ФИЗИОЛОГИЯ ОКУУ КИТЕБИ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ

Аскарбек ТҮЛӨБАЕВ, ветеринария илимдеринин доктору, профессор. 140тан ашык илимий-усулдук эмгектердин, алардын ичинде: 5 окуу китеби, 1 монография, 6 китеп, 4 брошюра, 17 усулдук көрсөтмөлөр менен сунуштар жана 2 ойлоп табуулардын автору. Илимдин 5 кандидатын даярдаган. 3 докторлук жана 7 кандидаттык диссертациянын үстүндө эмгектенген илимпоздордун илимий жетекчиси.  Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги.

 Бир кезде кыргыз тилинде илимий иштерди жазууга мүмкүн эмес деген ойлор айтыла калып жүрбөдү беле. Бирок кийинки учурда кыргыз тилинде эӊ сонун жазылган илим жаатындагы китептердин көбүрөөк жарык көрүшү менен, ошондой эле жогорку окуу жайларында студенттер кыргызча билим ала баштагандан бери мындай сөздөрдүн такыр эле суу кечпей калганын ким тана алат.

 Деги эле кийинки кездерде нукура кыргыз тилинде жазылган, так жана таамай түшүнүк берген, жеӊил жана шар окулган илимий китептерди окуган соӊ эне тилибиздин кудуретине толук ишенип, ушундай бай тилибиз менен сыймыктанбай коё албайт экенсиӊ. «Кыргыз тили – улуу тил, кыргыз тили бай тил», – деген ата-бабаларыбыздын сөзү төгүн эмес экен го. Эне тилин кадырлап, аны тереӊ окуп үйрөнүп, таза сүйлөп жана туура жаза билүүнүн өзү эле мекенчилдик же эл-жерин чындап сүйүү дегенди түшүндүрөт эмеспи. Мага бул ойду айтууга шыкак берип, ынтызар кылган кыргыз тилинде эӊ сонун жазылган ветеринария илимдеринин доктору, профессор Аскар Түлөбаевдин «Физиология» окуу китеби болду. Бул китептин артыкчылыгы катары китеп кыргыздын нукура төл сөздөрү менен жазылып, сүйлөмдөрдүн түзүлүшү кыргыз элинин сүйлөө мүнөзүнө шайкеш келишин айткым келет. Китептеги ар бир сөздүн сүйлөмдө кыштай кыналып, орду менен коюлушу окууну жеӊилдетип, китептеги илимий түшүнүктөрдүн окуган адамга жакшы кабыл алынуусун шарттайт. Сүйлөмдөр бири-бирине ойдун табигый ыргагы менен уланып, бир абзац бир илимий түшүнүктү даана баяндайт. Мына ушундан улам китеп окуган адамдын кызыгуусун арттырып, өзүнө тартып турушу табигый көрүнүш.

Профессор А.Түлөбаевдин «Физиология» окуу китеби кыргыз тилинде жазылган заманбап илимий китептердин катарынан орун алып, илим жана билим чөйрөсүндөөз баасын аларына ишенсек болот. Китеп окурмандарына көп кырдуу таасир берээри бизге илгертен жакшы маалым эмеспи. Ал эми жогорку деӊгээлде жазылган окуу китеби окуучулар үчүн эӊ бир сонун билим кенчи болуп калары анык. Муну айтканымдын себеби, жаштарыбыздын сөз байлыгы, тил маданияты жана ой жүгүртүүсү негизинен китеп окуу менен калыптанары белгилүү да. Биздин ветеринария адистигинде окуган, өзгөчө мектепти кыргыз тилинде аяктап, окуп жаткан студенттердин билим алуусуна китептин жеткиликтүү иштелип чыккан тили көмөк кошорунда шек жок.

Бул профессор А.Түлөбаевдин Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон алгачкы кадамы эмес, буга чейин да ветеринария илимин мамлекеттик тилде сүйлөткөн салымы эске алынып, автор Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйлангандыгын айта кетсек туура болчудай. Жаныбарлардын физиологиясын окуп-үйрөнүп жаткан студенттерге кыргыз тилинде жазылган китеп болгондугу үчүн эле эмес, андагы илимий изилденген, ар тараптуу иштелип чыккан мазмуну менен баалуулугун баса белгилөөгө арзыйт. Китепке келечектеги адистердин билүүсү зарыл болгон дүйнөдөгү белгилүү окумуштуулардын физиология илими боюнча жасаган эӊ баалуу эмгектеринин маӊызы камтылган. Китепти барактаганда эле, көзгө урунган сүрөттөр студенттер эске тутуп, элестей алгыдай мүнөздө чагылдырылган, ар бир бөлүмдө логикалуу ирет сакталган. Ой корутундулар, түшүнүктөр жыйынтыктуу жана жалпыланып берилген.

Кыргыз эли илгертеден мал багуу менен алектенип келгендиктен, мал өстүрүүгө арналган кыргыз тилиндеги нукура түшүнүктөр көп айтылып келген эмеспи. Автор мүмкүн болушунча ал сөздөрдү ийкемдүү колдонгондугу китепте даана байкалат. Ошону менен катар эле азыркы күндөгү ветеринардык илимий терминдер да өз орду менен пайдаланылган. Мына ушундай заманыбыздын өткөөл мезгилинде «Физиология» китебинин авторундай илимий эмгектерин кыргыз тилинде эӊ сонун жаза билген, эне тилинин кадыр-баркын баалай алган, эл-жерин сүйгөн мекенчил уул-кыздарыбыз көп болсо мамлекетибиздин илим-билиминин келечегинен дагы чоӊ-чоӊ ийгиликтерди күтсөк болот.

 Р. Салыков, ветеринария илимдеринин доктору

2 Комментарии

  1. КНАУдан бутуп Талас агрардык экономикалык колледжде ветеринардык адистигинин окутуучусу болуп иштейм (Физиология) китебин кайдан алсам болот 0708571980

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*