“Көлмөдөгү” мектептин көрүнүктүү пландары

фото Музаева Э.Т.

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен  “Көлмө” жаңы конушундагы №78 жалпы билим берүү мектебине гимназия статусу ыйгарылды. Аталган окуу жай 2006-2011-жылдын январь айына чейин эксперименталдык аянтча катары сегиз программа боюнча иштеп келген. Анын ичинен модификацияланган, автордук программалар да болгон. Ошол токтоп калган эксперименталдык аянтчаны 2012-жылы мектепке директор болуп дайындалган  Эльнура Музаева кайрадан  жандантып, окуучулардын предметтерге кызыгуусун арттыруу максатында ириде факультативдик сабактарды киргизген. Ошондой эле“Компетенттүү, мекенчил инсанды окутуп тарбиялоо” деген мектептин психологиялык-педагогикалык проблемасынын темасын жамаат кабыл алып, учурда аны ишке ашырып жатат. Мына ушулар жана мектеп-гимназиянын ийгиликтери жөнүндө гимназиянын директору, Билим берүүнүн мыктысы Эльнура МУЗАЕВА  биз менен болгон баарлашууда өз оюн ортого салды.

“Сапатсыз бүтүрүүчү, сапатсыз адис” тегирменин токтотуу зарыл

Мектеп жетекчисинин айтымына караганда, Көлмө жаңы конушундагы №78 мектеп-гимназия 1997-жылы эксплуатацияга берилген. 2013-2014-окуу жылында 33 класс комплектиси түзүлүп, анда жалпысынан 1054 окуучу билим-тарбия алып жатат. Мектеп-гимназияда 57 мугалим, ошондой эле 7 көмөкчү мугалим эмгектенет. Анын ичинен 16 мугалим “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгисинин ээлери. Мугалимдердин  орточо жашы – 45. Пенсия жашындагы үч мугалим, бүгүнкү күндө жаштарга насаатчы, кеңешчи. Окуу жайга келген жаш адистер ишке жөн эле кабыл алынбайт. Ириде алар кесипкөйлүүлүгү тууралуу эссе, дилбаян жазып, андан соң мектептин администрациясы жана насаатчы мугалимдердин аңгемелешүүсүнөн өтүшөт.

  • Жаш адистер жумушка келгенде “Педагогикалык философиям” деген эссе жазышат, андан тышкары аңгемелешүү болот. Биздин насаатчы мугалимдердин сунушу менен гана жумушка алынат. Эч кимге жаңылык эмес, жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн 50%  гана тандап алган кесибине татыктуу, калгандарынын деңгээли төмөн. Акыркы 20 жылдын ичинде жогорку окуу жай мектепти, мектеп, тескерисинче, жогорку окуу жайды күнөөлөп келет. Ошондуктан биз билим сапатын жогорулатуу максатында жаш адистерди кабыл алууда өзүнүн тандап алган кесибине жооп бере тургандарды алып, алар менен насаатчы мугалимдер иштеп, тажрыйбалары менен бөлүшүп, жаштарды мугалимдик кесипке бышырышат. “Сапатсыз бүтүрүүчү, сапатсыз адис” тегирменин токтотушубуз керек. Мисалы, быйылкы окуу жылында орус тилчи жаш адис келди. Жазганды кой, орус тилчи болуп туруп, бул тилде тың сүйлөй албайт экен. Ал мугалимдик кесипке болгондо да каражат төлөп (контракттык негизде) окуган. Ата-эненин акчасын, өзүнүн убактысын коротпой, окуй ала турган, тиши өткөн кесипти тандап алса, мамлекетке дагы, үй-бүлөсүнө дагы, өзүнө дагы пайда келтирмек. Орус тилинде так сүйлөй албаган бүтүрүүчүгө эмне үчүн жогорку окуу жай “орус тилчи” деген адистикти, беш жыл окуду деген дипломду берет? Демек, адистерди чыгарууда жогорку окуу жайдын квалификациялык комиссиясы коррупцияга малынбай, таза, так иштесе, мектептерге дилетант адистер келбейт эле, – дейт мектеп жетекчиси.

Мындан сырткары, “Жаш мугалимдин депозити” сынагына да жаш адистер катышат.  Азыр бизде 6 жаш мугалим ушул долбоордун алкагында иштеп жатышат. Быйыл сынакка эки жаш мугалим катышып, экөө тең депозитке өтүштү.  

Токтоп калган  иштер улантылды

            2006-жылдан  2011-жылдын январь айына чейин эксперименталдык аянтча катары сегиз программа иштеп келген. Анын  ичинен модификацияланган, автордук программалар да болгон. Алсак, “Манас эпосундагы элестүү сөздөр” (Т.Юсупова, 10-кл.), “Кыргыз тилинин жазуу эрежелери” (С.Султанова, 11-кл.), “Кыргыз эли – уюткулуу улуу журт” (З.Макеева, 10-кл.), “Занимательная грамматика” (Г.Сыдыкова, 6-кл.), “Топография” (М.Жумалиев, 7-кл.), “Валеология” (А.Абакирова, 8-кл.), “Физиканы тереңдетип окутуу (Г.Осмоналиева, 7-кл.) жана “Умелые руки” (С.Исабекова, 8-кл.).

  • Эксперименталдык аянтча токтоп калып, бул иш жүргүзүлбөй калган. Директор болуп дайындалган күндөн баштап мектептин базасы менен таанышып, анализ жүргүзүп,  иш кагаздарын көргөндөн кийин жаңы типтеги мектепке бардык жагынан даяр экенин баамдадым. Токтоп калган ишти улантууну чечтим. Окуучулардын предметтерди окутуу жана предметтерге болгон кызыгуусун арттыруу максатында факультативдик сабактарды өтүүнү предметтик усулдук бирикмелерде талкуулап, мектептин усулдук кеңешинде карап, Педагогикалык кеңеште чечим кабыл алып, ишти алып кеттик. Алар: Кыргыз тили (5-11-кл.), орус тили (5-11-кл.), англис тили (5-11-кл.), тарых (5-11-кл.), география (7-кл.), физика (8-кл.), химия (9-кл.) жана биология (10-кл.)  предметтери  стандарттык программадан сырткары жумасына эки сааттан, атайын түзүлгөн программанын негизинде жүгүртмөгө киргизилип, бекер кошумча билим берүү уюштурулду. 0,5 ставка күрөш, 0,5 ставка бий  ийримдерине берилди. Ошентип, факультатив өткөн мугалимдердин эмгек акысы стимулдаштыруу гранттын эсебинен квартал сайын төлөнсө дагы кичине жогору болуп калды. Эң башкысы, жаңы типтеги мектепке өтүш үчүн факультативдик иштерди ириде жүргүзүү керек эле. Бул сабактарды кайра жаңыртып, улантмалуулук кылып алып кеттик, – дейт Э.Музаева.

Аттестация жамааттын ишмердүүлүгүн аныктайт

  • 2013-жылы февраль айында мектепти өзүн-өзү аттестациялоодон өткөрдүк. Анткени аттестациянын арты менен мектептин документациясын, ар бир мугалим өзүнүн документациясын ирээтке келтиргенге жетиштик. Аттестациянын аныктамасынын негизинде шаардык билим берүү башкармалыгына мектепти шаардык деңгээлде аттестациядан өткөрүүгө арыз жаздык. Ошентип, апрель айында Билим берүү башкармалыгынын комиссия курамы мектептин ичи-сыртын, окутуу процессин терең карап, талдап, анан чечимин чыгарышты. Шаардагы 47 жаңы конуштагы мектептердин ичинен  №78  биринчи жаңы типтеги мектепке багытталган болуп эсептелинет, – дейт директор.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо) боюнча мамлекеттик инспекциясынын буйругунун негизинде түзүлгөн аттестациялык комиссия 2013-жылдын 22-ноябрында корутунду жыйынтыгын чыгарган. Анда:  Бишкек шаарындагы №78  мектеп-гимназиясы жалпы орто билим берүү программасына ылайык (1-3 баскыч) билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча беш жылдык мөөнөткө аттестациядан өттү деп эсептелинип, жана мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүү укугу таанылганы белгиленип, кезектеги аттестациялоо 2018-жылы жүргүзүлсүн жана мектеп-гимназиянын жетекчилигине аттестациялык комиссия тарабынан көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча иш-чараларды улантуу жагы милдеттендирилген.

  • Айтылган сунуштарды эске алуу менен, информатика кабинети “Мегабилим” программасы аркылуу жабдылса, экинчи кабинет калган компьютерлер менен жабдылды. Администрация жетекчилеринин да олтурган ордулары,  материалдык-техникалык базасын чыңдоодо да өзгөрүүлөр болду.  Атайын Улуттук банкка кайрылып, компьютер сурасам, мугалимдерге эски болсо дагы беш компьютер беришти. Азыр мугалимдерибиз иш кагаздарын өздөрү терип, ирээтке келтирип калышты. Бардык кабинеттердин линолеумдары алмаштырылды. Мындай иш-аракетте  ата-энелер коомдук бирикмеси сыртта калбай, колдорунан келген жардамдарын аяшкан жок. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ата-энелерге терең ыраазычылык билдиргим келет. Мындан сырткары, парталар жаңыртылды. Жакында жаңы доскалар менен камсыз болобуз, – дейт Э.Музаева.

Компетенттүү, мекенчил жаштар тарбияланат

  • Мектеп эксперименталдык аянтча болгондон кийин, анын темасы дагы ошого ылайыкталган. 2012-жылдын май айында  “Компетенттүү, мекенчил инсанды тарбиялоо” деген теманы кабыл алдык. Аны төрт этапка бөлдүк. Биринчи этабы – даярдоо этабы. Бул учурда “Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, аруулукка, ар-намыстуулукка, ыймандуулукка тарбиялоо менен бирге кыргыз элинин тилин, адабиятын, тарыхын, маданиятын тереңдетип окутуу” темасын жыйынтыктоо менен бирге, №78 гимназиянын психологиялык-педагогикалык маселеси аныкталды десек болот (2012-жылдын апрель-сентябрь). Экинчи этабы – изденүү этабы болчу. Бул мезгилде билим алуу тармагындагы талаптарга анализ жүргүзүү аркылуу окутуу багыттары аныкталды (2012/2013-окуу жылы). Үчүнчү – өнүгүү этабы. 2013-2016-жылдарда окуучулардын сапаттуу билим алуу мотивациясын жогорулатуу максатында окуу-тарбия процессинин өзгөчө формалары жана усулдары иштелип чыгылат. Ал эми төртүнчү жыйынтыктоочу этапта – 2016-2017-окуу жылында чыгармачылык отчет берилип, перспективдүү багыттар аныкталмакчы. Ошентип, учурда мекенчил, жерин, элин, мекенин сүйүүгө окуучуларды багыттап окутуп, тарбиялап жатабыз. Компетенттүү, мекенчил инсанды тарбиялоодо биринчи кезекте билим сапатын жогорулатууну көздөйбүз. Эң башкысы, биздин окуучулар бардык жагынан бийик болсо дейбиз. Өзүмчүл болбой, чөйрөнү, жамаатты, үй-бүлөнү ойлогон жаштар чыкса экен деп тилейбиз, – дейт Эльнура Музаева.

Жаңы конуштун балдарына бардык шарттар түзүлдү

  • 2013-жылдын 20-ноябрында мектеп-гимназия статусу ыйгарылган.Мектепте профилдик предметтер аныкталган: математикалык багытты 5-6-класска алдык. Анткени математика – терең билим ала турган табигый так илим. Гуманитардык багытты экиге бөлдүк. Биринчиси – кыргыз тили жана адабияты, тарыхы.  Экинчиси – орус тили жана адабияты,  англис тили. Гимназия болгондон кийин, эки чет тили окутулушу керек. Англис тили мурдатан эле окутулуп келген, экинчи чет тили катары 6-класстан баштап немис тилин киргиздик. Гимназиялык багыт алгандан кийин, кошумча китептерди киргизип жатабыз, – дейт директор айым.

Буга чейин борбор калаадагы №69, №5 мектепте директор, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгында жетекчи болуп иштеп келген тажрыйбалуу, эң башкысы адамгерчилиги бийик Эльнура Музаева жаңы конуштун балдарын дагы мекенчил, билимдүү, жогорку маданияттуу кылып тарбияласак деп күнү-түнү иштеп жаткан мезгили.  Гимназияга өткөндөн бери, ата-энелерге чогулуш өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

  • Кайсы сабак тереңдетилип берилип атат, кайсы ийримдер иштеп жатканын, тереңдетилип окутулган предметтер тууралуу маалымат берип, ата-энелерге, окуучуларга түшүндүрүп жатабыз. Айрым ата-энелер заман талабына жараша  кытай, корей тилин киргизүүнү өтүнүп жатышат. Азыр пландаштырып жатабыз, мүмкүн ийрим катары кирет. Ошентип, мамлекеттик жана мектеп компоненттинен сырткары 82 саат менен предметтик ийримдер киргизилди. Чыгармачылык ийримдерге 17 ставка берилди, – дейт Э.Музаева.

Мектеп-гимназиянын акыркы эки жылдагы иштерин айтып олтурсак, гезиттин бир бетине сыйгыдай эмес. Андыктан, айрымдарын гана мисал катары келтирели. 2012- 2013-жылдарда : “Жүрөгүм менин балдарда” райондук сынакта “Мыкты мугалим” номинациясында  К. Турсункулова 3-орунду ( 2012-ж.), “Мыкты жаш адис” М. Айталиева 2-орунду ( 2012-ж.),  “Мыкты класс жетекчи” номинациясында И. Төлөгөнова 1-орунду камсыздашкан. Ал эми шаардык сынакта “Мыкты жаш адис” номинациясында  М.Айталиева  2-орунга чыгып (2012-ж.), “Жүрөгүм менин балдарда” райондук сынакта “Мыкты жаш адис” номинациясы боюнча Р.Токоева 2-орунга чыккан (2013-ж.). Райондук олимпиаданын жыйынтыгы боюнча мектеп (2012-ж.)  1-орунду камсыз кылса, футбол боюнча  “Булгаары топ”мелдешинде ортоңку тайпа (5-7-кл., 2013-ж.) 1-орунга чыгып, күрөш ийриминин катышуучулары да алдыңкы орундарды камсыз кылышкан. “Манас таануу” телесынагында мектеп-гимназиянын окуучулары 2-орунду камсыз кылып, учурда атайын команда түзүп, жекече даярдоонун үстүндө иштеп жатышат.

  •  “Жаш калем”, “Манасчы”, драмалык  ийримдер  ачылды. Ырдаган жаштар көбөйүп жатат. Андыктан Улуттук консерваториядан окутуучу алып, вокал боюнча кызыккан окуучуларды даярдай баштадык. Жогорку окуу жайлардан окутуучулар келип, жогорку класстын окуучуларына лекция окуп жатышат. Ошондой эле химия сабагына кызыгып, келечекте медициналык кесипти аркалай турган окуучулар Медициналык академияга барып, химия сабагынан кошумча билим алып жатышат. Мугалимдердин  жоопкерчилиги да күчөтүлдү. Ата-энелер да мектеп менен байланышып, бизди колдоп, балдарынын сабакка катышуусуна, жетишүүсүнө көмөк көрсөтүп жатышат. Негизинен мектептин жасап жаткан иши алаканга салгандай эле көрүнүп турат.  Бул жер шаар эмес, жаңы конушта ким иштеп жатат, ким ушак менен алектенип жатат, ким мамлекетке пайда алып келип жатат, кыскасы, баары көрүнүп турат. Мектептин ийримдеринен сырткары,  “Балажан” республикалык эстетикалык борбору да балдарга эстетикалык тарбия берүүдѳ чоң салымын кошууда, – дейт мектеп жетекчиси.

Келечектеги пландар

  • Пландар көп. Мугалимдердин отурган ордун жаңыртабыз деп демилге көтөрүп жатабыз. Жамаатка бардык шартты түзүп берүү зарыл. Жертөлөнү жалаң ийримдерге жана музыка сабагына ылайыктатып жабдып беребиз. Санитардык-гигиеналык норманы сактап, балдардын тамак ичкенде колдорун жууп киргенге мектептин ашканасына кирип бара жаткан жердеги кол жуугучтар капиталдык ремонттон өткөрүлүп “Аристон” коюлган. Кыскасы, балдарыбыздын колу үшүбөй калды.  Эми эшикке заманбап даараткана салып берсек деген оюбуз бар, анткени жаздан тартып кеч күзгө чейин мектептин ичинен суу чыкпай калат. Акырындык менен эскирген эмеректерди жаңыртабыз. Эң башкысы, билим сапатын жогорулатууга басым жасалып, алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат, – деди Эльнура Музаева.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

1 Kомментарий

  1. Как вы можете про неё такое писать.Бул мугалим #5 гимназияда директор болуп иштеп журуп баарынан акча вымогатетип всех опытных учителей оттуда уволила вымогала деньги у учеников сдавлала под швейных цех здание школы и после этого вы её так хвалите. Она и сейчас береё деньги т.е вымогает у родителей. Издевается и унижает детей и даже родителей.Байкуш Колмонун жашоочулары без грамотные вот и молчат мой ребёнок учится 78 школе и там не так что вы пишите.Если этой Музаевой что то не понравится в ребёнке она не успокоится пока не выгонит его т.к она по закону не может выгнать она заставляет родителей писать заявление что якобы они добровольно забирают ребенка а если они слово скажут она пугает что делает так что не одна школа не примет ребёнка. и если мы ей что то говорим пугает всех что у неё давление и сахар если она умрёи будем виноваты мы.Это очень опасная женщина, почему её тогда не уволили .Так что всё что вы пишите про 78 школу бул калп.Она и здесь набрала свою команду.

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*