2012-2013-окуу жылындагы орто билими жөнүндөгү артыкчылык аттестатына талапкерлер болгон 11(12)-классынын бүтүрүүчүлөрүн тест сынагынан өткөрүү жөнүндө

Билим берүү жана илим министрлигинин 2013-жылдын 1-апрелиндеги №145/1 буйругу

 

Республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын 11(12) – классынын бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээлин тастыктоо жана билим сапатын көз карандысыз баалоо максатында

 

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. 11 (12)-класстын бүтүрүүчүлөрүн, орто билими жөнүндөгү аттестаты артыкчылык менен бүтүрүүгө талапкерлерди тест сынагынан өткөрүү жөнүндө Жобо, тест өткөрүү боюнча Республикалык усулдук комиссиянын курамы, тестирлөөнүн сметасы 1, 2, 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Артыкчылык аттестатын алууга талапкер 11(12)-класстын бүтүрүүчүлөрүнө тест сынагы эне тили жана адабиятынан, алгебрадан, Кыргызстандын тарыхынан, мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус) тилдери:

2.1. 2013-жылдын 3-майында Бишкек шаарында, Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл областтарында;

2.2. 2013-жылдын 7-майында Ош шаарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында өткөрүлсүн;

2.3. 2013-жылдын 2 жана 6-майы республиканын тийиштүү аймактарынын жана шаарларынын тест өткөрүү пункттарында жалпы билим берүү уюмдарын даярдоо күнү деп бекитилсин.

3. Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн жана бардык типтеги жана менчиктеги жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине:

3.1. Артыкчылык аттестат алууга талапкерлердин тизмеси Улуттук тест жүргүзүү борборуна 2013-жылдын 15-апрелине чейин факс аркылуу 0(312) 66-37-52 же е-mail: office@ntc.kg дарегине №4 тиркемеге ылайык жөнөтүлсүн;

3.2. Улуттук тест жүргүзүү борбору менен бирдикте 90-100 окуучу бата турган 1 же 2 тест өткөрүү пункту мектептин базасында (акт же спорт залдары, ашкана же рекреациялар) аныкталсын жана 0(312) 66-22-63 телефону боюнча байланышып, ар бир окуучуга жеке орундарды даярдашсын;

3.3. Тест материалдарын сактоону камсыздоо үчүн 1-кабаттан жогору жайгашкан, эшик жана терезелеринде темир тору бар өзүнчө бөлмө камсыздалсын;

3.4. Тест өтө турган жерлерде өрткө каршы коопсуздук жана санитардык-гигиеналык шарттары (бөлмөлөрдү жарыктандыруу, желдетүү ж.б.) түзүлсүн;

3.5. Тест өтүп жаткан мезгилде талапкерлердин өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоого багытталган медициналык бөлмө жана медициналык кызматкерлердин кезеги, коопсуздук кызматынын 2ден кем эмес өкүлдөрүнө шарттар түзүлсүн жана бекитилсин. Бүтүрүүчүлөрдүн тамактануусун, жайгашуусун уюштурууну, унаа чыгымдарын жана талапкерлерди тест өткөрүү пунктуна чейин жана кайра жеткирүүгө жеке жоопкерчилиги милдеттендирилсин.

3.6. 2012-2013-окуу жылындагы жалпы орто билими жөнүндөгү артыкчылык аттестатын алууга талапкерлер жана алардын ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) тест өткөрүү жөнүндөгү Жобо менен тааныштырылсын. Жалпы билим берүү уюмдарында тест жүргүзүү боюнча (тест жүргүзүү жөнүндөгү Жобо, тест менен иштөөнүн эрежелери ж.д.у.с.) дубал гезиттер жасалгалансын;

3.7. 2013-жылдын 20-майына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин техникалык апелляциялык комиссиясына факс аркылуу: 0(312) 66-37-52 же болбосо е-mail: office@ntc.kg боюнча апелляция менен кайрылган мектеп окуучуларынын тизмесин (бүтүрүүчүнүн аты-жөнү, каттоо номери) жөнөтүү иштери камсыз кылынсын;

4. Бюджеттик саясат жана финансылык анализ жүргүзүү башкармалыгы (М. Баймурзаев), бухгалтердик эсеп жана отчеттук бөлүм (Б.Байгатаев), Улуттук тест жүргүзүү борбору (А.Бакиров) артыкчылык аттестат алууга талапкерлерди тесттен өткөрүүгө сарпталуучу чыгымдарын бекитилген сметага ылайык жүргүзүшсүн;

5. Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгы (М. Усеналиев) жана Улуттук тест жүргүзүү борбору (А.Бакиров) тест жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат акыркы тест өткөн күндөн кийин беш күндүк мөөнөттө райондук (шаардык) билим берүү органдарына  жеткирүү милдеттендирилсин.

6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары Д. Кендирбаевага жүктөлсүн.

Министр К.Садыков

4 Комментарии

  1. Whilst not wishing to criticise patent attorneys, I’m not convinced that IPKat’s usually rigorous logic has been applied to this analogy. Patent attorneys would not get work from disputing validity or avoiding software patents either if the patents did not exist. Surely it’s more akin to criminal lawyers arguing for the creation of a new criminal offence – with complex defences!

  2. MercyI’m like WHATbut then again before i cast the stone at youi must admit that i did eat termites while in abeokutaonly we didn’t call them termiteswe called them esun esun and we ripped off the wings just like Vickii said and fried thembut I’m not sharing that information with ANYONE anytime soonout of curiousity are these the same termites that get into wood

Добавить комментарий для http://www.angelasmith.us/ Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*