Муратбек Жумалиев, №5 улуттук компьютердик гимназиянын директору: “ЫНТЫМАККА КЕЛИП, БИР БҮТҮНДҮКТӨ ИШТЕП ЖАТАБЫЗ”

 

dsc_0492Бишкектеги А.Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиянын эмгек жамааты бир жетекчинин айланасына биригип, ынтымакка келип иштеп баштагандан бери беш жыл өттү. Бул жылдары мектептин материалдык-техникалык базасы чыңдалып, окуучуларынын билим деңгээли жогорулап, республикалык олимпиадада, жалпы республикалык тестирлөөдө жана  ар кандай сынактарда мыкты көрсөткүчтөрдү жаратууда.     

Бул гимназия учурунда республикадагы алдыңкы мектептердин бири болгон. Бирок эмгек жамаатында ынтымак ыдырап, улам бир жетекчи алмаша берип, окуу процесси солгундап кеткен жылдар да болду. 2012-жылы мектепти жетектөө милдети  ¹78 мектептин директору Жумалиев Муратбекке жүктөлгөн. “Ырыс алды – ынтымак” демекчи, эмгек жамаат ынтымакка келип, бир бүтүндүктө иш алып бара баштагандан бери мектеп өнүгүү жолунда.

– Жаңы келгенде чындыгында эмгек жамаат үч-төрт топко бөлүнүп калгандыктан кырдаал ушунчалык оор экен. Алгач эле эмгек жамаатты бириктиргенге, достоштурганга колумдан келишинче аракет кылдым. Акырындап ар кандай иш-чараларды, эс алууларды уюштуруп, бөлүнгөн жамаатты бир бүтүн жамаат кылганга жетиштим. Азыр биздин жамаат бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ынтымакка келип, бир бүтүндүктө иштеп жатабыз, – дейт мектеп директору Жумалиев Муратбек.

Окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жылдан жылга чыңдалып келет. Акыркы беш жылда окуу кабинеттери толук техникалык каражаттар менен жабдылып, мугалимдерге заманга төп сабак өтүүгө толук шарт түзүлдү. Учурда гимназияда  17 ноутбук, 38 принтер, 27 проектор, 19 телевизор,  тогуз интерактивдүү доска жана башка техникалар бар.

– Мен бул мектепке жаңы жетекчи болуп келгенде бир дагы интерактивдүү доска жок болчу. Азыр анын саны тогузга жетти. Бир аксакалга мектепке интерактивдүү доска койдук деп мактансам, азыр андай доска айылдык мектептерде бар, сен мактанбай эле кой деп күлгөн. Бирок ошол кезде айылда бар доска биздин мектепте жок болчу, – дейт жетекчи.

Мектеп өз алдынча интернетке туташып да алган. Төрт компьютердик класс интернетке кошулуп, учурда 50 компьютер иштеп жатат. Аны мугалимдер дагы, окуучулар дагы каалашынча пайдалана алышат. Андан сырткары акыркы төрт жылда окуу кабинеттеринде китептер, көрсөтмө куралдар коюла турган текчелер, 15 класстын терезеси жаңыртылды. Мектептин фасады ремонттолуп, айлана-тегереги иретке келтирилип, ата-энелер үчүн атайын отургучтар орнотулду. Фоенин бардык терезелери ичи-сырты толугу менен алмаштырылып, ал жакка эки телевизор коюлуп, мектепте жасалган иштер тууралуу ата-энелерге маалымат көрсөтүлүп турат. Ашкана капиталдык ремонттон өткөрүлсө, 40 жылдан бери оңдолбогон спорт зал капиталдык ремонттон өткөн. 100дөн ашуун жылуулук берүүчү радиаторлор Орусиядан чыгарылган сапаттуу чоюн батареяларга алмаштырылды. Мектептин бардык кабинеттеринин эшиктери сапаттуу жыгач эшиктерге алмаштырылып, канчалаган жылдардан бери саргарып турган арка «сайдинг» менен көркүнө келтирилип, ата-энелер үчүн балдарын тосуп алуучу зал жасалды. Жыйындар залынын терезе пардасы алмаштырылып, сахнасы кеңейтилди. Ашкананын жана спорт залдын кийим алмаштыруучу жайы толугу менен капиталдык ремонттон өтүп, канализациянын түтүктөрү алмаштырылды. Бардык кабаттарда электр жарыгын берүүчү приборлор жаңыртылып, даараткананын 80 пайызы, интернаттын кир жууган жайы толугу менен капиталдык ремонттон өттү.

Бул иштердин бардыгы ата-энелердин жардамы менен ишке ашып жатканын айткан жетекчи, ата-энелер комитетине жана жалпы ата-энелерге ыраазы экендигин билдирди. Анткени мектептин Коомдук фонду эки жылдан бери окуу жайдын өнүгүшүнө чоң салымын кошуп, ал тургай мугалимдерге дагы кошумча эмгек акы төлөп бергенге жетишишкен. Жазында окуу жылы аяктап жатканда ата-энелер өздөрүнүн чечими менен мугалимдердин эмгек акысына     бир миң беш жүз сомдон, класс жетекчилерге 2000 сомдон, техтейлөөчүлөргө төрт миң сомдон эмгек акысына кошуп төлөп беришкен. Бул акчадан кружок жетекчилери дагы сыртта калган эмес.

– Биздин мектептин ата-энелери эки жыл мурун атайын фонд түзүп, банктан эсеп ачышкан. Бардык акчалар ата-энелердин көзөмөлүнө өткөн. Мектептин муктаждыгы ата-энелердин жардамы менен чечилет. Буга чейин 1-класска кирген ар бир баладан демөөрчүлүк деп беш миң сомдон алчубуз. Ал банктагы ата-энелердин ушул фондуна түшүп, биздин муктаждыктарга жумшалчу. Быйыл болсо Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде эч кандай кирүү төлөмү алынган жок. Фондго болсо окуучулардын бардыгынан эле акча чогултула бербейт. Томолой жетимдер 100%, жарым жетимдер 50%, мугалимдин балдары 100%, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана Чернобыль окуясынын катышуучуларынын, Афганистан согушунун ардагерлеринин, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, Баткен жана 7-апрель  окуяларынын катышуучуларынын балдары 50% төлөмдөрдөн бошотулган, – дейт Муратбек Сыражидинович.

 

Мектептин жүзү – окуучунун билим деңгээли

– 2011-2012-окуу жылында окуучулардын жалпы билим сапаты 43% түзсө, 2016-2017-окуу жылында 63% берип, беш жыл мурункуга караганда 20% өскөн.

– Шаардык жана Республикалык олимпиадалардын жыйынтыгынын жалпы көрсөткүчү боюнча 2013-2014-окуу жылында гимназия I орунга ээ болуп, диплом менен сыйланган. Жылдан жылга олимпиадага катышкан жана орун алган окуучулардын дагы саны өсүп келе жатат.  Былтыр Бишкек шаардык олимпиадада беш окуучу байгелүү орундарга ээ болушса, Республикалык олимпиадада кыргыз тили жана адабияты сабагынан 11-класстын окуучусу Жумабаев Ырыскелди I орунду багындырган. Ал эми 10-класстын окуучусу Абдылдаева Жанетта Гете институту тарабынан Алматы шаарында немис тилинен өткөрүлгөн олимпиадада 3-байгелүү орунга ээ болгон.

– УКГнын окуучуларынын билим деңгээлинин өсүп жаткандыгын Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгынан дагы көрсө болот. 2011-2012-окуу жылында тестке 120 окуучу катышып, анын 23% 110 баллга жетпей калса,  өткөн окуу жылында бул көрсөткүч 10% түштү.  Былтыр жети окуучу, быйыл төрт окуучу артыкчылык аттестатын алды.

– Мектепте окуучулардын маданий жана илимий потенциалын калыптандыруу максатында 2014-2015-окуу жылынан баштап 10-11–класстарга (математика жана табигый багытындагы) япон тили, 5-11-класстарга (гуманитардык кыргыз тили жана адабияты багытындагы класстарга) кытай тили киргизилген. Англис тилинен “АКСЕЛС” программасы менен, немис тилинен “PASCH” программасы менен иш алып барылууда. Кошумча кытай, жапон тили боюнча сабактар киргизилип, аларды окутууда волонтерлор тартылууда. Андан сырткары мектепте 16 атайын курс, 15 предметтик ийрим, 10 окуучуларды олимпиадага даярдоо жана 10 көркөм эстетикалык, 6 спорттук ийрим иш алып барат.  Окуучулар акыркы беш жылдан бери райондук мелдештерде 1-орунду бербей келишүүдө.

 

Сапат үчүн жан үрөгөн мугалимдер

Гимназияда иштеген мугалимдердин жетимиш экиси билим берүүнүн мыктысы болсо, быйыл 46 жылдык эмгек стажы бар башталгыч класстын мугалими Роза Жаанбаева КР Эмгек сиңирген мугалими наамын алды. Бул чыгармачыл мугалимдер окуучуларга билим-тарбия берүү менен гана чектелбестен,  өз предметтери боюнча окуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыгышып, экономика, тарых, физика, география, кыргыз тили жана адабияты, башталгыч класстарда сабактар боюнча тесттик чыгарылыштын авторлорунун катарында да өз салымдарын кошуп келишет.

Мугалимдер билимин жогорулатуу максатында жыл сайын ар кандай курстардан өтүп турушат. Быйыл план боюнча 18 мугалим курстан өтсө, дагы 41 гимназиянын директору М.Жумалиевдин кайрылуусу  менен Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүштү. Немис тили мугалимдери PASH долбоору аркылуу Германиянын Гете институту уюштурган семинарга катышып, тажрыйба алмашып жана билимин жогорулатып келишти. Үч англис тили мугалими «Оxford Edu Pred»  сертификатына ээ болушту. Ошондой эле И.Арабаев атындагы КМУнун Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институту тарабынан 53 мугалим курстан өтүштү. Жалпы эсепте бир жылда 117 мугалим билимин жогорулатты.

Каникул учурунда бардык мугалимдерге керектүү семинарлар, тренингдер, жаш мугалимдерге усулдук жардам катары ачык сабактар, куратор – ата-эне  тегерек столдор ж.б. иштер уюштурулуп турат.

Илимий иштерди алга жылдыруу максатында заманбап Ресурстук борбор ачылып, «Гимназиянын жарчысы» аттуу илимий журнал (мугалимдердин илимий иштери боюнча) чыгарылып, башка мектептерге сатылууда. Жылына ондогон илимий-методикалык конференциялар өткөрүлөт.

Окуу жай Кыргызстандагы инновациялык мектеп катары Чүй облусунун жана Кочкор районунун көп мектептерине техникалык колдоо жана методикалык жактан жардам берип турат. Панфилов районунун Жеңиш Болотбеков атындагы орто мектебине сегиз пайдаланылган компьютерди оңдоп алып барып, орнотуп берүү менен мектептин толук жамаатын УКГга чакырып, бардык предметтердин иш кагаздары менен тааныштырып, методикалык жардам көрсөткөн. Бул иш-чара муну менен токтоп калбастан башка мектептерге да жайылтууну сунуштап жатышат.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*