БҮБҮСАРА БЕЙШЕНАЛИЕВА АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИ

Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство  университети   1967-жылы ачылып, 1974-жылы кыргыз элибиздин  белгилүү балеринасы, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын   ысымы ыйгарылган.

48 жылдан ашык аралыкта университет Кыргызстандын искусствосуна жана маданиятына зарыл болгон сегиз миӊден ашык жогорку кесиптик  деӊгээли  бар адистерди даярдап чыгарды. Алардын ичинде СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы  Мамлекеттик  сыйлыгы ошондой эле республиканын эмгек сиӊирген артисти, маданиятына эмгек сиӊирген ишмер деген ардактуу наамга ээ болгондор ондоп саналат. Бүтүрүүчүлөрдүн  ичинде  Социалистик эмгектин баатыры наамына, «Манас» жана башка орден, медалдарга татыгандар да бар.

Азыркы  учурда университет беш факультеттен жана 15 кафедрадан турат. Сырттан окутуу, квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо факультети иштейт.

Окутуучулардын жалпы саны  100дөн ашык. Баардыгы жогорку билимдүү. Анын ичинде экөө –  илимдин доктору, алтоо – илимдин кандидаты,  алтоо – профессор, сегизи – доцент.

Көптөгөн студенттер  конкурстарда, фестивалдарда ийгиликтүү жетишкендиктерди  көргөзүп келишүүдө.

2015-2016-окуу жылына төмөнкү адистиктер боюнча  абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт

Адистик боюнча экзамендер төмөнкүлөрдөн турат:

Хор жана оркестр дирижёрлугу факультети:

• Хор коллективинин менеджери: Музыкага шыктуулугун  жана  ырдоо  жөндөмүн текшерүү, коллоквиум;

  • Эл аспаптар оркестринин менеджери: Музыкалык жөндөмүн текшерүү, музыкалык аспапта ойноо, коллоквиум;
  • Фольклордук-этнографиялык ансамблдин менеджери: кыргыз элдик аспаптарда ойноо, ырдоо, эпос, дастан жана айтыштардан үзүндү аткаруу ж.б.;
  • Эстрадалык ансамблдин менеджери: Музыкага  шыктуулугун, жөндөмүн текшерүү жана музыкалык аспапта ойноо;
  • Эстрада ырчысы: Музыкага шыктуулугун жана ырдоо жөндөмүн текшерүү (эки-үч ырды аткаруу);
  • Музыка мугалими: Музыкага шыктуулугун жана ырдоо жөндөмүн текшерүү.

Атайын орто музыкалык билими бар  хор коллективинин менеджери, эл аспаптар оркестринин менеджери,  музыка  мугалими, эстрадалык  ансамблдин менеджери жана эстрада ырчысы бөлүмүнө кирүүчүлөр,   дирижёрлук кылуу, музыка теориясы жана сольфеджио боюнча экзамендерди  тапшырышат.

Театр жана кино факультети

• Драма жана кино  актеру:  үнүн жана сүйлөө чеберчилигин текшерүү, адабий чыгармалардан үзүндү окуу, музыкалык-ритмикалык шыктуулугун текшерүү.

• Драма жана кино режиссеру: практикалык режиссура, пьесага талдоо жүргүзүү, актерлук жөндөмдүүлүгүн текшерүү.

Социалдык-маданий ишмердиги факультети

• Социалдык-маданий ишмердигинин менеджери: социалдык-маданий ишти уюштуруу (жазуу түрүндө),   адистиги боюнча коллоквиум (оозеки);

• Бий  коллективинин жетекчиси: аткаруучулук чеберчилик (классикалык, элдик-сценалык, тарыхый-турмуш бийлери), коллоквиум.

Телекоммуникация  факультети

• Телевидение жана радио режиссеру: сценарий жазуу, актерлук жөндөмдүүлүгүн текшерүү; физика боюнча аӊгемелешүү.

• Кино жана телевидение оператору: фото-сүрөттөр боюнча конкурс; фоторепортаж, физика жана химия боюнча аӊгемелешүү.

• Кино жана телевидениенин  үн режиссеру: адистиги боюнча коллоквиум, музыкалык жөндөмдүүлүгүн текшерүү; физика боюнча аӊгемелешүү.

Бардык  абитуриенттер  адистиги боюнча экзамендерден тышкары кыргыз же орус тилинен  диктант жазышат.

Сырттан  окутуу,   квалификацияны  жогорулатуу  жана  кадрларды  кайра  даярдоо  факультети

Тандалган адистиги боюнча атайын же жалпы  орто билими жана жогорку билими барлар кабыл алынат.

Университетке  тапшыруучу  абитуриенттерден  жалпы  республикалык  тесттин сертификаты   талап кылынбайт.

Абитуриенттер мамлекеттик бюджеттин жана контракттын негизинде кабыл алынат.

Тыштан келген студенттер жатакана менен камсыздалат.

Документтер 16-июндан 16-июлга чейин кабыл алынат, кирүү  экзамендери  17-июлдан башталат.

Талап кылынуучу  документтер:

1. Орто же атайын орто билими жөнүндө аттестат же  диплом  (түп нускасы);

2. Медициналык справка (0-86 У формасы);

3. 3х4 өлчөмүндөгү сегиз сүрөт;

4. Паспорт,  аскердик китепче же каттоо  күбөлүгүн  көрсөтөт;

5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү    (эмгек стажы барлар үчүн).

Дареги:  Бишкек ш.,  Жантөшев көчөсү, 113, Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн кесилишинде.

Телефондор: + (996) 312 57-02-39, 51-08-36, 57-92-70

site: www.kguki.kg  e-mail: kgukiart@mail.ru 

3 Комментарии

Добавить комментарий для Нурдоолот Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*