Жайкы сессиянын жүрүшү катуу көзөмөлгө алынууда

Жогорку жана кесиптик орто окуу жайларында жүрүп жаткан жайкы сессия жана бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясын өткөрүү Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан катуу көзөмөлгө алынууда.

Жайкы сессияны таза жана ачык-айкын өткөрүүүчүн Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругу чыккан. Буйрукка ылайык, жайкы сессиянын жүрүшүн текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, ал жогорку окуу жайлар менен орто кесиптик окуу жайлардын окутуунун бардык формалары боюнча жайкы сессияны даярдоодо жана өткөрүүдө окуу жайлардын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын сактоо деӊгээлин,  окуу процессинин графигинин окуу пландарына ылайык келүүсүн, экзамендер менен мамлекеттик экзамендерди алуунун жүгүртмөсүнүн окуу процессинин графигине ылайык келүүсүн (мөөнөттөрүн, экзамендерди тапшыруу жана экзамендердин алдында консультацияларды өткөрүү күндөрүнүн бирдей өлчөмдө бөлүштүрүлүшүн), жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде сессияны орнотулган тартиби менен тапшырууга жана экзамендерди кайра тапшырууга уруксат кылуунун, сессияны мөөнөтүнөн мурун тапшырууга же аны узартууга уруксат берүүнүн, жетишүүнү текшерүүнүн натыйжаларын тариздөөнүн, экзамендик ведомостторду берүүнүн жана тариздөөнүн сакталышын текшерүүгө алууда.  

Комиссия сессияга киргизилген, канааттандырарлык эмес баа алган жана экзаменге келбеген студенттердин санын, сессияны мөөнөтүнөн мурун же сессиянын мөөнөттөрүн узартуу менен тапшырган студенттердин санын, экзамендер менен зачетторду экзамендик барактар боюнча кайталап тапшырган студенттердин саны тууралуу маалыматтарды чогултуп талдоо жүргүзүүдө.

Андан сырткары, ар бир багыт (адистик) боюнча мамлекеттик аттестациянын жыйынтыктары боюнча берилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү  жана илим министрлигинин сертификаттарын, бүтүрүү сынактарынын баалоо чен-өлчөмдөрү ким тарабынан иштелип чыккандыгын жана кайсы деӊгээлде бекитилгендигин, жождун жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин коррупцияны жоюуга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүгүн (ишеним телефондору, каттар үчүн үкөктөр) дагы текшерүүдө. Ошондой эле министрликте ишеним телефону 62-06-19 иштеп, ар күнү саат 14:00дон 17:00го чейин коомчулуктун телефон чалууларын кабыл алууда.

Учурда мындай ишеним телефондору ар бир окуу жайда иштеп жатат. Ага окутуучулар тарабынан ар кандай кысымга алынган же кандайдыр бир иштерге нааразы болгон студенттер кайрыла алышат. Окуу жайларда мындан сырткары ишеним кутучалар дагы кызмат кылууда. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде жылдагыдай эле “Таза сессия”, “Ачык сессия” деген акция жүрүп, анын алкагында ишеним телефондору, ар бир окуу корпусунда ишеним кутучалары иштеп жатат. Окуу жайда модулдук-рейтингдик система киргизилгендиктен, көбүнчө студенттер сессияга чейин эле тапшырган модулдарынын негизинде экзамен-зачетторун алып кетишкен. Ал эми модулдун негизинде топтогон баасы 3 менен 4, же 4 менен 5 деген баанын ортосунда калып калган болсо, алар экзамен беришет. Экзаменди сабак өткөн окутуучу гана албастан, жанында сөзсүз ассистенти болот. Бул окутуучу менен студенттин ортосундагы мамилеге бөгөт коет.

Студенттердин курстук иштерин, курстук долбоорлорун дагы жалгыз бир окутуучу кабыл албайт. Аны кабыл алууда сөзсүз эки же үч окутуучу болот.

Окуу жайда сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери мурункудай сессия убагында университетке келип отурбай эле техникалык ресурстар аркылуу сессиясын тапшырышат. Бул дагы коррупциянын алдын алуунун бир жолу болуп эсептелет. Анткени мурункудай студент менен окутуучунун ич ара мамилеси болбойт. Студент сессиясын Интернет аркылуу эле тапшырат. Бирок ал бир жылда эки жолу келип, сессиясынын кандай бүткөндүгү тууралуу маалымат алып турууга милдеттүү

Окуу жайдын ректору Акынбек Абдыкалыковдун айтымында, университетте Коррупцияга каршы комиссия түзүлгөн. Анын курамына окуу жайдын окутуучуларынын, ата-энелердин жана студенттик сенаттын өкүлдөрү кирген. Ал жакка окуу жайдын ар бир студенти арыз менен кайрыла алат. Ал арыздын негизинде иш каралып, текшерүү жүргүзүлөт. Бирок алгач жазылган арыздын канчалык деӊгээлде обьективдүү экендиги текшерилет. Анткени айрым учурларда жалган жалаа менен кайрылгандар дагы кездешет. Эгерде арыздануучунун айткандары текшерилип, ал чындыкка төп келип калса, анда ага сөзсүз түрдө чара көрүлөт. Бул комиссия жылына эки жолу, тактап айтканда, кышкы жана жайкы сессия бүткөндөн кийин коомчулукка отчет берип турат.

Сессия учурунда коррупциянын алдын алуу үчүн Кыргыз агрардык университетинде дагы алгылыктуу иш жүрүүдө. Учурда окуу жайда кредиттик технология боюнча окуп жаткан 1-курстардын сессиясы аяктоодо. Окуу жайда дагы модулдук-рейтингдик система киргизилген. Анын негизинде университетте мурункудай сессия болбойт.  Студенттердин 70-80% топтогон модулунун жана өз алдынча ишинин негизинде бааларын алышкан.

Бүтүрүүчүлөрдү аттестациялоо боюнча мамлекеттик экзамендерди ачык-айкын, таза жана өз деӊгээлинде өткөрүүүчүн байма-бай жыйындар өткөрүлүүдө. Ал дайыма окуу жайдын биринчи проректору жана билим берүү бөлүмү тарабынан көзөмөлгө алынууда.

Сессияны ачык-айкын өткөрүү максатында ишеним телефону жана “Студенттен ректорго” деген атайын ишеним кутучалары орноштурулган. Ал аркылуу студенттер ректор менен түз байланыша алышат. Андан сырткары, билим берүү бөлүмү тарабынан биринчи курстар арасында “Педагогикалык чеберчиликтин рейтинги” деген сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Анын негизинде окутуучулардын рейтинги аныкталып, студенттердин жакшы баасына татыган окутуучуларга сыйлыктар берилет.  

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*