МОСКВАГА САЯКАТКА БАРА ТУРГАН МУГАЛИМ

"Биринчи мугалим - 2017" сынагынын жеўїїчїсї Турумкан Каримова (Оўдон солго экинчи)

“Биринчи мугалим-2017” сынагынын жыйынтыгында Москва шаарына 10 күндүк саякатка баруу укугуна Ысык-Көл районунун Темир айылындагы Э.Керимгазиев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Турумкан Каримова ээ болду.

9-сентябрда Санжарбек Данияровдун Коомдук Фонду КР Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен жыл сайын өткөрүүчү “Биринчи мугалим” сынагынын жыйынтыгын чыгарды. Быйыл  алтынчы жолу өткөрүлүп жаткан сынакка мурдагыдай эле айылдык мектептердин башталгыч классынын мугалимдери катышты. Эки тур менен өтүүчү сынактын биринчи турунда жазылган дилбаяндары үчүн эң жогорку балл алган алты мугалим сынактын эң жогорку сыйлыгы – Москва шаарына 10 күндүк саякатка баруу үчүн билим таймашына чыгышты.

Фонддун директору Асель Даниярованын айтымында, сынактын биринчи туруна республикабыздын булуң-бурчтарындагы мектептерде эмгектенишкен 80ден ашык башталгыч класстын мугалимдеринен дилбаян келип түшкөн.

  • Сынактын жобосунда белгиленгендей, дилбаяндар адегенде плагиатка текшерүүдөн өткөрүлөт. Тилекке каршы, интернет булактарынан көчүрүлгөн иштер да болбой койгон жок. Негизи эле китептерге, интернет булактарына шилтеме берилсе, 10 пайыздан ашпаган көлөмдө колдонууга уруксаат бар. Быйыл мугалимдердин эмгегин эске алып, 15 пайызга чейинкилерине уруксат бердик. Натыйжада калыстар тобуна 50дөн ашык дилбаяндар жөнөтүлүп, алар электен өткөрүштү. Мен бул жерде калыстар тобунун төрайымы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Миргүл Эсенгулова, илимий, практикалык жана окутуучулук иште көп жылдык эмгек тажрыйбасы бар, эл аралык деңгээлдеги эксперт Жаркын Рыскулова, КББнын улуу илимий кызматкери Мира Мыкыева сыяктуу билим берүү тармагынын тажрыйбалуу адистери башында турган калыстар тобуна ыраазычылык билдиргим келет. Анткени алар өзүнүн жеке убактыларын бөлүшүп, ыктыярдуу түрдө ушул сынактын өткөрүлүшүнө чоң жардам берип келатышат. Андан тышкары, кесиби боюнча врач-реаниматолог, белгилүү телеалпаруучу Черномазова Ленага да чоң алкыш айтам, ал да канча жылдан бери сынакты эки тилде алып барууда. Дагы бир өзгөчө ыраазычылыгыбызды И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдрахмановго билдирем. Ушундай мыкты команда менен сынакты жогорку деңгээлде өткөрдүк деп ойлойм,-деген оюн билдирди.

Көз карандысыз калыстар тобунун элегинен өткөн дилбаяндардын соңунда экинчи турга Талас облусунун Кара-Буура айылындагы Жоон-Дөбө айылындагы мектептин мугалими Темирбекова Чолпон Асановна, Талас районундагы Сасык-Булак айылындагы орто мектептин мугалими Гүлжамал Ташматова, Ысык-Көл районунун Темир айылындагы орто мектептин мугалими Турумкан Каримова, Жайыл районунун Алексеевка айылындагы мектептин мугалими Айгүл Жапарова жана Баткен районунун Жаңы-Бак айылындагы мектептин мугалими Нургүл Караевалардын дилбаяндары өткөн.

Экинчи тур жогоруда аталган алты мугалимдин катышуусунда болду. Мына ушундай мугалимдерибиз турганда Кыргызстан сөзсүз өнүп-өркүндөйт деген пикирин билдирген Кыргызстан Аялдар Конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева сынак боюнча оюн төмөндөгүдөй бөлүштү:

  • Мен мугалимдерди карап, аябай суктанып отурам. Ар биринин өзүнүн тубаса таланттары бар экен. Албетте, мугалимдер көп, бирок мугалимдин да мугалими болот деген анык сөз бар. Ушул мугалимдердин колунан окуган балдарга суктанбай кое албайсың. Бири манас айтса, бири төкмөлүк өнөрүн көрсөттү дегендей. Биздин эң биринчи байлыгыбыз – адамдык ресурстар. Ар бир баладагы бийик инсандык сапаттар ушул башталгыч класста калыптанат эмеспи. Бул жагынан С.Данияровдун фонду өткөргөн сынакка жогору баа бердим. Мен ал кишини көрүп калдым эле, өтө интеллигенттүү, билимдүү, таза адам эле. Ал кишинин атын чыгарган артындагы балдарына ыраазычылык айтабыз. Биз байкап отуруп үч мугалимге Конгресстин Ардак грамотасын тапшырдык. Ушундай сынактарды көп-көп өткөрүп турсак, мугалимдер да такшалып, тажрыйба топтошот деп ойлойм. Аны райондук, облустук деңгээлдерде да өткөрүп жайылтса туура болчудай.

Сынакка Жайыл районунан беш мугалим катышты. Ал мугалимдерди райондук билим берүү бөлүмүнөн Урунпаша Асанбаева коштоп келгендигин да белгиеп койбосок болбос. Анткени жергиликтүү жетекчиликтин колдоосу болбосо, аларда кайдан дем-күч болмок. Мындай колдоого алыскы өрүкзарлуу Баткен облусунан келишкен мугалимдер да ээ болушту. Алар менен бирге Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абди… Заитов келип, өзүнүн камкор жетекчи экендигин көрсөттү десек болчудай.

  • Фонддун иши менен мурдатан жакшы таанышпыз. Биздин райондон 10дон ашык мугалим катышып, жетөө күбөлүк алышты. Бизде өзүнүн ишин мыкты билген, чыгаан мугалимдер өтө көп. Ушундай сынактарга катышып, келип көргөндүн өзү эле эң сонун деп ойлойм. Сынактар атаандаштык духун жаратып, адамды курчутат эмеспи, анткени атаандаштык бар жерде өсүү, чыгармачылык менен изденүү болот. Мен бул жерде республикабыздын бардык аймактарынан келишкен мугалимдерди көрүп кубандым. Мунун өзү туш тараптан келген мугалимдердин бири-бири менен таанышуусуна, тажрыйба алмашуусуна ыңгайлуу шарт түзөт. Биз мындан ары да фонддун сынагына активдүү катышууга бар күчүбүздү жумшайбыз,-деген ой-пикирин билдирди.

Катышуучулар белгилешкендей, мугалимдердин чыгармачылыгында чек болгон жок. Бири отура калып манас айтса, бири төкмөлүк өнөрдү даңазалап, төгүп да жиберди. Бир күнкү убакыт бир заматта билинбей өтүп, баардыгы кызыгуу менен жыйынтыгын күтүп турган аралыкта Эрнест Асаналиев жетектеген Президенттин “Манас” камералык оркестри көңүл ыргактарын көкөлөткөн обондорду ойноп, көрүүчүлөрдү эриктирген жок.

Ошентип калыстардын калыс чечими менен өзү 62 жашка келсе да чапчаңдыгы, өзгөчө мээрими, айрыкча, башкаларга өрнөк болуп кыргыздын улуттук кийими менен, калыстардын да, залдагы көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болгон, көгүлтүр көл жээгинен келген Турумкан Каримовага баш байге ыйгарылды. Экинчи орунга Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылындагы К.Акназаров атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Нур Акунова озуп чыкса, үчүнчү орунду Баткен облусунун Баткен районундагы Жаңы-Бак айылындагы К.Тагаев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалим Нургүл Караева ээледи.

Сынактын баш байгесин жеңип алган Турумкан Каримова да мурдагы жылдардагы жеңүүчүлөрдай эле Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу 10 күндүк саякатка барат. Учурда Москвада иштеп жүрүшкөн балдарына, туугандарына учурашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугуна чексиз сүйүнгөн, чоң тамга менен жазылуу сыйлыгына татыган Биринчи мугалим Россиянын борборундагы опера жана балет, драмалык театрлар, сүрөт галереялары, музейлер, концерттик залдар, цирк, байыркы архитектуралык шедеврлер жана башка маданий кооз жайлар менен таанышып, өзүнүн андан аркы ишине позитивдүү күч топтоп кайтмакчы.

Ал эми биринчи, экинчи жана үчүнчү орун алган сынактын лауреаттары Фонддун Атайын Сыйлыгына – лауреат-мугалимдер классындагы окуучулары менен бирге Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келишет. Алар да ошондой эле Кыргызстандын борборундагы музей-театрларга барышып, спектакль көрүшөт жана маданий жайларды кыдырышып, эстеликтер менен тааныша алышат.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*