Если есть возможность создать карту – пазл, то вывешивают Чуйскую долину.

 

 

 

Учитель размещает на доске символ Чуйской долины и (или) часть карты-пазла с Чуйской областью и говорит о том, что из Чуйской области мы можем попасть в Иссык-Кульскую область. Но для этого нам надо разгадать загадку:

Отуруп алып ичин ачам,
Баатырларга аралашам,
Аябаган кызыкка батам,
Аягына жеткенче шашам.

У стены – большой и важный
Дом стоит многоэтажный.
Мы на нижнем этаже
Всех жильцов прочли уже!
(Книжный шкаф)

Ребята отгадывают загадки (учитель может предложить свои загадки о книге, знаниях, школе)
5. 4-5 мин. 3 станция Мы приехали на Иссык-Куль.

Что мы можем назвать символом Иссык-Куля?

Учитель задает вопросы

Почему озеро так называется?

Почему люди со всего мира приезжают на Иссык-Куль?

В какой книге Ч.Айтматова есть Иссык-Куль?

На доске прикрепляется изображение озера, белого парохода как символ области и (или) часть пазла с Иссык-Кульской областью

 

Ребята отвечают на вопросы:

 

Чтобы сесть на белый пароход, мы должны ответить на вопрос, чего нет на Иссык-Куле.

В каждом ряду даны 4 рисунка (или слова), вы должны убрать одно лишнее

Ребята выполняют задание:

Что не растет на Иссык-Куле?

Каких животных нет на Иссык-Куле?

·        Лимоны, яблоки, груши, абрикосы,

·        Сиг, дельфин форель, чебак,

·        Лошадь, корова зебра, баран,

Лук, картошка, бананморковь.

6. 4-5. мин 4 станция Ребята, мы выполнили задание, на белом пароходе переплыли озеро и едем в Нарынскую область.

Что вы знаете о Нарынской области?

Учитель рассказывает о Нарыне, показывает фото Таш-Рабата, Сон-Коля, джайлоо,

В этой области большая часть населения –кыргызы.

Ребята, выберте рисунок, который для нас с Вами будет символом Нарына.

Чтобы попасть из Нарынской в Джалал-Абадскую область, мы с вами сейчас прочитаем скороговорки на кыргызском языке:

Учитель размещает пазл Нарынской области: Ученики выбирают картину-символ Нарынской области и размещают на доске

Ученики отвечают на вопрос.

 

 

 

 

 

 

 

Задание: прочитать скороговорки на кыргызском языке:

Ак чайнекте көк капкак
Көк чайнекте ак капкак.

7. 4-5 мин. 5 станция Учитель размещает часть пазла с Джалал-Абадской областью, показывает картины:

Сары-Челек, Арсланбап

Портрет Токтогула или Барпы, 100 сомовая денежная купюра с изображением Токтогула

Какую картину мы определим как символ Джалал-Абада?

Ученики определяют символ Джалал-Абада

 

 

 

Чтобы уехать из Джалал-Абада, выразительно прочитаем строки акына Токтогула (и в русских, и в кыргызских классах), кроме 1-х классов.

Дениң соодо, эринбей,
Бекерликке берилбей,
Эркиң менен жумуш кыл
«Эринчээк, жалкоо» дедирбей.

Токтогул

8. 4-5 мин. 6 станция Ребята, что мы знаем о Оше? Какую картину мы можем назвать символом Оша?

Мы в парах поработаем над вопросами и составим кластер с вопросами об Оше.

На доске размещается картина-символ Ошской области и (или) карта –пазл.

Ученики в парах работают с кластером, подбирают вопросы или отвечают на вопросы, предложенные учителем.

9. 2 мин. Физкультминтка

Из Оша в Баткен мы поскачем на лошадях (дети скачут): мы будем прыгать через высокие камни (прыгают), пересекать быстрые реки (высоко поднимают ноги), дарить цветы бабушкам (дети машут руками, как будто кидают цветы), (можно поставить танец “Кара-жорго”)

10.

 

 

4-5 мин. 7 станция И вот мы уже в Баткене (на доске размещается пазл – Баткенской области)

Чем знаменит Баткен?

На доске размещаются картина-символ баткенской области и (или) карта –пазл Баткена.

В группах из 4-х человек мы решим кроссворды про Баткен (учитель может использовать данные кроссворды, может придумать свои)

 

 

а р Б у з
г р А н а т
а И с Т
а б Р и К о с
з Е м л я
д ы Н я

 

д а р Б ы з
А н а р
м э э н е Т
К о о н
ж Е р
а Н ж и р
11.

 

4-5 мин. 8 станция Из Баткена мы едем в Талас (размещаем пазл – Таласскую область).

В парах обсудите, что вы знаете о Таласе?

Ребята, вы знаете, что эпос “Манас” написан в стихотворной форме. Стихи отличаются тем, что в них есть рифма. Попробуем с вами зарифмовать данные слова.

Ребята отвечают, чем знаменит Талас, узнают знакомые места, размещают картину-символ Таласа.

Зарифмуй слова

Талас победил
богатырь Манас
труд внимание
знание найдут

 

Талас жылдыз
Чынгыз Манас

Учащиеся читают зарифмованные строки (учитель может предложить свои варианты)

12. 6 мин. Беседа и рефлексия Ребята, давайте посмотрим на наши рисунки, которые мы отобрали и (или) на карту и вспомним, где мы были? Ученики рассматривают картины символы областей, вспоминают, где они были в путешествии.

 

У нашей страны тоже есть свои символы.

Провести беседу о Флаге КР, почему он красного цвета, почему на нем изображен тюндук.

Обратить внимание на белого сокола, изображенного на гербе.

Рассказать о Гимне КР

Дети отмечают детали, делятся своим опытом, где и когда они видели символы государства, когда играют Гимн, как себя должны вести граждане, когда играется Гимн страны.
Ребята, мы путешествовали по Кыргызстану и вернулись домой.

Где нам понравилось?

Что мы запомнили?

Как вы себя чувствовали в путешествии?

Учащиеся по картинкам вспоминают, где они были.

Дети жестами показывают свое состояние (можно карточками).

 

Примерный вариант урока разработан старшими научными сотрудниками Лаборатории дошкольного и начального образования Кыргызской академии образования Ч. Аттокуровой и Н. Баимбетовой.

Перевел старший научный сотрудник Лаборатории проблем социально-гуманитарной образовательной области Кыргызской Академии Образования Калеев У.Э.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*