Билим берүү тармагын бийиктеткен алты жыл

dsc_0805-1“Жөжөнү күздө санай турган” мезгил келди. Ачып көздү жумгуча аяктап бараткан Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык президенттигинин тушунда Кыргызстандын бардык тармактарында өнүгүү болгонун эч ким тана албайт. Алардын бири – билим берүү тармагы.

“Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген макалдын мааниси терең. Ушундан уламбы, улуу муундун эсинде “Учкан уям – мектебим” деген керемет сөз бар болчу. Кыргызстандын эгемендигинин алгачкы жылдарынан башталган анархиянын, анын башында турган алдым-жуттум башчылардын кесепети ириде ушул “уяга” тийди. Мектептер дээрлик эстен чыгып, анда иштеген мугалимдердин көпчүлүгү айлыктын аздыгынан чаар мүшөк сүйрөп базарларга, алды эмгек мигрантына айланып Россия, Казакстанга чейин кетишти.

Өзгөчө мугалимдер моралдык жактан катуу сынды. Баягы “мугалим – мөмөлүү дарак” деген сыймыктуу сөздүн наркы кетип, агартуу тармагындагы адис мамлекет тарабынан да, коомчулук тарабынан да ортозаар мамилеге туш болду. Айрым мектептер жылдап ремонттолбой, балдар чатырда, боз үйлөрдө окуп калган күндөр да болду.

Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин өкмөттү жетектеп, 2011-жылы президент болуп шайланганы билим берүү тармагындагы абал жөнгө салынып, ири кадамдар жасалды. Алардын негизгиси – мугалимдердин айлыгын жана статусун көтөрүү болду.

Мамлекет башчысы өзү дагы 1-сентябрдагы иш-чарада Кыргызстан бюджетинин 24 пайызын билим берүүгө жумшаган дүйнөдөгү 11 өлкөнүн бири экенин сыймыктануу менен белгилеп кетти. 2010-жылга чейин 3,5 миң сом айлык менен иштеп жүргөн мугалимдердин айлыгы жыл сайын өсүп отуруп, өлкө боюнча орточо айлыктын көлөмүнө – 13 800 сомго жетти.

Билим берүү тармагы, айрыкча Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүнүн тушунда да бир кыйла оожалды. Өлкө экономикасынын турукташып, өнүгүүгө бет алышы билим берүүгө жетишерлик каражат бөлүүгө шарт түздү. Фактыга кайрылсак, 2016-2017-окуу жылында билим берүү тармагына бюджеттен 36 миллиард сом бөлүнгөндүгү бул оюбузду тастыктап турат. 2010-жылы бул көрсөткүч болгону 12 млрд 600 млн сомду түзчү.

Мектеп жөнүндө сөз кылганда, башкы көйгөй – мектептердин санынын жетишпегендиги, жылдап ремонттон өткөрүлбөй, айрым үстүнөн тамчы тамган мектептерге окумак турсун кирүүнүн өзү коркунучтуу болчу.

Расмий статистикага таянсак, акыркы алты жылда 309 жаңы мектеп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилсе, 2016-жылы 98 мектеп (ага бюджеттен 1 миллиард 39 миллион сом жумшалган) капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Бардык нерсе салыштыруудан билинет эмеспи. 2005-2009-жылдарды алып көрсөк, төрт жылдын ичинде болгону 127 билим берүү мекемелери (бала бакча, мектеп) ремонттон өткөрүлүптүр.

Сооронбай Жээнбеков жетектеген министрлер кабинети 1,5 жылга чукул аралыкта 134 мектепти куруп, пайдаланууга берди. Бул иш дагы улантылып, 2016-2018-окуу жылдарында 122 мектеп салуу пландалган. Акыркы алты жылда мектепке чейинки балдардын саны 73 миңден 137 миңге чейин жеткен. Бул жерде балдарды мектепке чейинки даярдоо программасын каржылоо 2017-жылы 230 миллион сомго чейин өскөнүн белгилей кетели. Ошондой эле акыркы беш жыл ичинде 833 бала бакча бүткөрүлсө, анын 100 Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде салынып, өз учурунда менчиктештирилип кеткен 144 бала бакча мамлекетке кайтарылды.

Замандан артта калбай сапатты жогорулатып…

Мектептерде сабак өтүү ыкмалары заманга ылайык өзгөртүлүп, санариптик билим берүү кеңири киргизиле баштады. Билим берүү жана илим министрлигинин кабарлашынча, бул максатта 4 миң телевизор сатылып алынып, мектептерге бөлүнүп берилди. Ошондой эле быйыл аймактарга 548 компьютер жана 357 керектүү окуу мебелдери жеткирилген. Мындан тышкары, мектептердеги билим берүүнүн сапатын арттыруу максатында жаңы окуу жылынын башталышы менен өлкөбүздө дагы 775 мектеп интернетке туташтырылат же республиканын мектептеринин 60 пайызын камтыйт. Бул көрсөткүч 2018-2019-жылдарда 994 мектепке жеткирилет. Бул максатта Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү 112 млн сом бюджеттен бөлүп берген.

Быйылкы жаңы окуу жылында 60 мектепте электрондук китепкана ачылды. Ал эми мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери 300 электрондук окуу китептери жана 500дөн ашык диссертациялар, 700дөн ашык сейрек кездешүүчү электрондук үлгүдөгү китептер менен таанышса болот.

Сапаттуу билим берүү мугалимдердин билиминен да көзкаранды. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мектептериндеги 1 миллиондон ашык окуучуга 79 миңден ашык мугалим билим берүүдө. Алардын 20 пайызын жаш адистер түзөт же 2016-2017-окуу жылында 3030 жаш адис келген. Ошондой эле былтыр 7527 мугалим билимин жогорулатса, быйыл алардын санын дагы 1500гө жеткирүү пландалууда. Мектептерде окуу программасынын өзгөргөнүнө байланыштуу англис тилиндеги мугалимдер кайра даярдыктан өтүшүп, ага 2400 мугалим катышкан.

Акыркы алты жылда окуу китептерин басып чыгарууга бөлүнгөн каражат 130 млн сомду түзүп, мектептерди окуу китеби менен камсыздоо 50 пайыздан 83,3 пайызга өскөн.

Быйыл 140 миң бала мектеп босогосун аттап, биринчи класстын партасына отурушту. Демек, келечек муундарыбыз өсүп жатат. Аларга шарт түзүү мамлекеттин мойнунда эмеспи. Себеби, Кыргызстандын калкынын 40 пайызын мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар түзөт.

Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүнүн тушунда:

— 2017-жылдын январынан тартып Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарындагы жана Бишкек шаарындагы орто кесиптик музыкалык жана көркөм мектептеринин алдындагы мектеп интернаттарда окуган 400гө чукул тарбиялануучунун тамагынын акчалай ченемдери күнүнө 40тан 110 сомго чейин көбөйгөн.

— 2017-жылдын январынан тартып методисттер, музыкалык кызматкерлер, музыкалык жетекчилер, балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди жүргүзүү боюнча уюштуруучулар, социалдык педагогдор, психологдор, дефектологдор, сурдологдор, ийримдердин жана класстан тышкаркы дене тарбия иштеринин жетекчилери үчүн эмгек өргүүнүн узактыгы 56 календардык күнгө чейин узартылган.

— Кесиптик лицейлердеги студенттердин саны жыл ичинде 2000 адамга өсүп, 30 503 студентти түзгөн. Колледж (техникумдардын) студенттеринин саны 1000 адамга өсүп, 2016-жылы 90 585 студентти түзгөн. ЖОЖдордогу студенттердин саны 25 миң адамга кыскарып, 174 миң студентти түзгөн.

— Орто кесиптик билим алган бүтүрүүчүлөрдүн саны өсүүдө, алардын жумуш менен камсыз болуусу 2016-жылы 70,7 пайызга чейин жогорулаган.

— Билим берүү системасынын кызматкерлеринин ден соо-лугун чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин балансына “Асыл” денсоолукту чыңдоочу комплекси өткөрүп берилген.

— Ысык тамак менен камсыз болгон мектептердин саны да жыл сайын өсүүдө. Мисалы, алардын саны былтыр эле 836 болсо, быйыл 1146ны түздү.

—           2011-жылы эле мектептерде 3800 мугалим жетишпесе, учурда болгону 401 мугалим тартыш. Мугалимдердин билим уясына кайтып келе баштаганынын башкы себеби – айлык акынын жогорулаганына байланыштуу экени талашсыз.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*