Алгачкы адилет министри, анын кызы Клара жөнүндө (Кыргыздын чыгаан уулу, Кыргыз автономиялуу республикасынын алгачкы Юстиция министри Каратал Табалдиновду эскерүү)

Маңдайымдагы маанайын ак аралаган, жаш курагы бир топко келип калганына карабай, уккан-көргөнү тың, күлкүсү тунук, тамашөкөй, кайратынан али жанбагандыгы анын өктөм үнүнөн сезилип турган байбиче (өң-келбетинен караганда да аны байбиче деп айтууга ооз барбайт) атасы Каратал Табалдинов камалып кеткенде, эс-акыл кире элек эки жашта болгондугун, бирок “эл душманынын кызы” жарлыгынын “жардамы” менен эси-көөнүнөн кетпеген балалыкты башынан кечиргендигин айтып, ошол кезге кайрадан бир кайрылып баргандай бир саамга тунжурады…

Кыйын кыздардын баары Кара-Жыгачтан чыккан

–          Атың Айнагүлбү? – деди Клара Туганбаева мага карап, таанышкандан кийин. – “Айнагүл” деген ырды апам Мариянын кол кармашып жүргөн курбусу Бурулча Какишева ырдачу эле. Бала кезде апам, Бурулча эже, анын жолдошу Бектемир Эгинчиев жана башка курбуларынын отуруштарына көп эле күбө болуп калдым. Апам катуу ооруп жатканда Бурулча эже бир жума жанында болуп, акыркы сапарга узатты.

Репрессия курмандыгына чалдыккан кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Каратал Табалдиновдун кызы Клара Караталовна менен таанышуум ушундай жайдары, тамаша ыргагында башталды.

–          Сиз да Аламүдүндөнсүзбү? Кыйын кыздардын баары Аламүдүндөн чыгыптыр да, мисалы, Күлүпа Кондучалова…

–          Аны менен бир көчөдө турчубуз да. Атам Каратал Табалдинов Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылынан. Апам өзү көгүлтүр көл жээгиндеги Түп районунун Чолпон айылынын кызы.

–          Кыздардын жашын сурабайт дешет, ошентсе да жашыңыз канчада экендигин билсем болобу?

–          Жашым 18де,- деди Клара Караталовна жайдары күлүп.  Азыр 83 жаштын тамагын ичип отурам. Бутум эле ооруп кыйнаганы болбосо, кудайга шүгүрмүн. Канткен менен бала кездеги так кетпейт турбайбы, болбосо, атамдын артынан апам экөөбүз бир далай кыйынчылыктарды көргөнүбүз менен, 1956-жылы атам алгачкы партия менен акталгандан тарта жакшы эле жашоодо жашадык десем болот.

–          Атаңыз тууралуу уккандарыңды айтып берсеңиз? Ал репрессияга кеткенде сиз кичинекей болчусуз да?

–          Ооба, аны жакшы билмек тургай, үнүн укпай калбадымбы. Мен төрөлгөндө атам Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, апам Мариям Туганбаева да жооптуу кызматта иштечү экен. Мен экиге толуп-толо электе атамды “эл душманы” деп камап кетишиптир. Эл үчүн кызмат кылууга дилгир эр азаматтарыбыз “эл душмандары” аталышып, кайгылуу тагдырда өкүттө гана кетишти да, кайран гана кишилер… Алар тууралуу кийин-кийин эле ачык айтып калбадыкпы…

САКУ табыштырган тагдыр

Каратал Табалдинов 1899-жылы Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Үч бир туугандын кичүүсү экен. Атасынан эрте ажыраган ал өзүнүн зээндүүлүгү, тиригарактыгы менен 1918-жылдары жаңы уюшулуп жаткан милиция кошунуна өз ыктыяры менен кошулат. Жердештери анын кеңеш бийлигине каршы чыккан басмачылар менен күрөшүүдөгү эмгегин көп эскеришет. Шаарга жакын болгондуктан, биринчилерден болуп орус тилинде сүйлөгөндү, жазганды өздөштүрүп, сабаттуу адис катары кызматтык даражасы тез өйдөлөгөн. Коммунисттик Партиянын катарына өткөн соң, Чүй райкомуна инструктор, андан кийин Аламүдүн райкомунун катчысы болуп эмгектенет. Аны менен катар билимин да үзгүлтүксүз жогорулатып турган. Пишпек шаарындагы эки айлык даярдоо курсунда окуп, анан Ташкенттеги белгилүү САКУдан (Орто Азиядагы коммунисттик университет) билимин улантат. Үчүнчү курсту аяктагандан кийин аны Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусундагы Жерге-Тал районуна партиянын райкомунун катчысы кызматына жиберишет. 1932-жылы ВКП (б) Орто Азия бюросу Каратал Табалдиновду Ош облусундагы Өзгөн районуна саясий бөлүмүнүн башчысы кызматына которот. 1934-жылы Москвадагы юристтердин бир жылдык жогорку курсун аяктап келгенден кийин, 1935-жылы Кыргыз автономия республикасынын Юстиция эл комиссары болуп 1937-жылга чейин иштейт.

Кларанын апасы Мария Туганбаеванын 1916-жылдагы үркүндө көрбөгөн кордугу калбайт. Анткени анын эне-атасы жарды болгондуктан, кызынын тирүү калышы үчүн бир татар көпөскө жубайлыкка берүүгө аргасыз болушкан. Зөөкүр күйөөсүнүн ур-токмогуна чыдоосу чегинен ашкан соң, көкүрөгү зирек Мария тагдырдын тоскоолдуктарына карабай, жаңы заман, жаңы жашоо эңсеп, Караколдон Пишпекке келаткан ат арабага жармашып, ач-жылаңач эки ай дегенде борборго качып келген. Өз алдынча сабатсыздыгын жоюп, окуп-жазганды үйрөнгөн зээндүү кызды даярдоо курсунда окутушат да, атактуу САКУга окууга жиберишет. Каратал Табалдинов бир курс төмөн окуган Мария Туганбаева менен ошол жерден табышып, тагдырдын буйругу менен экөө баш кошот.

Эки кызыл революционердин кызы – Клара

Мен жогоруда айткандай, атамдын кызматтык даражасы гүлдөп турган кезде төрөлүптүрмүн. Апам экөө тең бирдей кызыл революционер болсо, кызынын атын Клара койбогондо, ким коймок эле?! Мен төрөлгөндөн кийин эки жылга жетпей атамды куугунтуктоо башталат. Аны башкалар сыяктуу эле  Туран партиясына байланыштырып, камап коюшат. Ал өзү юрист болсо, өзү Советтер Союзу дегенде жанын берген адам болсо, албетте, эч нерсени мойнуна албайт. Атамды түнкүсүн уктатпай сабашчу экен. Аны төрт жыл жалгыз камерада кармашат. Аягында алы жок, оозу-мурдунан кан агып калганда замбилге салып поезд менен Россиянын Ыраакы чыгышына айдап жиберишет. Поездден эптеп бир ооз кат жазганга үлгүрүптүр. Апама “Чита облусу, Слободка деген кыштакта бизди түшүрүп жатышат, мындан ары дагы каякка алып барышарын билбейм”,- деген алакандай кат келген. Атамдан ошол бойдон башка кат-кабар болгон жок.

Атам Каратал Табалдиновдун кызматтык даражасы канчалык тез жогоруласа, ошол каргашалуу 1937-жылдан кийин анын үй-бүлөсүн ошончолук тездик менен кара туман каптап калган. Апам бечара там-туң баскан мени жетелеп, жашаган үйүнөн куулуп, колундагы партбилетинен ажырап көчөдө калат. Бирок мындан да кыйын турмуштун соккусун жеңип, анын жетегинде калбай,  тагдырына бурулуш жасаган кайраттуу энем, мында да белин бекем бууп, мени бала бакчага орноштуруп, өзү тигүү фабрикасына катардагы тигүүчү болуп ишке орношот. Андан кийинки жашообуз элес-булас эсимде. Биз “эл душманынын” үй-бүлөсү элек да, анын запкысы жакындарыбызга тийбесин деп баарынан обочо жашадык. Бирок анын кесепети туугандарыбызга тийбей койгон жок, жакшы эле тийди. Айла канча, баарына чыдадык. Апамдын кайратмандыгы, эмгекчилдиги, оокатка бүйрөлүгү мени да турмушка чыдамдуу кылып тарбиялады. Мен турмушумда апама эки нерсе үчүн чексиз ыраазымын. Биринчиси, мени да өзүндөй чынчыл, күжүрмөн, эмгекчил кылып тарбиялап-өстүргөнү, экинчиси, өзүнүн катаал шартта жашагандыгына карабай, мени жогорку окуу жайда, болгондо да Москвада окуткандыгы үчүн өмүр бою ыраазымын. 1957-жылы Москвадагы Плеханов атындагы Эл чарбачылыгы институтун аяктап келдим. Ал кезде апам борбор шаарыбыздагы кооператив техникумунда мугалим эле. Апам ал окуу жайда 1943-жылдан 1957-жылга чейин тарых сабагынын мугалими болуп эмгектенди.

Соода техникумунда 12 жыл директор

Клара Туганбаеваны (атасынын “атактуу атынан” улам апасынын фамилиясына өтүүгө аргасыз болгон ) турмуш жакшы эле өөдө-төмөн калчады. Балалыгына түнөгөн кара туманга карабай, бактылуу көз ирмемдери басымдуу болду десе болчудай. Сүр десе сүрү бар, колунда Москвадан алган диплому бар, эң негизгиси, жаш, сабаттуу, тиригарак, тың кызды өз чөйрөсүндө тез эле байкашты. Байкашты да дароо эле жооптуу кызматтарга алып кетишти. Клара Караталовна 42 жыл соода тармагында эмгектенди. Аны “Ата- Мекендик сооданын ар-намысы, абийири”,- деп атасак да жарашат. Тагыраагы, аны жакындан билгендер ушинтип эле аташчу. Анткени ал эң опурталдуу, эң жооптуу тармакта иштеген жарым кылымга жакын мезгил аралыгында кызматына кымындай да шек келтирген жок. Кызматы ар түрдүү болду, райондук аткаруу комитети, облустук аткаруу комитети, Соода техникумунун директору, атактуу “Айчүрөк” соода борборунун директору, Кыргыз ССРнин Соода министринин орун басары, айтор, баш айланткан нечен кызматтарда иштесе да, сергек ой жүгүрткөн, өз ишине чексиз берилген, акыйкат адамдык сапатын сактай алды. Айрыкча, замандаштары Клара Туганбаеваны Фрунзедеги (азыркы Бишкек шаары) Соода техникумунун кыргыз аялдарынан чыккан биринчи директору эле эмес, ал техникумду түптөп, гүлдөткөн директор катары да жакшы билишет. Өмүрлүк жолдошу, ветеринария илимдеринин кандидаты Азис Убашев экөө эки кыз, бир уулун тарбиялап өстүрүштү. Клара Караталовна азыр неберелеринин урмат-сыйын көрүп, ардактуу эс алууда.

1993-жылы Каратал Табалдинов туулуп-өскөн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылындагы орто мектепке анын ысмы ыйгарылган. Былтыр ал мектепте К.Табалдиновдун  басып өткөн татаал жолун чагылдырган музей да ачылды. Анын өмүрлүк жары Мария Туганбаеванын да кыргыз элине сиңирген эмгеги эске алынып, Түп районундагы Чолпон айлынын көчөлөрүнүн бири анын атында аталып жүрөт. Карт тарыхтын катылуу барактарынын мына ушундай сырлары бар. Аны кийинки муун билип жүрүүсү парз.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*