Өнөр сересиндеги отуз жыл

Маданияттын мыкты кызматкери Бурул Дүйшеева Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Н.Абдрахманов атындагы балдардын музыкалык мектебинде 30 жылга чукул убакыттан бери балдарга баян, ооз комуз, чопо чоор үйрөтүп, мектептин хор тобун жетектеп келет. Ал иштеген музыкалык мектеп өзгөчө зээндүү, музыкага шыктуу балдарды окутат.

“Мектептеги “Москва” баяным мени студент кезде да коштоп жүрдү”

Бурул Дүйшеева Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылында токой кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын апасы ооз комузду жакшы ойночу. Апасынын таасири болсо керек, ал да бул аспапка кызыгып кармалап калчу. Бирок өзүнө таандык алгачкы музыкалык аспапы гармошка болду.

  • Атам токой кызматкери болгондуктан, бирге иштешкен кызматташтарынын арасында орус улутундагылар көп болчу. Алар гармошка тартып калганда, анын сырдуу кайрыктары бир башкача угулуп, мени өзүнө арбап тураар эле. Менин музыкалык аспаптарга кызыгып жүргөнүмдү байкап калса керек, мектепте окуп жүргөн кезимде атам “Москва” деп аталган баян сатып берген. “Москва” баяным мени студент кезде да коштоп жүрдү. Өзгөчө өзөн суу бойлоп, тоо-токой аралап ээн-эркин өскөн жаным өмүрү көрбөгөн шаарга келгенде, капаска түшкөн эликтей кадимкидей туйлап буулукканда, мага “Москва” баяным муңдаш да, сырдаш да болуп берди,-деп эскерет Бурул бала чагындагы алгачкы колуна алган аспабы тууралуу.

“Өзүмдө болсо көрөңгө – үйрөтөмүн өнөргө”

Бурул Дүйшеева 1988-жылы борборубуздагы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтун (азыркы И.Арабаев атындагы университет) аяктаган. Жаныш Рыскулов, Асанбек Сулайманов деген улуу устаттардан баяндан сабак алган.

Алгачкы эмгек жолу Тогуз-Торо районундагы Макмал орто мектебинде башталып, андан кийин Чолпон-Ата шаарында иштеди. Отуз жылга чукул балдарга музыка дүйнөсүнүн керемет сырын  үйрөтүп келаткан устат дүйнөнү багынткан жети нотанын ыргагына бүт ааламды батырса болот деп эсептейт.

  • Мен учурунда Ал “Тоо шаңы” элдик фольклордук ансамблинде да оркестрде ойноп жүрдүм. Үйлөмө, какма аспаптар боюнча “Мурас” элдик этнографиялык тобунун жетекчиси Кутман Султановдон өз алдымча окуп, сертификат алгам. Кийинки учурда заман талабына шайкеш элдик аспаптарга басым жасап жатканым да ошондон. Музыканттардын жан дүйнөсү ушунчалык сулуу, тилеги ак деп ойлойм. Алар тойлордо ырдасак, эл сүйүнүп кол чапса деп тилешет. Мен негизинен балдар менен иштеп жүрүп, чыгармаларымдын баары балдарга арналып, патриоттук духта жазылды. Негизгиси эле “Өзүмдө болсо көрөңгө – үйрөтөмүн өнөргө” деген эрежем бар. Балдардын дүйнөсү ак баракка түшүрүлгөн нотадай. Аны кандай жазып, кандай үйрөтсөң, ошол бойдон кетет эмеспи. Биздин мектептин ийгиликтери арбын. Жакында эле мектептин 80 жылдыгы болуп, 80 ооз комузчу алып чыктык. Андан сырткары, Көчмөндөр оюнунда айтылуу “Маш ботойду” чертишкен 1000 комузчунун 100 комузчусу ушул ак-талаалык музыкалык мектебинин окуучулары. Ал үчүн биз Президенттин Ардак грамотасын алдык.

Быйыл маданият жылында көркөм өнөрдү ардактаган байбичелердин топтору актуалдуу болуп жатпайбы. Мен Ак-Талаа районундагы “Ак-мөөрдүн сиңдилери” деген байбичелер тобунун көркөм жетекчисимин. Биздин байбичелер тобунун уюшулганына 17 жыл болду. 15 жылдыгында райондук администрация автоунаа тартуулаган.

Май айында “Ак-Мөөрдүн сиңдилери” Түркиянын Бартын деген байыркы шаарында Энелер күнүнө карата атайын уюштурулган иш-чарага катышып келдик. Ага баш-аягы төрт-беш мамлекеттен өкүлдөр келишиптир. Биз негизинен элдик фольклордук чыгармаларды аткардык. Андан тышкары, Исак Стамкуловдун “Жүзүңө күлкү жарашып” деген ырын, “Туулган жерим турпагым” деген ырды, комузчулардын ансамблинин аткаруусунда “Тагылдыр тоо” курама күүсүн ж.б. даярдап барганбыз. Баары эле биздин улуттук кийимдерибизге, улуттук аспаптарыбызга кызыгып жатышты. Ага удаа эле ошол жерде өтүп жаткан “Кулпунай фестивалына” күбө болдук. Алар алдынан жолуккандардын баарына эле чакалап кулпунай бере беришкендиги өтө кызык экен. Менин Түркияда иштеген улуу кызым бизге тилмеч да, гид да болуп бергендиктен, адашпай, кыйналбай жакшы барып келдик. Бирок байбичелерибиздин көз жоосун алган кыргыз көйнөктөрү оңой менен адаштырган жок-деп, жан азыгы музыкага байланышкан элет жериндеги турмушу, акыркы жаңылыктары жөнүндө айтып берди.

Музыкалык мектептин универсал устаттары

Ак-Талаа районундагы Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектеби 1974-жылы уюшулган. Учурда 124 бала билим алат. Каалоочулар мындан да көп, бирок тилекке каршы, имарат тар болгондуктан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Маданият жылында балким ушундай элеттеги өнөр аздектеген тоолуктардын мүдөөсү аткарылып, имаратыбызды кеңейтип беришсе жакшы эле болмок деп шыпшынат Бурул айым. Убагында айтылуу бул мектепти Н.Абдрахманов өзү жетектеген. Учурда улуу устаттын жети окуучусу ошол мектепте эмгектенишет. Азыркы директору Венера Артыкбаева өзү комуздан сабак берет, келечекте көптү үмүттөндүргөн жаш адистерден.

  • Биз баарыбыз терең урматтап сыйлаган Дөөлөтбек Бешкүрөңов деген агайыбыз бар. Өзү профессионал баянист. Тагдырдын жазмышы экен, эки көзүнөн азиз, бирок жараткан ага көзүндөгү касиетин көөдөнүнө бериптир. Ал балдарга сабак бергенден тышкары музыкалык аспаптарды оңдойт. Биздин маданият үйүнүн оркестрин да ушул киши иштеп чыгат. Дөөлөтбек агай кезегинде Брайлердин китептери менен Казакстандан билим алган. Ошол боюнча баарына партитураларын жазып берет. Азыр “Камбарканды”, “Келиндердин эрке күүсүн” аяктап, “Эмгек бакыт” деген күүсүн даярдап жатабыз. Биздин мектептин окуучулары борбордогу музыкалык окуу жайлардын негизги составын түзүшөт. Биз ошого сыймыктанабыз. Мектепте үйлөмө аспаптары, баян, аккордеон, фортепиано, ооз комуз, комуз ж.б. класстары бар. Балдардын өздөрүнүн чакан оркестри бар. Жылда академиялык отчет берип турушат. Мугалимдерибиздин баары универсал устаттар. Кыл такканды да, кулак жасаганды да билишет. Музыка мугалимдери башка мугалимдердер сыяктуу эле аз айлык алышат. Аларга кошумча каражат табуу жолдорунун бири – жакын арадагы башка мектептерде да түрдүү ийримдерди уюштуруп музыкалык класс ачса, мугалимдерге да биртике тыйын таба турган жумуш болмок, балдарга да жакшы болмок деп ойлойм. Анткени, мектептеги эле эмес, райондук, шаардык, облустук бардык иш-чаралар музыка мугалиминин мойнунда. Аларга өтө кыйын, жоопкерчилиги жогору, бирок алган акчалары аз,-дейт Бурул Дүйшеева.

Аккордеончу айымдар

Бурул Дуйшеева бир кезде пединститутта музыка дүйнөсүнүн сырын бирге ачкан  кыздарымды таап баарлашсам, кесиптик сырлар менен бөлүшсөм деп кыялданып жүрүп, курбуларын интернеттен таап алганда, сүйүнүчү чексиз болду. Санап көрсө, арадан туура отуз жыл өтүптүр. Ошондой ынак курбуларынын бири Белек Бапытаева менен жолугуп гана тим болбой, жаңы долбоор ачып, бирге иштей башташты.

  • Белектин сүрөтүн Фейсбуктан көрүп, сүйүнгөнүмдү сурабаңыз. Колунда беш катар (пятирядка) баян. Анын маанисин билгендер эле билбесе, билбегендер билбес. Ал жолугушуубуз жемиштүү болуп, аккордеон тарткан айымдардан турган атайын топ түздүк. Бул демилге Бишкектеги №10 мектептин музыка мугалими, обончу Белек Бапытаевага таандык.
  • Биз жакында эле профессионал музыканттардан турган “Аккордеончу айымдар” тобун түптөдүк, – деп сөзгө аралашты Белек Бапытаева. – Менин жеке оюмда, бул -жакшы жөрөлгө. Түзүмүндө жети облустун өкүлүнөн турган топтун максаты – музыка сүйгөн элибизди ынтымакка, ырашкерликке үндөө, алысты жакындатуу. Мисалы, Таластан чыккан обондорду Бурул Ак-Талаага алып кетет же тескерисинче. Бизди бириктирген музыка дүйнөсү, ага болгон урмат-сыйыбыз күчтүү болсо керек, алдыда койгон чоң-чоң максаттарыбыз бар. Чынында аккордеон, баян көтөрүү аялзаты үчүн оор эле болот. Бирок мойнуңа асып алып эл аралап, элге ыр-күү тартуулап жүргөн көз ирмемдер ошого татыйт, биз ошол үчүн өзүбүздү бактылуу сезебиз. Окуу жайда учурунда бир курста 50 бала окусак, аккордеон же баянда анын жети-сегизи гана профессионалдык деңгээлде ойной алчу. Ошол айымдарды чогулткум келди. Анткени убагында окугандардын көбү турмуш шартына байланыштуу ойнобой калышты, аялзатынын түйшүгү айтпаса да түшүнүктүү эмеспи.

КТРКнын эл арасында жакшы таанымал болуп калган “Эл алдында келет ырдагым” деген теледолбоору бар эмеспи. Ошол долбоордун жардамы менен көмүскөдө катылып жаткан нечендеген таланттар белгилүү болуп чыга келишти. Долбоордун жетекчиси Чынара Итигулова бизге да түрткү бергендиги үчүн ага ыраазычылыгымды билдиргим келет-дейт Белек.

Белек Бапытаева белгилегендей, баш көтөртпөгөн күнүмдүк көр-тирликтен алаксытып, жан дүйнөбүздү музыка менен азыктандырып, байытып, классикалык чыгармаларды ойноп, элдин табитин ойготсок, жогорулатсак деген максатты көздөгөн аккордеончу айымдарыбызга чыгармачылык ак жол каалайбыз.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут билим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*