Төлөбек Абдырахманов, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору: «Камкорчулар кеңеши коррупцияны колго чабат»

Билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз чогултулган акчаларга тыюу салуу максатында Билим берүү жана илим министринин атайын буйругу чыкты. Буйрукка ылайык жогорку окуу жайларында Камкорчулук кеңештери түзүлүп, алардын иши тууралуу билим берүү тутумундагы кызматкерлердин жана коомчулуктун арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүгө тийиш. Буга чейин мамлекеттик жождордун 54% Камкорчулар кеңеши иштеп келген. И.Арабаев атындагы КМУда мындай кеңеш ушул жылдын январь айында түзүлдү. Жакынкы арада кеңештин биринчи отуруму болуп, окуу жайдын бюджети, аткарылып жаткан иштер ачык-айкын талкууланат. Кеңештин милдеттери, аткарган функциясы жана келечеги тууралуу окуу жайдын ректору Төлөбек Абдырахманов бизге берген маегинде айтып берди.

– Төлөбек Абылович, алгач сөзүбүздү Камкорчулар кеңеши деген эмне, ал кандай функция аткара тургандыгынан баштасак.

– Камкорчулар кеңеши дегенди айрымдары университеттин ишин көзөмөлдөп, «ревизордой» текшерип турат деп түшүнүшөт. Биз мындай ойдон алыс бо­лушубуз керек. Себеби бул кеңеш билим берүү уюмдарын башкарууда коомчулук тарабынан аралашуу, алардын ишин көзөмөлдөө жана ар тараптуу жардам берүү функциясын аткарат. Камкорчулар кеңешин түзүү – Кыргызстанды демократизациялоонун бир багыты, жыйынтыгы жана талабы болууда. Анткени демократия жолунда Билим берүү жана илим министрлиги мурдагыдай ЖОЖдордун ишине кийлигишпей калды. Азыр министрлик мамлекеттик стандартты бекитип, анын аткарылышын гана көзөмөлдөйт. Андан башка жождордун ички чөйрөсүнө, башкаруу, каржы ишине мурункудай кийлигишпейт. Натыйжада жождорго мамлекет кийлигишпегенден кийин ортодо «вакуум» пайда болуп калды. Эми ошол «вакуумга» коомдук уюмдардын катышуу зарылдыгы келип чыкты.

Негизи Камкорчулар кеңешинин эң башкы жумушу – бир жылдын бюджетинин аткарылышы, мамлекеттик бюджеттен келип түшкөн жана атайын эсепке түшкөн акчанын сарпталышы, кийинки жылга сметалардын бекитилишин көзөмөлдөө болуп саналат. Башкача айтканда, окуу жайдын казынасына түшкөн каражаттын канчасы айлыкка, канчасы материалдык-техникалык базаны чыңдоого, дагы канчасы кайда кетип жатканына баш көз болот.

Буга чейин деле окуу жайдын ишмердүүлүгүн тескөөчү каржы комитети, ата-энелер комитети, студенттик парламент, профсоюз уюму сыяктуу университеттин ичинде түзүлгөн бир канча уюмдар бар болчу. Бирок алардын иши эмнегедир эффективдүү болбой келет.

Негизинен Камкорчулар кеңешин түзүү дүйнөлүк практикадан келди. Маселен, биз бир бутубуз менен демократияны көздөй аттасак, экинчи бутубузду тартып кете албай жаткан кезибиз. Себеби демократиялык коомго толук өткөндө билим берүү мекемесин жарым-жартылай коомчулук башкарышы керек. Батыш өлкөлөрүндөгү бардык университеттерди Камкорчулар кеңеши башкарат. Мисалы, биздеги эле Борбордук Азиядагы Америка университетин алып карасак, бул окуу жайды башынан Камкорчулар кеңеши башкарат. Ректору баш болуп отчет берип турат.

Биздин окуу жайдын бюджетин ала турган болсок, кирешенин 87% контракттан түшкөн акча түзөт. Ал акчаны мамлекеттик фискалдык органдар эмес, Камкорчулар кеңеши көзөмөлдөшү керек. Буюрса, 14-июнда биздин университеттин Камкорчулар кеңеши чогулуп, алгачкы жыйын өткөрөт. Ага студенттерди, эмгек жамаатты, коомчулукту, ата-энелерди чакырабыз. Анда ачык-айкын бюджеттик угуу болуп, ректораттын иши талкууланат жана кийинки жылдын бюджети бекитилет. Ошондо кеңеш ректордун, проректорлордун ишине баа берет.

– Сиз жетектеген окуу жайдын Камкорчулар кеңешинин курамы кандай жана алардын окуу жайды өнүктүрүүгө кошкон салымы канчалык болот деп ойлойсуз?

– Биздин университеттин Камкорчулар кеңеши 11 кишиден турат. Курамына билим берүү системасында көп жыл иштеп кеткен, учурда иштеп жаткан мыкты адистерди, республиканын жогорку башкаруу органынын кызматкерлерин, бейөкмөт уюмдардын, чет өлкөлүк уюмдардын өкүлдөрүн, жеке ишкерлерди жана ата-энелерди киргиздик. Буюрса, 14-июнда өтө турган жыйналышта университеттин эмгек жамааты жана студенттер менен таанышышат. Курамды Жобого ылайык окуу жайдын Окумуштуулар кеңеши шайлап, Билим берүү жана илим министри бекитип берди.

Анын курамына ар тармактын өкүлдөрүн киргизүүгө аракет кылдык. Себеби Камкорчулар кеңеши окуу жайдын ишин көзөмөлдөп гана турбастан ар тараптан жардам да бериши керек. Ошондуктан кеңештин курамына жеке ишкерлерден кошууга аракет кылдык. Түркиянын «Себат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандыны дагы кошконубуздун жайы бар. Ал бизге көп жардам берип келет. Мурун бир миллион сомго жатаканага керебет алып берген, эми 40 миң долларга басмакана алып бергени жатышат. Бирок биз мындай жардамдарды алуу менен бир­ге сапат жагын дагы ойлонушубуз керек. Окутуучулардын айлыгын жогорулатуу менен сапатка карай жол башташыбыз керек.

Камкорчулар кеңешинин ишин эффективдештирүү үчүн кошумча Жобо киргизүүнү сунуштайын деп жатам. Себеби алар бир эле маселе менен алектене бербестен, университеттин баардык иштерине аралашып, көп маселелерди чечип беришсе дейм. Кеңештин курамына жараша бир нече секцияларга бөлүп, ар башка иштерди тапшырсак иш жакшы жүрүшмөк. Мисалы, илим жагын алып кеткен секция түзүлсө, ага илим изилдөө фондунда чогулган каражатты өткөрүп берет элем. Алар ал акчанын каякка жумшалаарын өздөрү чечишмек. Дагы бир секцияны каржы иштери боюн­ча, бирөөнү кадрдык саясат, дагы бирин студенттердин жатакана, спорт, маданий иш-чаралар боюнча түзсөк дейм. Ар бир секцияга 2-3 мыкты окуган студентти кошуп берүү дагы пландалууда. Мен бул идеямды Камкорчулар кеңешинин отурумунда сунуш кылам, анан андан аркысын өздөрү чечишет. Себеби мен алардын ишине түздөн-түз кийлигише албайм. Эң негизгиси, коррупцияны алдын алуу секциясын түзүү зарыл. Ошондо кеңештин иши эффективдүү болуп, жакшы жыйынтык чыкмак. Анан бул кеңештин келечеги анын курамынын иш алып баруусуна көз каранды. Эгерде кеңештин мүчөлөрү жаш, мыкты иштеген, креатив адамдар болсо, алардын университетти жакшырталы деген ою болсо келечеги кең болот.

– Сиздин оюңузча, Камкорчулар кеңешин түзүү менен окуу жайларда паракорчулукка бөгөт коюлуп, көрүлүп жаткан аракеттер өз максатына жетип, кандайдыр бир жыйынтык бере алабы?

– Чынын айтканда, Камкорчулар кеңешинин иштеши коррупцияга каршы күрөштүн бир эле элементи болуп калат. Себеби бул ректордун, администрациянын, Окумуштуулар кеңешинин, институттардын директорлорунун, декандардын үстүнөн гана көзөмөлдөөчү коомдук кеңеш. Бирок бул кеңеш жакшы иштеп берсе, албетте, коррупцияга каршы күрөшкө чоң салымын кошот. Себеби кеңеш, биринчиден, университетке келип түшкөн акчаны, анын сарпталышын, сакталышын көзөмөлдөсө, экинчиден, кадр саясатына кийлигише алат. Мисалы, проректорлордун же декандардын, институттардын директорлорунун иши начар болуп, коомчулукту канааттандырбаса ректорго аларды кызматтан четтетүү боюнча талап кое алат. Кадр саясатында жердешчилик же тууганчылык мамилелерге жол берилген болсо, же кандайдыр бир тартип бузуулар байкалса аны дагы жөнгө салуу укугу бар.

Ал эми үчүнчү, майда деп эсептелген, бирок массалык түрдө жайылган окутуучу менен студенттин ортосундагы «мамилеге» көз сала албайт. Бул «мамилени» коррупция деп айтуу кыйын. Себеби коррупция деп мамлекеттик деңгээлдеги уюшулган чоң кылмышты айтат. Ошондуктан са­лыштырмалуу окутуучу менен студенттин “мамилесин” майда деп айтып жатам. Ушул жагына Камкорчулар кеңешинин кийлигишүүсү өтө кыйын болот. Себеби алардын өздөрүнүн кызматы бар болгондуктан күнүгө университетке келип, ар бир мугалимдин аркасынан карап отурбайт. Бул жагына Камкорчулук кеңешке караганда университеттин жетекчилигинин көбүрөөк таасири бар. Себеби биз күнүгө эртеден кечке ушул жерде студенттер, окутуучулар менен иштешип, алардын арызын угуп, проблемаларын чечебиз. Кыскасы, баардыгыбыз бир жерде кайнайбыз. Ал эми Камкорчулар кеңешинин дал ушул маселеге келгенде мүмкүнчүлүгү чектелип калууда. Бирок алар жогоруда айтылган эки чоң маселени көзөмөлдөп берсе эле жакшы жыйынтык болмок жана ал кеңештин колунан келет деп ишенем.

Биздин окуу жайдын бюджетин ала турган болсок, кирешенин 87% контракттан түшкөн акча түзөт. Ал акчаны мамлекеттик фискалдык органдар эмес, Камкорчулар кеңеши көзөмөлдөшү керек. Буюрса, 14-июнда биздин университеттин Камкорчулар кеңеши чогулуп, алгачкы жыйын өткөрөт. Ага студенттерди, эмгек жамаатты, коомчулукту, ата-энелерди чакырабыз.

– Окуу жайдын бюджетинин ачык-айкындуулугу паракорчулукка каршы туруунун бир багыты болуп саналат эмеспи. Буга чейин Сиз жетектеген окуу жайда ачык бюджеттик коомдук угуулар өткөрүлүп турчу беле?

– Мен бул окуу жайга ректор болуп дайындалгандан бери жылына эки жолу Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү, студенттер, окутуучулардын катышуусунда бюджеттик угууларды өткөрүп келебиз. Анда университеттин кирешеси, чыгашасы канча экенин, канча акча кайда кетип жатканын отчет берип, өзүм түшүндүрүп, суроолорго жооп берем. Дал ушул жагынан ачык-айкындыкты орнотуу үчүн үч жылдан бери каражатты пайдалануунун жаңы ыкмасын киргизүүгө аракет кылып жатабыз. Ар бир институттун, факультеттин каражатын пайдаланууну өздөрүнө өткөрүп бергенбиз. Аны мурункудай ректорат эмес, өздөрү көзөмөлдөп калды. Алар өздөрүнүн каражатын өздөрү бөлүштүрүшөт. Кирешенин канча пайызын айлыкка, канчасын администрацияга, канчасын өнүгүүгө, канчасын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшайт, канчасына компьютер алат аны өздөрү пландаштырышат. Акырында окутуучуларга, кызматкерлерге эмгек өргүүсүнө дагы акча ашырып калуулары керек. Ошондуктан алар ар бир тыйынынан өйдө эсептеп калышты. Эгерде мугалимдердин эмгек өргүүсүнө акча артпай калса, мага акча сурап келбегиле деп жатам. Бул жакшы жыйынтык берет экен. Биздин жамаат бул ыкмага эми үйрөнүп калышты. Мага дагы абдан жеңил болуп калды. Себеби мурда директорлор башка жагын ойлобой эле айлыкты көтөрүп бер дей беришчү.

Эми директорлорго, декандарга ректораттын акчасын көзөмөлдөгөнгө үйрөнгүлө деп жатам. Менимче, бул ыкманы мамлекеттик деңгээлге чыгарыш керек. Себеби биз эч качан бюджеттин акчасын көзөмөлдөгөнгө, керек болсо өзүбүз төлөп жаткан салыктын канчасы каякка кетип жатканын көзөмөлдөмөк тургай, сураганга үйрөнгөн эмеспиз.

Жакында эле биздин университетке Австриянын Президентинин аялы келди. Ал студенттердин берген суроосуна «Кеп акчанын аз же көп бөлүнгөнүндө эмес, кеп ошону туура пайдалана билүүдө», – деп жакшы жооп берди. Бул айтылган сөз чындык. Мисалы, Кыргызстандын билим берүү системасына ички дүң продукциянын 6.2% бөлүнөт. Бул КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң алдыңкы орунда турат. Бирок ошол акчаны пайдалануу жагына келгенде дүйнөдө эң акыркы орунда калуудабыз. Демек, биз акчаны пайдаланганды билбейбиз. Ошондуктан биздин окуу жай акчаны туура пай­далануунун жолун табууга аракет кылып жатабыз. Мисалы, ар бир кафедра өзүнүн тапкан акчасына жараша айлык алышат. Бажы, салык жана салык төлөмдөрү кафедрасынын окутуучулары университет боюнча эң жогорку айлык алышат. Себеби бул кафедранын адистиктеринин контрагы жогору, студенттери көп. Ал эми орус тили жана адабияты кафедрасы орточо, психо­логия кафедрасы андан төмөн айлык алат. Себеби аларда студенттер аз, контрагы дагы төмөн. Буга эч ким нааразы болбойт. Анткени өздөрү иштеп тапкан акча.

Көрсө университетте эки жамааттык чарба бар экен. Биринчиси, коммуналдык төлөмдөр жана жатакана, экинчиси, факультет, кафедралар. Азыр коммуналдык төлөмдөрдүн баарын институттарга, факультеттерге бөлүп берип салдык. Канча аянтты тейлесе ошого жараша коммуналдык төлөмдөрүн өздөрү төлөшөт. Анткени өздөрүнүн акчаларын өздөрү кармашууда. Айрымдары мурда ачкөздөнүп алышып, бирок колдонулбай турган ашыкча аудиторияларды эми кереги жок деп кайра берип жатышат. Экинчиси, жатакана. Директорлор жатаканада жашай турганына деле, жашабай турганына деле ой келди кол коюп бере беришкен. Натыйжада алардын ордуна башка окуу жайдын студенттери биздин эле студенттердин фамилиясы менен жашай беришкен. Эми сентябрдан баштап ар бир институт жатаканада жаша­ган студенттеринин санына жараша акча төлөшөт. Ошондо алар баарын эсептеп, көзөмөлдөй башташат.

Экинчи жамааттык чарба, факультет, кафедралар акчанын кайдан келип, кайда кетип жатканын билишпейт, кызыгып да коюшчу эмес. Азыр болсо баардык нерсеге өзүнүкүндөй мамиле кылышып, бир тыйынынан өйдө эсептеп, жамаат менен бирге чечип жатышат.

Маектешкен Чолпон КИЙИЗБАЕВА

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*