АБИТУРИЕНТКЕ ЖАРДАМ: ЖРТ – 2015

Быйыл Жалпы республикалык тест 14-жолу өткөрүлөт. Тест КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйрутмасы менен Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ) тарабынан жүргүзүлүп жатат. Тесттин максаты – КР жогорку окуу жайларында окуусун улантып кете ала турган эӊ жөндөмдүү абитуриенттерди тандап алуу. Жалпы республикалык тест КР ЖОЖдорунун бардык окутуу формаларына өтүү үчүн милдеттүү болуп саналат.

Быйыл Жалпы республикалык тест 14-жолу өткөрүлөт. Тест КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйрутмасы менен Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ) тарабынан жүргүзүлүп жатат. Тесттин максаты – КР жогорку окуу жайларында окуусун улантып кете ала турган эӊ жөндөмдүү абитуриенттерди тандап алуу. Жалпы республикалык тест КР ЖОЖдорунун бардык окутуу формаларына өтүү үчүн милдеттүү болуп саналат.

Тест учурунда абитуриенттер мектептеги алган билимдерин түшүнүү жана колдонуу боюнча жөндөмдөрүн көрсөтүп берүү керек.   Тест тапшырмаларынын бардык варианттары оордугу боюнча бирдей. Тапшырмалардын бардыгы көп сандаган рецензиялоо на сапаттык текшерүүдөн өтөт.   ЖРТнын бир да тапшырмасы мектеп программасынан жана мамлекеттик билим берүү стандарттардан тышкары чыкпайт.

ЖРТ тесттери негизги жана предметтик тесттерден турат.

Негизги тестти бардык абитуриенттер тапшырышат. Ал төмөнкү бөлүмдөрдөн турат: «Математика», «Окшоштуктар (аналогиялар)» жана «Сүйлөмдөрдү толуктоо», «Абитуриент тестти тандап алган тилде текстти окуу жана түшүнүү» жана « Абитуриент тандаган тилдин практикалык грамматикасы» (таблицаны караңыз). Зарыл формаларды толтурууну жана көрсөтмөлөрдү угууну эсепке албаганда, тесттин узактыгы 3 саат 35 мүнөттү түзөт.

Бөлүмдөр Суроолордун саны Убактысы
Математика 60 90 мүнөт
Окшоштуктар (аналогиялар) жана сүйлөмдөрдү толуктоо 30 30 мүнөт
Текстти окуу жана түшүнүү 30 60 мүнөт
Абитуриент тандаган тилдин практикалык грамматикасы 30 35 мүнөт
Бардыгы: 150 215 мүнөт

Негизги тесттен сырткары предметтик тесттер да тапшырылат. Предметтик тесттер алты сабак: химия, биология, физика, математика, тарых, англис тили боюнча сунушталат.

Предметтик тесттин аты Суроолордун саны Убактысы
Химия 40 80 мүнөт
Биология 40 60 мүнөт
Физика 40 80 мүнөт
Математика 40 80 мүнөт
Тарых 40 60 мүнөт
Англис тили 50 60 мүнөт

Предметтик тестке сиз өтөм деп жаткан адистиктер тигил же бул предмет боюнча тест тапшырууну талап кылган учурда гана катышышыңыз керек. Предметтик тестти каалаган санда тандап алууга болот. Бирок предметтик тестти тапшыруу негизги тестти тапшыруусуз мүмкүн болбойт. Ар бир предметтик тест боюнча топтолгон упайлар негизги тест упайларынан өзүнчө эсептелинет. Негизги тесттин жыйынтыгысыз, предметтик тесттин жыйынтыгы жараксыз болуп саналат.

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин чечими боюнча 2015-жылы, мурдагы жылдардагыдай эле, КРнын ЖОЖдорундагы гранттык орундарга тапшырып, жарыяланган сынакка  катышуу үчүн ар бир абитуриент сөзсүз түрдө негизги тестти жана эң кеминде, предметтик тесттердин бирин тапшырууга тийиш.

Контракттык негиздеги окутуу бөлүмдөрүнө тапшыруу үчүн бардык окутуу формаларына (күндүзгү, сырттан окуу, кечки, жана ошондой эле дистаннык билим берүү технологиялар) негизги тест милдеттүү болуп саналып, профилдик предметтик тесттин жыйынтыктары абитуриентке дал келген багыттагы бөлүмдөргө кабыл алууда артыкчылык укугуна ээ кылат.

ЖРТ 2015-жылы бардык республика боюнча   майдын 18-23 чейин өткөрүлөт.

Республиканын бардык региондорунда тест өткөрүлө турган мектептердин базасында 126 Тест Борборлору (ТБ) түзүлүп, ал борборлого ББОУБ тестти кабыл алуу үчүн администраторлордун командаларын жөнөтөт.   Ар бир район же щаардагы тест Борборлорунун так даректерин мектептерден же болбосо райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн билсеӊер болот. Абитуриентерге тестти өз жашаган жеринен алыс эмес жерде тапшырууга мүмкүндүк берилет.

  • 18 и 21 майда барлык тест борборлорунда саат 13.00 – 17.00 чейин тестке кошумча каттоо өткөрүлөт. Кошумча каттоо ар кандай себептер менен тестке өз убагында каттала албай калган абитуриенттер үчүн жүргүзүлөт.
  • 19-22-майда негизги тест, ал эми 20- 23- майда предметтик тесттер өткөрүлөт.
  • Тестке каттоо акысы – негизги тест үчүн 260 сомду жана ар бир предметтик тест үчүн 260 сомду түзөт. Каттоо акысы РСК – банкына төгүлөт.

  Катталып жаткан учурда абитуриенттердин колунда төмөнкүлөр болушу керек:

  • Каттоо төлөмдөрү төгүлгөндүгүн тастыктаган РСК банктын квитанциясы
  • Инсанды күбөлөндүргөн документ (паспорт же аскердик күбөлүк, айдоочунун күбөлүгү); Инсанды күбөлөндүргөн документтери жок тестке кирүү МҮМКҮН ЭМЕС!
  • 1 жылдан ашпаган мөөнөт ичинде тартылган, 3х4 см өлчөмүндөгү эки бирдей сүрөт;
  • мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн орто билим жөнүндө аттестаттын нагы (оригинал) же орто кесиптик билимди тастыктаган дипломдун нагы;
  • 2015-жылдын бүтүрүүчүлөрү мектептен алынып, директордун колу жана мектептин мөөрү басылган маалымкатты (справка) тапшырыш керек. Маалымкатта абитуриенттин сүрөтү чапталып, сүрөттө маалымкатты берген окуу жайды мөөрү басышлышы милдеттүү түрдө талап кылынат.

Жогоруда саналган документтердин бири гана жок болгон учурда каттоо жүргүзүлбөйт!

Кошумча каттоо учурунда катталган абитуриенттер тесттин жыйынтыктары берилген СЕРТИФИКАТТЫ   КАТТООДОН ӨТКӨН РАЙОНДУН РАЙОНДУК (ШААРДЫК) БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНӨН АЛЫШАТ.

Тестке катталгандан кийин ар бир абитуриент негизги жана предметтик тестти тапшыруу орду жана убактысы белгиленген кабарлоо баракчасын алышат. Кабарлоо баракчасы менен бирге ар бир абитуриент «ЖРТга даярданабыз» аттуу акысыз китепчелерди алышат. Бул китепчелерде тесттин түзүлүшү, абитуриенттердин укуктары жана милдеттери, тапшырмалардын мисалдары берилген тестке байланыштуу бологон бардык маалыматтар камтылган.

Тест атайын окуудан өтүшүп, абитуриенттердин тапшыруу шарттары бирдей болгондугун камсыздаган администраторлордун командасы аркылуу өткөрүлөт.

Тестке өзүңүз менен кошо эмнелерди алып кирүү керек?

  • Сиз алган тестке кирүү талонун.

Эгерде абитуриент каттоодон өтпөсө жана колунда талону болбосо, ал тестке киргизилбейт. Тестке кирүү талонун тест бүткөндөн кийин да, топтогон упайлар жөнүндө сертификатты алганга чейин сактоо керек.

  • Жакшы жазган, сыясы жайылып кетпеген калемди.
  • Каттоодон өткөндөгү документиңиз (паспорт же, паспорт алуу курагына жете элек болсоңуз, туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүк жана мектеп тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалымкат). Документтердин көчүрмөлөрү (нотариус тарабынан күбөлөндүргөн болсо да) жарабайт.
  • Саат.

Өзүңүз менен кошо эмнелерди алып кирүүгө болбойт?

  • Калькуляторду, кол (уюлдук) телефонду жана башка электрондук приборлорду.
  • Окуу китептерин, дептерлерди, башка маалымат алуу булактарын.
  • Барактарды.
  • Жон баштыктар менен кол баштыктарды.

Өзүнүн сертификатын алуу үчүн дагы акча коротуунун кереги жок, анткени сертификат мектептен бүтүрүү кечесинин учурунда берилет. Сертификатта тестте топтолгон упайлардын саны көрсөтүлөт. Ошондой эле ар бир абитуриент өзүнүн окууга өтүү ыктымалдуулугун баалай алышы үчүн бардык абитуриенттердин топтогон упайлары көрсөтүлгөн график түзүлөт. Бул эң көп упай топтой албаган абитуриенттерге окууга тапшыруу мүмкүнчүлүктөрүн таразалап көрүүгө жана борбордук ЖОЖдорго келбестен, аймактык ЖОЖдорго тапшырууга же топтогон упайларынын саны тапшырууга мүмкүндүк берген ЖОЖдорго өтүп көрүүгө шарт түзөт.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору бардык абитуриенттерге жана ата-энелерге ЖРТнын жыйынтыгы менен байланышкан алдамчылык жана көз боемочулуктар жөнүндө эскертүү берет. Эсиӊерден чыгарбагыла! ЖРТны тапшырган ар бир абитуриент тестке катышып тапкан баллдарды гана алат! Башка жол менен жыйынтыкты алуу же баллдарды көбөйтүү мүмкүн эмес!

Жыл сайын Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы боюнча эң көп упай топтогон абитуриенттер конкурстан тышкары каалаган мамлекеттик ЖОЖго тапшырууга укук берүүчү «алтын сертификаттарды» КР Президентинин колунан алышат.

Абитуриенттер тестке даярданыш үчүн ББОУБ кыргыз жана орус тилдеринде негизги тест жана предметтик тест боюнча колдонмолорду иштеп чыгып, сатыкка чыгарган. Ошондой эле 2015 жылы чыныгы тесттин тапшырмалары ачыкка чыгарылган негизги жана химимя/биология предметтик тестери боюнча жаӊы колдонмолор бар. Бул колдонмолорду ББОУЮнун кеӊсесинен, же райондк/ шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн сатып алса болот. Колдонмолор 150 сом турат. Бул колдонмолордун эски чыгарылыштары www.testing.kgсайтында тиркелген. Ушул эле сайттан теске кыргыз жана орус тилдеринде берилген видеосабактар боюнча да даярданса болот.

Кыргызстанда Жалпы республикалык тест жүргүзүлгөн жылдардын ичинде ЖОЖдорго чынында эле татыктуу жана таланттуу студенттер өтүштү, алар адилет, калыс, ачык-айкын тест жүргүзүүнүн негизинде тандалды. Жалпы республикалык тестке ишеним өсүп, эми ар бир адам Жалпы республикалык тесттин натыйжасында ЖОЖдорго өз билимдеринин негизинде гана өтө аларын билет. ЖОЖдордун ректорлору Жалпы республикалык тесттин жыйынтыктарынын негизинде өткөн студенттердин жетишүүсү жогору экендигин белгилешет. Жалпы республикалык тесттин негизинде ЖОЖдорго өтүү системасы өзүн-өзү актаганын убакыт көрсөттү. Жалпы республикалык тест биздин өлкөдө бардыгына жогорку билим алууга бирдей, акыйкат мүмкүнчүлүк берип, ошону менен өтө маанилүү мамлекеттик милдетти аткарып келе жатат.

19 Комментарии

  1. ЖРТны 2005-жылы тапшыргам, тилекке каршы кээ бир ЖОЖдордун системасына байланыштуу 155балл алганыма карабастан эч бир ЖОЖдо бюджеттик негизде окууга киралбай калгам. Ошондуктан талондорду айнек идиштерге кимдер салганын ачык корсотуп коюшса аябай жакшы болмок, жабык турундо откону эч эле чындыкка жакын болбой калып жатат.

  2. Мен ОшМУнун чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетине тапшырайын дедим эле ал учун канча балл алуу керек жана кайсы предметтерден тест тапшыруу керек болот билгендер болсо айтып койгулачы сураныч

  3. Саламатсыздарбы?мумкунчулук болсо суроого жооп берип коёсуздарбы ЖРТ тестирования боюнча суроом бар эле
    Негизги тесттер 260сом тузот анан пр бир ОЗУ тандаган сабактардан дагы 260сом берилет деп жазылыптыр
    А окуп жаткан мектептерде мугалимдер ар бир тест учун 400сомдон деп айтышты го же 2020-ж окуу жолы 400 сомдонбу ушуга жооп берип коёсуздарбы!

Добавить комментарий для Элзада Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*