Мектеп директору – мугалим-агартуучу, чарбакер, юрист…

2012-03-07_14-16-39_747360-2

Мектепти башкаруу структурасы мезгил тарабынан сыналып келип, 2000-жылдардан тарта жалпы билим берүүчү окуу жайлардын администрациясы мектеп директорунан, анын окуу-тарбия жана чарба иштери боюнча орун басарлары, мектептен жана класстан сырткары иштерди уюштуруучу, балдарды аскерге даярдоо боюнча жетекчилерден турат.

Мектепти башкаруунун жогорку органы – педагогикалык кеңеш
Мектепти башкаруунун жогорку органы болуп Педагогикалык кеңеш (мектеп кеңеши) эсептелет. Мезгил талабына ылайык, Камкордук кеңештерин активдештирүү да аракети бар. Эмне десек дагы, директор мектеп уставынын негизинде окуу жайдын иш-аракетинин бардык багыттарын башкарып, педагогикалык жамаатты окуу-тарбия иштеринин жогорку натыйжалуулугуна жана окуу менен тарбиялоонун бирдиктүүлүгүнө жетишүүгө уюштурат, окуу пландарынын жана программаларынын аткарылышын көзөмөлдөйт, кадрлардын жайгашуусун камсыздайт, мектептин окуу-материалдык базасын чыңдоону уюштурат, ата-энелер менен иштөөнү жүргүзүп, мектептик ички тартип эрежелеринин, санитардык-гигиеналык режимдердин сакталышына жооп берет, педагогикалык кеңешти башкарып, документациянын туура жүргүзүлүшүнө, отчеттуулукка, мүлктөрдүн сакталышына, бюджеттик каражаттардын туура пайдаланылышына жооп берип, ошондой эле мектептин кызыкчылыгын ар түрдүү мекеме-уюмдарда коргоп келет. Кыскасы, мектеп директору – мектептеги бардык нерселердин жооптуусу дагы, уюштуруучусу дагы. Албетте, жогоруда айтылгандарды ал орун басарлары жана башка жооптуу адамдар менен биргеликте жасайт. Ал эми бул нерселер азыркы мезгилде толук кандуу жасалып жатабы – бул башка кеп.

Кадрларды өстүрүү, аларга шарт түзүү – советтик системанын мыкты саясаты эле
Мен мектепте окуп жүргөн мезгилде Нарын шаарында төрт мектеп боло турган эле. Ал мектептердин директорлору болуп “Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалимдери”, мамлекеттик орден-медалдардын ээлери: Б.Казакбаева – убагында СССР Жогорку Кеңешинин депутаты, “Эне тили” китебинин автору, В.Ф.Унгефухт, Т.Токтосунов жана К.Токтогазиевдер болушкан. Ал адамдар авторитетин талыкпаган эмгек, чыгармачыл аракет, бийик инсандык сапаттар менен түптөшкөн. Кантсе да совет өкмөтү менен коммунисттик партиянын жакшы жактары да, терс жактары да көп эле айтылып, жазылып келет. Бирок кадрларды өстүрүү, аларга шартты түзүү менен жогорку талап коюучулукту айкалыштыруу – ал мезгилдин мыкты саясаттарынын бири деп эсептеймин. Анткени ал жогорку натыйжаларды берген.
Мыкты кадрлар улутуна, туугандыгына жана башка нерселерине карабастан көтөрмөлөнгөн, жакшы иштер же аракеттер көз жаздымында калган эмес. Кадрларды мезгил талабына ылайык кайра даярдоо жана башка иш-чаралар аркылуу кесиптик жөндөмдүүлүгүн жогорулатып туруу көңүлдүн борборунда болуп келген.
КМУнун алдында түзүлгөн билим берүү тармагынын уюштуруучуларынын кесиптик жогорулатуу жана кайра даярдоо факультетинде (ФППК ОНО) эки айдан окуп, мектепти башкаруу боюнча көп нерселерди үйрөнгөнүбүз. Чүйдөгү Петропавловка мектебинин директору В.Лапконун уюштурган музейлерине барганыбыз эсимде. Кийинчерээк, эгемендик жылдары, “Сорос-Кыргызстан” фондусу тарабынан “Мектеп лидерлерин трансформациялоо” эки жылдык семинар-тренингдери пилоттук деп аталган мектептердин жетекчилеринин билим берүүнүн көптөгөн көйгөйлөрүн жаңы көз-карашта кайра карап чыгууга, Европа жана Америка мектептериндеги айрым алдыңкы тажрыйбалар жана балдарды окутуунун жаңы парадигмасы менен таанышууга, өз-ара пикир алмашуучу аянтчанын пайда болушуна өбөлгө түзгөн. Мына ошол биринчи аянтчанын катышуучуларынан “Кыргыз Эл мугалими”, төрт “КР эмгек сиңирген мугалими”, облустук жана райондук билим берүү мекемелеринин башчылары, райондук кеңештин төрагасы, педагог-илимпоздор, чет элдик уюмдардын кызматкерлери ж.б. жооптуу кызматты аркалаган кесиптештерибиз чыгышты. Бир тобу азыркы мезгилде дагы мектеп директорунун жумушун ийгиликтүү аркалап келет. Айрымдарын атай кетсем – Ж.Өзүбекова, О.Щетинина, С.Сатарова, А.Байсеркеев, Т.Рахимов, Т.Матохина, Р.Турдумбетова, А.Токтосунов, Г.Мадаминов, Д.Батырбеков, Д.Давлетова, Ю.Низовский, Н.Эстебесов. Албетте, мектеп жетекчилеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максаттуу жана системалуу түрдө жүргүзүлбөсө дагы, мыкты иштерди жасап, билим берүүнүн туусун бийик көтөрүп жүргөн кесиптештерибиз бүгүнкү күндө дагы аз эмес. Бул багытта министрликтин, билим берүү мекемелеринин, билим берүү тармагында аракеттенген чет элдик уюмдардын, “Кутбилим”, “Эл агартуу”, “Мектеп” басылмаларынын салымдарын айтпай койгонубуз болбос. Бирок мектептин ишмердүүлүгүн уюштурууда билим берүү мекемелеринен келген кагаздарды, айрым агартуу тармагында иштеп келген мамлекеттик эмес уюмдардын айрым иштелмелерин эсепке албаганда, мектеп жетекчиси максатка ылайыктуу укуктук-нормативдик, уюштуруучулук-усулдук база менен үзгүлтүксүз жана ырааттуу камсыздалбайт. Мектеп директорлорунун үлгү болоорлук аракеттери жана ийгиликтери республиканын деңгээлинде үйрөнүлүп, жайылтылбайт, агартуу басылмаларынан сырткаркы массалык маалымат каражаттары (ТВ, радио, гезиттер, интернет ж.б.) аркылуу даңазаланбайт жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу курстары жүргүзүлбөйт, чет элдик уюмдар менен алака түзүү жолдору үйрөтүлбөйт. Биздин өлкөбүздөгү билим берүүнүн өксүгүнүн бир себебин мен ушул кемчиликтерден деп ойлойм.

Мектеп директорлору окуу-тарбия иштеринен четтеп калышты
Советтер Союзу ыдыраганы мектептердин материалдык базалары борбордоштурулуп камсыздоо (жабдылоо) жоюлду, мамлекеттик бюджет мектептин бүгүнкү күндөгү муктаждыктарын толук камсыздоого жетишсиз. Ошондуктан мезгил талабы болуп директор, азыркы тил менен айтканда, менеджер да болуусу абзел. Айрым директорлордун чарбалык иштердин көйгөйлөрүнөн жана өзүнүн ишти уюштура албагандыгынан “чоң завхозго” айланып, окуу-тарбия иштерин орун басарларына жүктөп коюп, андан четтеп калгандары да жок эмес. Мезгилинде мектептердеги ачык сабактарды биринчилерден болуп директор, завучтар өткөрүп келишкен болсо, үлгү болоорлук сабак өткөрө албаган директорлорубуз аз эмес.
Директор биринчи кезекте менеджер болуусу керек деген шылтоо менен, 1990-жж. зоотехник ж.б. билим берүү боюнча билими жок адистер директорлукка көргөзүлгөнү эсимде. Чынында чет мамлекеттерде, мисалы АКШда, директордун менеджердик касиеттерине зор маани берилет. Бирок ал жактагы шарттар, б.а. мектептердин өз алдынчалыгынын деңгээли, коомдогу социалдык-экономикалык мамилелердин жана билим берүү тармагындагы мамлекеттик эмес институттардын өнүккөндүгү, мамлекеттеги мы йзамдуулуктун туруктуулугу бул нерсени камсыздайт. Мектеп директору Камкордук кеңештери тарабынан тандалып, бир нече жыл татыктуу иштеген соң, эгерде ал мыйзамды одоно бузуп жибербесе, директорду кызматтан алуу боюнча маселе көтөрүлбөйт, ишин текшерүү (биздегидей фронталдуу текшерүү) жүргүзүлбөйт, б.а. ишенимге кирет. Бизде болсо директор бир чети мыйзамдуулук базасынын жана мыйзам маданиятынын жетишсиздигинен, экинчи жагынан “табышкер” боло коем деп укук коргоо органдарында жооп берип жүргөндөрү да жок эмес.
Кайсы бир тренинг убагында америкалык мектеп директорунун убактысы кайсы иштерди аткарууга көбүрөөк кетет деген сурообузга чет элден келген профессор: “Соттук териштирүүгө кетет” деп жооп берип, бизди таңгалдырганы эсимде. Көрсө, анын себеби, мектеп кызматкерлери ар түрдүү профсоюздук уюмдардын мүчөлөрү болуп келгендиктен, кичине бир нерсе жакпай калса эле профсоюз уюму аркылуу соттошууга жөнөйт экен. Американы америка кылган түркүктөрдүн бири мыйзамдуулук экени бизге маалым эмеспи.

Директор – педагогикалык лидер, чыгармачыл жетекчи
Совет мезгилинде бир кызматта көп мезгил иштеген адам баркталып, сыйланып келсе, азыркы мезгилде айрым жетекчилердин кызматты “узурпациялап” алуу тенденциясы байкалып жаткандыктан, мектеп директорлорун ротациялоо маселелери коюлуп келүүдө. Биздин коом демократиялуу жана эркин болуп, биртке энооздук дагы пайда болду, жеке басарлар жана пайдакечтер (потребители) көбөйүштү. Демек, мугалим дагы, ата-эне дагы, окуучу дагы өзгөрдү. Негизинен мектеп мурдакы деңгээлде калып, ага болгон талап-мүдөөлөр көбөйдү. Бүгүнкү күндөгү ата-энелердин арасында дагы билимдүүлөрү, маалыматы кенендери болуп, талаптары дагы ар түрдүү жана курч болгондуктан, мектеп директорунун деңгээли аларды түшүнүү жана түшүндүрүү жолу менен багыттай алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу абзел. Ата-энелердин чогулуштарында мектеп директорунун сөздөрү таасирдүү жана ынанымдуу болуп, педагогикалык маданиятынын жогору экендигин тастыктап туруусу керек. Ата-энелер үчүн директор башкаруучу гана эмес, педагогикалык лидер, чыгармачыл жетекчи дагы болуусу максатка ылайыктуу. Жыйынтыктаганда, мектеп директору бир эле мезгилде мугалим-агартуучу, менеджер, чарбакер, юрист, психолог, финансист, чыгармачыл адам дагы болуусу билим берүү тармагынын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүдө негизги ролду ойноору белгилүү. Ошондуктан, директордон бул багытта талыкпаган аракет талап кылынса, мамлекеттин дагы, жалпы коомчулуктун дагы бул багытта колдоосу дагы, жасай турган иштери дагы арбын.
Чолпонбек Тиленбаев, Бишкек шаары

Редакциядан: Чындыгында эле Ч.Тиленбаев агай жазгандай, көп учурда айрым мектеп директорлору түздөн-түз өзүнө жүктөлгөн милдеттүү иштерди аткарбастан, жалаң чарба иштери менен алектенип жүргөндөр жок эмес. Айрым мектеп директорлоруна кайрылып, алардын милдеттери жана укуктары тууралуу сураганыбызда, түз эле чарба иштери жөнүндө кеп кылышты. Өзгөчө, алыскы айылдан келген мектеп жетекчилери дегеле өз милдеттерин так билишпейт экен. Андыктан, Жалпы билим берүү уюму жөнүндөгү Типтүү жобонун “Жалпы билим берүү уюмун башкаруу” бөлүмүнүн 65-беренесинде мектеп директорлордун милдетин эстерине салып коюуну туура көрдүк. Мындан ары “Директорлор клубу” рубрикасында жалаң мектеп жетекчилери тууралуу материалдарды жарыялайбыз.
– Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” жана “Мугалимдин статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, жалпы орто билим берүү жаатындагы ченемдик-укуктук актыларын сактап, ишке ашырат;
– билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү региондук органынын макулдугу боюнча педагогикалык кеңеш менен бирдикте жалпы билим берүү уюмунун негизги өнүгүү багыттарын аныктап, ишке ашырат;
– жарандардын жалпы орто билим алуу зарылчылыктарын канааттандырат;
– администрациялык-аткаруу органдарында жана башка мекемелерде жалпы билим берүү уюмунун укуктарын жана кызыкчылыктарын көздөйт жана коргойт;
– мугалимдердин жана техникалык персоналды тандоону жана жайгаштырууну жүргүзөт, педагогикалык кеңештин ишин жетектейт;
– билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү региондук органы менен макулдашылган окуу планын мугалимдер менен бирдикте жүзөгө ашырат;
– мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана негизги жалпы билим берүү программаларынын чегинде окуучуларды билимдеринин жеткиликтүүлүгүн жана сапаттуулугун камсыз кылат;
– класстан тышкаркы иштердин мазмуну аркылуу окуучулардын тарбиялоо ишин камсыздайт жана көзөмөлдөйт;
– мугалимдердин дасыктарын жогорулатууга жана алардын кесиптик өсүшүнө шарттарды түзөт, ошондой эле алардын аттестациясын өткөрөт;
– билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерин тапшырууну уюштурат жана аларды даярдоо үчүн бүтүрүүчүлөр жөнүндө тапшырылуучу маалыматтын тактыгын камсыздайт жана жооп тартат;
– балалыкты коргоо, жашы жетишпегендердин укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо боюнча талаптарды контролдойт жана сактайт;
– жалпы билим берүү уюмунун каржылык-чарбачылык ишин жетектейт жана контролдойт;
– гранттардын жана инвестициялардын, ата-энелердин өз эрки менен тапшырган төгүмдөрүн, анын ичинде кошумча билим берүү кызматынан түшкөн кирешелерди да натыйжалуу пайдаланууну контролдойт жана жекече түрдө жооп берет;
– жалпы билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасын эсепке алуу жана сактоо, техникалык коопсуздугун жана санитардык-тазалык режимин сактоо, окуучулардын жана кызматкерлердин эмгегин коргоо үчүн жооптуу болот жана алар үчүн жооп тартат;
– жетектеген билим берүү уюмунда өрткө каршы коопсуздук боюнча, ошондой эле окуу учурунда окуучулардын жана кызматкерлердин өмүрлөрүнө жана ден соолуктарына коркунуч келтирген же алардын өмүрлөрүнө алып келген учурлардын татаалдыгына жана күнөөсүнүн деңгээлине жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, администрациялык жана кылмыш жоопкерчилигин жекече түрдө тартат;
– кызматтык милдеттерге, жалпы билим берүү уюмунун уставына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка да милдеттерди аткарат.
Бетти даярдаган Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*