КАРАКОЛДО СУУ ЖЭЭГИНДЕ ЖАҢЫ СЕЙИЛ БАК

Каракол шаарында үч айдын ичинде Каракол суусунун жээгинде «Каракол Ривер Парк» сейил багы курулуп бүттү.  Аталган парктын курулушун «Каракол Дестинациясы» коомдук бирикмеси менен шаардын мэриясы биргелешип ишке ашырды, USAID тарабынан каржыланды.

 

2016-жылы  «Каракол Дестинация» бирикмеси жергиликтүү ишкерлердин потенциалын жогорулатуу максатында суунун жээгиндеги каралбай калган жерге парк куруу демилгесин баштаган. Парктагы кызыктуу иш чараларга катышкан туристтер шаарда көбүрөөк убакытка кармалып, аларды тейлөөнүн ар кандай түрлөрүн баштаганга да өбөлгө түзүлөт.

“Каракол Дестинациясы” быйылкы жайда туристтик жаңы долбоорлорду баштады. Атай кетсек, шаар ичин жөө кыдыруу, теплоход менен саякат кылуу жана улуттук даамдарды татуу сапары сыяктуу тейлөөнүн түрлөрү шаарга келген туристтерди көп кызыктырып, чакан бизнес ээлеринин кирешесин жогорулатууда.

Курулуш иштери 2017-жылдын июнь айында башталып, августта аяктады. Табияттын кооздугун кемитпей сактоого жана заманбап коопсуздук шарттарын камсыз кылууга чоң көңүл бурулду. «Каракол Ривер Парк» сейил багында шаардыктар менен турист меймандардын ойдогудай эс алуусу үчүн акысыз WiFi орнотулуп, тийиштүү шарттар баары түзүлдү.  Сейил бактын ичинде атайын сахна, балдар аянтчасы, спорттук аянтча, велосипед үчүн атайын жол, отургучтар жана барбекю эс алуу жайы, таза суу чорголору менен фонтандар курулду, тегеректе жүргүнчүлөр үчүн өзүнчө жолдор салынды.

«Каракол Ривер Парк» сейил багынын ачылыш аземи 9-сентябрда болот жана бир күн бою майрамдык иш чаралар жана концерттер менен коштолот. Келген меймандар Каракол шаарындагы көп түрлүү улуттардын бөтөнчө меймандостугун көрүшөт.

Сейил бактын аймагы тематикалык зоналарга бөлүнмөкчү: фотозона, оюн зонасы, фуд-корт, эс алуу жана мастер класстар зонасы. Жергиликтүү улуттук диаспоралар, жергиликтүү артисттер, бийчилер өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашат. Тамак-аш жармаңкеси, мыкты дизайнер Татьяна Воротникова  менен “Диббар Мода Үйүнүн” көрсөтүүлөрү коноктордун жарпын жазмакчы.

«Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID Демилгеси» долбоору аймактагы туристтик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу багытында активдүү иштеп келатат. Жаңы сейил парк «Каракол Дестинациясы» уюму, шаар мэриясы жана шаар тургундары сыяктуу жергиликтүү өнөктөштөр менен жемиштүү иштешүүнүн бир жакшы мисалы болуп калды.

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*