Тил тагдыры – эл тагдыры

Нарын облусунун Жумгал районунун орто мектептеринде май айынан бери «Тил тагдыры – эл тагдыры» аталыштагы илимий кеӊешмелер өтүп келет.

Мектеп мугалимдери тарабынан Чаек айылындагы Т.Турсунбаева мектеп-гимназиясы орус тилдүү болгондуктан, азыркы учурдун талабына жараша балдарды кыргыз тилин сүйүүгө, сыйлоого жана тереӊ билүүгө багыттоо үчүн жогорку класстардагы окуучулардын ортосунда илимий кеӊешме даярдалган. Аталган кеӊешмеде тил тарыхына токтолуп, кыргыз тилин даӊазалоого көӊүл бурулуп, акын Шайлообек Дүйшеевдин кыргыз тили жөнүндөгү ырлары көркөм окулуп, кыргыздын каада-салт, үрп-адаттары кеӊири баяндалды.

Айтмакчы, быйыл  Жумгалда 515 окуучу мектепти бүтүрсө, 918 окуучу 1-классты аяктайт, ал эми 9-классты 786 окуучу, бүтүрөт.

Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн иш кагаздарды алып баруучу адиси Анаш Мусабаеванын  маалыматына ылайык,  2012-2013-окуу жылын район боюнча жалпы кызыл күбөлүк менен бүтө тургандардын саны 28 болсо, өзгөчө аттестаты менен сегиз окуучу аяктаганы турат.

Ал эми 25-май акыркы коӊгуроо аземин өткөрүү бардык мектеп директорлоруна милдеттендирилген жана окуу жылын жыйынтыктоо салтанатынан кийин оюн-зоок, кафе-ресторан, таӊ тосууга тыюу салынып, ашыкча ысырапкорчулук менен тамак-аш бергенге жол берген мектеп жетекчилерине катуу административдик чара көрүлөрү айтылган.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*