Төлөбек Камчыбеков, КЭУнун ректору: “Өзүн-өзү каржылоого өткөнү сарамжалдуулукка үйрөндүк”

Республикадагы айрым мамлекеттик жогорку окуу жайларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү жогорку билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформанын бир багыты болуп саналат. Кыргыз экономикалык университети биринчилерден болуп өзүн-өзү каржылоого өткөн жылдын сентябрь айында өткөн. өзүн-өзү каржылоонун күңгөйү жана тескейи тууралуу окуу жайдын ректору Төлөбек Камчыбеков “Кутбилим” газетасына айтып берди.

– Төлөбек Кадыралиевич, Сиз жетектеген окуу жайдын өзүн-өзү каржылоого өткөнүнө жарым жылдан ашуун убакыт өттү. Каржылоонун бул түрүнө өтүүдө кандай өзгөрүүлөргө туш болдуңуздар?

– Алгач сөздү окуу жайларды эмне себептен өзүн-өзү каржылоого өткөрүү зарылдыгы келип чыккандыгынан баштасам. Негизи каржылоонун бул түрүнө өтүү мыйзам ченемдүү нерсе.  Бүгүнкү күндө каражаттын жетишсиздигинен мамлекеттин илим-билим тармагын каржылоосу өтө татаал болууда. Бирок биз ушул күнгө чейин мамлекеттин абалын түшүнбөй, мурунку Совет мезгилиндей эле келе-келе деп, мамлекеттин көзүн карап отурабыз. Албетте, мурун СССРдин бюджетинен билим берүүнү өнүктүрүү үчүн көп каражаттар бөлүнчү. Азыркы билим берүүчү мекемелердин баардыгы ошол учурда түптөлүп калгандар. Бирок эгемендүүлүктүн жыйырма жылында мамлекеттин бюджетинин тартыштыгына карабай, канчалаган мектептер курулуп, акыркы 1-2 жылдан бери мектепке чейинки мекемелерди кайра калыбына келтирүү аракеттери да жакшы жүрүп жатат. Бирок ал дагы жетишсиз. Албетте, мунун баардыгы келип эле каражаттын тартыштыгына такалат. Ошондуктан бүгүнкү күнү жогорку окуу жайларга каралган каражаттарды мектептерге, бала бакчаларга жумшоо зарыл. Себеби бала бакча, мектеп өнүкмөйүнчө  жогорку окуу жайы өнүкпөйт, билим берүүнүн сапаты көтөрүлбөйт. Анткени жогорку окуу жайларга дал ушул мектептин бүтүрүүчүлөрү келет. Анан ал бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээли төмөн болсо, жакшы адистер даярдалбаса, кайра эле мектепке билим деңгээли төмөн адис барып сабак берип жатпайбы. Мен муну 20 жыл ичинде бул тармакка тийиштүү көңүл бурулбай калгандыктын кесепети деп эсептейм. Ошондуктан кээ бир жогорку окуу жайлар өзүн-өзү каржылап кетсе, аларга каралып келген каражаттарды мектептерге жумшасак деген ойдон улам келип чыгып жатат. Бирок чындыгында, менимче, мамлекетте билим системасында эч качан өзүн-өзү каржылоо, контракттык түрдө окутуу, мектептерде контракттык класстарды ачуу деген болбошу керек. Россиянын Президенти В.Путин жакында эле “Мен иштеп турганда эч качан бюджеттен тышкары билим берүү мекемелерин элден, балдардан акча алып каржылоо болбойт” дебедиби. Албетте, эми алар бай мамлекеттер. Биз болсо өзүбүздүн шартыбызга жараша иш жасашыбыз керек. Бир жагынан алганда кээ бир жождорду өзүн-өзү каржылоого өткөрүүнү туура деп эсептейм. Ошондуктан былтыр Эл аралык университети менен Кыргыз экономикалык университети өзүн-өзү каржылоого өттү. Учурда мамлекеттен 2-3-4-курстарда бюджеттик негизде окуп жаткан студенттерге каржылоолор келип жатат. Анткени бюджеттик бөлүмгө кабыл алган студенттерибизди бүтүрүшүбүз керек.

– Университет каржылоонун бул түрүнө өтүү менен эмнеден утту жана эмнеден утулду? Себеби баардык чыгымды өз мойнуна алуу окуу жай үчүн абдан кыйын болсо керек.

– Өзүн-өзү каржылоого өтүүнүн өзү эрдик. Себеби бүгүнкү күндө коммуналдык төлөмдөр жогорулап, күндөн-күнгө кымбатчылык болуп жатканда болгон чыгымды өзүбүздүн мойнубузга алып, өзүбүз оокат кылып кетебиз, өзүбүздү өзүбүз багып кетебиз деп аракет жасап жатабыз. Бирок кыйынчылыктар көп. Анын эң негизги себеби, тилекке каршы, окуу жайлардагы профилине туура келбеген адистиктерди кыскартып, бир окуу жайга топтойбуз деген иштердин аткарылбай жатканы. Мисалы, экономика адистигин Консерваториядан башка окуу жайлардын баардыгы даярдайт. Алар кандай шартта, кандай сапатта даярдап жатат, кептин баары ошондо. Окуу жайларды деле түшүнсө болот. Ошол адистиктерди ачуу менен бир аз каражат таап, материалдык-техникалык базасын чыңдайт. Ошол эле учурда министрликке дагы абдан кыйын болуп жатат. Берилген лицензияларды кайра чакыртып алуу, аларды жөнгө салуу иштери абдан оор. Эгерде ушул маселе чечилип калса окуу жайдын өнүгүшүнө жакшы шарт түзүлмөк.

Өзүн-өзү каржылоого өткөндөн кийин материалдык-техникалык базабызды чыңдоодо, окутуучуларга, кызматкерлерге айлык акы берүүдө кыйынчылыктар болду. Бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеп, ар тараптан каражат табуу аракетин көрүп жатабыз. Ал үчүн ар бир тыйыныбызды санап, ар бир сомду каякка жумшайбыз, эмне алабыз, быйыл эмнени бүтүрөбүз деп пландаштырып иштөөгө өттүк. Каражатты сарамжалдоо үчүн быйыл шаарда жылуулукту 26-мартта токтотсо, биз аны 2-мартта эле токтоттук. Мурда телефонду пайдалануу үчүн айына 12 миң төлөсөк, азыр 5-6 миңге түшүрдүк. Кыскасы, баардык жактан үнөмдөөгө өттүк. Окуу жайдагы деканаттарды дагы жоюп, ордуна кеңсе каттоосун ачтык. Муну жамаат дагы жакшы түшүнүп, бизди колдоп жатат.

Ошол эле убакта инвестиция таап, долбоорлорду жазып сырттан каражат табуу аракетиндебиз. Долбоорлордон келген каражаттар менен окутуучулардын квалификациясын жогорулатып алсак эле канчалаган акча үнөмдөлөт. Жакында студенттер арасында өтө турган Евроазиялык чоң конференцияга студенттерди даярдап жатабыз. Алар, биринчиден, Кыргызстандын атын чыгарышса, экинчиден, университеттин имиджин көтөрүшөт. Бирок биз буга каражат аз деп студенттерди жибербей койбойбуз. Кете турган каражатты  ички булактан эмес, сырттан табалы деп жатабыз. Кыскасы, азыр үй-бүлөдөгүдөй эле өзүбүздүн бюджетти өзүбүз карап, көзөмөлдөп жатабыз. Алгач киреше-чыгашалардын баардыгын Камкорчулар кеңешинде талкуулап бекитип алып, анан Окумуштуулар кеңешинде талдайбыз. Канча акча түштү, канчасы кайда кетти, канчасы кайда кетет, каражаттар максатсыз пайдаланылган жокпу, дагы кантип үнөмдөсөк болот деп окутуучудан тартып  студенттерге чейин кайрылып жатабыз. Ошондуктан азыр университеттин быйылкы бюджети мынча, анын мынчасы бул жакка жумшалат деп, киреше-чыгашасын толугу менен ачык-айкын кулактандыруу доскасына илип койдук. Универсиадага, Студенттик фестивалга, илимий конференцияларга каралган каражаттар ачык талкууланат. Жакында Жалал-Абад шаарында өтө турган экономикалык олимпиадага дагы саналуу гана киши жөнөтүп жатабыз. Себеби каражатты үнөмдөшүбүз керек. Бирок аларга биринчиликти алып келгиле деп  жатабыз.

Быйыл 1-январдан баштап атайын каражаттан мамлекетке төлөнүп келген 20% салыктын алынып салынганы өзгөчө биздин окуу жай үчүн абдан жакшы болду. Себеби окуу жайлар бул салыкты төгө баштагандан бери материалдык-техникалык базаны чыңдоо өтө оор болуп калган. Мындай салык бизден башка бир дагы мамлекетте жок эле. Эми ошол каражаттын эсебинен окутуучуларыбыздын маянасын 20% жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

– Сиз жогоруда университетте деканаттардын жоюлуп, ордуна каттоо кеңсеси  ачылгандыгын айттыңыз. Бул башкаруунун жаңы жолубу же акча үнөмдөө үчүн жасалган ишпи?

– 1-январдан баштап университеттин структурасы алмашты. Болон процессинин принциптерине ылайыктап деканаттарды жойдук. Анын ордуна каттоо кеңсесин түздүк. Мурун 3-4 факультет болуп, ишти төрт декан, төрт декандын орун басары, төрт лаборант, төрт методист алып барса, азыр аны бир гана киши тейлейт. Мунун биринчи пайдасы, башкаруу эффективдүү болсо, экинчиси, каражат үнөмдөлөт. Анткени жогоруда айтылгандай, жыйырмага чукул кишиге төлөнүп келген айлык саналуу гана кызматкерге төлөнөт.

Азыр башкаруунун бул системасын толук кандуу киргизүү үчүн дагы деле изденүүдөбүз. Россиянын, Европанын варианттарын карап жатабыз. Азыр үч факультет үчүн үч офис менеджер гана иштеп жатат. Болгон документтер бир жерде болуп, иштин жүрүшү жакшырууда. Эми каттоо кеңсесин факультеттерде эмес курстарга түзсөкпү деп жатабыз. Себеби бир курстун документациясын бешинчи курска чейин бир жерде кармоо, ишти бир жерде жүргүзүү эффективдүү болот экен. Албетте, биз башкаруунун мындай системасына өтүү менен билимдин сапатын дагы унутта калтырган жокпуз. Учурда университет AVN программасы менен иш алып барууда.

– Жогорку билим берүү тармагын реформалоодо адистиктерди профилдик окуу жайларга чогултуу иши тууралуу оюңузду айттыңыз. Бирок ошол эле учурда өзүн-өзү каржылоого өтүү менен КЭУга бюджеттик орундар бөлүнбөй калды. Эгерде экономикалык адистикти даярдоодо КЭУ базалык деп табылса, бюджеттик негизде билим берүү такыр токтоп калабы? 

– Мен экономист, юристтерди даярдоодо бюджеттик орундардын кыскартылышын туура эмес деп эсептейм. Себеби мамлекет тарабынан бул адистиктерге  бюджеттик орундар каралбайт деп жатат. Ошол эле учурда жакшы окуган, дал ушул кесиптин ээси болгусу келген, бирок каражаты жетишсиз балдар билим албай калышабы? Ушул жагын жакшылап ойлонушубуз керек. Анткени алардын билим алууга болгон укугу тепселенүүдө. Эгерде мамлекет 5000 бюджеттик орун бере турган болсо, анын бир канча орунун ушул адистикти даярдоо үчүн мамлекеттик заказ катары берүүсү зарыл. Анан ага мейли менчик окуу жайыбы, мейли өзүн-өзү каржылаган мамлекеттик окуу жайбы бирдей катышуусу керек.

Маектешкен Чолпон Кийизбаева

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*