МАТЕМАТИКА

1. Математиканы окутуунун  максаттары

 

Баардык учурларда  жана ар бир өлкөдө билим берүүдө математика эӊ негизги предмет катары каралып келген. Себеби, математика предмети  окуучулардын  ой жүгүртүү көндүмдөрүн өстүрүүгө өбөлгө түзөт, ошондой эле күндөлүк турмушунда практикалык маселелерди чечүүдө  чоӊ роль ойнойт.

Математикалык билим берүүнүн негизги баалуулугу болуп, күндөлүк жана профессионалдык муктаждыктан  жана керектөөдөн гана эмес, ал башка илимдердин, техника жана өндүрүштүн өнүгүшүнө кеӊири колдонууга шарт түзүп жатат. Ошол себептен азыркы учурда күндөлүк маселелерди чечүүдө айрыкча математикалык ой жүгүртүүгө, логикалык сабаттуулуктун калыптанышына олуттуу салым кошот. Бирок, эӊ негизгиси – математика  окуучулардын инсандык  сапаттарын калыптандырууга жана  алардын максатка жетүүсүнө кепилдик берет.

Салттуу  мамиледе окутуунун  мазмуну жана жыйынтыгы   окуучуларда дээрлик так аныкталат. Мисалы, программага ылайыктуу, илимийлүүлүк, жеткиликтүүлүк, практикалык багыты, окуучулардын  таанып билүү ишмердүүлүктөрүн жана өз алдынчалуулугун өӊүктүрүү  ж.б. Компетенттүүлүк  мамиледе  бул принциптерди сөзсүз түрдө сактап, ал эми  өзгөртүүнү талап кыла турган болсо, анда алар эволюциондук мааниге ээ боло тургандай аяр мамиле кылуу  керек.

Учурда жалпы билим берүү мектептерде жаӊы окуу планы жана программалары менен иштешүүдө. Окуучуларды жаӊы шартта  адаптациялоодо математика предметине ылайык, мугалим өзүнүн педагогикалык позициясын өз учурунда өзгөртүүгө шарт түзүшү керек.  Адаптациялоону биз мугалимдин өзүнүн мүмкүнчүлүгүн жаӊы шарттагы социалдык аймакта колдонушун түшүнөбүз,

Мугалимдер үчүн эӊ негизги  мааниге ээ болгон методикалык суроолордун бири болуп:

– сабакта  ойлоо ишмердүүлүгүнүн  методдорун (анализ жана синтез, индукция жана  дедукция, салыштыруу  жана  аналогия, классификация ж.б) колдонуу;

–   интерактивдүү, проектилерди, эксперименттерди, практикалык жана лабораториялык иштерди жүргүзүү;

– математика сабагында компьютердик технологияларды (интерактивдүү доскалар, дисктерди, видеоматериалдарды ж.б) колдонуу;

– келечекте бүтүрүүчүнүн коомдогу ордун аныктай турган негизги математикалык компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу.

 

2. Окуу планынын өзгөрүшү жөнүндө

Кыргыз  Республикасындагы жалпы билим берүүчү мектептерде базистик окуу планында математика предмети боюнча окуу жүктөмүнүн көлөмүндө төмөнкүдөй өзгөрүүлөр болду:

– 5- жана 11- класстарда жумасына окуу сааттары 1 саатка кыскартылды;

– 6,7,8,9- класстарда  жумасына окуу сааттары 2 саатка кыскартылды;

– I жарым жылдыкта 10- класста окуу сааты 1 саатка көбөйдү.

 

2012-2013 – окуу жылындагы  математика мугалимдеринин  иш  тажрыйбасы көрсөткөндөй математика курсунун  предметтерине бөлүнгөн сааттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн (1-таблица).

 

1-таблица

Математика предмети боюнча окуу жүктөмүнүн  өзгөрүшү бүтүндөй окуу процессине дээрлик таасирин тийгизүүдө: окуу материалын тандоо, берүүнүн жолдору, тапшырмалардын топтому, текшерүүнүн жолдору ж.б. Бул өзгөрүүлөр окутуунун  принциптеринин (максаттуулук, жеткиликтүүлүк, оптималдуулук ж.б ) негизинде мугалимдин  иш  тажрыйбасындагы методикасын өзгөртүүгө түрткү  кылууда. Ошондой эле, мугалим өзүнүн ишмердүүлүгүн традициялык мамиледен компетенттүүлүк  мамилеге өзгөртүүсү шарт.

 

3. «Математика» предмети боюнча жалпы билим берүүчү программадагы  өзгөрүүлөр

Математика боюнча  окуу  жүктөмүнүн өзгөрүшүнө ылайык 5-11- класстарындагы  окуу программасында өзгөрүүлөр киргизилди. Бул өзгөрүүлөр сааттар боюнча төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн (2- таблица).

2- таблица

Математика предмети боюнча 5-класстан 11-класска чейин окуу жүктөмүнүн көлөмү баардыгы 306 саатка өзгөрүлдү:

• 5- класста  окуу  жүктөмү 34 саатка кыскартылды;

• 6- класста 68 саатка кыскартылды;

• 7 -класста алгебра- 53 сааатка, геометрия-18 саатка кыскартылды;

• 8 -класста алгебра – 53 саатка, геометрия – 15 саатка кыскартылды;

• 9-класста алгебра – 49 саатка, геометрия – 19 саатка кыскартылды;

• 10-класста алгебра жана анализдин башталышы I жарым жылдыкта 15 саатка көбөйдү жана геометрия 4 саатка көбөйдү;

• 11- класста алгебра жана анализдин башталышы  15 саатка жана геометрия 19 саатка кыскартылды.

Математика предмети боюнча программадагы окуу жүктөмдөрүндөгү  өзгөрүүлөр  боюнча так маалыматты Кыргыз  билим берүү академиясынын сайтынан  биле аласыздар: www.KAO.kg

2013-2014 – окуу жылында математиканы окутуунун жаӊы программасы ( «Жалпы билим берүүчү орто мектептердин V-XI класстары үчүн  Математика курсунун программасы- Бишкек, изд. Центр КАО, 2012.-24 с») боюнча жүргүзүлөт.

 

4. Колдонууга сунуш кылынуучу окуу китептери

 

Окутуу  кыргыз  тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн төмөнкү окуу китептерин колдонуу сунуш кылынат:

 

Окуу китептеринен сырткары төмөнкүдөй методикалык колдонмолор сунушталат:

1. Бекбоев И.Б. ж.б. Математиканы 5-6 класстарда окутуу.  – Бишкек: Педагогика, 2003-ж.

2. Бекбоев И.Б ж.б. Геометрияны 7-9 класстарда окутуу. – Бишкек: Педагогика, 2003-ж.

3. Бекбоев И.Б ж.б. Геометрияны 10-11 класстарда окутуу. – Бишкек: Педагогика, 2003-ж.

4. Бекбоев И.Б., Айылчиев А. Геометрия курсунун жана окуу китептериндеги  «татаалыраак» маселелердин чыгарылыштары. – Бишкек: Педагогика, 2001-ж.

 

Мугалимдин шартына ылайык, методикалык кеӊештин  жана билим берүү тармактарынын макулдугу менен башка окуу китептерин колдонууга мүмкүн.

Акыркы  жылдары  математиканы окутуудагы жаӊы багыттар окуу процессинде заманбап информациялык окуу каражаттарын колдонуу  менен байланыштуу. Ошол себептен,  көпчүлүк мамлекеттерде,  анын ичинде, Кыргызстанда  жаӊы окуу программаларын, окуу китептерин  түзүүгө карата изилдөө эксперименттери жүргүзүлүп жатат.  Математикалык билим берүү реформасын  жүргүзүү көпчүлүк учурда педагогикалык түшүнүктөн гана болбостон,  социалдык маанидеги  түйшүктөрдүн көптүгүн чечүүдөн улам келип чыгат.

Математика курсунун  программасында окуу материалдарынын топтому б.а  ар бир класс үчүн алардын  мазмундук багыттары аныкталган.  Окуу жылы ичинде мугалим өзү  коюлган максатына  жетишүү үчүн,  окуу программасындагы  материалдардын  ирээти менен айтып берүүсүн, пландаштырууну жана окуу методдорун максималдуу  түрдө колдонууну аракет кылышы  керек.

 

5. Август кеӊешмесинде талкуулоочу суроолор

 

Август кеӊешмесинде математика мугалимдерине  төмөнкү суроолорду талкуулоо сунуш кылынат:

1. Окуу процессинин логикалдуулугу жана окуу процессиндеги математикалык билимдин өздөштүрүлүүсү.

2. Математика предметинин дидактикалык концепциясы.

3. Инсанга багытталып окутуунун практикалык мааниси.

4. Окуу жүктөмүнүн кыскарышы  менен класстар боюнча математикалык билимдин мазмунун карап чыгуу.

5. Окуу процессин оптималдаштырууга байланыштуу математикалык билимдин мамлекеттик стандарты жөнүндө.

6. Окуучулардын  компетенттүүлүгүн калыптандырууда сабак учурунда окутуунун заманбап формаларын жана методдорун колдонуу.

7. Окуучулардын окуу жетишкендиктерин баалоонун жана текшерүүнүн системасы жөнүндө.

8. Окуучулардын математикалык маданиятын тарбиялоо.

9. Мугалимдин педагогикалык технологиясы жана иш тажрыйбасы.

10. Тематикалык пландаштыруу.

С.Елисеевич

класс Предметтер  
Математика Алгебра Геометрия  
I жарым жылдык II жарым жылдык I жарым жылдык II жарым жылдык I жарым жылдык II жарым жылдык  
1. 5 4 4          
2. 6 4 4          
3. 7 3 2 1 2  
4. 8 3 2 1 2  
5. 9 2 3 2 1  
6. 10 3 2 1 2  
7. 11 2 3 2 1  
класс-тар Предметтер Буга чейинки бөлүнгөн сааттар 2013-2014 окуу

жылында бөлүнгөн сааттар

1. 5 Математика 170 136
2. 6 Математика 204 136
3. 7 Алгебра 136 83
4. 7 Геометрия 68 53
5. 8 Алгебра 136 83
6. 8 Геометрия 68 53
7. 9 Алгебра 136 87
8. 9 Геометрия 68 49
9. 10 Алгебра жана анализдин башталышы 68 83
10. 10 Геометрия 34 53
11. 11 Алгебра жана анализдин башталышы 102 87
12. 11 Геометрия 68 49

 

класс Окуу китептеринин аталышы Авторлор Чыгарылган жылы Басмакана
1. 5 Математика Бекбоев И.Б. ж.б 1997-2005-жж  
2. 5 Математика Виленкин Н.Я ж.б 1995- жылдан кийин басылып чыкканы  
3. 6 Математика Бекбоев И.Б. ж.б 1990-2012 –жж  
4. 6 Математика Виленкин Н.Я. ж.б 1996- жылдан кийин басылып чыкканы  
5. 7 Алгебра Ибраева Н.И.,

Касымов А.А

2009-ж  
6. 7 Алгебра Макарычев Ю.Н ж.б 1991- жылдан кийин басылып чыкканы  
7. 8 Алгебра Байзаков Д.Б 2009-ж  
8. 8 Алгебра Макарычев Ю.Н. ж.б 1991- жылдан кийин басылып чыкканы  
9. 9 Алгебра Иманалиев М. ж.б 2002-2012-жж  
10. 9 Алгебра Макарычев Ю.Н. ж.б 1991- жылдан кийин басылып чыкканы  
11. 10 Алгебра жана анализдин башталышы Саламатов Ж. ж.б 2010-ж  
12. 11 Алгебра жана анализдин башталышы Саламатов Ж. ж.б 2010-ж  
13. 7-9 Геометрия Бекбоев И.Б. ж.б 2000-2006 -жж  
14. 10-11 Геометрия Бекбоев И.Б. ж.б 2000-2010-жж  
15. 7-11 Геометрия Погорелов А.В 1991- жылдан кийин басылып чыкканы  

3 Комментарии

Добавить комментарий для бактыгул Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*