ТҮРКСОЙДУН “Беш акын” таймашында акын Майрамбек ТОКТОРОВ жеңүүчү болду

Ыр күйөрмандарынын арасында популярдуу болуп калган “Беш акын” теледолбоорунун кезектеги айлампасын белгилүү акындар Жыпар Арыкова, Айнагүл Базарбаева, Махабат Молдалиева, Болотбек Таштаналиев жана Майрамбек Токторовдор жыйынтыкташты. Жаш курагына жараша уюшулган ыр сынактын бул жолку жеңүүчүсү кыргыздын белгилүү акыны, бир катар сыйлыктардын лауреаты, маданияттын жана билим берүүнүн мыкты кызматкери, журналист, “Кут билим” газетасынын башкы редакторунун орун басары  Майрамбек ТОКТОРОВ болду.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Кыргыз улуттук жазуучулар союзу, ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясы менен биргелешип өткөрүп келаткан ыр жарыш бул жолу да чыныгы ыр күйөрмандарын чогултуп, купулга толо турган деңгээлде өттү. Айрыкча, акын кыздардын кол өнөрчүлүгү ыр майрамга өзгөчө көрк кошконун айтып кетпесек болбос. Акындар үчүн алгачкы талап ырдын жазылышы, көркөмдүүлүгү эмеспи. Күйөрмандарга деле ошондой. А бирок сахнага чыккан акындардын кимисинин кандай дагы башка өнөрү бар экендигин билүү албетте, кызык болду.

Акындардын ак эмгегинен жаралган ырларына обон жаралса, авторго андан беш бетер сыймык экендиги талашсыз. Сынактын дагы бир талабы ошо сынакка катышып жаткан акындын сөзүнө жаралган обондуу ырды аткаруу болгондуктан, акындарды коштоп ырчы-обончулар чыгышты. Биздин жеке баамыбызда, бул кечеде фортуна Майрамбек Токторов жакка ооп турган өңдөндү. Анткени Майрамбек Токторовдун калемине таандык “Адамзатка кайрылуу” деген ырына белгилүү обончу Эсенбек Мааданбеков жараткан кереметтүү обонду (Мунарбек Чобиевдин аткаруусунда) кадимки эле атактуу обончу-композитор эжебиз, калыстар тобунун мүчөсү Каныкей Эралиева жогору баалап, эң жогорку баа бергенин айтты.

Сынакка упай койгон калыстар тобу болгону менен, баалаган жана электен өткөргөн эл болот эмеспи. Көрүүчүлөрдүн бири Алтынай акындарга шык-дем берип шыкактап турган ушундай сынактарды байма-бай уюштуруп туруу керек деп эсептейт.

– Мен чынында “Беш акын” долбоорун биринчи жолу көрүшүм. Бизде тилекке каршы, чыгармачыл адамдарды колдогондор аз. Андыктан, мен биринчи кезекте уюштуруучуларга ыраазычылык билдиргим келет. Коюлган талаптары, тапшырмалары да орундуу экен. Бирок бир байкаганым, кошумча өнөр тартуулоо боюнча кыздарга чынында эле оңой экен, алар жок дегенде кол өнөрчүлүгүн тартуулашса болот. Ал эми эркектерге кыйыныраак. Ошого карабастан, мен баштан аяк Майрамбек Токторов деген акындын өнөрүнө өзгөчө баа берип отурдум. Анын ыр окуганы мени аябай толкундантты. Сыртынан караганда карапайым эле бир адам, ал эми сахнага чыгып ыр окуп баштаганда, өнөрдүн күчү, таасири, сыйкыры ушунчалык,  бийикке көтөрүлүп чыккандай сезилди мага. Ырлары да аябай салмактуу экен. Андыктан калыстар туура баалап, биринчи орунду татыктуу беришти деп эсептейм, – дейт.

Таймаш деген таймаш да. Утканы кубанат, утулганы умсунат дегендей, баарын бирдей баалашса, анда эл алдына, калыстар калыбына салып кереги не. Бирок ыр таймашта жеңилүү болбосо керек. Анткени ар биринин өздөрүнүн күйөрмандары болот. Баардыгы жалпылап келген көрүүчүлөргө, күйөрмандарына ыр майрам тартуулашат. Мында да ошондой болду. Калыстарга нааразылыгын билдирген катышуучу Махабат Молдалиева тапшырмаларды аягына чейин аткарбай, кетип калды. Буга көрүүчүлөр эки жактуу таасирленишти. Бири колдошсо, бири жыйынтык чыга электе чычалап чыга качканын сынашты.

Акырында калыстар тобу берген упайлардын эсеби менен Майрамбек Токторов алдыга озуп чыкты. Кыздардын аз упай алып, артта калып калышкандыгына боор толгошкон көрөрмандар арасында анын жыйынтыгы кызуу талкууга алынды.  Бул деле кадыресе көрүнүш эмеспи. Күйөрмандар улуттук адабияттын деңгээлин көтөргөнгө ушундай сынактардын керектигин, ал эми чыгармачыл адамдар арасында атаандаштык болуп келгенин жана да боло берерин айтышып, “Беш акындын” кийинки айлампасына 30 жаштан 40 жашка чейинки акындар катышаарын угушуп, келерки жолугушканга чейин коштошуп тарашты.

Биз “Беш акын” сынагынын 2017-жылдагы жеңүүчүсү, акын Майрамбек Токторовду жеңиши менен куттуктап, аны сөзгө тартканыбызда ал мына буларга токтолду:

– Калыстардын мени биринчи орунга чыгарып, жеңишке жеткиргени чыгармачылыгыма карата бийик баа деп ойлоймун. Кыргызда “Ат жүгүрбөйт, тап жүгүрөт, тап жүгүрбөйт, бак жүгүрөт” деп коет. Бул жолу менин жылдызым жанды окшойт. Калыстардын бул чечимине ракмат! Мелдешке катышкан башка акындардын чыгармачылыгы менен таанышмын. Алардын ар бири сыйлыкка татыктуу, мыкты акындар. Мени менен “Беш акынга” катышкан ар бир акынды жакшы көрөм, чыгармачылыгын сыйлайм. Аларга мындан ары ийгиликтерди гана каалайм.

ТҮРКСОЙ уюмуна, анын өкүлү Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегинге ушундай идеяны ишке ашырып жатканы үчүн ракмат айткым келет.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут билим”

РЕДАКЦИЯДАН: “Кут билим” газетасынын эмгек жамааты Майрамбек Токторовдун бул эл аралык аренадагы мекеме уюштурган абройлуу сынакта биринчи орунду алганы менен чын дилден куттуктап, чыгармачылык ийгилик каалап кетмекчибиз.

 

КЫРГЫЗЫМ

 Ким айта алат ушул заман жаман деп,

Башта кедей байып калган балаң көп.

Арабыздан маңкурт, зөөкүр көбөйүп,

Жакшыңды айтсам, ошончолук жараң көп.

 

Мактап жазат шылуундарды гезиттер,

Кимиң мыкты, кимиң ууру чечип көр.

Мансабына маашырланган андан көп,

Талашканы кызмат менен эшик, төр.

 

Колдо барын ката калбай көңсөгө,

Коногуңа кымыз сунуп турчусуң,

Эртең эски, бүгүн жаңы турмушуң,

Эми сени таануу кыйын кыргызым.

 

Мейли канча өзгөрсө да замандар,

Жаман бойдон калбаса экен жамандар.

Пейилди оңдо, бер берекет мекенге,

Мекенчилге азыр мына заман зар.

 

Өзүбүздү барктап, сактап жашайлы,

Ансыз деле түмөн кыргыз азайды.

Биригели, бөлүнбөйлү деп туруп,

Ынтымактын бир чоң үйүн жасайлы.

 

Андан башка аргаң барбы кыргызым,

Күндөн күнгө оңолсо дейм турмушуң.

Түндүгүңө, түштүгүңө бөлүнбөй,

Чогуу жансын деп тилеймин жылдызың,

Аалам кезип ай чапчыган кыргызым!

 

 

САРЫ КАР

Жаздагы жылуу жамгыр карга айланып,

Чачыңа түшүп жатты майдаланып.

Ал менин сары карым сага жааган,

Жүзүңдөн сүйүп өтөт тайгаланып.

 

Сары кар, сары карым сабалаган,

Жаз желин ээликтирип чаба жааган.

Сүйүүмдү сенден катып кайда барам,

Бул турмуш сага чын да, мага жалган.

 

Сары кар кыш акысын эселентип,

Эркелейт жылуу тондун жакасында.

Канчалык уюлгутуп учса деле,

Эриди сулуу кыздын такасында.

 

Сары кар, сенде балким таарыныч бар,

Сары кар зарыктырган аппак жамгыр.

Күн келет кайра баштан табыштырар,

Сары кар сүйүү үчүн аткан тагдыр.

 

Кош эми жаздын кары эбеленген,

Жылдыздай асман бербей себеленген.

Сүйүүңдү кышка калтыр жазды ээрчибей,

Төрт мезгил келе берет тегеренген.

 

ДҮЙНӨ

 

Жамгыр беле, же бул көлдүн суусубу,

Канды мына какшыган жер суусуну.

Булут минип бакыт келди төбөңө,

Сен дыйканым сездиң бекен ушуну.

 

Наристенин үнү угулса ыңаалап,

Бүт жер шары тургансыды ураалап.

Бир баладан миңдеп дүйнө куралат,

Сен жаш эне, сездиң бекен ушуну.

 

Пендезатым байманасы ташыган,

Жамандыкты көрбөсөң дейм жашыңан.

Сөз кубалап, кек сактабай көгөрүп,

Дос жасай бил кырчылдаган касыңан.

 

Турат дүйнө күтүп таңдын атышын,

Тазарууга болсун десең катышың.

Жаныңдагы жолдошуңа жылмайып,

Керек сенин түз жолдордо басышың.

 

Мына тоолор, мына жаркын талаалар,

Куюлушат өзөндөрдө аккан суу.

Баары сага кызмат кылып жаткансыйт,

Сен ушуну сездиң бекен адамзат.

 

Бирок сага баары аздай көрүнөт,

Чек аралар жылып келет берилеп.

Дүйнө өзүнүн коломтосун өрттөсө,

Жаракалар тигиштердей сөгүлөт.

 

Адам өлөт, согуш кайра уланат,

Кудай бизден Жер тынчтыгын суранат.

Ага болбой ачылууда арааның,

Неге мынча жаралгансың сугалак.

 

Жер тоголок Күнгө барып чубалат,

Аба, суудан, акыл-эстен куралат.

Сездиң бекен сени Кудай бир күнү,

Жер шарынан коерлугун кубалап!

Майрамбек ТОКТОРОВ

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*